Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 2
  Карышкыр сай

Дзот

"Өлбөгөн кулга жаз келди" демекчи, кыш да өтүп бара жатат, эми февраль айы өтсө, эптеп-септеп кыштан деле чыкчудайбыз. Кыштан го чыгабыз, жазда кантер экенбиз? Мындай санааркоо саясатчылардын да, карапайым элдин да, оппозициянын да, бийликтин да тынчын алып тургандай. Себеби, чындап эле эл ичинде нааразычылык күчөп баратат.

Анан кантсин? Же эмне, эки ирет, азаттык, акыйкаттык, адилеттүү заман үчүн көтөрүлүп, Акаев менен Бакиевдин үйбүлөлүк, криминалдык, авторитардык режимин кулатып, жеңиш үчүн жүздөгөн эр азаматтарын ажалга салып берген кыргыздын "качан адилеттүүлүк орнойт? Качан оңолобуз? Качан өнүгүү жолуна түшөбүз?" деп сураганга акысы жокпу? Бар! Атургай, өзгөрүү башталып, өнүгүү байкалбаса, азыркы бийликтегилерди да чилдей таратышы толук мүмкүн. Эмитеден эле "булар жарабай калды, күн жылыса акесин таанытабыз" деп, Акүйдөн кууп чыгууну самагандар арбып барат. Кыштын суугуна карабай эле, эртелеп чамынып жаткандар канча? Кээде нааразы болгондор көчөлөргө чыга калып, жергиликтүү бийликти алка-жакадан алууда. Борбордук аянтка да бир нече ирет эл чогулуп, Акүйдүн темир кашаасын силкилдетип, ичиндеги депутаттардын жүрөгүн дикилдетип коюшкан шекилдүү.
Азыркы курама бийликтегилер да, "эл козголсо кантер экенбиз?" деп, "ичкени ирим, жегени желим" болуп тургансыйт. Чындыгында эле, жаз алды менен селдей каптап, эл көчөгө чыкса кандай болот? Азыркы бийлик башындагылардын кимиси колдоого ээ болуп, кимиси аман калып, кимиси капшапка кабыларын алдын ала айтуу кыйын. Анткени, элибиз, баягы, көнгөн адаты боюнча эле, Акүйдү көздөй же жоопкерчилик биякка өттү деп, эски аянттагы Көкүйдү (өкмөттү) көздөй капташы мүмкүн.
Каткен күндө да бул парламенттик системанын бир жаман жери: кан-жини, ит-кушу аралаш экен. Кыскасы, мурункудай жексур болгон жалгыз дарек (президент) жок, кимисин итерүү керек экени түшүнүксүз болуп, каягын таш бараңга аларыңды билбей кыйналасың. Ойлонуш керек экен, жакшы-жаманын тандап, ылгаш керек экен, мээңди иштетишиң керек экен да эй, убара болуп…
Былтыркы апрель элдик төңкөрүшүнөн бери он айдын жүзү болду. Андан бери канча суу акты? Июнь тополоңун башыбыздан кечирдик. Башмыйзам кабыл алып, шайлоо өткөрдүк, коалициялык өкмөт курап, бийликти легитимдештирдик. Мыйзам чыгаруу бийлиги -Жогорку Кеңеш (ЖоКе), аткаруу бийлиги -Коалициялык Өкмөт (КӨ) куралып бүтүп, жаңыдан ишин баштады. Чукул арада Сот бийлигин реформалоо да ыкчам башталганы турат. Президентибиз Роза Отунбаеванын демилгеси менен криминалга каршы катуу чаралар көрүлө баштады. Бирок, эмнегедир ушул жасалган иштер өлкөдөгү абалды турукташтырууга салым кошпой эле, коомдо нааразычылык азайбастан кайта күчөп жатканы кандай? Же, саясат менен алышуудан башыбыз чыкпай жатып, экономикабыз сазга батып, элибиз жакырчылык чегине жеткенден улам чыдоого мүмкүнчүлүк калбаганбы? Карап турсаң баары эле ызалуудай. "Бизде өнүгүү болбой калды" деп түңүлүп, сыртты көздөй агылгандар канча? Быйылкы маалымат боюнча Ош аймагынан эле 80 миңдей адам өлкөдөн чыгып кеткени маалым болду.
Баалардын асмандап жатышынан улам, мугалимдер, медиктер, жалпы эле бюджет акырынан жем жегендер үчүн күн көрүү кыйындады. Бирок, "майга чейин чыдагыла, майда чечебиз" деген КӨнүн убадасына мугалимдер ишенеби, көнөбү же эптеп балдарды каникулга тараткан соң карабай коёт деген ой, алардын активдүүлүгүн арттырабы (?), азырынча айтуу кыйын. Алардан кийинки кезекте турмуш шарты аябай начар, жакырчылыктын чегине жеткен, жумушсуз жарандарыбыз турат. Алардын катарын, суусуз, светсиз, баткак кечип жашап жаткан, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын тургундары толуктоодо. Жаңы конуштарда жумушсуздук, криминал күч алып, курсак тойгузуу үчүн эле адамдарды тоноо, үйлөргө уурулук жасоо каптаганы кейиштүү.
Андан башка авторитардык режимдердин зомбулугунан, аларга колбалалык кызмат өтөгөн сот системасынын адилетсиздигинин айынан жабыркап, акыйкатка жете албай, жакындарынан, мүлкүнөн айрылган миңдеген жарандар, "Мекен шейиттери", "Ош шейиттери", 7-апрелде ок жеп, жаракат алган миңдеген адамдан куралган "Айкөл Ала Тоо" коому, өлкөдөгү реформалардын жылышына, коррупцияга каршы чаралардын жоктугуна нааразы болушуп, бүткүл элдик курултай курап, баарынан отчет алгысы келгендер "люстрация" мыйзамын кабыл алып, эски бийликке кызмат кылгандарды "кастрация" кылабыз дегендер, "укук коргоочулар", бейөкмөт уюмдар, бейжай катындар (ОБОНдогулар азыр бош эмеспи), улутчулдар, уруучулдар (санжырачылар), диний экстремисттер, жаз-күздө эпкиндеген профессионал митингчилер, ж.б.у.с. санай берсең сан жеткис коомдор, жамааттар турат.
Жогоруда аталган уюшмалар тынч жатып алган жок, азырынча чаржайыт, ар кимиси өз алдынча "жоро бозо" курууда... Дээрлик көпчүлүгүнүн оозунан "жазында көргөзөбүз" дегенден башка сөз чыкпайт. Андыктан, КӨ чукул чараларды көрүп, өлкөдөгү оор көйгөйлөрдү четинен чече баштабаса, "и-ии, ооба, иштей баштады" деген ишеним жаратууга жетишпесе, коомдогу абал курчуп, бардык оппозициялык күчтөрдүн биригишин шартташы турган иш. Алар деген кызылдын (же, жашылдынбы) четин көрдү дегиче, бүттү, алеки заматта биригип кетишет. Булардын башын бириктирип, база болуп бере турган күчтөр, албетте, парламенттик шайлоодон өтпөй калган "Акшумкар", "Акыйкат", "Замандаш", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары. Булардын биригүүгө ниет кылып жаткандыгы дайын. Бир сыйра биригүүгө далалат кылып да көрүп, эрте дештиби, айтор, эмнегедир дымып калды. Азырынча Аликбек Жекшенкуловдун демилгеси менен уюшулган "Улуттук конгресс" гана саясый аренада активдешкени байкалат. Курамына кыркка жакын партия, коомдук уюмдарды камтыган "Улуттук конгресске" каттагандардын катары күн санап калыңдоодо. Жакында эле "Аксакалдар кеңешинин" (былтыр, медиа форумдун алдында кийиз үйдө кыштаган А.Атамбаевдин колдоочулары) жана "Содружество" партиясынын конгресске кошулганы белгилүү болду. Парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" менен "Ар-намыс" фракцияларынын да "Улуттук конгресс" менен тыгыз кызматташууда десек болот. Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов ж.б. парламентке кирбей калган партиялардын лидерлери менен КӨ башчысы Алмазбек Атамбаев, ЖоКе төрагасы Ахматбек Келдибековдор да жолугушууларды өткөрүп, ар кимиси өз жагына тартканга кызыкдар болуп, аракет кылууда. Айтор, бардык таасирдүү саясый күчтөр, тилектештерге муктаж болуп, жазга, алдыдагы президенттик шайлоого камылга көрө баштаганы ачык байкалат.
Ошентип, кыргыз жергеси жаздын келиши менен кайтадан дүүлүкчүдөй. Жаатташуу кандай кыязда болот, баштагыдай эле жалпылап бир багытта чабабызбы же эки жаатка бөлүнүп, жаш балдарча оропой тээп калабызбы, деги, нааразычылык толкуну кай жакты каптайт (?) деген суроолор жоопсуз турат. Азырынча нааразычылыктар, негизинен "атажуртчуларга" багышталып, баягы эле "Бакиевдин куйруктары, буларды жоготуш керек" деген эски ырлардын тегерегинде болууда. Мындай "музыкага" КӨнүн башчысы А.Атамбаев (бир коалицияга мүчө болуп турганына карабастан) менен КР президенти Р.Отунбаева да ынаганбы же чындап эле жаз алды менен нааразы болуп келгендерди "Ата-Журтка" каршы айгактап ийип, четке чыга берүү планы барбы (?), ким билсин, айтор, эжекебиз министрлердин ант берүү аземинде бир топ опурулуп, "эгерде парламент тикелей өз ишин кылып, мыйзам чыгаруу менен алектенбей, саясатташа берсе, Убактылуу Өкмөттүн (УӨ) мүчөлөрүн жоопко тартууну көздөп, декреттерин ревизиялоо, жокко чыгаруу менен алектенип, реваншисттик аракеттерди токтотпосо ЖоКени таратам" деп салды.
Башмыйзамды окубаган депутаттар, тарката албайт деп, билгендери андай мүмкүнчүлүк бар экенин саймедиреп, аз-маз ызы-чуу дагы болгонсуду. Бул маселеге кайрылган ЖоКе төрагасы А.Келдибеков да каяша айтымыш болуп барып, бирок катуу кетпестен, артында, ашыкча саясатташуунун кереги жоктугун, ошондой эле реваншизмге байланыштуу айыптоолор негизсиз экендигин кыйытты.
Албетте, жаңы Башмыйзам боюнча президент каалаган учурда парламентти тарката албайт. Мындай мүмкүнчүлүк, коалиция куруу процедурасы бурчка такалганда, о.э. өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесиндеги кырдаал же өкмөттү, же ЖоКени тандоону талап кылган кезде гана пайда болот. Ал маселеде талаш жок. Маселе, "эжеке эмне үчүн азуусун кайрады, реваншисттик күчтөр чындап эле эски тартипти кайырганы жатабы, же алардын (алар аркылуу Бакиевдердин) УӨдөн кек алуу максаты барбы?" дегенге келип такалууда.
Серепчилердин баамында, "атажуртчулардын" андай деле аша чапкан реваншисттиги байкалбайт. Аларың деле ошо Бакиев куулгандан кийин багы жанып, жетинчи кабатта эрдемсингенин сезбейт дейсизби? Сезип эле турушат. Жаңы системанын тепкичтери менен жогору чыгууну да өздөштүрүп алышты. Система буларга деле жакты десек болот. Ал эми УӨнү ар дайым көзгө сайып, чабуул жасап келишинин себептери, негизинен коргонуу, жемин жедирбөө максатында жасалып, "силер бизден артык эмессиңер, силердин катаңардын айынан көптөгөн адамдар кырылды, ордуңарды билип, көп адыраңдабагыла" дегенди гана түшүндүрүп тургандай. Алардын чоң конфронтация түзүп, абалды курчутуу ниеттери жок, тескерисинче, биримдикке келүү, өнүгүү жолуна түшүү далалаттары гана байкалууда. Болуптур. Ошондой эле болсун дейли. Анда эжекенин бул жүрүшүн кандай түшүнүүбүз керек? Эмне, а кишини атайылап "Ата-Журтка" каршы тукуруп, ишендирип салгандар барбы? Эжеке, өзү ошондой ойдо, ишенимде болгондуктан чыккан сөзбү? Же саясый кызыкчылыктардан улам ушинттиби? Биздин баамыбызча бул таза саясат сыяктанып эле калгансыды.
Роза Отунбаева жаңы Башмыйзамга ылайык, өтө чектелип кыскартылган ыйгарым укуктарын, саясаттагы тажырыйбасы менен компенсация кылып, коалицияны бузуу аракеттеринин да алдын алуу максатын көздөп жаткан сыяктуу. Анан дагы КСДП, "Республика" фракциялары "Ата-Журт" фракциясынын айынан аксаган күндө, президент институтунун ыйгарым укуктарынын колдоосу аркасында, дагы деле, Кыргызстандагы бийликти кармап калуу кудурети бар, таасирдүү күч катары кала берерин баса белгилеп, алдыдагы президенттик шайлоо астында булчуңдарды көргөзүп (коргонуу кеңешин түзүү, криминал менен күрөш баштоо, эскертүү берүү), б.а. "музоо кезинде сүзүп коюу" ишаратын кылууда деп эле түшүнүү керек десек, жаңылышпасбыз.
Бирок, канткен күндө дагы, Роза Исаковнанын, "эгерде эл нааразы болуп чыкса, ЖоКени таратам" дегени, элди Акүйдү көздөй каптатам дегендей, анан дагы, элдин "атажуртчуларга" каршы чыгарына толук ишенгендей сүйлөгөнү кызык эле болду. Эжекенин бул сөзү, немистердин курчоосунда калган кызыл командирдин рация аркылуу "огонь на меня!" деп кыйкырып жатканындай элес калтырды, эй. Себеп дегенде, президентибиз ошол "атажуртчулар" менен бирге ошол эле Акүйдө отурбайбы? Анан калса, жалпы бийликке каршы, жаалданган толпа келгенде, эжекени командасы менен ылгап, бөлүп алып, калганын гана жанчат деген кепилдик барбы? Жок да.
Эгерде элдин нааразычылыгы чындап эле "атажурчуларга", б.а. Акүйгө багыштала турган болсо, анда алар менен бир ДЗОТто жатып, жөн эле чабуулдун объектисине айланып, азапка калуу кимге кажет? Андыктан, депутаттардын Акүйгө сыйбай жатканын шылтоо кылып, эртерек аппараты менен Орто-Сайга (Мамлекеттик резиденцияга), же дагы бир жагына көчүп кеткени дурус болуп жүрбөсүн?
Ошондо ансыз да башы маң болуп, же Акүйгө, же Көкүйгө жабыларын билбей турган нааразылар, бийликтин дагы бир, үчүнчү, жаңы дарегин эшиткенде кантишер экен? Байкуштар, анан турган орундарында тегеренип калышса...

Сабыр МУКАНБЕТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_3.htm on line 41