Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Гүлнара Калдарова кош бойлуу
Коен жылы Гүлнара Калдарованын үйбүлөсү үчүн өзгөчө сүйүнүч менен башталды. Себеби, Гүлнара айым март айында перзенттүү болгону турат. "Кош бойлуу экенимди укканда көзүмө жаш тегеренди. Жолдошум Мырзабек экөөбүз мындай кабарды көп жылдан бери күтүп жүргөнбүз. Буюрса, март айында наристелүү болобуз" деп кубанат Гүлнара айым. Ылайым эки жаштын тилеги аткарылып, коломтодо наристе үнү жаңыра берсин.

Сыймык мырзаларды куттуктайт
Обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев мырзалардын майрамын утурлай, 22-23-февралда Улуттук филармонияда "Кыргызстанды сүйөлү" деген аталыштагы чоң программадагы концерт тартуулайт. Жаңы чыгармалар, комуздун коштоосундагы жандуу ырлар, алгачкы дуэттер аткарылат. Негизги басым патриоттук чыгармаларга коюлат. Кечени сахналаш достору, бийчилер коштойт.


Съездбектен кош белек
Акыркы убакта Съездбек Искеналиев дагы чыгармачылыкка катуу киришип, жаңы ырларды жазып, ага утурлай клиптерди тартып, айтор, кызуу эмгектенип аткан кези. "Аракеттен берекет" дегендей, кыбырап жүрүп, он сегиз ырдан турган "Менин жерим" аттуу жаңы ырлар жыйнагын даярдап койду. Эми Съездбек мырза аталган жыйнактын аты менен 20-21-мартта Улуттук филармонияга жеке концертин берип, ыр жыйнактын ачылыш аземин өткөрөт. Кошумчаласак, альбомго Съездбектин ырларын аткарган эстрада ырчыларынын ырлары да камтылды. "Буюрса, азыр концертке даярдык көрүп жүрөм. Анткени, эки күн бою жандуу ырдап, өзгөчө концерт берем" дейт ырчы.

"Учур" театры он жашта
Эл аралык театр фестивалында алдыңкы орундарды ээлеп, Кыргызстандын атын чыгарган "Учур" теле театры быйыл он жашка чыгат. Жакында эле Москвадан келген режиссерлор Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" аттуу спектаклин жактырып кетишкен. Эми "Учурдун" актерлору аталган спектакль менен Москвада өтө турган "Чехов" атындагы театр фестивалына барат. Учурда катуу эмгектенип аткан актерлордун иши кызып турган чагы.


Медер Осмоналиев отузга толмок...
"Кыргызстан Обондору" радиосунун маалымат редактору, маркум Медер Осмоналиев 31-январда отуз жашка толмок. Аз өмүрүндө бир нече ыр жыйнактарын чыгарып, өзү сүйгөн радио тармакта татыктуу эмгектене алды. Шоу-бизнес чөйрөсүндө Медер Осмоналиевдин орду чоң десек жаңылышпайбыз. Анын калемине таандык ырларды "Кыз-Бурак" тобу, эстрада ырчыларынын көбү аткарып жүрөт. "Жүрөктөн чыккан ыр, жүрөккө жетет" дегендей, Медер мырза жаш акын катары да таанылып калган.






Нурдөөлөт Копоев, актер:
"Чай концерт беребиз"
- Нурдөөлөт мырза, махабат майрамына карата чай концерт уюштуруп жатыпсыздар. Эмне себептен төртөөңүздөр чогулдуңар?
- Биринчиден, Бакыт Букаев, Роза Шакирова, Назми жана мен болуп, чыгармачылыктан сырткары, үйбүлөлүк катышыбыз бар. Экинчиден, Бакыт байке экөөбүз той алып барганда Назми менен Роза "Жар-жар" ырын ырдап, жеңелердин ролун аткарып беришет. Ушундан улам идея жаралып, махабат майрамына арналган достордун сайран кечесин уюштурдук. Мындайча айтканда, "төртөөлөп шоу өткөрөлү" дедик. Билеттин баасы эки миң сом. Себеби, биринчи, экинчи тамагы менен түрлүү салаттарды жасап, жер-жемиштин түрүн коюп, чай үстүндө концерт тартуулайбыз. Бул сумманы төлөп коюп, төрт сааттык кечеде артистер менен көңүл ачып, ыр-бий, тамашага күбө болуп кетишет.
- Билет сатуу жагы кыйын болгон жокпу?
- Жок. Болгону эки жүз орундук бар. Төртөөбүз төрт столду бөлүп алып, элүү билеттен сатып атабыз. "Бизге бир стол бергиле, аяштарыбыз менен он адам барабыз" деп сурагандар да бар. Кимдин билети өтпөсө, өзү банкрот болот (күлүп). Эми биздин негизги максатыбыз акча табуу эмес.
- Ырчылардан конок катары кимдер чакырылды?
- Орун аз болгондуктан, "ар бирибиз экиден ырчы, бирден жардамчы гана алабыз" деп сүйлөштүк. Бакыт Букаев экөөбүз алып барабыз, ал эми Роза менен Назми ыр десте сунат. Андан сырткары, мейман катары Гүлнур Сатылганова, Айбек Карымов, Айгүл Чалова, Нурбек Дайырбек уулу, Таалай Иманкулов, "Агат" бий дуети жана "Учур" театры "Апендинин беш катыны" сатирасынан үзүндү коет.
- Кандай "сюрприздер" болот?
- Жакында эле бир тууган эжем "Нурдөөлөт" деген чеберкана ачкан. Ал жактан күмүш зер буюмдарды алганбыз. Ар бир төрт столго ар кандай буюмдар, шакек, билерик, сөйкө катылат. Кызыктуу оюн көрсөтүп, таап алгандарга белек кылабыз. Андан сырткары, тамак-ашка байланышкан оюндар, оригиналдуу сүйүү СМСтери, жаштардын ак бийине байгелер бар. Калган "сюрприздерди" чай концерттен көрө аласыздар.

Айнура Касымова




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика