Кыргыз гезиттери



"Атамбаев бар, кыргыз элинин ырыскысы бар!"
5769. Бир коюмду 5000 сомго сатып, "үйгө тамак-аш ала кетейин" десем, бир куржунум толгуча акчам түгөндү. Күмөнсүнүп, "түшүрүп койдумбу" деп эсептесем, андай деле болбоптур. Америка долларына шылтоолоп, Алайдын куруту да кымбаттаганы мени таң калтырды.
Кубантай, Лабо

5770. Мен Курманжан датка тууралуу даректүү тасманы көрдүм. Замир Эралиев тартыптыр. Абдан жакты. Эми Исхак Раззаков жөнүндө А.Токторов деген "даректүү тасма тартам" деп камынып жатыптыр. Айланайын кыргыз киносунун аттуу-баштуу аксакалдары, ушул жигитти "кой, колуңан келбейт, билимдүү, илимдүү режиссер тартыш керек. Сен адегенде кичинекей ролик, клип тартып көр. Раззаковго тишиң өтпөйт" деп койгулачы. Мындай инсанга тийбесинчи, суранам?
5576 абоненти

5771. Дегенбаев Таалай деген Жаныш Бакиевдин "куйругу" кайрадан Жалал-Абад УВДсына барып, эски байланыштарын жандандырып жүрөбү? Антсе "Ж.Бакиев Түштүктө жашыруун жүрөт" деген маалымат туура чыгат. Анда элдик революция эмне үчүн жасалды? Кайра эле Акаев, Бакиевдин баш кесерлери ушинтип ээн-эркин өлкө ичинде каалаганын кылып жүрө беришеби?..
Патриот

5772. Урматтуу окурмандар, кимде-ким машинеге "Т" тамгасынан башталган номер сатчу болсо, менин дарегиме жарыя салып койгула. Себеби, МАИ ушундай машинени токтотпойт экен.
Авторадио

5773. Таза уул, сен укук коргоочулар болбосо, оюңду гезит бетине жазмак түгүл, чөнтөк дептерчеңе жазганга даамак эмессиң. Динди саясатка аралаштырып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр элдин чыныгы душманы.
Революционер

5774. Мен жакында эле Ош шаарына барып келдим. Ал жерде мектеп, ММК, телеберүүлөрдүн 70%ы коңшу өлкөнүн тилинде берилет экен. Бир башкача маанайда калдым. Ошондон улам сиздерге күйгөнүмдөн бир нерсе айтууну чечтим. Жакында кыргыз экениңерди унутуп калбагыла. "Өсөр эл - өзүн сыйлайт" деген кыргыз элинин накыл кеби бар эмеспи...
Көлдүк жигит

5775. Дамира Ниязалиева! Сиз кымбат баалуу норка шуба кийип, телевизордон чыгасыз. Ошол булгаары тонуңуз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жаныбардын териси. Жаныбарды өз ордуңузга коюп көрүңүз. Ошто да балдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Убактылуу өкмөттү көп эле жактай бербеңиз. Норка шубага короткон акчаны ден соолугуңузга коротсоңуз болмок. Мисалы, бетиңизге, жүрөгүңүзгө дегеним.
Айбек

5776. Роза Отунбаева эжекебиздин жолдошу барбы? Эмне ал киши жөнүндө маалымат жок.
Айжан

5777. Кара-Суунун эли, Аким баатырды президент, Мурат Малабаевди премьер-министрликке көрсөтөбүз.
Сагын

5778. Өткөн жылдын май айында Мелис Мырзакматов телеге "мен бийлик тарапта да, эл тарапта да эмесмин" деп айтканын өз кулагым менен уккам. Ошондо эле анын туруктуу адам эмес экенин жана бийлик, мансап дегенде эт-бетинен кетерин билгем.
Барскан

5779. Бакиев менен кошо беш жыл кыргыз элинин канын соруп, сызга отургузган, шылуундар депутат, министр болуп жатышат. Парламент "люстрация" мыйзамын кабыл алып, булардын баарын тазалаш керек. Эгер депутаттар бул мыйзамды кабыл албаса, анда жазында жаштар биригип, өзүбүз аларды кубалап жок кылабыз.
Барскан

5780. Бакиев Минскиде жатып ойлонот: "ушу менин айымдан канчалаган балдар өлүп кетти. Эми Кудайдын алдына барсам, мени түз эле тозокко айдап жиберсе эмне кылам (?) деп. Анан эле бир күнү катуу ооруп калат. Жанышты, Максимди чакыртып, "мен өлүп калсам, эски-уску кепинге ороп, эски мүрзөлөрдүн арасына кишиге байкатпай көмүп койгула" дейт. Анда Максим көзүнө чала-була жаш алып, "ата, эмне үчүн сиз айткандай кылабыз. Эл катары эле гробго салып, калайык-калктын баарын чакырып, узатсам болбойбу? Акчам дале болсо апырык менен сапырык. Баарына жетет" дейт. Анда Курманбек Салиевич, "бовойт уулум, эгер мени эски мүрзөгө узатсаңар, Кудайдын алдына барганда, ал бул эбак эле өлгөн неме турбайбы, таанылбай да калыптыр деп бейишке жиберет" деген экен айласы куруган Курманбек Салиевич!
6319 абоненти

5781. Аликбек Жекшенкулов таза инсан. Эднан Карабаевге караганда кыйла күчтүү дипломат.
7193 абоненти

5782. Эгерде биздин депутаттар мыйзам менен жашаса, эл өзүн-өзү камчы салдырбай багып кетерине көзүм жетет. 3 миллиард доллар карызынан да кутулмак.
Бишкектик

5783. Эмнеге Кыргызстанда жашаган башка улут өкүлдөрү биздин өкмөткө түрдүү талаптарды кое беришет? Дүйнө жүзү боюнча ким кайсы мамлекетте жашабасын, ошол мамлекеттин мыйзамы менен гана жашайт. Же бизде "жамандын коногу бийлейт" дегендей болуп атабы? Эмнеге башка улуттун бизге карата жасаган жаман иштерин ачык-айкын айта албайбыз? Кимден коркобуз? Качанкыга чейин ушинтип күнкор болуп жашап келебиз?
6334 абоненти

5784. Текебаевди чын дилинен сыйлагандарга ысык салам жолдойм! Өмүкемди 1998-жылдан бери жакшы тааныйм жана билем. Кыргызстан үчүн мындай күйгөн адамдар сейрек кездешет. Анын тарапташтары келгиле, а кишинин адамдык жакшы сапаттарынан ой бөлүшүп, баарлашалы.
Кенже

5785. Максат Каратаевдин Камчыбек Ташиев туурасында жазганы чындык! Анын эрдигин билбегендерге же билгиси келбегендерге эртең тарых тастыктарына терең ишенем. Максатка окшошогон Чүйдүн дагы бир жигитине ыраазы болдум.
Бакыт, Ош

5786. "Учур" гезитинин жалпы жамаатына салам! Силерге чоң-чоң жетишкендиктерди каалайм. Ушу жылы "жылдын мыктыларынан" болгула. Мен силерди жакшы көрөм. Калтырбай окуйм.
2727 абоненти

5787. Поезд өтөт кеч кайтат. Өмүр өтөт кеч кайтпайт. Сен да жаш, мен да жаш, сени сүйдүм мен бейбаш. Кыздар менен таанышам.
Тел: 0779-65-68-50

5788. "Эгер чындап соксо жүрөгүң, ишенип кой, мен да сени сүйөмүн. Азырынча таарынышпай жүрөлү, келечекте болом сенин түгөйүң". Эгерде кимде ушундай ырлар болсо, анда мага жазгыла. Силерден жакшы ырларды күтөм!
Мээрим, 0779-10-27-27

5789. Жүрөгүмдүн ачкычын уурдаган Чоң-Алайлык Имаш аке, мен сизди аябай сагынып жүрөм.
Гүлназ

5790. 5201 абоненти, тилекке каршы, К.Бакиев эми келе албайт. К.Бакиевди көргүң келсе, өзүң барсаң болот.
0272 абоненти

5791. Салам Аймончок! Бактылуусуңбу? Менин жүрөгүмдө өмүр бою жашайсың!
М. KG

5792. Урматтуу төрага! Жылдыз Жолдошеваны курортко эс алууга жибербесеңиз болбой калды.
Туке

5793. Спикерибиз А.Келдибеков "элик" дебей, "элүү" деп сүйлөсө болбойбу? Саясый элитабыздын тилге кылган мамилеси ушу болсо, калгандарыбызга сын айтып бекер.
Кенже

5794. Милиция кызматкерлери асмандан парашют менен эч качан секирген эмес. Элге коопсуздукту сактоодо алгылыктуу ийгиликтерди жаратып, эл менен тыгыз иш алып барышы керек. Азыркы мезгилде ИИМдин деңгээли жогорудан түшкөн парашюттай ылдый түштү.
Патриот

5795. Азыркы мезгилде бардык мамлекеттик тармакта, өзгөчө милицияда "таласский синдром" башталды. ИИМге Болот Шер келгенде жумушсуз таластыктар милицияга жыйылды эле. Зарылбек Рысалиев келгени милициянын кадыры кыйла түшүп кетти.
6613 абоненти

5796. Бакиев Курманбек Салиевич! Мен сизди аябай урматтайм жана сыйлайм. Сиз бар кезде өлкөбүз тынч эле. Эми тынч жашабай калдык. Ар ким өз билген намазын окуй баштады. Сиздин үкелериңиз сиздин даражаңызды түшүрүп атышат. Ошо жакта жүрүп, бир-эки ооз сөз менен тартипке чакырып койсоңуз деле болот да.
Кыргыз

5797. Сыр
Акүйгө келебиз калтабыз бош,
Шылтообуз Жалал-Абад менен Ош.
Элибиздин айдаганы өгүз менен кош,
Чоңдорубуз сыр беришпей, койдон жоош.
7756 абоненти

5798. Абакиров Максат чынында эле патриот адам. Кыргыз дегенде жанын берген жигит. Ал ким экенин билбесеңер, ал Водолаз. Рыся брат.
4992 абоненти

5799. Турусбек ага! Бардык жагынан төп келишкен, акылы тунук, элдин каада-салтын, мурастарын улап, санжыраны аздектеген, өзүнөн да, сөзүнөн да кут жанган, тектүү, өз эмгегинен дөөлөт күткөн, кыргыздын чыгаан уулу катары баалайм. Ошон үчүн мен сизге колунан көөрү төгүлгөн, асмандан акыл, жерден азык чапчыган, ай чырайлуу, үйдүн куту боло алган, өзүңүзгө тете жубай табууңузду Кудайдан тилеп келем. Сизди баалаган адам деп билиңиз.
9651 абоненти

5800. Нарын районунун Оттук айылындагы атам Талантка, апам Марипага, инилерим Ырысбай, Тынчтыкка салам! Узак өмүр сүргүлө, оорубагыла!
Нургүл, Кант

5801. Кант шаарында жашап жаткан атам Мелис, апам Салтанатка, байкем Рысбекке салам жолдойм. Үйүңөрдөн кут кетпесин, бар болгула!
7722 абоненти

5802. Нарын шаарындагы эжем Айгүлгө, жездем Айбекке, кыздары Эркайым, Бегайымга салам. Бактылуу жашагыла!
Нургүл

5803. Азыркы мезгилде бардык мамлекеттик тармакта "Талас өнөкөтү" деген оору башталды. Мурун Аскар Акаевдин жары Майрам эженин кадыры аркасында ушундай башталып, аягы эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз. Кыргыздар тарыхтан сабак албай койдук го! Кетменди баса берип, мээбиз жарылып бүткөнү калды. Эмнеге мындай кемчонтойбуз? Бул жаман иштер качан токтойт? Ким жооп берет? Роза эже, сиз дипломат кишисиз. Жарым жыл иштей электе чарчадыңызбы, алыңыз келбей калдыбы? Бир гана сөз менен "токтоткула!" деп койсоңуз жетиштүү да. Моюн бербей баратышса, эл астына чыгып, "алымдын келишинче кызмат кылдым. Мени бир туугандарым, ж.б. иштетпей жатат. Ушунчалык ишеним артканыңарды канча деңгээлде актадым, өзүңөр баалагыла. Эми болсо, мага уруксат бергиле, такты татыктууңар өткөрүп алгыла" десеңиз, сизден акылдуу, сизден айлакер барбы дейм. Ойлонуп көрүңүз...
Анара

5804. Кыргыз элим! Бөлүнгөндүн ордуна биригели. "Ынтымак бар жерде ырыс бар" дегендей, Кудайым кааласа, Кыргызстаныбыз өнүп-өсөт. Келечекке ишенич менен карайлы.
Асыл

5805. Акмат Келдибеков, сизден сураныч. Эртең менен жумушка чыгарда күзгүнү бир карап коюңуз. Негедир Бакиевге окшошуп баратасыз. А кишини кумир тутпаңыз. Сиздин өз жүзүңүз болушу керек.
1292 абоненти

5806. Алмаз байке, "сизди сатканы жатыптыр" деген имиш угуп калдым. Сак болуңуз.
1292 абоненти

5807. Башка улуттун элдери "кыргыздар кой сымал" деп айтышат. Чынында эле ушундайбыз. Ага чычалап кереги жок. Бирөөнүн акчасын алып, анын сөзүн сүйлөө, каныбызга сиңген. Ош окуясына ким күнөөлүү? Албетте Убактылуу бийлик. Жайытка жайылган койдой болбой, мекенчил бололу!
5258 абоненти

5808. "Айлык акыларды көтөрүүгө акча таптым" деп Феликс Кулов мактанса, "андай акча жок, бюджет фракциясын жетектеген мен билемби же..." деп Акылбек Жапаров чыкты. Кимиси жалганчы?
Асылбек, Ош

5809. Кыргыздар биз Тунистен үлгү алышыбыз керек. Көрдүңөрбү, алар "сүлүк курттарды" кандай тазалап жатат? Кыргызстан деген организмден Акаев менен Бакиевдин "сүлүк курттарын" операция кылып, таштандыга ыргытыш керек. "Акча жок, акча жок" дейт "сүлүк курттар". Анан кайсы акчага жип минип, кайсы акчага 2-3 кабат үйлөрдү салып жатат? Кыргызды курутуп аткан "куйруктарга" жазасын тезинен бериш керек!
Чагылган

5810. Мерген Турганга чыгармачылык ийгилик, үйбүлөсүнө ден соолук каалайм. Кээ бир адамдар Мергендин чыпалагына да тең келбейт. Өзүңөрдү эр ойлосоңор, Мергенди шер ойлогула!
Жердешиң

5811. Алмаз Атамбаев Кыргызстанды оор акыбалдан алып чыгарына эл ишенип турат. Ишине ийгилик каалап кетели!
3533 абоненти

5812. Өмүрбек Текебаев, эмнеге мынча ала допучандардан коркосуң? Ош коогалаңына кимдин гана тиешеси жок. Аны бүт Кыргызстан билип калды. Лениндей болуп сол колуңду булгалап, титиреңдеп, кыска-кыска сүйлөп актанасың. Таза болгонуңда спикер болот элең да...
Бекен

5813. Элмурзаны президент кылмайынча ала допучандардын кутурганы кутурган. Автономияны сураганы сураган. Булардын өпкөсүн бир гана ушу жигит колу менен үзүп, колдоруна карматат. Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге кое калат экен.
Бекен

5814. Салам "Учур" гезити! Баарыңарга жаркын маанай каалайм. Сиздер аркылуу таанышкан Айпери кызга да салам жолдойм. Айпери досум аман бол! Буюрса көрүшөбүз.
Низа

5815. Кыргыз элим аман болгула! Карапайым элдерге тамак-аштын арзан болушун каалап кетмекмин. Ар бир үйдө кубанычтын жаңырыгы жарк этип түбөлүккө жанып турсун! Питердеги кыргыз кыздан силерге ысык салам!
Niza kg.

5816. Ош облусунда жашаган бир туугандарыма салам жолдойм. Апам Курбанбү, сиз менин дүйнөдө алмашкыс өтө боорукер адамымсыз. Мен сизди жакшы көрөм.
5742 абоненти

5817. "Оң колуңдун ачуусу келсе, сол колуң менен карма". "Сабырдын түбү сары алтын", "сабырлуу жетер мураска, сабырсыз калар уятка". Жүрөгүңдү тыңшап, мээңди иштет. Көңүлүңө жакканыңа көкүрөгүңдү төшө.
6755 абоненти

5818. Адуга жооп: ооба, мен коркокмун. Бирок, Бакиев бийлиги мен эмес, менден кыйын чыккан саясатчыларды коркутуп койгон. Ошентсе да мен такай чындыкты бетке айтып жүргөм жана айтып келем. Куугунтуктан коркпой, Бакиев кезинде КТРге чындыктын желегин желбиреткем. Анткени, эс тартканымдан бери кыргыз үчүн күйүп, талам талашканга көнгөм. Кыргыздын жаркын келечеги үчүн жанымды аябоого даярмын. А сен ошол убакта канкор Бакиевдин бийлигин өркүндөтүп жаткансың. Аягы эмнеге алып келди билебиз. Түштөн кийин баары эле сүйлөгөнгө маш. Кыйын экенсиң бийликтегилерди сындабайсыңбы? Жазгандарымды кунт коюп оку. Менин бирөөгө кошоматтанып, болушканымды көрдүң беле? Калыс кыргыз элимден сурайлычы, кимибиздин намысыбыз жок экенин. Убакыт өтсүн, мен ачыкка чыгам, жашырынбай дегеним. Ошондо экөөбүздүн сөзүбүздү тарых таразалайт.
Чынчыл жигит

5819. Биздин революцияларыбыз өз максатына жеткен жок. Бакиевди эле тышка айдап ийгенибиз болбосо. Азыркы Тунис, Мисир төңкөрүштөрүнө чоң сабак болууда. Биздей болуп жарым жолдо калбай, аягына жетсе экен. "Төңкөрүш экспортеру" болдук го?!
Чынчыл жигит

5820. "Ата-Журт" партиясынын эң көрүнүктүү депутаты деп Жылдыз Жолдошеваны айтса болот. Өзгөчө Өмүкени бурчка такап, суроо бергендерин көрүп моокумум канды.
Айзирек

5821. Былтыр ММКда бир макала чыккан. "КТРде цензура пайда болуптур. Текебаевдин сөздөрүн кесип салыптыр" деген. Ага көп маани берген эмесмин. Өткөндө "эркин микрофондун" тартылуусунан кийин толук ишендим. Атайын даярдалган 4-5 студент жана массовка. Бакиев убагында ачык эле суроолорду берип алдык эле... Сөз эркиндиги бизде кагаз бетинде элеби?
4043 абоненти

5822. НБТнын "Шаардыктар" берүүсүнө бирөө чалып, "элге кичине жеңил болсун СМС чалуунун баасын 1 $дан түшүрсөңөр болбойбу?" деди. Ага алып баруучу "базар экономикасына" шылтап койду. "Дүйнөлүк тенденция" бүтүп, эми ушу калыптыр да. Элдин көйгөйүнөн пайда көргөндөр бар экен. Кадимки базардан айырмасы жок турбайбы?..
4043 абоненти

5823. "Ата-Журт" терисин жамынган "Акжолчулар"! Нариман шаардагы павильондорду (бир үйбүлөнү багып жаткан) тазалаганда, жазыксыз элди жазалаганда, кайда элеңер? Эми Ош базарын коргогонуңарга жол болсун! Нариман байкеме бир чети таарынсам, бир чети түшүнүп, жеген нанымды кармата салып басып кеттим эле. Ырыскыны Кудай Таала берет экен. Андан кемип, чөгүп кеткеним деле жок.
Мурат

5824. Атабек! Ташиев, Түлеев, Жапаров, булар сенин курмандыгыңа татыксыздар! Кийин билесиң.
2121 абоненти

5825. Памир, сен бийиксиң! Атыңа затың жарашкан.
2121 абоненти

5826. Урматтуу 5601 абоненти, Өмүрбек Текебаевге Кудай жөнүндө сүйлөбөй эле коюңуз. Ал киши өзүн Кудай деп эсептейт окшойт. Андан "намаз окуйсузбу?" десе, "дүйнө жүзү окуса да, мен окубаймын" деп жооп берген. Мусулман болуп ушинтсе, калганы кайда барат?
1100 абоненти

5827. Камчыбек Ташиевге терең ыраазычылык билдирем. Себеби, ал чындыкты гана издейт. Оштогу тополоңду ошол токтотту. Муну элдин баары билет.
1111 абоненти

5828. 7331 абоненти, сенин эсиң жайыңдабы? Текебаевди жазып, анан Чиркешовичти жазыпсың. Экөө тең сенин папаңбы? Бул адамды спикерликке жетпей калганына байланыштуу эч ким сыйлабай калган. Чынында спикерликке жетмек да эмес.
1111 абоненти

5829. Салам "Учур"! Шайыр тамада+музыка.
Тел: 0779-20-00-71

5830. Түп районунун Шаты айылындагы папам, мамам, иним Каныбек дайыма ден соолукта болгула! Кара-Балтадан кызыңар Лариса, күйөө балаңар Алтынбек.
Нурболчик

5831. Кыргыз элим бөлүнүүнү токтотуп, тез аранын ичинде биримдикке келбесек, Кыргызстан жоголуу алдында турат. Ким ушул идеяны колдосо, "Тилегим Кыргызстан" деген коомдук уюм уюшулду. Келгиле, биригели! Дарегибиз: Бишкек шаары, "Илбирстин" жанындагы имараттын 4-кабатындагы 411-кабинеттен тапсаңар болот. Кайрылгыла!
Мекенчи

5832. Кыргызым деп соккон жүрөк, дале согот!
Нуриза

5833. Өзүнүн позициясын өзгөртпөй катуу кармаган, өзгөчө башкалар сыяктуу өйүз-бүйүзгө өтө калбаган, өлкөбүздүн ичинде Өмүкедей лидер барбы? Өнүгүү үчүн өлкөгө мыйзам калыптаган Ө.Текебаев менен мактанам.
Памир, Чоң-Алай

5834. Атамбаев бар, кыргыз элинин ырыскысы бар экен. Акаевдин же Бакиевдин убагында бензин качан арзандады эле? Деги бирдеме арзандады беле? "Өткөндө бензин арзандайт" деп Алмаз Атамбаев айткан. Эми бензиндин арзандаганын көрүп сүйүнүп жатам. Эгерде ким Атамбаевди "кетсин же кетиребиз" десе, убара болушпасын. Бир кезде Ташбоо Жумагулов Бакиевди "автомат менен болсо да коргойм" дегендей, мен да Атамбаевди коргоп калууга бардык күч-аракетимди жумшайм!
6255 абоненти

5835. Ташиевдер кечээ эле бакиевдерге кызмат кылып жүргөнсүбөдү беле. Мындай адамдарды колдосок дүйнө жүзүнө уят болобуз го?
8923 абоненти

5836. Баргы, сен Конгантиевдин эмне үчүн таяк жегенин билбейсиңби? Ал деген Таластагы аксакалдарды соккону, элди атканы жана бакиевдерди колдогону үчүн таяк жеди. "Өзүңдү шер ойлосоң, бирөөнү эр ойло" деген кыргызда накыл кеп бар. Кыргызда аксакалдарды абалтан сыйлап келген. Ал эми Бакиевдер өзүн Кудай сезип калган. Эл деген сел. Кыргыз элимди сыйлаш керек.
Баха

5837. Салам "Учур"! Кыргызстандын Түндүк-Түштүгүнө шек келтирген СМСтерди гезит бетине чыгарбаганыңарга толугу менен кошулам. Мындан кийин да ушундай жагдайды кармап туруш керек. Кыргызстан - бир бүтүн элбиз. Муну ар адамыбыз билип, сезип жашаганга умтулуубуз зарыл!
Какыс

5838. Адахан Мадумаров Кыргызстандын президенттигине татыктуу адам деп ойлоймун. Бирок, Роза Отунбаевага болгон ишеничим акталбай калды. Адахан менен да ошондой болуп калабы деп чочулаган жайым бар.
6334 абоненти

5839. Кээ бир СМСчилер Мадумаровду, Ташиевди, Келдибековду мактап жазып жатышат. Менимче туура эмес. Анткени, алар кыргызга күйсө, эмне үчүн Бакиевдер Каркыра жайлоосун, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды, Токтогул суу сактагычындагы сууну сатып жатышса дагы унчугушкан жок?! Тескерисинче, Бакиевдин колуна кол, бутуна бут болуп иштеп беришти го?!
Барскан

5840. Саламатсыңарбы? Мен такыр эле орус тилди өздөштүрө албай жатам. Эмне кылам? Мага жардам бергилечи. Жанымдагы кыздар, досторум мени шылдыңдап жатышат. Ошонун айынан бир топ запкы жеп жатам.
Нуркыз

5841. Динаричка кандайсың, окууларың жакшыбы? Сага кааларым - дайыма ишиңе ийгилик, ден соолугуң чың болсун!
Мистер Жек

5842. Курманбек куулганы менен "куйруктары" моюн берчүдөй эмес. "Шеф" атанган "шестеркасы" шаар мэринин ишине кийлигишкенге чейин барды. Ош базарындагы "ака, үкаларын" коргоп.
Фронтбек

5843. "Люстрация" мыйзамын кабыл алмайынча "кайран эл" карандай чай менен кайгыдан арылбайт.
Фронтбек

5844. "Жериңден алтын чыкса, жеп-ичкениң тартыш болот".
0100 абоненти

5845. "Бийлик таза болбосо, чала молдонун ролун ойнойт".
7010 абоненти

5846. Ажолордун артында, айга-күнгө теңегис Айдар, Максим, Атайдай азаматтар турушат. Прокурор, соттор ийилип, жүргүзө албай сурагын. Биринен бири ашынып, бир шумдук болот буларың...
Таласбай

5847. Бакстын премьери Атамбаев, дагы эле премьер. Бабанов болсо дале вице. Борбиев - министр. Келдибеков "азаматыбыз" дале жүрөт. Бир Бакиевдин өзү жок. Текебаев болсо оппозиция бойдон калган. Айла жок, күлөсүң...
1720 абоненти

5848. "Бакиевдер жеп койду" дедиңер. Ким канча жеди жана жептир? Эмнеге ачык айтпай атасыңар? Эмнеге алар соттолбойт? Жаныңарда эле отурат же Бакиевдер жебегенби? Атамбаевдин эки сөзүнүн бирөө ушу.
1720 абоненти

5849. Азыркы журтбашыларда Текебаевден башкасы Акаев, Бакиевге иштеп, анан тебилгендер. Анан кантип биздин мамлекет оңолсун.
2172 абоненти

5850. Бөкөтаев Эмилбектин документи жоголгон. Ахунбаев менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде турган МАИчилер алган. Кимде-ким таап алган болсо, же бул документти кантип мага кайрып берер жолдорун билген жан болсо, сүйүнчүсү болот.
Пирим, 0779-99-52-61

5851. Жалал-Абаддын МАИлери айына бир жолу Токтогулга келип, айдоочуларды токтотуп, "ремен такпайсың" деп 300 сомдон жыйнап кеткени неси? Буларың айлыкты Токтогулдун элинен алышабы же ушундай өнөкөт таап алышканбы? Эми келчү болсоңор, Токтогулдун айдоочулары силерди ташбараңга алганга даяр турушат. Биз силерди абдан күтүп атабыз. Тандагыла, 300 сом же ташбараң же аман-эсен Жалал-Абад...
172 абоненти

5852. Урматтуу "Учур" гезити! Сиздердин акыркы саныңар бизге жетпей калды. Биз түшүнбөй калдык. Атайын даярданып алып, күткөн нерсең жок болсо жаман болот экенсиң. Сураштырсак эч жерде жок. Бир эле адам көп санда сатып алган имиш. Ал антип базардан сатып албай эле, силерге заказ кылса болбойт беле?
Окурман

5853. Ош окуясын Убактылуулар эмес, эр-жүрөк Алайдын элдери басты. Үч күн Оштун эли башкаруусу, көзөмөлү жок өзү гана калган. Азыр да көз алдыбызга келип турат. Силер көрө албаган, ичиңер күйүп жаткан Камчы менен Акмат ошондо эл менен бирге болгон. Ошон үчүн эл аларды депутат болбой калган күндө да урматтап, сыйлап алат. Алай эли силер менен!
3047 абоненти

5854. "Текебаевдин 20 жылдык орду бар, эмгеги бар, баркы бар" дегенден жадабадыңарбы? Мен жеке силердин ушундай догурунма сөзүңөрдү уккандан тажадым. Эгер чынында эле Текебаевдин баркы кыргыз элинде жогору болгондо, кечээги шайлоодо, жаңы тушоосу кесилген "Ата-Журт", "Республика" партияларынан алда канча озуп келмек. Бирок, жыйынтыгын өзүңөр көрдүңөр? Эл кимдин ким экенин өзү баалап, таразалап коет.
3047 абоненти

5855. Салам! Мен Жумгал районундагы А.Молдокеев мектебине жалпы салам жолдойм. Мугалимдерге көп айлык, чың ден соолук, ишине ийгилик каалап кетмекчимин.
Айдай

5856. "Жетим-Тоо"
Үнү өчөт үлкөндөргө үмүт арткан элимдин,
Үйлөп ичет айранды, айрылган соң соорусунан,
Үзөңгү-Кууш, Каркырадай жериңдин.
Сыйрыгандай сыздатат тексиздердин териңдин,
Ыраа көрбөй кыргызга, ыроологон башкага,
Бейиш жердин Теңирдин.
Жетет эми!
"Жетим-Тоого" асылба!
Бере албаймын,
Жол салмактан жонуң салып төшөлсөң да астыма!
Мурат

5857. Кыргызым! Ыраматылык Дооронбек Садырбаевдин "Кайран эл" көркөм тасмасын качан көрөбүз?
Атай

5858. Камчыбек Ташиев Бакиевдин "куйругу" эмес. Камчыбек чыныгы патриот жигит! Ал кыргыз үчүн күйөт!
3030 абоненти

5859. Рысбек Акматбаев менен Баяман Эркинбаевдин баркына эми жетип жатабыз. Жаштар! Эми Камчыбек Ташиевди, Мелис Мырзакматовду, Алмаз Бокушевди сыйлап, ушуларды барктайлы.
3030 абоненти

5860. Кыргыз элим! Жашоону жакшырталы десек, Алладан сурайлы, лидерлер себепкер болсун. Бийликтегилерге ыйман берсин!
1303 абоненти

5861. "Учур" гезити, силердин акыркы саныңар көп жерлерге жетпей калган имиш. Анда Роза Отунбаеванын уулу Атай жөнүндө күчтүү макала жазылган экен. Эгер эп көрсөңөр, ошо макаланы дагы бир сыйра басып коесуңарбы? Элдин баары окусун, билсин. Роза Отунбаева апчебиздин уулу эмне менен шугулданганын. Демократия өлкөсүнүн үлгүсү катары...
Огонбай, Талас

5862. Айгерим! Кызың экөөбүз сени сагындык. Менин акыбалымды билгиң келбесе да, жок дегенде кызыңды сурап койсоң боло? Ойлончу. Эгерде ушу билдирүү сени кайдыгер калтырбаса телефон чал.
Сман, 0771-16-33-22

5863. Мал болбосоң...
Оо анда биз, обдулбастан орундукту бошотчу элек улууга,
Кырк чачы улук, кыз-келинге сулууга.
Кыргыз эмес, тили дагы бурууга.
Азыркылар шайманы жок турууга.
Наркты билбес жаштардын наушниги кулагында ар дайым,
Наадан эмес, мас эмес, отурушат дардайып.
Нары барсаң, бери келсең, кайда барсаң чар жайыт,
Силер деле карыйсыңар калжайып.
Маданиятты билбеген соң,
Жүрсөң болмок мал жайып...
Мурат

5864. Күйдүм бир гана күйдүм ии-ий Күйдүмчок! Азамат! Жума сайын ыр сабынын ыргагында жакшыларды жаза бер! Чыркыраган акыйкатты, чындыкты, ырларыңдан окуйлучу Күйдүмчок.
Бөрүбай

5865. Аликбек Жекшенкуловдой таза жигиттердин сыртта калып, кыргызга кызмат өтөбөй атканы мени абдан капалантат. Эмнеге бул жигитти ишке тартпай жатасыңар? Же Роза эже президенттигин ушу жигитке өткөрүп берем деген ою барбы? Эгер андай болсо, мен макулмун. Буга кыргыз эли да макул болсо керек деп ойлойм.
Алымкан

5866. Урматтуу "Учур"! Эмнеге 27-январда чыкпай калдыңар? Эмитен эле силерди бийлик муунта баштадыбы? Же акчаңар түгөндүбү? Менимче бул жерде бир мандем бар го?
7612 абоненти

5867. Кышкы Азия оюндары Астана, Алматы шаарларында өткөнү калды. Кечээ ачылыш аземин көрүп, абдан ыза болдум. "Эмнеге Кыргызстан ушундай иштерге жарабайт?" деп. Карасам, кымызды, бозүйдү, ж.б. кыргыздын көп буюм-теримдерин казактар менчиктеп алыптыр. Буларда бет деле калбай калса керек. Же биз кеңкелес ажолорду кууп жүргөндөн пайдаланып, көздөрүнө жылтырап көрүнгөндөрдү менчиктеп алалы деп чечкенби? Ой, акеңди десе!..
Бауржан

5868. Элмурза Сатыбалдиев агайды волейбол оюнунан көрдүм. Курбу кызым "Келечек" курамында ойнойт. Сүрөнчүлөп барган элем. Аябай оор басырыктуу адам турбайбы? Бир көрүп жактырып калдым. Сымбаттуу, эр жүрөк жигит экен.
Нуриза

5869. Жолго чыксам сапарымда, дайым сен жүрөсүң катарымда. Кайдасың сен сүйгөнүм, көрбөпмүн го кайда элең?
7890 абоненти

5870. Казак ажосу Нуракең референдум аркылуу түбөлүк тактыда калганы атат. Казак баурлар күйүп интернетке байма-бай жазып атышат. "Кыргыздай боло албадык" деп. Ал эми Нуракеңдин кошоматчылары "киргиздин жарымы казакта, жарымы оруста тентип жүрөт" жооп кайтарыптыр. Намыска келгилечи кыргыздын жигиттери. Бийлик талашып отуруп, күлкү болдук.
Гүлкайыр

5871. Депутат Өмүрбек Абдрахманов "Ушак фабрикасына" деректир болобу? Бир жаш журналист балага асылып, "мен сени каралайм, Акаевден акча алды деп жаманатты кылып, ушак чыгарам" дегени чынбы? Депутат да ушинтеби? Баракелде! Эгер анткени чын болсо, анда ушак фабрикасына чоң кылалы да. "Ата Мекен" фракциясын алмаштырып...
0784 абоненти

5872. Сабыр Муканбетов кыйын серепчи. Мына ушул жигиттен үлгү алгыла. Биз сизди сыйлайбыз. Бар болуңуз!
Жаштар








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"