Соңку сенсация: Максимдин 800 миллион доллары табылды!
Кечээ Вашингтондон кабар болгондой, америкалыктардын ФБР кызматы Кыргызстандын экс-ханзаадасы Максим Бакиевдин Лондондогу жана Швейцариядагы банктарда жалпы эсеби 800 миллион долларды түзгөн каражаты катылганын таап, ал акчаларды убактылуу камакка алуу боюнча сунуш беришти. Интерполдун оозун карап олтура бербей, кыргыз бийлиги эми кичине кыймылдаар бекен?


"Акжолчу" - "Атажуртчулар" улак тартмайды күчөтүштү
Ар жуманын жекшемби күндөрү Бакиевдин мурдагы "Акжол", азыркы "Ата-Журт" партиясынын анабашчылары, асыресе, спикер А.Келдибеков баштаган саясый жаңы лидерлер Сокулукта эл чогултуп, ат чаптырып, улак тарттырып, өздөрүнчө эле күпүлдөп атышат. Эмне даярданып жатышат болду экен, ыя?


Май айы көзүнөн учкан коалиция
Бийликтегилер жашырбай эле ачык айта башташты. "Эптеп май айына чейин кыл көпүрөдөн аман-эсен өтүп кетсек, калган пландарыбыз оңой аткарылат эле" дешип. Ага чейин эл толкубай, парламенттеги "Ата-Журт", СДПК, "Республика" эптеп чыдап ажырашпай турушса, күздөгү президенттик шайлоого старт берилип, ажолук тактыга Алмаз Атамбаев, премьер-министрликке Өмүрбек Бабанов тапталып жаткандыгы сыр болбой калды.


А.Атамбаев журт атасы болобу?
Премьер-министр Алмаз Атамбаевдин Орусияга болгон сапарынан кийин күйүүчү май 3 сомго арзандап, карапайым калктын көктөн тилегени жерден табылгандай эле болууда. Өзгөчө ушу күндөрү айдоочулар Алмаз Шаршеновичке алкыш айтышып, ыраазы болушууда. Албетте, бу жетишкендик жону жука элибизге бир топ эле пайда келтирет. Эми чечмелөөнүн деле кажети жок. Дагы бир маселе, эгерде жаз айында премьер-министр мугалимдер менен врачтардын айлыгын эки-үч эсеге көтөрүп салса, анда Кыргызстандагы негизги көйгөй чечилет. Мындай шартта А.Атамбаевди көпчүлүк журт атасы катары көтөрүп кетиши мүмкүн, а президенттик шайлоо кеп болбой калары да бышык. Андыктан, үмүттүн шооласын үзбөй туралык, али убакыт бар.


Криминалдар К.Тураповдун долларбайларын шыпырыптыр...
Ички иштер чөйрөсүнөн бизге маалым болгондой, криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү сүйүктүү ырчыбыз Керим акени коркутуп, жарга такап, капчыгынан 10 миң доллар өндүрүп кетишиптир. Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы изилдөө жүргүзүп, кылмышкерлердин артынан сая түшкөн кербези.


Т.Сариев орус чекисттери менен неге жашыруун жолукту?
"Акшумкардын" лидери бир жума мурда Орусиянын ФСБ аттуу чалгын кызматынын үлкөн генералы менен жолугушуп, төрт саат бою жашыруун сүйлөшүү жүргүзүптүр. Былтыр апрелдин алдында дагы Темике Кремлдин тыңчылары менен тыгыз байланышта болгонун эстесек, ар кандай божомолдор кетет экен. Дагы эмне балээ башталганы жатат (?) деп.


Олигархтар чабышы: Бабанов Шакини "кидайт" эткенде
Парламенттик шайлоо менен кошо "Республика" партиясын түптөгөндө эки олигарх Ш.Абдыкеримов менен Ө.Бабанов сиам эгиздериндей эле бири-бирине жабышып калышкан. Бирок, убакыт өтүп, бала Өмүрбек бийликтин секисине чыгып алган соң, "эгизин" "кидать" эте баштаганы айтылууда. Алкомагнат досуна Республикалык салык тармагын, "Манас" аэропортун, "Агроөнөржай" корпорациясын берүүгө убада кылган Бабанов көрүнгөн шылтоо айтып, далысын сала баштаптыр. Ал жетишпей калгансып, Шакинин мурдагы мезгили боюнча кылмыш ишин козутууга аракеттенип, анан калса "Манас" аэропортунан штаттан тышкаркы чекисттин провакациясы менен Абдыкеримовду мушташ чатагына түрткөнүн дагы узун кулактар каңкуулашууда. Убагында Айдарчиктин, Максимдин, Куловдун, Атамбаевдин, Чудиновдун тилин таап, баягы кинокомедиядагыдай "Казань брал! Астрахань брал!" деген Иван Грозныйдай баарын четинен жайлап келаткан Бабановго Шаки досу эмне болуп калыптыр?


Балкыбеков кое берилдиби?
Массалык маалымат каражаттарында "Ирландияда кармалган экс-энергетика министри Сапарбек Балкыбековду Башпрокурордун Туран деген күйөө баласы сүйлөшүп, бошоттуруп жибериптир" деген маалыматтар чыккан. Бул сөздү Башпрокурор Кубатбек Байболов "Дело№" гезитине интервью берип, жокко чыгарды. "Бул болбогон ушак. Байболов эч качан акчага сатылбайт! Менин Туран деген күйөө балам болгону менен ал Ирландияда эмес Бишкекте эле жүрөт. Мен өзүм Балкыбековдун кармалганын угуп сүйүндүм "жок дегенде бирөө кармалып жакшы болгон экен" деп" дейт Кубатбек Байболов. Аны менен бирге Башпрокурор Балкыбековду Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча документтерди Ирландияга жибергенин, эми жооп күтүп атышканын кошумчалады.


Спикер Ахмат Келдибековго чаң жугузбагандар арбыды
Өткөн жумада премьер-министр А.Атамбаев журналисттер менен жолугуп жатып, бир маалда күтүүсүздөн "диктофонуңарды өчүрсөңөр" деп суранды. Бир жашыруун "секрет" угабыз деп элейе түшкөн калемгерлерге Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибековго кара-пиарды токтотууну өтүндү. Андан көп узабай маалымат каражаттары аркылуу Ө.Суваналиев спикер мырза Караколдун лыжа базасында кримавторитеттер менен "Мурка" ырдаганын кыйытып чыкса, жакында "Ата Мекендин" лидери Ө.Текебаев парламентте бул окуяга катуу басым жасады эле, кечээ болсо Улуттук коопсуздук кызмат төрагасы К.Дүйшөбаев кайрадан Келдибековдун адвокаты болуп, ага чаң жугузбай чыга келди. Расмий бийлик минтип Көлдөгү окуяны жокко чыгарып жатышса, ошол эле А.Келдибеков бир нече депутаттар менен Дубайга барганда кримавторитеттер К.Көлбаев жана А.Анапияев менен чогуу чай ичишкендерин, Бишкекке кайткан самолеттун бизнес-классында чогуу учуп келгендерин көргөн күбөлөр толтура. Муну кантип жашырышат? Айтор, жакынкы күндөрү криминалдарга байланыштуу бүйүр кызыткан далилдүү фактылар да чыгышы мүмкүн...