Кыргыз гезиттери



Азат Үсөналиев, мушкер:
"Мухаммед Алидей болсом жаманбы?"

Азат Үсөналиев мушкерликке 11 жашынан аттанган. КРнын жаштар арасында эки жолку чемпиону. Жакында Казакстандын Караганда шаарында өткөн Галым Жарлыгаповдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште казак туугандарга айбат көргөзүп, байгелүү орунду ээлеген. Жума аягында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

- Азат, турнирдин чемпиондугуна жетүү кыйын болдубу?
- Дүйшөнкул Шопоков атындагы турнирге ушуну менен үчүнчү жолу чыктым. Мындан эки жыл мурун күмүш медалга арзыган элем. Былтыр болсо чейрек финалда утулуп калгам. Быйылкыга катуу даярданып, тээ күздө эле кам көрө баштагам.
- Атаандаштарыңдын кимиси күчтүү экен?
- Нурлан Айдарбек уулу менен болгон таймаш мен үчүн кызыктуу жана кыйын болду. Чынында финалга бекеринен чыкпаптыр. Катуу даярданганы көрүнүп турду.
- Негизи, мушкерликке ким алып келген?
- Биздин үйдө менден улуу эки байкем бар. Экөө тең убагында бокс менен машыккан. Анан мени тартышты.
- Канча жашта элең?
- Он бирде болчумун.
- Мектептеги классташтарың жана университеттеги чогуу окуган курсташ-досторуң мелдештериңе келип, сүрөөнчүлөп турушабы?
- Ооба. Алардын баары кызыкдар болуп, ар бир мелдешиме уюшуп келип, сүрөөнчүлөп турушат. Эң негизгиси, мени спортчу катары жакшы түшүнүшөт. Ийгилигиме кошо кубанышат. Жеңилип калган учурда моралдык колдоо кылып, "эмдигиде ыргыта чабасың" дешип кубаттайт. Азыр да келишкен. Алар менен сыймыктанам. Чыныгы достор ушундай болсо керек.
- Бул турнирге чейин Казакстанда болуп келдиң эле. Ушу жөнүндө кыскача айта кетсең, эмне деген мелдеш экен?
- Караганда шаарында болду. Галым Жарлыгаповдун жаркын элесине арналган жогорку даражадагы "А" классындагы эл аралык турнирге бардым. Орто Азия алкагында жайгашкан боордош мамлекеттин жаңы чыгып келаткан жаш мушкерлери келди. Финалдык таймашка чейин төрт атаандаш менен рингде жолугуп, анын үчөөсүн жалпыйта чаптым. Бирөө турбай калды. Финалдык таймашта жакшы эле тумшуктан ары уруп аткандай болгом. Калыстар тартып койду окшойт. Натыйжасында күмүш медалдуу болуп кайттым.
- Мушкер болууда спортчу кандай касиеттерге ээ болсо деп ойлойсуң?
- Биринчиден, мушкерге табияттан берген шык болуу керек. Шык болбосо, алыска кетүү кыйын. Экинчиден, күн сайын жанталашып эмгектенүү зарыл. Жөн эле кажына бербей, тартипке салынган ырааты менен иш кылуу. Үчүнчүсү жана эң негизгиси ар бир спортчу алдыга чоң максат коюп, ошонун аркасынан жанталашуу керек. Антпесе жеңиш жөнүндө ойлонбой койсо деле болот.
- Сенин да алдыга койгон чоң максаттарың болсо керек?
- Мушкерликти акырына чейин өздөштүргүм келет. Мисалы, профессионал мушкерлигине өтүп дегеним. Дүйнөнү дүңгүрөтүп, кыргыздын атагын алыска таанытып, Мухаммед Алиге окшогон боксчу болсом жаманбы?..
- Ага чейин орто жолдо салмактуу турнирлер да бар эмеспи?
- Бар. Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионат жана олимпиада. Албетте, аларды биринчи багынтпасаң, профессионал боксун оозго алуу болбогон кеп. Себеби, дүйнөлүк биринчилик жүрүп жаткан жерде профессионал боксунун кыймылдаткычтары болгон промоутерлер каңгып жүрүшөт, "ким кандай мушташат экен?" деп. Чемпиондук наамды жеңгенден баштап, аларың жаныңды койбой, сунуш жаадыра башташат. "Асмандагы айды алабыз, жердин чаңын сапырабыз" дешип...
- Бизде жакшы чыгып келатып, орто жолдон спортту таштап койгондор жок эмес. Сен антпейсиңби?
- Антүүгө кеч болуп калды. Тескерисинче, болгон күч-аракетимдин баарын жумшап, мушкерликтин акырына жетүүгө умтулам. Олимпиада жана дүйнө биринчиликтин чемпионуна жетип дегендей.
- КГУСТАда окуп атканың тууралуу кабарыбыз бар. Кайсы кесиптин ээси болгуң келет?
- Экономист. Азыр университеттин "экономиканы башкаруу" деген факультетинде 3-курста окуп атам. Окуу жайды бүткөндөн кийин, тандап алган кесибимдин үзүрүн көрүп, ошону менен катарлаш бокс жагында да көтөрүлүп, ийгиликке жетүү үчүн кам көрөм.
- Бир жылдан кийин Лондондо өтүүчү жайкы олимпиада бар эмеспи. Мүмкүнчүлүгүң барбы?
- Бүгүнкү күндө ар бир спортчунун көздөгөн максаты эле Лондон олимпиадасы болуп калды. Жакында ошого карата мелдештер көп өтө баштайт. Андыктан бошоңдоп калбай катуу иштеш керек. Алгач, ал жакка барууга жолдомо берчү турнирди утуп алсам экен деп турам. Бир сөз менен айтканда, Лондонду багындырууга мүмкүнчүлүк бар.

Сурат Жылкычиев





Шахмат
Шаар биринчилиги
Замандын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун китепканасында ордо калаанын ачык биринчилиги аяктады. Беш күн катары менен болгон "чоң казатта" 60га жакын такта чеберлери салгылашты. Арасында алыскы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мыкчыгерлери да болду. Биринчи орунду жана Бишкек шаарынын чемпиону деген наамды 9 оюндан 8 упай топтогон КРнын мурунку жылдагы чемпиону Насыр Акылбеков жеңип алды.

Бильярд
"Шайкеш пирамиданы" жеңген Канат
Элүүдөн ашык шар аткычтар Кыргызстандын биринчилиги үчүн ат салышты. Алар өлкөнүн булуң-бурчтарынан тандалып алынгандар эле. Бу жолу мелдеш "шайкеш пирамида" тартибинде жүргүзүлүп, финалдык таймашка Канат Сыдыков менен Сапар Алыкулов экөө чыккан. Эки чебер шар аткычтар алкагында жакшы эле таанымал экенин айта кетүү керек. "Кыргызстандын чемпиону" деген наамды Канат Сыдыков жеңип алды. Өз учурунда ал Сапарды 6:4 эсебинде утуп алган.

Хоккей
Азия оюндарында кыргыздардын жеңиши
Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында Азиянын кезектеги кышкы оюндары өтүп атат. Мелдештин расмий сайттары кыргыздын хоккей оюнчуларынын кезектеги жеңиштерин байма-бай берүүдө. Алсак өз тайпасындагы Таиландды 15:4, БАЭни 14:0, Монголдорду 13:3, Малайзияны 23:2 Бахрейнди 15:10 эсептеринде утуп алган. Биздин "Михайлов, Якушев, Петровдор" ушу ыргактан чыкпай жүрүп отурса Азияны багынтып коюшу ыктымал экен. Күтө туралы...

Самбо
Анаралар алтынчы орунда
Урал шаарында Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин байгесине арналган дүйнө кубогу аттуу мелдеши өттү. Кыргызстандан тыңчыкма эки кызыбыз (Анара Эстебесова менен Жумалы кызы Анара) барып, экөө тең алтынчы орунду камсыз кылышкан. Бул турнирде биздикилерге күчтүү делген орус кыздары туш келип, финалга барчу жолдорун бууган.

Бокс
Д.Шопоковдун эскерүү турнири
Жума аягында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү эл аралык турнири аягына чыкты. Алты күнкү рингдеги таймаш өз жеңүүчүлөрүн аныктады.
49 кг - Асылбек Назаралиев (Кыргызстан)
52 кг - Азат Үсөналиев (Кыргызстан)
56 кг - Өмүрбек Малабеков (Кыргызстан)
60 кг - Адылжан Боронов (Кыргызстан)
64 кг - Эрмек Сакенов (Кыргызстан)
69 кг - Максат Алимбаев (Кыргызстан)
75 кг - Айбек Мамазулунов (Өзбекстан)
81 кг - Мухаммад Саидов (Өзбекстан)
91 кг - Рустам Төлөгөнов (Өзбекстан)
91 кг - Нижат Юсан (Кытай)

Тогуз коргоол
Ордо калаанын мыктыларын аныктап
Улуттук университетте шаардын биринчилиги өтүп атат. Мелдештин баш калысы Камчы Касымовдун айтымында, "таймашка мектеп окуучулары, студенттер жана шаар тургундары ат салышып атат. Жеңүүчүлөрүнөн ордо калаанын курамы аныкталат. Алар Бишкек командасы аталып, жаз асты менен боло турган чоң мелдешке чыкмакчы" деди.







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"