Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


"Жылдыздар" кантип бизнес кылышат?

Учурда "тойго бул ырчыны ырдатып, 300 доллар бердим", "2 ырына 200 доллар алды" деген сыяктуу сөздөрдү угуп жүрөбүз. Муну менен бирөөнүн чөнтөгүнө көз салалы деген тилегибиз жок. Болгону чыгармачыл адамдардын чыгармачылык жолу менен тапкан каражаттары жашоосуна жетеби (?) деп кызыктык.


Элмара ТУРСУНАЛИЕВА, ди-джей:
"Акчам досторума да жетет"
- Кудайга шүгүр, чыгармачылыгым менен тапкан акчам бардыгына кеңири жетет. Өзүмө эле эмес, үйбүлөмө, биртуугандарыма, жадакалса досторума да жеткиргенге аракет кылам. Жетпейт десең жетпей кала берет. Негизи кептин баары адамдын пейлинде болушу керек деп ойлойм. Ичибиз кең болгону жакшы.


Зарина ХАСАНОВА, алпаруучу:
"Акча эч качан көп болбойт"
- Учурда чыгармачылыктан башка акча табуу жолдорум жок. Ырдап, кечелерди алпарып эле жан багып келем. Мурда теледолбоорум бар кезде, ошол жактан да анча-мынча каражат түшүп турчу. Азыр ал дагы жок. Акча эч качан көп болбойт эмеспи. Ошол себептүү аны табуунун дагы башка жолун издесемби деп атам. Мисалы, бизнес кылып. Азыр экономикалык билим алып жатам. Бул менин экинчи жогорку билимим.


Нена, ырчы:
"Рынокту изилдеп атам"
- Азырынча, бойдок кезде, ырдап тапкан акчам өзүмдү камсыздайт. Бул жагынан Кудайга ыраазымын. Бирок, үйбүлөлүү болуп, улам өскөн сайын каражатты да ошончо талап кылат экенсиң. Мен муну менен чектелгим келбейт. Буюрса, келечекте жеке бизнесимди ачсамбы деген тилегим бар. Бирок, азыр рынокту байкап көрсөм, кылынбаган нерсе калбаптыр. Ошондуктан, азырынча базар шартын байкаштырып атам. Элге эмне керек, канткенде эмгегим талаага кетпейт, кайсы жол менен кирешемди көбөйтө алам (?) деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп атам.



Мырза АЙДАРАЛИЕВ, клипмейкер:
"Соода-сатыкка жокмун"
- Жеткирүүгө аракеттенем. Анткени, андан башка киреше булактарым жок. Кошумча акча болсун деп тээ студент кезде эле соода-сатыкка аралашып көргөм. Жадакалса ошонун айынан Россияга чейин барып иштеп келгем. Бирок, мага ал акча жуккан жок. Ошентип, чыгармачылыктагы эмгек жолумду алгач театрдан баштап, кесибим боюнча акчаны ошол жактан тапкам. Ал эми биздин театрларда маяна кандай экенин жакшы билесиңер. Кийин шоу жаатына өтүп кеттим. Театрга караганда бул жаатта, албетте, акчаны көбүрөөк табабыз. Бардык керектөөгө жеткирүүгө аракеттенебиз.


Бекчоро, ырчы:
"Чакан бизнесим бар"
- Ырдап тапкан акчам үйбүлөмдү бакканга, Кудайга шүгүр, жетет. Бирок, чыгармачылык жол менен табылган киреше стабилдүү эмес да. Бирде болсо бирде болбойт дегендей. Ошол себептүү, чакан бизнес ачып алгам. Курулуш материалдарына байланышкан. Ал жактан да үйбүлө бюджетине акча түшүп турат. Ошону менен айланып-тегеренип жан багып жүрөбүз.


Арсен, ырчы:
"Жер айдатам"
- Чыгармачылык мен үчүн жан багуу гана үчүн эмес. Биринчиден, чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүн канааттандырыш керек деген ойдомун. Азыр бойдок кезде, албетте, ырдап тапкан акча жашоомо жетет. Айылда да бир аз жерим бар. Аны айдап, өстүргөн азыктар күнүмдүк жашоого жумшалат. Ошол жагынан жерибиздин пайдасы тийип атат. Бирок, "келечекте бир чакан бизнес баштасакбы?" деп үйбүлөбүз менен пландап аткан учурубуз.


Эркин ЭГЕМБЕРДИЕВ, актер:
"Колуман башка нерсе келбейт"
- Актерлук кесибим менен тапкан акчам жетсе да, жетпесе да жеткирүүгө аракет кылам. Анткени, колуман башка эч нерсе келбейт. Шыбакты да, сооданы да, окутууну да мен билбейм. Мен актермун.


Назира АЙТБЕКОВА, алпаруучу:
"Күйөөм турганда башымды оорутпайм"
- Алпаруучулук менен тапкан акчам мурда өзүмө майлуу-сүттүү эле жетчү. Каалаган жакка жумшап, каалаган кийимимди алып кие алчумун. Концерт, тойлорду алпара койсоң оңой эле акча табылып калчу. Ал жагынан арманым жок. Эми бала менен үйдө отуруп, көп деле акча таба элекмин. Акча үчүн өзүм деле күнү-түнү иштеп, жанталашпайм. Күйөөм турганда ал жагына эмнеге баш оорутмак элем (күлүп)? Үйбүлө бюджетин ал ойлосун да. Бирок, кээде аябай кымбат баалуу буюм же кийим көрүп, сүйүп калсам, эч кимди кыйнагым келбейт. Андан көрө өзүм эле той, концерттерди алпарып шабашка кыла коймоюм бар.




Орус жылдыздарынын киреше булактары
Орус жылдыздарынын арасында чыгармачылыктан тышкары киреше табуу булактарынын негизги (майдаларын санабаганда) төрт жолу бар. Алар ресторан бизнеси, мейманкана бизнеси, кийим-кечек жана сулуулук тармагы, китеп жазуу.
o Белгилүү шоумен Александр Цекало жана ырчы Ани Лорак ресторан бизнеси менен алектенишет. Ал эми Ксения Собчак "Евросеть" компаниясында акционер. Аны менен катар Москванын борборунда "Бублик" аттуу рестораны бар. Анын ачылышына убагында 17 миллион рубль сарптаган. Тина Канделакинин "Тинатин" деп аталган рестораны жана жылына 5,5 миллион доллар киреше берчү продюсерлик компаниясы бар.
o Рената Литвинова өз кийим-кече коллекциясын чыгарып турат. "ВИА Гра" тобунун ырчы кыздары "Love Republic" фирмасынын кийимдерин рекламалоого катышат. Актер Гоша Куценко "Be free" маркасындагы кийимдердин дизайнын иштеп чыгууга жардамдашат. Жанна Фриске жана Вера Брежнева "Rexona" соода маркасы аркылуу миллиондогон киреше табышат.
o "Мумий тролль" тобунун лидери Илья Лагутенконун Рига борборунда мейманканасы бар. Бул жааттан Алла Пугачева да акча табат. Андан тышкары, чипсы чыгарган чакан ишканасы менен "Алла" аттуу радиосунан киреше түшүп турат. Ал эми Лев Лещенко жыгач тилүүчү устакана иштетет.
o Китеп жазуу менен Анастасия Волочкова, Юлия Высоцкая, Ксения Собчак, Валерия сыяктуу жылдыздар өз капчыгын толукташат.

Торгой БЕКМУРАТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика