Эркектер неге калп айтышат?

"Жолдошум мени алдайт" деп арызданган аялдар көп. Калп айткан себептерин издеп, бул жаман адатты калтырууга аракет кылгандары мындан көп. Биз бул жолу эркектер эмне үчүн калп айтарын билүүгө далалаттандык.

Өзүн куткаруу үчүн айтылган калп
Үйүнө келбей калган же кечигип түндө келген эркек алдыда аны кандай "кырдаал" күтүп турганын жакшы билет. Дароо эле "каякта жүрдүң?" деген суроолор берилет. Ал кыйкырышып, урушуулар менен уланат. Аягында аялы таарынып, сүйлөбөй, күйөөсү менен бир төшөккө жатпай коет. Же болбосо, балдарын алып апасыныкына жөнөйт. Мырза "мунун баары мага керек эмес" деп ойлонот дагы, чындыкка окшогон шылтоолорду ойлоп таап баштайт. Мисалы, "жетекчим аябай көп иштерди дайындап, бир жакка жөнөтүп жиберди" же болбосо, "жетекчимдин туулган күнүн белгиледик, анан мен кантип кетип калам?" жана башка шылтоолор өзүнөн-өзү ойго келе баштайт.

Жакшы мамилени сактап калуу үчүн
Эгерде биринчи жолку мисалда кылгылыкты кылып алып, өзүн сактоо үчүн калп айтса, бул жолку мисалда ал күнөө кыларын алдын ала билип, бирок, жубайы менен дагы мамилесин бузгусу келбей, ар кайсы калпты ойлоп таба баштайт. Мисалы, ойношу менен эс алууга жөнөп атып, жубайына "командировкага кетип жатам" деп кетет.

Төшөккө жетүү амалында
"Асмандагы айды болсо да алып берем", "үйлөнөм" деп кыздарды кылтакка илген мырзаларыбыз четтен саналат. Эптеп кызды төшөккө жеткирип алгандан кийин куйругун түйүп кетишет. Мындайдан кийин бардык эркектерге ишенүү жоголору турган иш.

Сарсанаа кылбайын деп
Аялдар бардык нерсени ызы-чуу кылып жиберери эч кимге жашыруун эмес. Ал эми чынында эле туура эмес иш болуп жаткан болсочу?.. Күтүлбөгөн кырсык, кыйроолордо адам катуу коркуп кеткенден эле каза болуп каларын билсеңиздер керек. Ошондуктан, бир жагынан алганда айрым учурлардагы оор кырдаалды бир аз кагазга ороп айткан да туура.

Кадыр-баркын көтөрүү үчүн
Эркектер дагы айымдардын жанында кадыр-барктуу, салабаттуу көрүнгүсү келет. Өзүн бардык жактан жетишкен адам катары көрсөтүүгө далаттанышат. Бул үчүн анча-мынча "кептер" кошуп да сүйлөп коюшат. Айрым учурларда мырзалар үйбүлөсүн башкача сүрөттөп, башынан өткөргөн окуяларынан бери өзгөртүп айтып беришет. Образга катуу берилип кеткендиктен, өзү дагы ошого ишенип баштайт. Калптын бул түрү эң жагымдуу болуп саналат. Анткени, бул "ийгиликтер" сүйлөп аткан адамдын өзүнө дагы, угуп жатканга дагы жагат.

Капчык үчүн
Калптын бул түрү эң коркунучтуу болуп эсептелет. Эки тарапка тең. Бай айымдын ишеничине кирүү үчүн, анын бардык эркеликтерин көтөрүп, "сезимдерин" арнап, а тургай ал үчүн өлүмгө да даяр экенин билдирген эркектер көп. Алардын бир гана максаты айымдын капчыгына жетүү, кыймылсыз мүлктөрүнө ээ болуу. Айрым эркектер бул үчүн ошол айымга үйлөнүүгө да кайыл болушат. Эки тарапка тең коркунучтуу дегенибиз, айым болгон байлыгынан ажыраса, калпычы мырза бирөөнүн байлыгына кол салганы үчүн кылмыш ишине илинип калышы ыктымал.
Кызык экен
Англиялык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, 60 жашка келгенде адам жок дегенде 80 000 жолу калп сүйлөйт экен. Эркектер аялдарга караганда эки эсе көп жалган айтышат. Бир жумада эркек 5 жолу калп сүйлөсө, аял 3 жолу алдайт. Мырзалардын 29%ы жубайынын көзүнө чөп салып жаткан учурда калп айтышат.
Европалыктар бирөөнү таарынтпаш үчүн калп сүйлөшөт. Мисалы, "тамагыңыз даамдуу болуптур", "бул көйнөк сизге сонун жарашат экен" деп коюшу мүмкүн. Чындык андай эмес болгон күндө дагы. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө жашагандар көбүнчө өздөрүнүн кадыр-баркын, аброюн көтөрүү үчүн калп кошуп сүйлөшөт экен.
"Кандайсың?" деген суроону угар менен акыбалыбыз начар болуп турса дагы автоматтык түрдө "жакшы" деп жооп бергенибиз дагы калп болуп эсептелет. Андан сырткары, "байланышта болуңуз, сиздин коңгурооңуз биз үчүн абдан маанилүү", "такси эки мүнөттөн кийин келет" деген сөздөр дагы калптын катарын толуктайт.

Калпычы калк
Окумуштуулар эң калпычы калк кайда жашарын да билгиси келип, дүйнөнүн 19 өлкөсүндө изилдөө жүргүзүп көрүшкөн. Натыйжада, акыркы 10 жылдын ичинде адамдар көбүрөөк калп сүйлөп калганы аныкталган. Андан сырткары, эң калпычы калк АКШ эли деп табылган. Греция, Венгрия, Түркияда адамдар бизнес үчүн көбүрөөк алдашары билинген. Анткени, сурамжылоого катышкандардын 70%ы бизнесмендерди калпычы атаган. Румыния, Португалия менен Италияда сүйүү үчүн калп айтышпаганы ачыкталган.




Жамбыл КАМЧИЕВ, куудул:
"Шарыят калп сүйлөөгө уруксат берет"
- Эркектер кайсыл учурда калп сүйлөйт?
- Шарыятта дагы эки-үч учурда эркек адамга калп сүйлөөгө уруксат берилет экен. Өлүм жазасына алып кетип атканда, калп сүйлөөгө уруксат. Анткени, бул жаза шарыятка каршы келет экен. Калп айтып, өлүмдөн калып калсаң, кечиримдүү болот экен. Анан дагы аялды сарсанаа кылбаш үчүн калп айтып койсоң болот да. Мисалы, бир ишти ачык айтып койсоң, аял жүрөгүнө аябай жакын кабыл алып, ооруп калышы ыктымал, же болбосо күтпөгөн нерселерге барышы мүмкүн. Ошон үчүн эркектер аялдарды аягандан улам калп сүйлөшөт. Ошондуктан, калп айтып кайра ага пайдалуу иш кылган болосуң.
- Калп айтып жубайыңызга кармалган учур болобу?
- Бир жумада бир жолу айтышым мүмкүн. Калп айтып кармалган учурлар далай эле болот. Турмуш-тиричиликке байланыштуу калп сүйлөп коебуз да...

Назик, бийчи:
"Калпычы мырзалар иренжитет"
- Аялдар көбүрөөк жалган сүйлөйбү?
- Эркектердин калп сүйлөгөнү четтен саналат эмеспи. Ошон үчүн бул "кылыктарын" эркектер танбай эле коюшса. Бирок, мырзалардын калп сүйлөгөнү өтө жаман көрүнүш. Жигит деген туура сүйлөп, сөзүндө турса жакшы болмок. Мырзалар өздөрү "үйдөн жети кадам узаганда эркек бойдок" деп мактанышып, үйдөн чыкканда эле бала-чакасын, жубайын унутуп, кыздарга тийишип, бойдок болуп чыга келишет. Мени ушул нерсе иренжитет. Кыздар, тескерисинче, намыстуу келип, чындыкты айтууга умтулушат.

Юрий БОБКОВ, КР эмгек сиңирген артисти:
"Аялдар көбүнчө калп сүйлөйт"
- Эмне үчүн мырзалар калпты көп сүйлөшөт?
- Бул аял-эркек эмес, адамдын өзүнөн болот да. Мүнөзүнөн, тарбиясынан.
- Сиз калп сүйлөбөйсүзбү?
- Менде деле андай кемчилик бар. Мен он төрт жашымдан бери жетекчи болуп келатам. Ал кезде аппаратура алуу өтө эле кыйын болчу. Акчаң болсо дагы ала албайсың. Министрликтен аппарат алуу үчүн мен кандай гана окуяларды ойлоп таап алдачумун. А бирок, мен үйбүлөдө эч качан калп сүйлөбөйм. Кээде калп айтыш керек болуп калганда дагы болбой эле чындыкты айтып салам. Мунун кээде зыяны тийип калат. "Калп" айтуу менен ооруган адамдар бар. Эркектерде дагы, аялдарда дагы. Аялдар эркектерге караганда дагы көбүрөөк калп айтышат.
- Ушу жеңебиз көбүрөөк калп айтат окшойт ээ?
- Кайсынысы? Ха-ха-ха... Жогоруда айтып кетпедимби, бул аял-эркек эмес, адамдын өздүк сапаттарынан болот.

Кызжибек ЖУМАБАЕВА