Мелис Карыбеков Асан теги, парапсихолог:
"Казак кыздын махабатына жооп"
Жигит сүйсө кыздарды,
Эр азамат деп коет,
Кыздар сүйсө жигитти,
Ушак айың кеп болот.
(Бул саптар менин билишимче Майрамкан Абылкасымованын калемине тиешелүү болсо керек)

Кыргыз чокулары
Таң агарып калды, жанымда Карлыгаштын атасы отурат. Анын жүрөгүндө кандай ый, кандай капа турганын сезип, бул адам менен бирге кайгынын энергиясына чөмүлүп бараттым. Өзүмдү алаксытып, жеңилдеп алуу үчүн эки дүйнө ортосунда, өлүм менен өмүр деген ашуунун туу чокусунда турган тагдырды унутуп, тээ алыстан мөңгү баскан, чокулары көрүнгөн улуу тоолорду, мекенимди карап ойго баттым. Улуу тоолордо кубаттуу энергия бар. Улуу тоолорду өзгөчө алыстан, чокусу араң көрүнгөн алыстыктан карасаң канчалык кубаттуу экенин сезип, өзүң ал тоолордун бир үзүмү экениңди билесиң. Кыргыз жүрөгү кыргыз тоолорундай кереметтүү. Ошондо Алматыга сапар тартып баратканымда, жердештерим тоолорду да жөн койбой, баланча чоку деп аталыш керек, баланча чоку баланчанын атынан аталбаш керек деп, башка түйшүгү түгөнүп калгансып, ызы-чуу кыларын оюма да алган эмесмин. Касиеттүү Ала Тоодо ар кандай аталыштагы чокулар бар, Хан - Тенгри (Кан тоо), Жеңиш чокусу, Комсомолец чокусу. Аттары ар кандай, көп учурда атына заты окшошпойт. Манас атабыз Алтайдан Ала Тоого келгенде, Кан - Теңириге келген экен. Бул чексиз бийиктикте боюна кубаттуу энергия сиңирген сырдуу чоку.
Бир курдай "мени элим барктап, "сен биздин мыкты уул болдуң" деп менин атыман бир ашууну атап, Мелис - ашуу деп коюшуптур. Мурун ал ашууну ата - бабаларыбыз Чоң - Кыя деп аташчу. Чоң - Кыя Ак-Талаа районундагы Ортосырт жайлоосуна ашып өтчү ашуу. Азыркы аталышы менин атыман Мелис ашуу деп аталат" деп жанымдагы Ак - Талаага мени менен бирге барган токмоктук коногумду тамашалап калдым. Ал менин тамашама ишенип алды, жаныбызда отурган акталаалык курдаштарым бырсылдап күлүп баратышат. Ашуунун белине чыга бергенибизде темирден заңгыратып жасалган "Мелис ашуу" деген жазууга келип токтодук. Токмоктук коногум менин айтканым чын экенине толук ишенип, "Ак- Талаа элине рахмат Меке, биз чүйлүктөр сени мындай барктай албайбыз" деди. Муну уккан акталаалыктар кыраан-каткы күлүп калышты. Албетте, бул тамаша. Чоң - Кыяга жол салгандардын бири, комсомолдун биринчи катчысы Мелис Турдалиев дегендин атынан аташкан экен. Мени таң калтырганы Алтай жергесинде Манас деген чоку бар, ал ар бир кыргыз үчүн ыйык. Ал тоодо Манас атабыз төрөлгөн. Алтайдагы Манас тоонун атын биз өзгөртпөй сактап калышыбыз керек. Орус туугандар ал чокуну эртең бир академиктин атынан атап жиберсе, бизге арбак ыраазы болбойт. Ала Тоодо белгисиз чокуларыбыздын атын Ельцин, Путин, Медведев деп атап, соодалашсак дагы, Алтайдагы Манас чокуну өзгөртпөй сактап калыш, биз үчүн ыйык милдет.

Ажал менен кармашуу
Алматыда казактын байлары жашаган бир шаарчага келип жеттик. Бүгүнкү казактын байлары салган заңгыраган үйлөрдү көрүп, биздин байлар салган Царский село ага караганда кыштак экенин байкадым. Аңгыча бир короого кирип бардык. Жеке бир адамга тиешелүү, жасалгасы мыкты беш кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатына көтөрүлдүк. Жеке дарыгерлер сакчылык кылып турган, өлүм алдында жаткан кыздын жанына келдик. Жумшак жаздыкка башын коюп, үн - сөзү жок, жомоктогу сыйкырчылар сыйкырлап, уктатып койгондой периште кыз экен. Чынын айтсам, Карлыгаштын сулуулугунан жалтана түштүм. Байдын ак сарайында, айдан түшкөн чүрөк кыздын бөлмөсүндө мен өзүмдү чоочун, ордумду таба албай ыңгайсыз сездим. Бир чети ошол ирмемде сыр билгизбей, бул ак сарайдан, бул периштеден качып кутулгум келди. Бай адам болсо мени үмүт менен карап, оозумдан эмне сөз чыкса аткарууга даяр болуп, жалдырап айласы куруп турат. Анын түрүн көрүп, боорум ооруду. Ошондо мен андан кызы экөөбүздү жалгыз калтыруусун сурандым. Келишкен кооз бөлмө, сулуу периште, тентиген думана кыргыз... Бул көрүнүштү элестетип көрсөңөр. Мен үчүн да, Карлыгаш үчүн да тагдырдын чоң сыноосу. Ар бир мүнөт кымбат. Убакыт жебеси акырындан жылып баратты. Кечээки түнү көргөн түшүмдү эстедим. Ак көйнөк, ак жоолук салынган бир казак аял түшүмдө "менин кызымды куткарып калгын, мен сага жардам берем" деп айткан эле. Ал түш мага кубат, ишеним берди. Түшүмдөгү аял өлүм алдында жаткан Карлыгаштын энеси экенин мен эми билдим. Ошол күндөрү менин жан дүйнөмдө ыза, же ызанын Кара Дубасы бар эле. Ансыз деле бул жалганда өзүмдөн-өзүм басынып, чындык, калыстык жок деп чөгүп жүргөнүмдө бул периштенин акыбалы менин ичимдеги ызамды күчөтүп жиберди. "Дүйнөдө канчалаган ыраңы суук арамдар бар. Бир жаралган сулууну эмнеге азапка салдың? Биз адамдар жакшы нерсени, сулуу затты талкалап жок кылмайын, тынч албайбыз. Эмне үчүн бир периштени да арабызга тынч койбодуң, Жараткан, кайда сенин калыстыгың?" деген ойго басым жасап, жан дүйнөмдүн тереңинде жайгашкан дарбазанын каалгасы аркылуу сырткы сырдуу күчтөр менен байланышып турган дүйнөгө сапар алдым. Менин акыбалымды экстрасенстердин тилинде - транс акыбалы деп коет. Майдалап баарын айтып отурбайын, бул кыздын өмүрүн Манас дүйнөсүнө саякат жасап сактап калдым. Эсиме келсем, бир күн убакыт өткөн экен. Бир күн оозума наар албай, медитация кылып, отура берипмин. Карлыгаш өлүмдөн аман калды.

Карлыгаш менен таанышуу
"Кыргыз элинен Пайгамбар чыкпайт" - бул ачуу чындык. Бизде, биздин кыргыздан эч качан Пайгамбар чыкпайт, себеби, биздин элде Кара Дуба бар. Элине эмгеги сиңген, кыргызым деп күйүп жанган Искак Раззаковдун, Чыңгыз Айтматовдун тагдырын эстедим. Мен киммин?! Мен бир тентиген думанамын. Көп кыргыздын биримин. Гезитке макала жаза коюп, элге шылдың болгон бир бечарамын. Казактын бир байынын кызын өлүмдөн сактап калгандырмын, өз жеримде деле мен мындай иштерди далай аткаргам. Көп эле адамды өлүмдөн сактап калгам. Мындай эмгегимдин бааланбагандыгына көнүп калсам керек. Мен үчүн бирөөнү өлүмдөн сактап калуу, жөн эле көнүмүш адатка айланып калыптыр. Жалгыз кызын сактап калганыма, казактын байы жетине албай "кыргыз баурум, астыңа ат тарттым" деп, Джип үлгүсүндөгү "Лексус 570" деген автоунаа белек кылды. Бирок, бул нерсе мени кубандырган жок. Басынып, сынып турган жан дүйнөмө кымбат белек башка болду. Жараткандын ал белеги мени жандандырды, кубаттандырды. Белимди бек байлап, Мелис думанадан Мелис баатырга айландым. Манастын урпагы Манастын чоросу экенимди сездим. Өлкөмдө боло турган окуяларды көрдүм, жана ал окуяларды кантип кыймылга киргизип, элин алдаган, элин эзген бийликти кантип кулатуунун жолун таптым. Жараткандын ал белеги мен үчүн бүгүн да кымбат, мага бүгүн да кубат берет.
Уйкудан ойгонуп, фортепианонун жагымдуу үнүнө азгырылып, үчүнчү кабатта жайгашкан Карлыгаштын бөлмөсүнө кирип бардым. Фортепианонун үнүн кулагым чалганда эле, бул жагымдуу музыка мен үчүн аткарылып жатканын жүрөгүм сезген. Периште назик манжаларын чеберлик менен фортепианодо ойнотуп, көп жылдан бери кусалыкта, буулугууда жүргөн жүрөгүндөгү азап бүтүп, жан дүйнөсүндө периштелер майрам куруп жатканын музыканын күчү менен айтып, кубанычтын, бакыттын, махабаттын энергиясын жалындатып жаткан экен. Бул кереметтүү, жагымдуу көрүнүштү мен унчукпай карап тура бердим. Бир далайда фортепианодон башын көтөргөн Карлыгаш мени көрүп, жарк эте жылмайды. Жаркылдаган жүзүнөн, карагаттай көздөрүнөн чыккан бир учкун жебедей абаны жирей сызып келди да, жүрөгүмө кадалып калды. Буга чейин мени таза, тунук, жагымдуу, мээримдүү көз караш менен эч бир аялзаты карай элек болчу. Карлыгаштын кубанычтуу, кереметтүү энергиясы мага өтүп, толкунданып, "салем агажан" деп учурашканына жооп кайрый албай, ички дүйнөм тушала түштү.