Бексултан Жакиев, драматург:
"Ош кыргыны апрель төңкөрүшүнө каршы уюштурулган"

Белгилүү драматург Бексултан Жакиев кечээ жакында 75 жашка чыкты. Ушундан улам агайыбызды куттуктоо менен бирге, азын-оолак кепке тарттык.

- Кутман курагыңыз менен агай. Карыдым деп кейиген жоксузбу?
- Эмнеге кейийм? Көп болсо бир жашка гана улгайдым. Ой жоруум, иштөө жөндөмүм, жүргөн-турганым ойдогудай. Ата-тегинен сөөгү таза, акылы ордундагылар үчүн 75 жаш жүрөк түшүрө турган нерсе эмес. Коркпой чыга бергиле.
- Улуу муундагы жазуучулардын өмүр баянын карасак, баарында эле "кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келген" деп жазылуу. Сиз деги кандай үйбүлөдө туулгансыз?
- Кезинде "итке минген кедейдин үйбүлөсүнөн чыккам" дегендин далайы кийин "атактуу манаптын, түкүнчө баатырдын урпагымын" деп зобололуу болуп кетпедиби. Менден "кандай үйбүлөдөнсүң?" деп сурашканда, үйбүлөдөн көргөн таалим, тарбияны элестетем. Ошондуктан, бул суроого жооп бергенде дайым кыйналам. Анткени, мен бир эмес, үч үйбүлөнүн ортосунда тарбиялангам. Өз атам Жакый чарбачыл адам экен, эки там салган, бири-жыгачтан, экинчиси сокмо менен. Жакыйды байке деп, чоң атам Абийирди ата дечүмүн. Абийир атам Кыдык деген элге баш-көз, калыс, сөзгө чечен, кадыр-барктуу киши эле. Мени жанына алып жүрүп өстүрдү. Үчкө чыкканда Жакый байкем кайтыш болуп, ага удаа эле агасы Акматтын жубайы көз жумат. Ошентип, апамдын башын кайнагасы Акматка байлашат. Акматты молдоке дечүбүз. Убагында ал Тоңдун айыл-кыштактарында мектеп ачып, деректир болуп жүрүп, согуш чыкканда бронь менен чарбага которулуптур. Дүйшө деген байкем, жубайы Сакиш эжем (биз аны жеңе дебей, эже дечүбүз) экөө тең мугалим болчу. Дүйшө байкем 1943-жылы Ленинград алдында окко учту. "Атанын тагдырындагы" Бактыбек ошол. Биздин үч үйбүлө Жакый байкем курган короодо турчубуз. Жайган дасторконубуз, ичкен тамагыбыз бир болгондуктан абдан ынтымактуу, ынак жашачубуз. Кандай үйбүлөдөн экенимди өзүң баамдаган чыгарсың эми?
- Адабият дүйнөсүнө келүүңүзгө эмне түрткү болгон? Ушул суроого айрым жазуучулар Шекспирдин же Толстойдун таасири аркасында деп жооп берип жүрүшөт...
- Илгери 6-классты бүткөнүбүздө, Каракол (андагы Прежевальск) шаарына окуучулардын облустук спартакиадасына бардык. Дүкөнгө кирсем, "Отелло" деген боз китеп туруптур. Китепке кызыгып жүргөн маал. Кыргызча болсо эле баса калчубуз. Баш көтөрбөй окуп чыктым. Кийин Шекспирдин бардык чыгармалары менен тааныштым. Ал менин сүйүктүү авторлорумдун бири болуп калды. Андан кийин дүйнөдөгү толгон драматург, жазуучулардын чыгармалары колума тийди. Айрымдарын азыркыга чейин кайталап окуй берем. Бирок, булар мени адабиятка жетелеп келди дей албайм. Менимче, таасир деген иралды эне сүтү менен келет. Анан бала чакта уккан жомоктор, "Манас", ыр-күүлөр, оюн-зоок, айылдагылардын жорук-жосундары баары таасир тийгизип, бойго сиңе берет. Айтор, чыгармачыл адам үчүн таасирлердин жолу чексиз, бүтпөйт. Таасирсиз өнүгүү болбойт.
- Драматургия татаал жанр, калем кармагандын баары эле драматург болуп кетпейт дешет. Бирок, акыркы кезде бу жанр өлүп бараткансыйт. Дегеним, жаштар арасында драма жазгандар бирин-серин...
- Татаал жанр дегениң туура. Азыр драмалык чыгарма аз жазылып жатканы да чын. Бирок, аны "өлүп баратат" дешке болбойт. Театр, сахна сырын даана түшүнүп, бойго сиңирмейин мыкты пьеса жазыш мүмкүн эмес. Анын өзгөчөлүгү, татаалдыгы ушунда. Эгемендик алгандан кийин театрларыбыз иштебей, кароосуз калбадыбы, иштесе да тийди-качты. Ушундан улам драма жазууга табиятынан шыгы бар жаштарыбыз сахна тамырын тарта албай оолакта калды. Театр өркүндөп өссө эле таланттуу жаш драматургдар чыга баштайт.
- "Атанын тагдырын" жазганда сизди өтө эле жаш болчу дешет?
- Биз согуштун, согуштан кийинки жокчулуктун запкысын тартып, эрте жетилген балдарданбыз. Ошондуктан, "Атанын тагдырын" жазганда өтө жаш болчумун деп айта албайм. Студент кезде жазгам.
- 1916-жылкы Үркүндү чагылдырган "Алтын аяк" деген чыгармаңызга убагында бут тосуу болду беле?
- "Алтын аяктагы" баш каарман Миңжашар аркылуу эл менен туулган жердин ажырагыс биримдиги сүрөттөлгөн. Драмадагы төрт доорду камтыган төрт новеллада тең туулган жерибизде кандайча жашоого тийишпиз (?) дегендей көркөм ой толгоо, суроо коюлуп, трагедиялык жагдайлар менен кошо үмүт да бар. Албетте, бул чыгарманы убагында "койдурбайбыз" деп чыгышкан. Бирок, Кыргыз Академиялык драма театры колдоого алып, Төлөмүш Океевдин театрга коймой болгону ишти оңдоп кеткен. Тилекке каршы, Төлөмүш койбой калган. Театр режиссеру Медербек Назаралиев "мен жактырган пьесаны мага качан койдурасыңар?!" деп, көшөрүп отуруп, өзү койгон болчу.
- Чыгармачыл адамдар ашкере кызганчаак, чырдуу калк келет эмеспи. Сиздин да жазуучулар арасында тирешкен касыңыз барбы?
- Жазуучулардын баарын бир кылка кароо туура эмес. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, чырсыз жүрө албаган эки-үчөө арабыздагы оомаларды ээрчитип алып, былгытып жибермейлери болот. Мындай көрүнүш бардык эле чөйрөдө кездешет. Алар жазуучулардай элге таанымал болбогондуктан көп байкалбайт. Мага эрегишкендер көп эле болгон. Азыр деле бар. Мен аларга атаандашпайм. Кайра мага канча асылса, ошончолук чыйралып турам.
- Балдарыңыз да сиздин жолду жолдодубу же башка кесипти тандадыбы?
- Жазуучулукту көздөгөнү болбоду. Бир кызым музыка мугалими, дагы бири тарых мугалими.
- Кеп акырында мамлекеттин учурдагы абалына кандай баа бересиз?
- 7-апрелдеги окуя менен июндагы Ош окуясын бири-биринен ажыратпай, бирдей баалаш туура эмес. 7-апрелдеги трагедия, бул - элдин эрдик көтөрүлүшү, ал эми июндагы Ош кыргыны 7-апрелдеги элдик көңтөрүлүштүн максаттарына каршы уюшулган контрреволюция! Бийликтен тайгандар, алардын жактоочулары адегенде контрреволюцияны Маевка жеринде баштады. Андан майнап чыкпаганда, Түштүктө облус борборлорун басып алып, кыргыз менен кыргызды кырылыштырган жарандык согуш баштоону көздөштү. Ал мүдөөсү ишке ашпаган соң сепаратисттерди жана өлкөнүн башка душмандарын чабуулга өткөрүп, өзбек-кыргыз кан төгүүсүн уюштурду. Ушундай жагдайда Убактылуу өкмөткө көө шыбоо калыстык эмес, котур ташты коюнга каткан көрө албастык. УӨ жараксыз болсо, аракет кылбаса, бул кырсык төбөбүзгө уюмак. Мамлекетибиздин күнү да бүтүп калышы мүмкүн эле. Качкан бийликке жаны ачыгандар "бул кыргынды, эл өзү токтотту" деп утурумдук өкмөттүн беделин түшүрүүнү көздөгөндөрүн да угуп жатабыз. Ырас, УӨнүн кемчилиги аз эмес, бирок, аны бүтүндөй жараксыз болду эле деп калыстыктан кетсек, мамлекетке жардам кылбайбыз, элдин келечегине балта чабабыз. Өчөшүү, тирешүү күчөйт. Ушуга жеткирбей, ынтымак менен оң жолго түшсөк дегенде, эки көзүбүз төрт, үмүтүбүз чоң эле. Бирок, коалициядагы партиялар өкмөт түзүү жосуну менен күдүк ойго салды. Азыркы учурда элди ынтымакташтыруу, күн тартибиндеги башкы маселе экенин эске албай, өз мүдөөсүн көтөрө чабышты. Портфель бөлүштүрүүдө Кыргызстанды, мекеме-жайларды сорттошуп, энчилеп алганы кимди кубантсын?! Мындай жосун бөлүнүп-жарылуубузду, жаатташуубузду, трайбализмди күчөтүп жибериши мүмкүн. Кыскасы, "көч түзөлгүчө" кызматка, кайсы партиядан болбосун, адистиги бышык, адилет, эл-жер үчүн күйгөн адамдар көтөрүлүп турса деген тилектебиз. Иш билбеген, группировкачыл начар жетекчи мыйзамды тез бузат, акыйкаттыктан тез адашат. А жетекчи оңолмоюн элдин пейили, ниети, ыйманы оңолбойт. Апрель көңтөрүлүшүнүн максаты саясаттагы негизги багыт болушу зарыл. Аны унутсак, ынтымагыбыз ыдырап, таз кейпибизге келебиз!

Санжи Туйтунова