Кыргыз гезиттери



  Ишенген кожом сен болсоң...

Милицияда "адашкан кадрлар" көппү?
Ички иштер органдарынын өздүк курамынын арасында тартип маселеси дале болсо оор бойдон калууда. Мисалы, 2010-жылдын ичинде Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук кызматы тарабынан 2572 материал каралса, анын 1386сы милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин көрсөткөн атуулдардан түшкөн арыз-даттануулар болгон. Булардын ичинен 935 кызматтык текшерүүнүн корутундусу чыгарылып, 1637 маалымат жазылган. Арыз-даттанууларды текшерүү учурунда 782 факт аныкталып, анын ичинен 83 учуру мыйзамдуулукту, 699 учуру кызматтык тартипти бузгандыгы белгилүү болгон. Текшерүү негизинде 51 кызматкер ИИОнун катарынан куулуп, 698 кызматкер ар кандай жазаларга кириптер болушкан. Жыл ичинде милиция кызматкерлеринин үстүнөн 39 кылмыш иши козголгон.
Мына ушул сыяктуу фактыларга жол бербөө максатында Ички коопсуздук кызматы тарабынан ар кандай рейддер, текшерүүлөр жыл бою өтүп келди. Натыйжада, андай иш-чаралардын негизинде 736 милиционердин тартип бузган учуру катталган. Алардын ичинен 14ү трассаларга өз алдынча чыгып, "шабашка" кылуу, 2сү кызматтык автоунааны жеке иштерине колдонуу, 7сү мас абалында коомдук жайда жүрүү, 94ү кызматтык тартипти, 146сы форма кийүүнүн, 393ү жолдо жүрүүнүн эрежесин бузуу фактылары болгон. Жогорудагы кылмыш иштеринин 5 учуру пара алуу, 7 учуру кызмат абалынан кыянат пайдалануу, 4 учуру опузалап талап кылуу, 3 учуру алдамчылык жана 2 учуру наркотикалык заттарды саткандыгы үчүн козголгон.
Мисал иретинде айтсак, 23-сентябрь күнү Биринчи май РИИБинин №8 милиция бөлүмүнүн нөөмөткери, милициянын майору Б.Абакиров "думанадан айбашы үмүт кылыптыр" болуп, уурулук менен кармалган Туратбек уулу Уландан 5000 сом пара алып жатып кармалган. Ал эми милициянын дагы бир майору, ИИМдин транспорт башкармалыгынын кызматкери Р.Дюшекеев кылмыш ишин жашыруу максатында 20 000 сом алып жатып колго түшкөн. "Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" демекчи, кадр маселесиндеги кемчиликтердин, милицияга талапкерлерди тандоо процессинин төмөндүгүнүн кесепетинен ИИОдо "адашкан кадрлар" көп кездеше баштагансыйт.




Кыздардын кылыгы
28-январь күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иш жүргүзгөн бөлүмү өткөн жылы катталган кылмыштын бетин ачышты. Анда, 2010-жылдын 2-декабрында 14 жаштагы А.Өмүралиевага чаламандын чак түшүндө Салиева көчөсүнөн азият улутундагы 3 кыз кол салып, коркутуп, уюлдук телефонун тартып алышкан. Ага ыраазы болбой 9 миң сомдук алтын сөйкөсүн да чечип кетишкен. Ошондон бери иликтөө иштери жүрүп, кылмыштуу топ кармалып отурат. Алар Бишкек шаарынын тургундары 20 жаштагы Ш.Ушурова, 18 жаштагы Ж.Фаттулаева жана Ма Ден Луй дегендер болуп чыкты. Булар кармалгандан кийин Ж.Фаттулаева 3-октябрда дагы 24 жаштагы Н.Букаеваны карактап, уюлдук телефонун тоноп алгандыгы аныкталып отурат.

ООЗУНАН АЛДЫРЫП…
26-январь күнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 26 жаштагы Э.Кыдырмашев кармалды. Ал каратып туруп "досун" алдап кеткен. Өткөн жылдын 25-сентябрында Ф.К. деген таанышына келип, анын "Ниссан-Максима" үлгүсүндөгү автоунаасын 5000 долларга сатып бермекчи болуп, алып кеткен боюнча изин сууткан. Жыл жаңыргыча күткөн досу акыры айласы кетип, милицияга кайрылган. Эми же акчадан же автоунаадан жок турган кези.

ОК МЕНЕН ОЙНОБО
25-январда Бишкектеги Штамповочный заводунун короосунан ок атылып, Байгелди айылынын тургуну А.Сармусаевге тийген. Ал ооруканага оор абалда түнкү саат 01 чамаларында жеткирилген. Маалымат милицияга түшөрү менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө ишин баштаган. Кылмыш изи сууй электе аталган заводдун жетекчисинин орун басары 34 жаштагы Ж.Ормушев деген колго түштү. Анын жанынан 6 огу менен "ТТ" тапанчасы алынды. Тергөө башталып, эмнеге атканы териштирилүүдө.

ӨРТТӨЛГӨН ҮЙ, УУРДАЛГАН УНАА
27-январь күнү Сокулук районунда адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыш иши катталды. Саат 13.30 чамаларында Селекция айылындагы үйлөрдүн биринен үй ээси жана анын жубайы 32 жаштагы С.З.нын 10 жолу бычак сайылып, мууздалып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылды. Кылмышкерлер изин жашыруу максатында үйдү да өрттөөгө аракет кылышкан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда короодо жабырлануучуга таандык болгон "Мерседес" автоунаасы жок болуп чыккан. Кылмыш иши иликтенип жаткан учурда, кечки саат 18 чамаларында милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун автоунаасы Ак-Өргө жаңы конушунан табылды. Автоунаанын салонунан жабырлануучунун наамындагы паспорт табылган. Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча оперативдүү топ иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Колу туткактар тутулду
24-январь күнү алдын ала жүргүзүлгөн оперативдүү иштердин негизинде Бишкек шаарынан токмоктук 52 жаштагы И.С. менен 50 жаштагы П.Ю. колго түшкөн. Алардын өздүгүн аныктай келгенде, экөө тең мурда бир нече жолу соттолуп келгени ачыкка чыкты. Ал эми алардын жанындагы буюмдарын текшерген учурда биринин баштыгынан 97 даана квартира ачкычы табылган. Иликтөө иштерин дагы уланта баштаганда элүүнүн кырынан ооп калган бул эки эргул Бишкек шаарынан эле 13 квартираны жылан сыйпагыдай кылганы дайын болгон. Экөөнүн убактылуу жашаган үйүн текшерген учурда алтын буюмдар, булгаары тондор, электр буюмдары ж.б. толтура буюм-тайымдар алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БАЯГЫ ЭЛЕ КОРРУПЦИЯ
27-январь күнү Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкери С.Ж. деген 46 жаштагы кызматкер колго түштү. Ал жерге төлөнчү салыкты жашыруу максатында 500 сом пара алып жаткан жеринен айыбы ачылды.
Ал эми 24-январда Ош облустук прокуратурасына арыз менен кайрылган З.Алымбекова, өткөн жылдын 21-сентябрында өздөрүн "милиция кызматкерлерибиз" деп тааныштыргандар эч кандай документ түзбөй туруп эле анын үйүнөн АКШ долларын, 25 миң сомдук бермет сөйкөсүн жана 30 миң сомдук бриллиант шакегин алып кетишкендигин айтып арызданган. Териштирүү учурунда жогорудагылар чын эле милиция кызматкерлери экендиги такталган.

БАРМАК БАСТЫ, КӨЗ КЫСТЫ
27-январда Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коррупцияга байланышкан чоң иштин бетин ачышты. Анда, Каракол шаарынын ат майданынын мурдагы жетекчиси О.А. 2008-жылы эле октябрь айында бийликтегилер менен келишип алып, базар баасы менен 9 450 000 сом турган ат майданды 1 005 498 сомго менчиктештирип, энчисине басып алганы дайын болду. Мындай жоругу менен ал ансыз деле "итке минип турган" өлкөнүн экономикасына 8 444 502 сом чыгым келтирген.




Бөлтүрүктөр чабуулу
26-январда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин оперативдүү иш-аракеттеринен соң, 15 жаштагы Н.Рашев менен 19 жаштагы С.Асанбаев кылмыш үстүндө колго түшкөн. Бул эки жигит ошол күнү түшкү саат 3төр чамасында 4-кичи райондон 15 жаштагы Ч.Касымовду тапанча менен коркутуп, уюлдук телефону менен 30 сомун тартып алышкан. Ошол эле жерден 15 жаштагы Е.Шерединдин ээгине тапанча такашып, анын да телефону менен 20 сомун чөнтөккө солошкон. Бул олжого ичи чыкпаган эргулдар саат 18 чамаларында ошол эле кичи райондон О.Орозалиев менен Д.Аликов деген өспүрүмдөргө кол салышып, тоноп жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бала каракчылар кармалган кезде Н.Рашевден 8 огу менен "Байкал" тапанчасы алынды.
Ушундай эле иш менен шугулданган 17-19 жаштар чамасындагы өспүрүмдөрдөн турган дагы бир топ колго түштү. Булар дагы жашы жете элек балдарды тапанча менен коркутушуп, 5000 сомдон салык салганды адатка айландырган. Мыйзамдын укуругу узун деген чын экен, 29-январь күнү шаардык милициянын оперативдүү тобу жабырлануучулардын берген көрсөтмөлөрү боюнча иш жүргүзүп, 1994-1995-жылы туулган 6 өспүрүмдөн турган кылмыштуу топту кармашкан. Алардын бардыгы мурда ээнбаштык, тоноочулук менен соттолуп келгени дайын болгон. Өспүрүм кылмышкерлердин биринен "Макаров" тапанчасы 7 огу менен алынды. Алар "аңчылыкка" мына ушул курал менен чыгып келишкен. Иликтөө учурунда тапанча Россия Федерациясынан жоголгондугу такталды.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"