Мелис Мырзакматовду ким сабады?
Америкалыктардын атактуу "Youtube" аттуу интернет-сайтында оозуңду Ошту караткан видеотасма жүрөт. Темасы "как Бахти Ташкентский Ачумарил мэра г.Ош, Киргизии" деп аталат. "Очумарил" дегенди чоң тамга менен ката жазып, "Ачумарил" дегенине караганда, автору сабатсыз бандит болгон өңдөнөт. Бир мүнөттү камтыган тасмада Өзбекстандын "вор в законе" - криминал анабашы Бахти Ташкентский менен Оштун мэри Мелис Мырзакматовго окшогон каармандар ээн талаада, жансактагычтардын коштоосунда жолугушуп, кыска маектешип, аягында Бахтиси биздин Мелисти жыга тепкени менен бүтөт. Эки анжы ойдо каласың. Жасалма "бешөрдөк" тасмабы же чындыкпы, билбейсиң. Балким Мелис мырза үн катаар?


Жер тыңшар маамыттар күчөгөндө
Мурдагы бийлик учурунда оппозиция озондоп эле жатчу, "үч тамга СНБ бизди аңдып атат, телефонубузду тыңшап атат!" деп. Анысы ачуу чындык эле. А бирок, ал ит жорук бүгүн дагы кайталанып жатканычы? Баягы былтыркы жаздагы элди дүрбөткөн телефон сүйлөшүүлөрдү эстегилечи? Бекназаров менен Сариев, Атамбаев менен Бекназаров, Сыдыков менен Масалиев, Асанов менен Сыдыковдукун? (Жаныш менен Максим Бакиевдерди болсо америкалык чалгынчылар жаздырганы бештен белгилүү). Эстесеңер, анын баарын биздин Улуттук коопсуздук кызматы жаздырып, жогорку шефине жеткизип турганы маалым болууда. Азике менен Темикенин колунда бул факт боюнча документалдык далилдер бар экенин, жакында ачыкка чыгарышарын эшиттик. Тигилер го ачыкка чыккандары. Жабыктарына сан жетпейт, кара тизмеде: Текебаев, Кулов, Ташиев, Бекназаров, Сариев, Келдибеков, Суваналиев, Мадумаров ж.б.


Февралдын аягында бийлик коалициясы "капут" болобу?
Анын беш себебин айтышууда: Биринчиси, кымбатчылык жанына баткан карапайым элдин бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясына чыгышы. Экинчиси, биздеги парламентаризмди желмогузундай көргөн Орусия, Казакстан, Өзбекстандын тымызын экономикалык кысымы. Үчүнчүсү, Түштүк коогалаңы боюнча улуттук жана парламенттик комиссиялардын корутундусу боюнча Убактылуу өкмөттүн оркойгон күнөөлөрүнүн далилдениши. Төртүнчүсү, лидерлерин далыга таптап, бийлик "устукандарынан" бөлүшүмүш эткени менен, жең ичинен "Ата-Журтту" аласалдыруу максатын көздөгөндөрдүн жашыруун планы жана ага ачууланган Жогорку Кеңештеги Түштүк депутаттарынын баш кошуусу. Бешинчиси, парламенттеги "Ата Мекен" менен "Ар-намыска" көчө оппозициясындагы "Бүтүн Кыргызстан", "Акшумкар", "Акыйкат", "Замандаш", "БЭК", "Содружество" партияларынын максаттары шайкеш келгени.


Долларбайлардын сырын ачкан Темике
Апрель окуясынан кийин банктардан алынган 21 миллион доллардын 3 миллионго чукулун кимге бөлүштүрүп бергенин ачыктаган Т.Сариев бомба жаргандай эле таасир калтырды. Бул сенсациялык окуя боюнча кылмыш изи козголуп, акыры далай революционерлердин келечегине балта чабылганы калды көрүнөт. Канкор-коррупционер Бакиевди сөккөндөрү кайсы да, өздөрү тарп талаган кузгундардай болуп, бекер акчаны каалагандай (отчету, далилдүү документи жок!) мойсогондору кандай?! Айтмакчы, "Московский комсомолец" гезитине кечээ маек курган Темир Аргенбаевич дагы бир жыландын башын кылтыйтты. Журналист сурап атат, "аппарат жетекчиси Э.Каптагаев 43 миң долларды эмнеге алды?" деп. Анда Темикең "толук эмнеге коротконун билбейм, а бирок анын 17 миң доллары 17-майдагы шефинин пиар-акциясына жумшалганын билем" дейт.
Эми эр болсоңор, кыргыздар, ал миллиондор кимдин кулкунуна түшкөнүн далилдеп алгыла!


Розалино айымдын Италиано ыйынан
Жаңы жылдык 15 күндүк эс алуусу мекендештеринин кыжырын келтиргенине актангысы келгенби, президент Р.Отунбаева: "Мен да адаммын, чарчадым, Италияга атайын самолет жалдабадым, бир эле жансакчы ээрчиттим, мамлекет эсебинен бир тыйын да короткон жокмун. Ошентсе дагы чын дилимен, ушинтип барганым үчүн, элимен кечирим сурайм" деп телевизордон көз жашын чыгарып ийди. Ага жооп катары интернеттеги "Дизель" форумундагылар: "И не обидно, госпожа президентша, на весь мир плакаться иронично, практически с издевкой, просить прощения?!!" деп бир ооздон чабуулга өтүштү.


М.Садыркуловдун өлүмүнө А.Мадумаров күнөөлүүбү?
Бакиев администрациясынын экс-жетекчиси М.Садыркуловдун машинесинде өрттөнгөн табышмактуу өлүмү боюнча "Кандуу жол" аттуу документалдык чыгарма жарыяланган. Негизги күнөөкөр катары Жаныш Бакиев аталган. Чыгарманын автору Эдил Кожошизи деген псевдоним менен чыкканына карабастан, чыныгы автору кадимки Эмил Каптагаев экенин өзү моюнуна алган. Ал китептин орусчасын "Московский комсомолец" гезити сандан-санга "Кровавый путь" деп жарыялап келатат. Гезиттин кечээги 25-январдагы санында автор Хамадаев деген кейипкер жөнүндө көбүрөөк токтолот. Үзүндүнү окуган адам, ал кадимки Адахам Мадумаров экенин жазбай түшүнөт, Медет Чокановичтин өлүмүнө бул саясатчыны түздөн-түз байланыштырып салат. Каптагаев го-о антип күнөөлөптүр, а Мадумаров эмне жооп айтар экен?


"Кошелек- Дон Карлеоне" мекенине келди
Акаев доорунда бажы тармагын "особо" көзөмөлдөгөнү үчүн "Кошелек" атка конгон Мурат Малабаев 2005-жылда Бакиевге баш ийгиси келбей, үйбүлөсү менен Швейцарияга көчүп кеткен. Ал жактан да бизнесин гүлдөтүптүр. Жакында Бишкекке биротоло кайтып келди. "Көрдүйнөнү көрүмө ала кетмек белем, элимдин керегине жумшайм" дептир жакындарына. Дагы бир кызыгы, эски "Кошелек" аты өчүп, эми "Дон Карлеоне" болот окшоду. Анткени, Түштүктүн жаңы саясый элитасы, мисалы, А.Келдибеков, А.Сулайманов, К.Ташиев, И.Жунусов өңдүүлөр Мурат акасына каяша сүйлөшпөйт экен.


А.Шадиевди шоопуру менен бандиттер уурдаганда…
Жазгы башаламандыкта криминал чөйрөсү чөнтөгү калың көпөстөрдүн артынан түшүп, коркутуп-үркүтүп байлыктарын шылыганы коомчулукка маалым. Анын бири эми ачыкка чыгып олтурат. Андагы "Ак жолдун" депутаты, азыркы энергетика министри Аскар Шадиевди (Бабановдун "крышалыгы" менен аерге барган) 7-апрелде шоопуру экөөнү бандиттер уурдап кетишип, далай долларбайын шыпырып кое беришиптир.


Вице-премьер И.Жунусов өз шефин күнөөлөдү!
Парламенттик өлкө болбосоң кое кал! Түштүк коогалаңы боюнча журналисттер "ким күнөөлүү?" деп азыркы өкмөттүн вице-премьер-министри Ибрагим Жунусовдон сурашканда, "Элемандын" автору эч кебелбей: "Албетте, Убактылуу өкмөт!" деп кесе айтты. Өз шефи А.Атамбаевге ачык таш ыргытып.