Антракт

Атактуулар адаты...
Айчүрөк Иманалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Үйдө боенуп жүрө албайм"
- Үйдө жүргөндө дагы боенуп аласызбы?
- Үйгө келерим менен боекторду өчүрүп, бетимди жууп салам. Антпесем, ыңгайсыз болуп, жүдөп кетем. Эгер жумуштар чыгып, шашып атсам, боенбой деле кара көз айнекти тагынып, кете берем. Ал эми концертке, эфирге, тойго барганда сөзсүз түрдө боенуп, жакшылап даярданып алып чыгам.

Назгүл Насиева, продюсер:
"Гезит менен ооруйм"
- Корей сериалдарына кызыгасызбы?
- Сериалдарга кызыкпайм. Бирок, гезит менен "ооруйм". Мектепте окуп жүргөндө эле апам үйгө гезит алып келип, "окугула" деп талап койчу. Азыркы күнгө чейин "маалыматтан артта калбайын" деп, бардык гезиттерди окуйм. Жарыяланган макаланын ичине кирип кетмей адатым бар. Кайгылуу окуя болсо, ошол күнү маанайым чөгүп, тынчсызданам. Кээде сүйүнүчтүү кабар окуп, жакындарыма сүйүнчүлөйм. Досторумдун маегин окугандан кийин аларга телефон чалып, оюмду айтам. Жаңы чыгып келаткан ырчылардын маектерин окуп, айласыз баш чайкайм... Айтор, гезит дүйнөсүндө жашайм. Андагы ар бир маалымат жүрөгүм аркылуу өтөт.

Нурдөөлөт Копоев, актер:
"Бут кийимге чаң жугузбайм "
- Бут кийимдин тазалыгына кандай маани бересиз?
- Өзгөчө маани берем. Москвада окуп жүргөндө окутуучулар "мырзалардын чачы, тырмагы, бут кийими таза болуш керек" деп үйрөтчү. Бут кийими кир адамды көрсөм, "өзү жакшынакай эле экен, тазалап албайбы?" деп жиним келе берет. Өзүм болсо, жумуштан үйгө келерим менен батинкемди дароо сүртүп, майлап анан үйгө кирем. Чөнтөгүмдө уюлдук телефон менен бут сүрткүч дайыма жүрөт.

Айнура Салахидинова, ырчы:
"Бозону катыра сүзөм... "
- "Коон үзгөндө дос болдук, бозо сүзгөндө кас болдук" дегенди кандай түшүнөсүң?
- Жакшынакай дос болуп жүрүп, башыңа кыйынчылык келгенде качып кеткен достор тууралуу айтылган. Чындыгында колуңдан иш келип турганда, сени айланчыктаган достор көп болот экен. Мени да убагында пайдаланып, ишеничимди актабай кеткендер болгон. Бозо демекчи, жыл сайын жүгөрү шагынан бозо сүзүп, "ичип кеткиле" деп досторумду чакырган адатым бар. Өкүнүчтүүсү, намаз окугандыктан, өзүм иче албайм.

Алишер Тоотаев, ырчы:
"Досум "Акбермет" деген машине алып..."
- Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы дейт экен...
- Туура айтылган сөз. Өзүм сыртымдан олуттуу, сүрдүү көрүнгөнүм менен тамашакөймүн. Досторум менен жүргөндө какшыктап сүйлөп, чычалатканды жакшы көрөм. Өткөндө дос балам Акбермет деген кызды жакшы көрүп калыптыр. "Аялым бар экенин укса, мени теңине албайт го?" деп сезимин билдире албай жүргөн. Көп өтпөй эле ак түстөгү машине алып, атын Акбермет коюп алыптыр. Анан "эмкиде "бортовой" машине алып, аялыңдын атын коюп ал" деп шакаба кылдым. "Учурунда айтпасаң, сөз атасы өлөт" дегендей, чымчылай сүйлөп, күлгөнгө не жетсин?..

Динара Акулова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Саймалап сүрөт тартам"
- Кыз киши болгондон кийин кол-өнөрчүлүккө, ийне саптаганга жөндөмдүү болуш керекпи?
- Албетте. Ар бир эне боло турган инсан ийне саптаганга, кол өнөрчүлүккө шыктуу болушу керек. Турмушка чыгып, бала-чакалуу болгондо, сөгүлүп кеткенин тигип, жыртылып калганын жамаганды билбесе уят. Чоң энемдин колунда жүрүп, шырдак шырыганды, кийиз жасаганды, сайма сайганды үйрөндүм. Эс тартканда кийим бычканды, тиккенди өздөштүрдүм. Жакында эле айым балыктын (русалка) кичинесин саймага түшүрдүм. Учурда Малика экөөбүз жаныбарлардын сүрөтүн сайып атабыз. Бир бөлмөнү жалаң "сайма портретке" толтурайын деген ниетим бар.


Назми, ырчы:
"Кызыма бала бактырам"
- Орустар "биринчиси нянька анан лялька" дешет...
- Кошулам. Чындыгында кыздар тың болот. Эркек баладан бир нече жаш кичүү болсо дагы кыздар апасына чоң жардамчы. Ал эми эркек балдар оюнга жакын, тентек келет эмеспи. Биз дагы кыздуу болгондо досторубуз "оо, нянькалуу болдуңар" деп тамашалаган. Кызыбызга жалынып-жалбарып, кылык-жоругуна сүйүнүп, жыргап атабыз. Балким, экинчибиз "лялька" болуп калар.

Замир Мырза, ырчы:
"Маркага өчмүн"
- Бир нерсе чогултасызбы?
- Мен филателистмин. Көп жылдан бери марка чогултам. Чет өлкөгө чыкканда сөзсүз түрдө бир нече марка ала келем. Буларды эмне кыларымды деле билбейм. Балким, кийин чет өлкөлүктөргө сатып жиберем (күлүп). Анткени, Европада булар кымбат баада сатыларын уккам. Андан сырткары, Майкл Жексондун дисктерине өчмүн. Бул инсандын талантын өтө баалайм.

Чыңгыз Мырзаев, ди-джей:
"Ашпозчу эркектер менен сыймыктам"
- Шишкебекти айымдар жакшы жасайбы же мырзаларбы?
- Мен чыт курсак бала кезимден бери эле шишкебек жеп чоңойдум. Айылда мал-жанды карап, кесүү кайтарганда, белен эттен үч литрлик банкага маринаддап, тоого ала кетчүбүз. Анан уймүйүз тарта отуруп алып, отко кактап жыргап жээр элек. Шишкебекти көп жегендиктен, кандай бышканын дароо билем. Мурда шишкебекти мырза ашпозчулар көп жасачу эле, азыр айымдардын дагы колу каныгып калды. Бирок, от жагып, түтүнгө ышталып, шишкебек бышырган мырзаларга эле ылайыктуу го... Жакында эле интернеттен дүйнөдөгү эң атактуу ашпозчулардын көбү мырзалар экенин окуп, бир сыймыктанып алдым.

Айнура Касымова