Көйгөй кат

Мыйзам тебелеген соттор жаза алабы?
Кыргыз Республикасынын президенти Р.И.Отунбаевага,
КР Жогорку сотунун төрайымы Ф.З.Жамашевага
Баткен областындагы Баткен шаарынын Нургазиев көчөсүнүн №6 үйүнүн жашоочусу, жалгыз бой эне Жусупова Тажикан Исамидиновнадан

Кайрылуу

Урматтуу Роза Исаковна! Сиздин жүргүзүп аткан ишиңизди, саясатыңызды аялдар, мага окшогон жалгыз бой энелер жана жалпы эле карапайым эл колдоорун билдирди. Бирок, мурунку бийликтин эски өнөкөттөрүнөн арылбай келатканыбыз өкүндүрөт. Өлкөбүз коррупцияга белинен батып, бей-бечара карапайым адамдар адилеттиктен үмүтүн үзүп, баарын акча чечет деген түшүнүккө келип калган учур. Менин сизге кайрылуумдун себеби да ушул коррупцияга, тааныш-билиштикке келип такалат. Өзүмдүн ак эмгегим менен сатып алган үйүмдү тарттырып коюп, бир жылдан бери адилеттик издеп сотторго чапкылап, эч кандай жыйынтык чыкпагандан кийин, сизге кайрылууну туура көрдүм. Сиздер эне катары менин акыбалымды түшүнөсүздөр деген үмүттөмүн. Кайрылуумдун биринчи себеби, өзүм үчүн адилет чечим сурансам, экинчиден, мыйзамды тепселеген коррупциячыл сот кызматкерлеринин жоруктарын билдирүүнү милдетим деп эсептейм.
Мен 1996-жылга чейин сатуучу болуп иштеп, ошондон бери жумушсузмун. 1993-жылы өзүмдүн күчүм менен акча топтоп, Баткен шаарынын Раззаков көчөсүндөгү №2 -27- квартираны Ташмаматов Бердибектен 380 миң рублга сатып алгам. Алар мага үйдүн түп-нуска документтерин берип, саткандыгы тууралуу жубайы экөө тең түшүнүк кат жазып беришкен. Алар азыркы учурда Алай районунун Гүлчө айылында турушат. Турмуш-шартыма байланыштуу бир иним, атам дүйнөдөн кайтыш болуп, акчанын тартыштыгынан учурунда үйүмдү документтештире алган жокмун. 1994-жылы эки баласын ээрчитип, күйөөсүнөн ажырашып келген, бир тууган сиңдим Жусупова Майрамканга боорум ооруп, квартирама киргизип койдум. Ал бул квартирада 2009-жылдын декабрына чейин жашады. Көр турмуштун айынан жаш кызымды ээрчитип алып, Россияга иштегени кеттим. Менин жоктугумдан пайдаланып, сиңдим Майрам Жусупова жана кызы Сатыбалдиева Замира экөө үйдүн түп-нуска документтери менде экенине карабастан, жашыруун түрдө үйүмдү Баткен областынын администрациясынын кызматкери Нишанбаев Динмухаммедге арзан баада 140 миң сомго сатып, Ошко качып кетишиптир. Нишанбаев Динмухаммеддин бир тууган агасы Нишанбаев Тургунбай областтык сот департаментинин башкы бухгалтери ушулардын кылмышына шарт түзүп, адвокат Абдырахманов Болоттун Баткен райондук сотунун судьясы Каримжанов Исмаилдин жардамы менен алдамчылык жол аркылуу документтерди жасашат. (2010-жылдын 11-февралындагы Баткен областынын Баткен райондук сотунун чечими тиркелет).
"Үйүңдү сатып жиберди" деген кабарды угарым менен Россиядагы жумушумду таштап, бир топ чыгаша тартып, Баткенге келдим. Келерим менен Баткен райондук сотуна арыз менен кайрылдым. 2010-жылдын 6-июнунда Алайга барып, үйдүн мурунку ээси Ташмаматов Бердибектен үйдү мага саткандыгы тууралуу түшүнүк катын нотариустан өткөрүп, менин ден соолугумдун начардыгына байланыштуу сотко катышууга эжем Жусупова Алтынайга жана адвокатым Шүкүров Замирдин атына ишеним кат жазып, нотариустан өткөрүп берген.
Сот процесси күндөн-күнгө жылдырылып отуруп, райондук сот ишти Нишанбаевдердин пайдасына чечип берди. Областтык сотто 2010-жылдын 19-май күнү жактоочум Шүкүров Замирдин катышуусу менен менин арызым каралып, 2010-жылдын 21-майында областтык соттун ишти кайрадан кароо үчүн райондук сотко кайтарып жиберүү боюнча токтому чыгат. 2010-жылдын 15-июнунда менин арызым каралып, райсоттун төрагалык кылуучу судьясы Каримжанов Исмаил Ташмаматов Бердибектин эжемдин атына жазып берген ишеним каты жарабастыгын, өзүмдүн атыма жаздырышым керектигин айтып, сот кийинкиге калтырылат. Бирок 2010-жылдын 24-июнунда Баткен райондук соту тарабынан Нишанбаев Тургунбайдын пайдасына чечилген аныктама жашыруун түрдө чыгарылып, 10 күндүк даттануу мөөнөтү өткөн соң, 2010-жылдын 15-июлунда чечимди колума беришет.
Андан кийин кайрадан Жусупова Майрам менен Нишанбаев Тургунбайдын ортосундагы сатуу, сатып алуу тууралуу келишимди жокко чыгарып берүүнү суранып, үйдү мага саткан Ташмаматов Бердибек өзү райондук сотко арыз менен кайрылып, бирок, андан дагы жыйынтык чыккан жок. Райондук соттун бул чечимин областтык сот дагы күчүндө калтырып койду. Эми бир гана үмүтүм Жогорку Сотто калды. Урматтуу Феруза Зулумбековна! Бул ишти өзүңүз көзөмөлгө алып, адилет жыйынтык чыгарып бересиз деген үмүттөмүн. Урматтуу Роза Исаковна, сизди адилеттүүлүк үчүн, коррупцияга каршы күрөшүп, мыйзамды тепселеген сотторду тескеп коюуга чакырам.




Ырмаек

Жеңишбек Жумакадыр,
төкмө акын:
"Элимден коркпойм, жеримден корком сатылчу..."


"Досторуңуз сизди эмне өчөн бөркөт дешет?" деген суроого "анткени, бөркөттөр жөн өркөтпөйт" деп тамашалаган төкмө акын Жеңишбек Жумакадырды конокко чакырдык. Бу жолу акын керемети төгөнбөгөн төкмөлөк өнөрөн дагы бир жолу тастыктап, коомдо болуп аткан көйгөйлөө суроолорубузга жалаң ыр менен жооп кылды.


- Барган сайын жашообуз кыйындап эле баратат. Эмнеден коркуп жашайсыз?
- Өмүрдөн коркпойм,
Төгүндөн корком айтылчу.
Элимден коркпойм,
Жеримден корком сатылчу.
Байлыктан коркпойм,
Напсиден корком ачылчу.
Жарыштан коркпойм,
Намыстан корком басылчу.
Сүйлөөдөн коркпойм,
Тилдерден корком атылчу.
Сулуудан коркпойм,
Уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан коркпойм,
Достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм,
Ыймандан корком качуучу.
Акыры келип,
Аягым бүтсө басуучу,
Өлүмдөн коркпойм,
Көрүмдөн корком жатуучу.
- Акыркы убакта Ислам динин жамынып жүргөн террористтер көбөйүп бараткандай...
- Мусулман террорист эмес,
Террорист мусулман эмес.
Ичи бузуктар оюн кылышат,
Из кубарлар жолун кылышат,
Ислам бирок, бузулган эмес.
Демократ ак чачтар көп,
Динди бузуу максаттар көп.
Жөнү башка дили жалган,
Жөөттөрдүн тилин алган,
Дин жамынган акмактар көп.
Билимдүүлөр чыккан жерден,
"Бак кетпейт" деп уккам элден.
Ишен бирок, уят болот,
Ит өлсө да, киши өлсө да,
Ислам динге шылтай берген.

- Уй мөөрөсө, уй деп билемин,
Уй мөөрөсө ага кошулуп,
Уй болбосок экен тилегим.
Кой маараса, кой деп билемин,
Кой маараса койго кошулуп,
Кой болбосок экен тилегим.
Кыргыз туруп, буруп сүйлөсө,
Кыргыз туруп, тилин сүйбөсө,
Кысылгандан ооруйт жүрөгүм.
Тикендерди гүлдөн тазалап,
Тилим үчүн какшап жүрөмүн.
- Таанышың менен акчаң болсо, наам алыш оңой болуп калгандай?..
- Бирөөлөр бар,
Бир ыр ырдап сыйлык алып,
Өмүр бою эс алат.
Бирөөлөр бар,
Миң ыр ырдап, арып-талып,
Сыйлык наамын кеч алат.
Бирөөлөр бар, наам да жок, даам да жок,
Акыретке бет алат.
Аралашма бул жалганда,
Акыйкаттык болобу?
Эс алсаң да, кеч алсаң да,
Элдин берген сый-урматы,
Баарысынан жогору.
- Саясатчылардын арасында купулуңузга толгон лидер ким?
- "Кыраандар" бүт мансап үчүн чуркаган,
Кыйындыкты бири-бирине шылтаган.
Кандай заман (?) барар жолу белгисиз?
Кайран кыргыз лидерге суусаган...
- Төкмөлүк өнөрдүн келечегин кандай элестетесиз?
- Бабалардан калган өнөр,
Баасы бийик балбан өнөр.
Жеңижоктон калган өнөр,
Жер көтөргүс балбан өнөр.
Келе жатат кылымдардан ыр болуп,
Керемети түгөнбөгөн сыр болуп.
Келечеги кеңдигине ишенем,
Кете берет түбөлүккө нур болуп.

Айнура Касымова