Ак билек

Асель Мамытбаева, модель:
"Эл катары троллейбуска түшөм"
Асел Мамытбаева мода дүйнөсүндөгү таанымал, ийгилик багынткан модель. "Кыргызстандын туризм чүрөгү" жана
"Дүйнөнүн туризм чүрөгү" деген сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон. Азыр Германияда билимин жогорулатып жүрөт.
Бою-175 см., салмагы- 55 кг.

- Асел, адегенде өзүңдү тааныштыра кетсең?
- Интернационал үйбүлөдө, Украинада төрөлгөм. Апам орус кызы, атам кыргыз. Мелис, Марсель деген эки иним бар. 9-класска чейин борбордогу "Звёздочка" аттуу менчик мектепте окугам. 67-гимназияны алтын медаль, Техникалык университетти кызыл диплом менен аяктагам, кесибим- инженер.
- Моделдик бизнеске аралашып калууңа эмне себеп болду?
- Мектепте окуп жүргөндө, боюм абдан өстү. Класстагылардан айырмаланып куркуйуп тургандыктан, комплекс пайда болуп, өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Апам бул көйгөйдү чечиш үчүн 13 жашымда моделдик мектепке алпарган.
- Бул чөйрөдө кандай ийгиликтерге жете алдың?
- Кичине кезимде эле "Сейтек" балдар борборунда өткөн сулуулар сынагында бир нече жолу байгелүү орунга илингем. 14 жашымда "Дасмия чүрөгү" сынагын уткам. Баш байге Парижге жолдомо болчу. Бирок, негедир ал колума тийген жок. "Heaven Кыргызстан чүрөгү" деген сынактан "Элкат чүрөгү" деген номинацияны алгам. "Лимон" интернет- гезитинин "Кыргызстандын интернет сулуусу" деген сынагына бирөөлөр сүрөтүмдү салып жиберишиптир. Аны качан гана сынак уюштуруучулары телефон чалып, 3-орунга татыганымды айтышканда билгем. Кийин "Кыргызстандын туризм чүрөгү" сынагына катышып, Гран-Прини жеңдим. Андан соң Анталияга "Дүйнөнүн туризим чүрөгү 2007 " деген сынакка учуп барып, 3-орунду алып келгем.
- Сынакка баргандан сырткары башка иштер менен да алек болдуң беле?
- Теледе "Бомонд" деген долбоордун автору, алпаруучусу катары иштегем. Андан тышкары "Шоро", "Азия Универсал Банк", "Бител", "Алтын Ажыдаар", "Graduss" арагы ж.б. жүзү болуп, жарнамага тартылгам. "Хит FMдин ди-джейи бол" деген сынактан 3-орунду алгам. Айдин Шердин клибине тартылганга да үлгүргөм.
- Моделдик дүйнө бизге сулуулук тартуулагандай эле коозбу же саясат, шоубизнес сыяктуу интригалуу, ыплас кесип дейсиңби?
- Адам кайсы чөйрөдө иштебесин өзүнө талап коюп, таза жүрсө, эч кимге моюн бербейт. Эң башкысы, кесипти сыйлаш керек. Эми "жолу катуу" болсо, кичине кыйналып калышы ыктымал.
- Азыр таш ыргытсаң моделдин башына тиет. Сенин оюңча, бул кесип эмне мынча популярдуу? Же кыздар башка нерсени көздөп, бул чөйрөгө келеби?
- Башкалар үчүн жооп бере албайм. Ал эми мен үчүн моделдик кесип-бул жөн гана хобби. Бирок, ушул кесиптин арты менен эл көрүп, далай жерди кыдырдым. Мындай мүмкүнчүлүк ар бир эле адамга келе бербейт да.
- "Европада окуйт" деп уктук эле?
- Берлинде магистратурада окуп жүрөм. Бул жактан көп досторду таптым. Жакында эле Швецияга бир курбу кызымдын туулган күнүнө барып келдим.
- Кимди кумир тутасың?
- Гениалдуу жазуучу Пауло Коэльо жана актриса Анжелина Жоли жагат. Коэльонун чыгармаларын кууп окуйм, азыр да "Заир" деген чыгармасын окуп жатам. Моделдерден Наоми Кэмпбелл жагат.
- Кандай мырзаларга кызыгасың?
- Акылдуу, билимдүү, тамашакөй жигиттер жагат. Бул cапаттардын баары менин жигитимде бар. Экөөбүз кайсы бир кафеде түшкү тамактануу учурунда таанышканбыз.
- Мүнөзүң кандай?
- Сыртыман көргөндөр "бой көтөргөн кыз" деп ойлошу мүмкүн. Чыны андай эмесмин. Бишкекте жүргөндө эл катары троллейбуска түшөм. Аны кээ бир кыздарга окшоп намыс деле көрбөйм. Шашып жатканда гана такси жалдайм.
- Идеалдуу адам жок эмеспи, кемчилигиң бардыр?
- Кээ бир учурда бир нерсени көп ойлоп, анализдеп, шектене бергеним өзүмө анча жакпайт.
- Кыргызча жакшы сүйлөй албайт экенсиң...
- Орусча, англисче, немисче эркин сүйлөгөнүм менен эне тилден аксайм. Бул менин башкы кемчилигим. Анүстүнө орус мектепте окугам да. Бирок, ушу тапта "кыргызча сөзсүз үйрөнөм" деп алдыга максат коюп жатам.
- Ичимдик менен тамекиге кандайсың?
- Бардык эле өспүрүмдөр сыяктуу, мектепте окуп жүргөндө кызыгып, чылым чегип көргөм. Бирок, азыр тамеки тартпайм, ичимдикти болсо майрам күндөрү эле аз-маз ууртап коём.

Айсалкын Самсалиева



  Көздүү мончок

Рахат Аксултанова, журналист:
"Сүйүүдө мерез жанмын..."
"Талас-Бишкек" фильминде терс каарман Лоланын образын жараткан Рахат Аксултанова бизде мейманда. Рахаттын кесиби журналист болсо дагы, актерлук кесипке кызыгат. "Айат", "Талас-Бишкек" көркөм тасмасында ж.б. бир нече жарнама роликтерге тартылган.

Таянемдин тилеги
- Кичинемде таятам менен таенемдин колунда жүрүп калдым. Сабактан келгенден кийин экөөнү маңдайыма олтургузуп, үндү бийик чыгарып, китеп окуп берчүмүн. Арноо концерти бүткөндөн кийин Гүлшан эжени туурачумун. Таенем "кызым, сен чоңойгондо диктор бол" деп көп айтчу. Кийин мектепти бүткөндө "англис тилинен котормочу болом" деп, Манас университетине тапшырып, балым жетпей калган. Анан таенемдин аманаты боюнча, журналисттик кесипти тандап алдым.

Кыялдар орундалат...
- Бала кезимде "киного тартылсам экен..." деп кыялданчумун. Окуумду бүткөндөн кийин "Айат" деген тасмага тандоо жүрүп атканын угуп, барып калдым. Режиссер үч жүзгө жакын катышуучунун арасынан сегиз кыз, эки баланы тандап алган. Атайын кыргыз драма театрынан актер жалдап, бизге мастер класс өткөн. Ал кинодо кичинекей эпизодго гана тартылгам. Ошол кинонун ачылышынан кийин режиссер Нурлан Разакулов мени "Талас-Бишкек" тасмасына чакырып калды. Алгач видео сынактан өттүм. Ошентип бала кезден көксөгөн кыялым орундалды. Кудай буюрса, режиссерлордон бир топ сунуштар түшүүдө. Эгер мен ойлогондой роль болсо, киного тартыла берем.

Терс каарманга окшоштук
- Тандоодон өткөндөн кийин режиссер мага "шайыр мүнөз, кылыктанган Лола деген кыздын образын жаратасың" деди. Аны укканда "кинону көргөн жакындарым эмне деп ойлойт?" деп кичине тынчсыздандым. Бирок, тырышып, режиссердун оюндагыдай образ жарата алдым. Башка каарман кыздар сыяктуу кыйналган жокмун. Себеби, жашоодогу шайыр, бетке чапма, ачык мүнөзүм кинодогу каарманга окшош болуп чыкты. Болгону, кинодо балдардын чөнтөгүнө карап мамиле кылган кыз болсом, жашоомдо намыскөймүн. Жигиттердин байлыгына да, чөнтөгүнө да карабайм. Апам кинонун ачылышына келип, көрүп бүткөндөн кийин ак да, көк да дебеди. Бирок, жылмаюусунан "сенден ушундай ролду күткөн эмесмин" деген ойду окудум.

Бир туугандарым
- Үч бир тууганбыз. Байкем, сиңдим бар. Учурда сиңдим экөөбүз чогуу жашайбыз. Жумуштун көбүн ал жасайт. Үйдүн тазалыгын сактоо, жууп-тазалоо менин милдетим болсо, тамак жасамай, майда-барат иштер сиңдиме жүктөлгөн. Бирок, азыр эч нерсе кылбай, сиңдиме эркелеп жатам (күлүп). Сиңдим оор басырыктуу. А мен шайыр болгонум менен санаага жакынмын. Алдыга койгон пландарым аткарылбай калса, ойго батып, өзүмдү-өзүм жей берем. Апам да "ушул жагынан мени тартыпсың" дейт. Кээде үйдө жалгыз калганда ичимдеги бугумду чыгарып, ыйлап алам. Бул адатымды бир туугандарым билбейт.

Сүйүүдө
- Сүйүү темасына келгенде эле өзүмдү мерез сезем. Дос балдарым дагы "сен сүйүүгө мерезсиң" деп көп айтышат. Мен муну жашырбайм, көп учурда өзүмдүн оюмду бербей, көк беттенип, бой көтөрүп калам. Убакыт өткөн сайын үйдөгүлөр дагы "жигитиң барбы? Турмушка чык, балалуу бол" деп атышат. Достор, тааныш жигиттер бар болгону менен бир адамды берилип, сүйө албай жатам. Учурда кыргыздын чыгаан уулу жүрөгүмдүн сыноосунда кызмат кылып атат (күлүп). Кудай буюрган күнү "көңүлүмдөгү мырзага турмушка чыгам" деп ишенем.

"... андай жигит мырзасы эмес жүрөгүмдүн"
- Мага майдачыл, кишини эзген адамдар жакпайт. Аялзатын, апасын сыйлаган жигиттер мени дагы, апамды дагы сыйлайт деп ойлойм. Ошондуктан, мырзалардын биринчи тарбиясына, адамгерчилигине көңүл бурам. Ата-энеме, жакындарыма, досторума тааныштырганда "мени уят кылбай, орду менен сүйлөсө" деп тилейм.

Гүлзарлуу бакча
- Дал ушундай бакчада эс алганды жактырам. Кандай гана майрам болбосун, роза гүлүн белекке алам. Ар бир жылда туулган күнүмө келген розаларды санайм. Майрамдарда гүл келбей калса, кадимкидей кыжаалат боло берем. Эсимде, былтыркы туулган күнүмдө 25 тал кызыл роза, 15 тал ак роза алып, сүйүнгөм. Бул жашоого кыз болуп төрөлүп калганым үчүн тагдырга ыраазымын. Себеби, илгертен эле элибиз кыздарды назик, жыпар жыттуу гүлгө салыштырат эмеспи.

Айнура Касымова