Миң бир түн

Мелис Карыбеков Асан теги, парапсихолог:
"Казак кыздын махабатына жооп"
Курбалдаштарым "Меке, казак кыздын тагдыры эмне болду, Казакстанга кетип калбайсыңбы?" деп тамашаласа, кичүү муундар "Мелис байке, казак кыз менен болгон махабат дастаныңыз ушу менен бүтүп калабы?" деп, чын ниеттери менен сурашат.


Сырдын учугу
Таланттуу жана белгилүү кинорежиссер досум Темир Бирназаров "Казак кыздын махабат дастаны" гезит бетине жарык көргөн сайын "сен руху таза адамсың, мындай макала беделиңди түшүрөт, айт, жазганды токтотушсун" деп ачууланып алчу. Бул сүйүү баян эл ичине мынча тарап кетерин билбепмин. Жакында финансы кызматынын башчысы болуп иштеген, шаардык досум "биздин коллективдеги жаштар ушул махабаттын бар экенине абдан терең ишенишет экен, чын эле болду беле?" деп талуу жеримден кармады.
Болуптур, ачыгын айтайын, гезит бетине жарык көргөн "Казак кыздын махабат дастаны" деген сериалда Мелис Карыбеков: "гламурный", бактылуу, кол жеткис, тагдырдын эркеси болуп калган. Ал эми казак сулуусу Карлыгаш байлыкка көпкөн, жинди кыял кыздай сүрөттөлгөнү жашыруун эмес. Бул окуяны мен унуткарып, унчукпай койсом, эл унутпайт экен. Ошондуктан чындыкты жазууга аргасыз болдум. Менин чындыгымда, Мелис Карыбеков тентиген думана, азап-тозоктун ызасына малынган адам, ал эми Карлыгаш бактысыз, оорулуу бечара.

Миллионго кызыгуу...
Миллион АКШ доллары, көлөмдүү акча. Бирок, ага мен азгырылган жокмун. Мени кызыктырган башка миллион доллардын тагдыры. Темир Сариев миллион долларды "мен жеген жокмун" деп элге отчет берди. Ал эми сурак жүргүзгөн ким? Албетте эл эмес, кадимки эле Ахматбек Келдибеков. Жогорку Кеңеш төрагасы. Бул көрүнүштү мен сыналгыдан карап отурдум. Мамлекетибиздеги саясат ушундай тездикте өзгөрө турган болсо, окко учкан 89 баатырыбызды "Эл душманы" деп, 89 баланы аткан канкор Бакиевдин көзө атарларына "Эл баатыры" деген наам берип, дүркүрөтө кол чабабыз аз күндө. Депутаттар арасында көз айнегин тагынып, унчукпай Бакиевдин идеологу отурат. Шайлоодо бакиевчилер уткандан кийин, ал идеолог "аркалыктарга" каршы биригүүбүз керек деген ураанды өзгөртүп, президенттик шайлоого карата жаңысын ойлоп табалы" дегенин кулагым чалган. Мына эми "Түштүк коогалаңына Убактылуу өкмөт күнөөлүү" деп кыйкырып атышат. Бул ураан эмеспи? Баары түшүнүктүү. Бакиевдер пландаштырган мамлекеттик төңкөрүш шайлоо жолу менен ишке ашарына аз калды. Ал эми тиги Бакиевдин жүзүкара, көз айнекчен идеологу президенттикке талапкер. Келдибековго отчет берип жаткан Темир Сариевге бир четинен боорум ооруду, экинчи четинен "чала сага" деп ызырынып, ичимден ашата тилдеп алдым.

Ыза чакырган кара дуба
Мен сындым, мен талкаландым, мен быркырап чачылып кеттим. Ыза, басынуу, адамды бир чоң чечим кабыл алууга түртөт. Ошол басынуу, ошол ыза мени Манас дүйнөсүнө кайрылууга түрткөн. Жалгыз эле мен эмес, ошол күндөрү бакиевчилерден башка жалпы кыргыз эли мөгдөгөн. Өзгөчө Атамбаев сынган. Айтчу оюн элге жеткизе албай, кыйналган. А мен эмнеге сындым? Мен болгону "Учур" гезитине ымандай сыр төгүп, бир макала жазганмын, ал макаланын мааниси "үчүнчү президент Атамбаев болот" деген мааниде эле. Ал макала элге ушунча чоң үмүт тартуулаганын мен анда сезбептирмин. Президенттик шайлоодо Атамбаев талапкерлигин шайлоо күнү чак түштө алып салды. Ошондо душманынын табасы канып, "коркуп алып салды, сатылып кетти" деген ушак таркатышып, элдин башын айлантып, Кара дубанын тумандуу энергиясын каптатып салышкан. Мага, парапсихолог Мелис Карыбековго катарлаш жүргөн оппозициячыл адамдар келип, "биз сага ишенгенбиз, кана Атамбаевдин президент болгону?" деп катуу айтышкан. Бакиевди бийликке мен отургузуп койгонсуп, таарынышып, бир эсе шылдың кылышкан. Асманым кулап, ызам ичиме батпай, арданып "Форумдун" короосунда элге жек көрүндү болуп жалгыз турганымда, биздин шайлоонун жактоочусу, өзбек улутундагы аравандык Дилмурат ака жаныма басып келип, "Атамбаевдин шайлоону токтоткону жакшы болду, Түштүктө өзбек-кыргыз жаңжалы чыгып кете жаздады, Кудай сактады" деди. Менин таң калганым, чындыкты билген бир адам бар экени болду. Эгерде шайлоодо эл катуу колдоп, "Атамбаев бийликке келсин" деп туруп алганда, бакиевчилер эки улуттун ортосуна от таштап, кан төгүп, Атамбаевди колдогондордун баарын экстремисттик көз караштагы кылмышкерлер деген шылтоо менен камамак. Бакиевдердин мындай планы Атамбаевге белгилүү болчу. Түштүк коогалаңы бакиевдердин катып жүргөн генпланында бар эле. Аны булар, бир жылдан кийин кыймылга киргизишти. Ал эми сот жообуна тартыла турган кылмышкерлер, бул тополоңду пайдаланып, "Эл баатырына" айлангысы келишти. Кудай бар, Манастын арбагы урат. Бардык чындык, акыры бир күнү ачыкка чыгат.

МАИчинин көзүн кантип буугам?
"Калтамда 500 тенге бар, баурум" десем, казактын МАИ кызматкери ишенбей, "бес мың тенге бер" деп туруп алды. Чындыгында эле, чөнтөгүмдө болгону 500 тенгем бар болчу. Жанындагы жардамчысы "эй кыргыз, бес мың тенге бермейин, документтен үмүт кылба, казактын жеринде не кылып жүрөсүң? Кылмыш жасап, качып жүрбө?" деп айламды кетиришти. Булардын оңой кутулбасымды сезип, "барып, карап көрөйүн" деп автоунаама келдим да, дуба окуп баштадым. Жарым саат убакыт өтпөй автоунаам зымырылып, жолдо бара жатты. Бир аз мурда таанышып, акидей асылган казак МАИ кызматкерлери берген "бес мың тенге" чөнтөгүмдү жылытат. "Колу күйгөн МАИ кызматкери мага бес мың тенге берди" деп, кийин казак жээниме айтсам, ал мага ишенген эмес. Көрсө, мени тооруган МАИ кызматкери ачкөздүгү менен районго атагы чыккан адам экен.
Мекенимден алыс жүргөн кезде мен өзүмдү мусаапыр, думана сезем. Таянаар тууганым, элим жок. Медерим жалгыз табиятыман жаныма бүткөн касиетим. Бул жолу Казакстанга болгон сапарым ушундай башталды, мени "тонойм" деген казактын МАИ кызматчыларын, касиетим менен дубалап, мен тоноп алдым.
Арадан эки жума убакыт өткөндөн кийин (аты эсимде жок), үнү назик, бай жашаган бир казак эжеке уурдалган кымбат баалуу автоунаасын издеп, мага кайрылды. Мен ал жагымдуу эжекеге эч жардам кыла албадым. Ал эжеке кош айтышып кетип, эртеси кайра келди. "Мен сизге эч жардам кыла алган жокмун, мага эмнеге келдиңиз?" десем, "менден башканын баарына жардамыңыз тийип жатат, мага да жардам кылыңыз" деп кетпей отуруп алды. Убактым көп болуп, бош отурганым үчүн, ал эжекеге жарым саат эринбей сүйлөп бердим. Ушундан соң ал эжеке капчыгында болгон тенгесин мага таштап, көз жашын көлкүлдөтүп, ыракмат айтып кетип калды. Ошол жарым сааттык сөз кайсы өңүттө жүргөнүнө кызыгат чыгарсыз. Мен эжекенин өзүнөн башка эч ким билбеген сырын, оор тагдырын, арманын, бактысын, махабатын ачык баяндаган болчумун. Эки-үч күн убакыт өткөндөн кийин, түн ичинде биз Алматыга шашылыш бара жаттык. Жанымда менден үмүт кылып казактын бир мыктысы отурду. Бул адам менин кабарымды баягы эжекеден угуп, Алматыдан келген таанышы экен. Бул адамдын кызы өлүм алдында жатат. Мен ал кызды өлүмдөн куткарып калышым керек. Ал кыздын аты Карлыгаш экен...

(Уландысы бар)




Укук коргоочу гезиттер менен соттошот
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстанда чыгып жаткан "Супер-инфо", "Форум", "Параграф", "Пресс.kg", "Леди.kg", "Лозунг" гезиттери жана "Браво" аттуу жаштар телеберүүсүн сотко берди. Анын айтымында, бул гезит, берүүлөр кыргыз тилинде чыкканы менен аталыштары бөтөн тилдеги сөздөр болуп саналат. Укук коргоочу муну менен алар мамлекеттик тил мыйзамын бузуп жатканын белгилейт. Ал "бул басылмалар аталыштарын кыргыз тилине өзгөртүүсү керек" деп эсептейт. Укук коргоочунун арызын Бишкек шаардык соту карайт.

Чоку чуусу уланууда
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Чүй облусундагы 4000 метр бийиктиктеги тоо чокусуна В.Путиндин ысымын ыйгарууга каршы. Бул кечээ фракция жыйынында айкын болду. Депутаттардын маалыматына ылайык, географиялык объектилердин аталыштарын коюу жана кайрадан өзгөртүү боюнча жобого ылайык, белгилүү адамдар өлгөндөн кийин гана аттары коюлушу керек. "Бул Кыргызстандын башка бирөөнүн алдында баш ийип бергендиги болуп саналат. Бул демилге КР мыйзамына жана ыйманына да туура келбейт" - дейт депутаттар.

Түркиядагы студенттердин көйгөйү чечилет
Кыргызстан менен Түркияга каттаган жаңы авиакомпания ачылууда. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов түркиялык "Pegasus Airlines" авиакомпаниясынын жетекчисинин орун басары Серхан Улга менен жолугушуп, биргелешкен жаңы авиакомпанияга жыштык бөлүп берүү маселесин талкуулады. "Kyrgyz Pegasus Airlines" деп аталган кыргыз-түрк компаниясы мындан бир нече жыл мурда түзүлгөн. Анын акцияларынын 51 пайызы "Кыргызстан" мамлекеттик авиакомпаниясына, ал эми калган 49 пайызы түркиялык тарапка таандык. Жаңы авиакомпания иштей баштаса, Түркия менен Кыргызстандын ортосунда каттаган компаниялардын арасында атаандаштык пайда болуп, жол акысы арзандап, рейстер кеңейтилиши мүмкүн. Эскерте кетсек, жакында Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер билеттердин кымбаттыгынан улам үйүнө каттай албай жаткандыгын айтып, мунун айынан ар кандай психологиялык ооруларга дуушар болуп жатканын айгинелешкен эле.