Алмаз Атамбаев,
сиз чыныгы "көпүрө" адам экенсиз...
5561. Балыкчы шаарынын Макаренко мектебинин 9-классында окуган Азиза, ойлосом оюмдан, уктасам түшүмдөн кетпеген кандай жансың? Кыйнадың го мени, жаным?! Кызганып жүрүп өтөмбү? Баары бир сени эч кимге бербейм, алтыным!
Канат байкең

5562.Табышмактын жообу: эки ат - бул эки көз, бир карышкыр - бул ооз, эки кой - бул мурун. Бирдигиңе рахмат!
Азиз, Алай

5563. Эх кыргызым! "Ата-Журтка" көп асыла бербегиле, эгер чыныгы "кыргызмын" десеңер. Кыргызстандын бүтүндүгүн куду ушулар кармап калды. Көп былжырай бербегиле, элдин кыжырына тийип...
Какыш

5564. Ырыс байке, жаным! Биринчи таанышкан күн эсиңиздеби? Сиздин көзүңүз ошондо эле мени арбап алган. Кафеден аябай сыйладыңыз. Мейманканага үчөөбүз бардык. Сизди курбу кызым кетирип койгондо, мен кандай абалда калдым?.. Түшүнбөйсүз жаным, ошондо эле мен сизди сүйүп калганымды. Кызганганымды айтпа. Сизге болгон сүйүүм эч качан өчпөйт!
ANGEL

5565. Жаным Ырыс байке! Мен сизди сүйөм, сагындым. Сагынычтан жүрөгүм жарылганы турат. Эмне мынча кыйнайсыз? Ардагым, бир жолу чалып койсоңуз боло. Үнүңүздү угузуп коюңузчу... Өзүмө таң калам, эмнеге сизди сүйдүм, эмнеге башкаларды сизди сүйгөндөй сүйө албайм? Сиз менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө албайм? Курбуларым улуу кишилер менен жүрсө жиним келчү эле. Өз башыма келгенде сүйүү кары-жашка карабасын түшүндүм.
2022 абоненти

5566. Чагылган, Революционер, Кубарман, силер кыргыз элине душман окшойсуңар? "Дайым эле кубалаш керек, кетиребиз, революция кылабыз" дейсиңер. Апрелдеги төңкөрүштөн мамлекетибиз бир канча жыл артка кетти. 87 адам өлүп, канчасы жаракат алып, майып болушту. Булар силер үчүн азбы? Эл дагы ушундай башаламандыкка барса, дагы бир жолу төңкөрүш болсо, анда биз мамлекетибизди жоготуп алабыз. Андан көрө эл шайлаган ажого, парламенттин иштешине мүмкүнчүлүк берели.
9099 абоненти

5567. Улянов "Ленин" деп атын өзгөрткөн. Эмне аянтка Мавзолей куралыбы?
Асан

5568. Ленин да эки жагын карап, бат сүйлөчү. Текебаев да бат сүйлөйт. "Ленин жаман оору менен ооруган" дейт... Жашасын порнозвездалар!
Арстан

5569. Өкмөттөгү бир чоң кыргыз элин Орусияга сатмай болдубу? Чочконун майын (сала) ким жейт?
Асан

5570. Текебаевди чынында эле жек көрөм. Жолугушуу учурунда суроо берген кишиге урушмайынча түз жооп бербейт. Аялдарды адам ордуна көрбөйт. "Катын" дейт. Эл башкаруучу адам да ушундай маданиятсыз болобу?
Рая, Ош

5571. Курсан Асанов жаңы жылда Ошко келип, "Азиз да, Камчы да менин айтканым менен болот" десе, курган жаным "Азиз Турсунбаев, Камчы Ташиев жөнүндө сөз болуп аткан экен" деп түшүнүптүрмүн. Көрсө, Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаевди айттыңыз беле? Курсан аке, сиз Кудайдан өйдө сүйлөбөңүз. Жолдо баратып, партиялашыңыз З.Жоошбеков менен аварияга учурадыңыздар. Ошондуктан көкөлөп учпай, жерде эле жүргөнүңүз оң.
Байыш

5572. Мелис Мырзакматов байке, сиз Оштун ханысыз. Т.Сабировго ишене бербе. Көзү ойноп турат экен. Сизди эки мүнөттө сатып ийиши ыктымал.
Эдил

5573. Алмазбек Атамбаев, сиз чыныгы "көпүрө" адам экенсиз. Премьерлик сиздин гана ордуңуз. Элиңизди соксоңуз да, сүйсөңүз да жарашат. Үмүтүбүз чоң. Элиңиз өтө кыйналып, чүнчүп, келечектен кол жууп баратканда, данакерлик иш жасадыңыз. Ошону менен бирге, кыргыз элине кылган жакшылыгыңыз тарых барактарына алтын тамгада жазылып кала бермекчи.
Рая, Ош

5574. Өмүрбек Абдрахманов менен Феликс Кулов чоң саясатчылар. Бирок, экөөсүнүн тең жүрөгү жок. Бирөөсү качса, экинчиси качырат. Ошон үчүн Алмаз Атамбаевге асылбагылачы? Алмаздай болуш үчүн бир кылым керек. Бириңердин тилиңер сынса, бириңердин билимиңер сынган.
Асилбек, Ош

5575. 8496 абоненти, мен кайым айтышка даярмын. Мен жазган кабарга жооп бергиле. Күтөм!
Асилбек, Ош

5576. 6371 абоненти, сен жинге тийе бербе. "Мени ала допучан" дегениңе эмне себеп болду, ачык айт? Тантырап атат окшойсуң. Сен сөзүң үчүн жооп бер, же жолугалы. Ким чагымчы экенин көрсөтөйүн. Кишиге жалаа жапканды жакшы көргөн неме окшойсуң?
Самайбек

5577. Махабат - жалган эмес чындык экен, махабатты билген жанга арман экен. Баркыңа ак сүйүүнүн жеткен адам, бактылуу бул дүйнөдө жашайт экен!
2022 абоненти

5578. Бакиевдин "Ак жолунда" баратып эле, "Ата-Журтту" эстегениңерге рахмат. Бир-бириңерди карап, "биз эмне элек, эл бизди ким кылып койду?" деп эстей жүргүлө. Ишиңерге ийгилик!
С.Саяк

5579. Ак-Өргөчүл, таластыктардын колуна түшүп калсаң, чайнабай эле жутуп коебуз. Тынч жүр, таластыктарга тийишпей!
7476 абоненти

5580. "Манас-Ордо" коомунун президенти Анарбек Усупбаевдин "Роза Отунбаеванын мөөнөтүн беш жылга узартпайлыбы?" деген кайрылуусун окуп алып, Манас бабабыздын ордосуна да эки жүздүү адамдар кирип алганбы (?) деп аябай кыжаалат болдум. "Мыйзамды сактайлы" дегенге карабастан кошоматка кой союу башталдыбы? Оңолбойбуз го?
Марс

5581. Оштун мэри Мелис Мырзакматовду көп мактай бербегиле. Аны "оома, сатылма саясатчы" деп ойлойм. Ташиевден айырмасы жок.
Барскан

5582. Турсунбай Бакир уулундай мыкты, ыймандуу, адилеттүү инсан менен сыймыктанабыз. Ишиңизге ийгилик, бакубат турмуш тилейбиз.
Мирлан, Айнура

5583. Текебаев, сиздин "кыргыз тилине өтүш керек" деген демилгеңиз ишке ашсын. "Киргиздер" каршы чыгат. Анткени 2 ооз сөз кошуп сүйлөй албаган маңкурттар парламентте жана өкмөттө көп. Кыргыз тилин унутта калтырууга акыбыз жок. "Кыргыз бойдон калам" десең, ойлон элим!
3354 абоненти

5584. Салам " Учур"! Мен кыздар менен таанышам. Жашым 27де. Турмуш куруу максатында. Жеңил ойлуулар убара болбогула.
Тел: 0777-59-14-09

5585. Н.Түлеев, Н.Сулайманов, М.Султанов, Р.Шинге окшогон "Ата-Журттун" "азаматтарын" ким, качан жоопко тартат ыя? Же азыркы бийликтегилер "колго түшкөн коенду" кыргызча кое беришеби?
8982 абоненти

5586. Мугалимдер! Силердин айлыгыңар аз, түшүнөбүз. Бирок, силер да туура түшүнүп, өкмөткө убакыт бергиле. Коалиция эми түзүлдү. Ош окуясы болуп кетти. Эми кичине тынчый баштадык. Бакиевдин убагында эмнеге ушунтип чыкпадыңар? Же жаңы бийликти иштетпей тоскоол боло берели деп, бирөөлөр үгүттөп атабы? Өзүм 2-топтогу оорукчан аялмын. Пенсиям 2000 сом. Каралашар эч ким жок. Мен деле өзүмдү токтотуп турам. Көчөгө атып чыкпай. Чыдайлы, өкмөткө убакыт берели.
3275 абоненти

5587. Мадумаровго не болгон? Эми "Курултай кылып, президент болом" дейби? Бакиевден үйрөндүбү? "Шайлоо бизге жарашпайт" дейт. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" деген ушу.
3354 абоненти

5588. Парламенттик башкаруу болсо эле "Улуттук университеттин мугалимдери пара албаса керек" деп ойлоптурмун. Кайран кыялкеч жаным! Акча алмак тургай, ставкалары эки эселеп көтөрүлдү. Депутат болгуча, универге мугалим болсоңор, акчаны күрөп табасыңар!
5709 абоненти

5589. Ф.Кулов эч качан кыргыз элине жакшылык алып келбесин билем. Ишенип койгула. Бөркүңөрдөй көргүлө!
3376 абоненти

5590. Айбек, сен Акматка ишенип атасыңбы? Акмат качан эле сага окшогон немелерге кол сунуп, жардамын тийгизчү эле. Тескерисинче, артыңан суу куйганда, оозуң Ошту карап калганын байкабай каласың!
6174 абоненти

5591. Мугалимдердин айлыгын көтөрүш керек! Агартуу тармагы оңолбосо, мамлекет алдыга жылбайт.
6174 абоненти

5592. Кыргыздар бөлүнбөгүлөчү, кыргыз тилин жакшы билеличи, кыргызча сүйлөшөлүчү. Башка тилдин сөздөрүн кошпой сүйлөгөнгө аракет кылалы. Бизди тил эле бириктирип, ынтымакка чакырып турат.
1617 абоненти

5593. Салам "Учур"! Шайыр тамада + музыка.
Тел: 0779-20-00-71

5594. Өз атын бюллетенге көргөзбөй, анан өзүн "президент" деп жарыялаган бул ыймансыздыкпы же мансапкорлукпу?
9672 абоненти

5595. Кыргыз шаңы
Биздин өлкө карызга бай, шаңга бай.
Баасы өскөн бензин менен нанга бай.
Карды ачып, элим турса жыргабай.
Кантип турам, "күйүт ырын" ырдабай?

Биздин өлкө качып кетме бийге бай.
Биздин өлкө куралданган динге бай.
Кайда барсаң күйүп бүткөн имарат.
Биздин өлкө баарынан да жинге бай...
0100 абоненти

5596. Кудайым берген талант бар, кушка окшоп учсам канат бар.
Жүрөмүн бирок ой басып, жүрөктө бир аз жараат бар.
Медербек

5597. Парламенттин депутаттары өз кызыкчылыгын ойлой берсе, элдин кызыкчылыгын ким ойлойт? Эл өкүлдөрү элди жана Конституцияны сыйлап койсун. Намаз окугусу келгендер өздөрү жай таап окусун.
Мусулман

5598. Момбеков Рыскелди Чыныбековичке жалындуу ысык салам! Ишиңизди ийгилик коштоп жүрсүн!
2022 абоненти

5599. 1990-92-жылкы кыз-балдар менен достошом! Атым Элиза. Телефон чалгыла. Силердин чалууңарды чыдамсыздык менен күтөм.
Тел: 0700-92-90-96

5600. Бакиевчилер эски адатын кармата баштады. Жаңы жылдан тарта электр жарыгын 4-5 саат өчүргөндү адат кылып алышты. Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочуларын жазга чейин эле митингге даярдап коюшту. Же атайын Атамбаевге каршы иштеп жатышабы? Алмаз Шаршенович, сиз "жарык өчүрүү болбойт" дебедиңиз беле?
Тынчтык, Ак-Ордо конушу

5601. Өмүрбек Текебаев, сизди көптөр көрө албайт. Сизге Кудайдын көзү түз экенине ишенип турам. Мен сиз менен сыймыктанам.
Айболот

5602. Сүйгүм келет, бирок, жол жок сүйүүгө,
Сени сүйгөн үйбүлөң бар үйүңдө.
Ошентсе да атың бийик туу болуп,
Орноп калган жүрөгүмдүн төрүндө... Бул ыр саптары Нурбек Маратовичке арналат!
Зайка

5603. Ыймандуу, намаз окуган кыргыздын уул-кыздары менен достошкум келет. Атым Айгүл.
Тел: 0553-19-84-88

5604. Жаңы автовокзалдын маңдайындагы БНК заправкасында утуш акция купондорун бензин куйгандар 10 сомдон сатып атышат. Кимге керек болсо, ошо заправкага баргыла.
5282 абоненти

5605. Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун дагы "чачташып", кайым айтыша башташты. Бул экөөнү ажылар дебей эле "абысындар" дешибиз керек болуп калды.
Бекен

5606. Жаңы жылыңыздар менен жалпы элим жана менин эң сүйүктүү кызым Мээрим! Мен сени жакшы көрөм. Түбөлүккө сени урматтап, сыйлагандан тажабайм.
Айболот

5607. "Ата-Журттун" депутаттары жана Ахматбек Келдибеков, намаз окуганга кеңсе сурабай, жума намазга убакыт бөлүп берүүнү сурабайбы? Эртеңки күнү башка диндеги депутаттар мындай талапты койсо, эмне деп жооп бересиңер? Борбордук мечитке барып, эл катары эле жамаат менен окуп койсоңор болбойбу? Элдин жумуртка ыргытуусунан коркуп атасыңарбы же 87 баатырдын арбагы уктатпай жатабы?
Чынчыл жигит

5608. "Ата-Журтту" актагандарды такыр түшүнбөйм. 87 баатырыбыз "ушулар бийликке келсин" деп окко учушту беле? Күн жылып, жаз келгенде, эл буларды Салиевичтин жанына кубалап кетирет го? Күтө туралы.
Дуга

5609. Жапонияда коомдук транспортто кетип баратсаң, картаң кишилерге эмес, жаштарга орун бошотуп беришет экен. "Булар жумуштан чарчап келатышат" деп. А бизде болсо, жаштардын колундагы сумканы алып коюуга жарашпайт. "Колуңузга кармап аласызбы" десең, жаман көздөрү менен теше тиктеп атып, эптеп алат. Мындай маселе жеке эле коомдук транспортто эмес, биздин өкмөттүк иште да болсо, жаштарга орун бошотуп берсе, Жапония болбосок дагы, өнүккөн коңшу өлкөлөрдөй жашамакпыз. Эмне болсо да, революцияны жаштар жасаган. Алар көлөкөдө калбаса жакшы болот эле.
Чынчыл жигит

5610. Убактылуу өкмөттүн эң биринчи катасы - техникалык өкмөттүн курамын акаевчилдер менен толуктады. Аларга эрегишип, "Ак жолчу" "жепутаттар", "Ата-Журт", "Республика" партияларын түзө калышып, акыры бийликке келишти. Алардын ордуна жаштарды койгондо, жакшы иштеп беришмек.
4043 абоненти

5611. Орус тилдүү "Вечерний Бишкек" гезитин мындан кийин принципиалдуу түрдө окубайм. Айрым макалаларын башка улуттагы жарандарды Кыргызстанда басмырлап, тирүүлөй жеп аткандай жазат. Бу гезитти Россиядагы "такырбаштарга" окшогондор окуса, аякта иштеп жүргөн кыргыз жарандарына кыйын эле болот да?
4043 абоненти

5612. Шер! ОшМУнун алдына барганыңда алааңды айрып коймокмун. Тилекке каршы, мен Бишкекте жашайм. Эркек болсоң дарегиңди даана жазып кой. Жайында Алайга эс алганы барам. Ошондо бут (кол менен эмес) менен СМС жазышабыз.
Азиз

5613. Эгер бизге К.Бакиев келсе, мен ыраазы болмокмун. А силерчи?
5201 абоненти

5614. Мамам Айнура, эжем Зулайка, байкем Нуржан, карындашым Санирага салам! Иштери ийгиликтүү болсун.
Байжан

5615. Салам СМСчилер! Мени унутпадыңарбы? Кирип келген жаңы жыл баарыңарга кубанычтуу керемет алып келген жашоону тартууласын. Ленинграддагы мекендешиңерден кабыл алып койгула!
Низа

5616. Элим деп иштеген адам барбы? Керекпи бийлик сага же байлыкпы? Канын төктүң элиңди аябадың. Токтот ушу бийликти талашканды.
5742 абоненти

5617. Жаштар барсыңарбы!? СМСчилер, силер менен жакындан таанышкым келет. Мүмкүн достугубуз түбөлүктүүдүр? Мага СМС жазгыла.
Тел: +7904-61-15-742

5618. Жанагы тыңчы Штирлиц жөнүндө "Жаздын 17-көз ирмеми" деген тасманы баарыбыз жакшы билебиз. Ошондо немис офицерлердин жеке таржымалынын аягында "в связях, прочащих его не замечен" деген жери бар жана айтылат. Ушундан ойлонуп кетесиң, "фашисттердин да ыйманы бар экен" деп. А бизде көрдүк го, Бакиевдин сан жеткис айымдарын. Азыркы биздин саясатчылар жок эле дегенде фашисттерден ушу жагынан үлгү алып, өзүн моралдык жактан мыкты алып жүрүшсө дегиң келет. Анткени, кол алдындагы жардамчылары, жумушчулары шефинин ыплас "кебетесин" көргөндө, ага баш ийип иштемек тургай, тескерисинче, ушак чыгарып, шылдыңдап атышат.
4043 абоненти

5619. Урматтуу аткаминерлер! Эшикте 21-кылым. Бакиевди биз "тезек тергиле" дегени үчүн жаман көргөнбүз. Төңкөрүштүн чыгышына да биринчи себепкер ушу сөзү болгон. Силер байма-бай теледен, гезиттен "свет өчпөйт" деген сайын, байма-бай свет өчө баштады. Жаңы конуштарды биякка коелу. Бишкектин чок ортосунда күн сайын свет өчүп жатат. Т.Молдо менен М.Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде ТП-34ден тараган свет жарыгы мисал боло алат. 64-11-11 телефонуна (Түндүкэлектронун дежур бөлүмү) чалсак, алардын жооптору даяр. "Заявканы кабыл алдык, бүгүн барып текшеришет" деп. Эгер ушунтип кайталаша берсе, элдин чыдамы кетип, митингге чыга баштайт. Силерге ушу керекпи? Чара көрүп койсо болобу? Урматтуу Алмаз Шаршенович! Бул сөздү сизге жолдоп жатабыз. Митингди сагынып калсаңыз, биз даярбыз!
ТП-34ден жарык алгандар

5620. Согум сатам. Жылкы эти. Чучук, карын-карта. Шашылгыла, калбай калышы ыктымал. Кыштын чыгышына дагы көп бар.
7373 абоненти

5621. Окуй албай ичтен сызам "Учур" сени, жаңылыктан артта калдым кантем эми? Мекениме барар күн келсе экен, сагыныч ыйлатып жүрөк эзди.
1574 абоненти

5622. Апам Жаркөкүл, эжем Курбанбү, синдилерим Мыскал, Айтолкун, биз силерди сагындык. Баары жакшы болот. "Учур" гезитин калтырбай окугула. Питерден салам!
1574 абоненти

5623. Ибраев Байтемир, сиз прокуратураны оңдогонсуз! Азыр бардак болуп жатат. Атына заты жарашпай калгансыйт.
7917 абоненти

5624. Юля! Мен сени сүйөм. Сүйгөнүмдү билдире албай кыйналам. Жүрөгүмдөн чыккан сөз сени ишендиреби, жокпу билбейм? Бирок, экөөбүз баш кошсок, жакшы жубайлардан болорубузга көзүм жетип турат.
Темир

5625. Өзүмчүл кыргыз, өлүмүнө чоң жол чабат. Андыктан, ар бир кыргыз баласы эли-жери, жек-жааты, ага-тууган түшүнүгүн тамырлап, татыктуу жашоого умтулушу керек.
Мукаш

5626. Кыргызым күн нурунан жаралгандай, жарык нур бир Манастан тарагандай. Кыргыз бар бул дүйнөдө аалам жарык, кыргыз бар бул бул дүйнөдө баары бардай!
5457 абоненти

5627. Камчыбек Ташиев кыргыздын мыкты уулдарынан. "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" дегендей, Камчыбек Оштогу коогалаңдуу күндө башын канжыгага байлап коюп, от кечип жүрдү. Ал учурда Убактылуу өкмөт бийликти 31 күндүк тарыхы бар партияларга өткөзүп берели деп, аткан окшойт сыңары. Астыңардан тамак кетпей, "мясо по французскини" ашап, оозуңарга келгенди оттоп отурган турбайсыңарбы? Жолуңар болсун. Азыркы учурда "партия" дебей эле коеюн. Ар бир аты чыккан "жаатта" кыргыздын мыкты уулдары бар. Эл тараза. Жаатташпай эл үчүн биригип, кызмат кылгыла!
5457 абоненти

5628. Ибрагим Жунусовдун "Апакебай" деген ырын армияда жүргөндө угуп, кыргыз балдары ыйладык эле. Патриот жигит, кесиби концертмейстер, анан бул агабыз экономика, айыл чарбаны канчалык деңгээлде "апакебайлатат" болду экен? Мамлекеттик чоң кызматтарда артисттер экономика жагында иштей берсе болобу? Же "боло берет кыргызга" деген жөөттөрдүн шылдыңы менен жашай берелиби?
5777 абоненти

5629. Сүйүү деген сезим экен бир келген, бүт өмүрдүн маанисине тең келген. Ар бир кыргыз улутун, мекенин, сүйсө экен эли-жерин энесин.
2545 абоненти

5630. Чынара Жакыпова, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова эжелер "бар болгула". Айлыкты кимден аласыңар? Биздин улгайып калган "сүйүктүү" айымдарыбызды, өз кызыкчылыгына жумшай билген еврейлерге баракелде!
2545 абоненти

5631. Динара Ошурахунова айым еврейлерге кызмат кылабы? Бирок, кыргыздын таламын талашып аткансыйт. Элге таза кызмат кылбаса, фамилиясынын "ш" деген тамгасын "с" деген тамга менен алмаштырып салабыз. Силер эмне дедиңер?
Таза уул

5632. Өмүрбек Чиркешовичти кадырлайбыз, сүйөбүз. Чыңгыздан кийинки кыргыздын, чыгааны деп билебиз. Башмыйзам жазды эл үчүн, баарыбыз ага күбөбүз. Реформаны жүргүзгөн, жаңылануу киргизген, саясатчы деп жүрөбүз. Кас душманы көп үчүн, кайгырбаңыз күйөбүз. Карапайым артында, калкың турат сүйөнүч. Эл наам берип жатпайбы, "саясатчы" деген дүйнөлүк. Алтын тамгалар менен жазылып, тарыхта атың калат түбөлүк! Тарыхтын мындай белегин, татыктуу кармап жүрөлүк!
Памир, Чоң Алай

5633. Урматтуу депутаттар! Силерден сураныч, ызылдабай жыйынтыктуу, натыйжалуу иштегилечи.
Революционер

5634. Тариел, өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайм. Сага бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Албетте, биринчиден ден-соолук. Экинчиден сүйүү. Бирдик салам деп убара болбо.
Ази

5635. Салам "Учур"! Мен кыз-келиндер менен таанышам, СМС жазгыла.
Тел: 0779-02-89-44

5636. Текебаевди жактаган СМСтерди гана чыгарып, калгандарын чыгарбай эле койгулачы. Себеби, алардан иренжип турам. Мен Чиркешовичтин таламын катуу талашам. Мындай жигитти күндүзү чырак жагып алып издесеңер да таппайсыңар. Же андай эмес дегиңер барбы? Болсо, боло бергиле.
7331 абоненти

5637. Жаным Астра, сиңдиң экөөң кышкы суукта оорубай жүрөсүңөрбү? Биз инилер болуп силерди абдан сагындык.
Адыл, Бишкек

5638. Мугалим, догдурлардын айлыгын көтөрүү керек. Биздин депутаттардын айлыгын кесиш керек. Чалчактабай жөө жүрүшсүн. Карапайым элдер алган айлык менен жашап көрүшсүн. Былтыйып трибунадан акыл айтымыш эткени менен ар жагы көңдөй экени билинип эле турат. Шиштери толуп бараткансыйт. Бакстын "куйруктары" кайсы беттери менен ошо жерде жүрүшөт? Кыргыз элим ушундай шоркелдейлер турганда, биз өмүрү өнүкпөйбүз. Буларды кантип жок кылсак?
Чагылган

5639. Тариел, сенин табышмагыңдын жообун таптым. Бул тамак бышырган казан. Туура элеби?
2727 абоненти

5640. Тариел, сенин табышмагыңдын жообу төмөндөгүчө. Кайчы жана кездеме. Эгер жооп туура десең, мага 200 бирдик салып кой.
Тел: 0773-92-77-56

5641. Сампада кыргыздардын көзүн тазалаган ала допучанды актаган адвокат Мынарбек Сулайманов, сизди ала допучандар жакшы көргөнү менен калгандары жакшы көрдү деп ойлойсузбу? Каргыштан коркуу керек.
Бек, Жалал-Абад

5642. Бийликке кайра эле Бакиевдин адамдары келип алды. Жакында Атамбаевди аңга түртүп, өздөрү билмексен болуп калышат. Анткени, Алмазбек Атамбаевге дуба окутуп атышат, тымызын.
5757 абоненти

5643. Кыргызстандын ЖОЖдордо адис сабактарынан тышкары сабактар жок болушу керек. Ушул сабактар коррупцияланып, пара алмай гүлдөп отурат. Менин мээме адис эмес сабактардын бирөөсү да кирбей, эстей турган эчтеке калбаптыр. Кадрдык маселеде иштин көзүн билсең сонун да.
5204 абоненти

5644. "Жашылдар" партиясы Гүлчөдө, Ошто барбы? Таштандынын жанынан мен үчүн өтүш кыйынга туруп атат. Эгер бар болсо аталган жерлерди таштандыдан тазалайлы.
5204 абоненти

5645. КТУда коррупция аябай өнүккөн. Модулдан акча чогултмайынча зачет койбойт. Ар бири 600-1500 сом. Жаш студенттерден акча алган мугалимдер аман болгула!
Эне

5646. Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы Навои мектебине чоң салам! 11 "д" классында окуган классташтарыма ийгилик! Мектепте окуучуларга талыкпай билим берип жаткан эмгеги түйшүктүү мугалимдердин ишине албан-албан ийгилик каалайм!
Айчүрөк

5647. Самаркандек шаарчасында жашап, билим алып жаткан досторум Айсулуу, Феруза жана Каныкейге салам жолдойм. Бар болгула, ийгилик!
Айчүрөк

5648. Элмурза Сатыбалдиев менен Аликбек Жекшенкулов бириксе, өлкөбүз оңолот!
0445 абоненти

5649. Алмаке, мен сага нааразымын! "Сүйөм" деп айтсаң, ишенипмин. Алдап кеттиң.
Нази

5650. Бир курманын теңи болсо да садага бер. Аркы дүйнөгө барганда тозокко түшпөйсүң. Курмаң жок болсо, көңүл көтөрүүчү жылуу сөз айт. Бул да садага!
9089 абоненти
5651. Кыргызстанда курултай болуп, жер-жерлерден келген адамдар Ала-Тоо аянтына чогулуусу зарыл. Андан соң ошо жерден бүркүттүн томогосун сыйрып ийип, асманга кое берип, карап турабыз. Бүркүт акыры барып бирөөнүн башына конот. Мына ошо киши кыргызга "хан" жарыяланат.
Азат

5652. Бишкектин ханы Иса Өмүркулов болсо, Оштун ханы Мелис Мырзакматов. Алайдын ханы Акматбек Келдибеков болсо, Жалал-Абаддыкы Камчыбек Ташиев. Баткенге Гайипкулов, Таласка Бабанов, Нарынга Салымбеков болсо, өлкөбүз бат эле өнүгүп, министрлердин кереги жок болуп калмак.
Азат

5653. 0758 абоненти, сиздин да, биздин да өмүрүбүз А.Келдибековдун колунда эмес, Кудайдын колундабыз!
Нарын

5654. КГЮАнын 5-курсунда окуган Дианага салам жолдойм!
9089 абоненти

5655. Канттагы Курманалиев Кубаныч байкеме, Нурай жеңеме салам. Сиздер бар, мен бар. Бактылуу, таалайлуу жашагыла, эңсеген максатыңарга жеткиле.
7722 абоненти

5656. Кыргызстандагы деңиз деңгээлинен бийик 7 миң метрлик чокуга "Ленин" деген ысымды СССР тушунда бергенбиз. Союз ыдырагандан бери 5 миң метр бийик чокуга Борис Ельциндикин бердик. Бул экөө тең жөөт. Эми бизди кайсы кара теке сүзүп, 4 миң метр бийик чокуга Путиндин ысымын бергени атабыз. Кудайды карасак боло. Жагалданат десе эле аша чаап кеткен болбойт го? Ансыз деле жердин баарын көрүнгөнгө карматып коюп атабыз. Андан көрө И.Раззаковдун, К.Тыныстанов, Ж.Абдрахмановдун аттарын койсок, бизди бирөө жазалайт беле? Же ...
5254 абоненти

5657. Оштогу Кара-Сууда иштеп жана жашап жаткан таежем Савлетти 21-январь жана таежешкам Гүлнараны 25-январь туулган күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бактылуу болушсун!
1290 абоненти

5658. "Достук" деген бузулбаган бекем чеп, "достук" деген досу үчүн жан бермек. "Достук" деген айтып бүткүс кыялдуу, достугубуз жашасын бузулбастан эч.
1290 абоненти

5659. Эгер дуба үчүн таза сезимиң жок болсо, көңүлү таза досторуңдан дуба тиле.
Чүрөк

5660. Айланайын Акүйдөгү агалар!
Акыл-эсиң кимдикине барабар?
"Жер сатканың - эл сатканың" дегендей,
Жеткиликтүү айткан биздин бабалар!
Күйдүмчок

5661. Жылдыз Мусабекова, "Учурга" маек берип коюңузчу. Сизди аябай сагындык.
Окурмандар

5662. Экономфакта окуган Асел, сени качан көрөм? Айылдан бат келчи. Шашпай сүйлөшөлү...
Сырдуу жигит