А.Жекшенкулов күчтөнүүдө
Соңку убактарда Аликбек Жекшенкулов жетектеген "Улуттук Конгресс" күч алып, жер-жерлерден колдоолорго маарып баштаган кези. Өзгөчө бакиевчилерге каршы элдин катмары УКга чогулуп, нааразычылык акцияларын баштоо иш-чараларына камынышууда. Акыркы күндөрү А.Жекшенкуловго афганчылар менен Кыргызстандагы Аксакалдар кеңеши келип кошулушту. Мындан сырткары, бир топ саясый лидерлер Аликбек мырза менен биригүүгө бел байлашып, тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мунун өзү нени каңкуулайт? Жазга карай бакиевчилерге каршы жалпы элдик көтөрүлүштү көрсөтөбү? Айтор, Кыргызстанда саясый кырдаал тынчыбай калды өңдөнөт.

Порно-фильм дейби?..
Бийлик башындагы айрым аткаминерлердин порно-фильми бар экени, мындай материал эски режимдин тушунда тартылып алынганы каңкууланууда. Аз күндө ушул материал чыгышы мүмкүн экен. Бирок, ушул тапта андай абийир төкмөй "кинону" чыгарбаганга да аракеттер көрүлүп, соодалашуулар жүрүп атканын эшиттик. Эми жогорку бийлик бутактарында бири-бирин аңдышмайлар күчөйт го...


Нарында да абал начар
Кыргызстандын башка региондоруна салыштырмалуу Нарында жашоо-шарт оор. Ал эми акыркы кездеги азык-түлүккө болгон кымбатчылык нарындыктарды кыйноого салып, аргасыздан өкмөткө, парламентке каршы нааразычылык акцияга чыгууга түрткү бере баштаптыр. Буга кошул-ташыл айлык-пенсиянын аздыгы да себепкер дешет. Айтор, Кыргызстан нааразылардын өлкөсүнө айланмай болду го...


А.Келдибеков "УЧУРга" маек берет
Спикер Ахматбек Келдибеков "УЧУРдун" ыңгайсыз суроолоруна жооп бермей болду. Кийинки саныбызда Ахмат мырзага карата жазылган сындарга, эл ичиндеги айтылган кептерге жооп алабыз. А.Келдибеков такка отурганы ага карата каршы чыккандар көбөйүп, орой чалуу оюндары башталып аткан. Парламенттеги негизги интригалар да спикердин айланасында болуп атканын укканбыз. Мына эми көмүскөдөгү кыйла сырлар ачыкка чыкмакчы. Андыктан, "УЧУРдун" кийинки санын окусаңыз, кө-өп маселенин башы ачылмакчы.


Өмүке айланасындагы "криминалдарды" көрбөйбү?
Азыркы парламенттин курамындагы депутаттардын ичинде кримчөйрөдөгү айрым адамдардын отурганы айтылып да, жазылып да келет. Кызык, анан ошол парламенттеги "карт бөрү" депутат Өмүрбек Текебаев криминалдан арылууну кан какшап айтып, бандиттер ээн-эркин дооран сүргөн өлкө өнүкпөсүн баса белгилейт. Бирок, Өмүке айланасында отурган "криминалдар" жөнүндө сөз козгобойт. Же аларды билбейби? Мына ушундай жагдайда, биз Ө.Текебаевге сунуш айткыбыз келет. Биринчи көчөдөгү бандиттерди эмес, айланасындагы, парламентеги шойкомдуу депутаттардын кылмыштары жөнүндө айтпайбы? Ошондо криминал менен күрөшүү натыйжалуу башталмак да...


Алмакени ордуна Ж.Бакчиев келеби?
Жакынкы күндөрү Мамлекеттик каттоо кызматына Курманбек Бакиевдин кадры Жаныбек Бакчиев келгени атканын уктук. Бул эмне деген шумдук?! 7-апрелде дал ушул кызматтан Ж.Бакчиев куулган да. Эми жыл айланбай эски креслосуна конобу? Эгер минтип отурсак, анда К.Бакиевди деле апкелип, кайра президент кылып албайлыбы? Айтор, бул өкмөт кедеринен кеткени калды окшойт... Эсиңерде болсо, үч коалиция бийликти бөлүштүргөндө Мамкаттоо "Ата-Журт" партиясына тийген. А "атажуртчулардын" көтөргөн кадры ушул болсо, анда жыргаптырбыз! Ж.Бакчиев кезегинде "Калкан" деген уюмга аралашып, соттолгонун да билебиз. Кийин эски режимдин жасоолуна айланып, жанын сактаган. Кыскасы, тескери пикирлер арбын. Кызматка келсин, анан дагы көрөбүз... Ал эми Мамкаттоонун азыркы шефи Алмамбет Шыкмаматов менен бу жигитти салыштырып болбойт. Себеби, Алмаке таза, иш билги аткаминер катары көзгө көрүнүп калган (майда-чүйдө ушактарды эске албаганда). Эми аталган тармакта абал оорлойт го...


Т.Бакир менен Т.Акундун күрөшү
Депутат Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы Турсунбек Акунду ээрден оодарууга киришиптир. Ушул күндөрү Т.Акундун сары изине түшүп, ага жазылган арыздарды, компромат материалдарды топтоп, анан парламеттик жыйында талкууга салат экен. Таңгалычтуу жагдай, Т.Бакир эски кектери менен Акыйкатчыга каршы иштеп, өч алууга белсенип атабы, же чын эле Т.Акундун иши кедеринен кетип, арты булганып калганбы? Убакыт көрсөтсүн!




  Кур жалаа суу кечпеди

Элмурза даабатчыларды колдогон
"Эл сөзү" гезити Элмурза Сатыбалдиевди ак жеринен каралаптыр. Бул боюнча бизге ажылар билдирди. Эмесе, кепти ырааты менен баштайлы.

Аталган гезит шейшемби күнкү санына жазыптыр. "Элмурза Сатыбалдиев Башкы прокурор болуп турганда Ислам динине каршы турууга киришип, даабатка чыга тургандарды каматам" деген мааниде. Бирок, мындай маалымат жалган экенин Абдыжапар ажы Амусак уулу тастыктап, мындайча жообун берди: "Кайсы жерде даабат башталса, ошол жерде сөзсүз каршылаштар чыгат. 2009-жылдын башында мамлекет тарабынан даабатка катуу тоскоолдуктар көрүлгөн. Президенттин алдындагы секретариаттын демилгеси менен Коопсуздук кеңеште атайын комиссия түзүлүп, даабатты жок кылууга белсенишип, "террористтер" дегенге чейин жалаа жабышкан. Ислам динине мына ушундай айыгышкан бут тосуу түзүлүп калганда, биз Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге кирдик. Ал киши биздин көйгөйдү түшүнүү менен кабыл алып, даабат эч кандай коркунучтуу эмес экенине көзү жетип, бул маселени президентке айтып, даабатчыларга карата кысымды токтоткон. Элмурза жалпы мусулмандарга жарык тийген күндөй эле жакшылык жасаганын унутпайбыз. Ошентип, анын жардамы менен даабатчылар ээн эркин басып калышкан". Бул Абдыжапар ажы Амусак уулунун айткан пикири. Албетте, молдокенин айтканы жөндүү экен. Ошол кездеги Башкы прокурорго Мураталы ажы Жуманов, Асан, Бекен ажылар да барышканы белгилүү болду. Алар иштин чоо-жайын Э.Сатыбалдиевге түшүндүрүшүп, "Таблик жамаатты" (даабатчылардын уюмун) сактап калышыптыр. Дал ушул маалымат тастыкталды.
Кыскасы, кезинде Э.Сатыбалдиев Ислам динин, даабатчыларды, ажыларды колдосо, ал эми бүгүн Кудайдын көзүнүн түз экенин кара, мына минтип, чындыктын күчү кур жалааны четке кагууда.

Сакен БӨРҮБАЕВ