Майрамтөр

Алтынбек, Шадыбеков "Тамадалар ордосунун" төрагасы:
"Колукту тойдо мас болуп..."
"Кыргызда той көп, андан кийин эле майрам көп" деп куудулдар айтып калат. Анын сыңарындай, көп майрамдын санына дагы бир майрам кошулду. Сөздүн каймагын тандап сүйлөгөн, тамадалардын башын бириктирген "Тамадалар ордосу" 27-декабрды тамадалар күнү деп белгиледи. Аталган ордонун жүргүзгөн иши жана "эрке балдар" тууралуу маалыматты аталган ордонун төрагасы Алтынбек Шадыбеков айтып берди.

- Алтынбек мырза, "Тамадалар ордосуна" төрага болупсуз. Ордо кандай максатта түзүлдү?
- "Тамадалар ордосун" мындан алты-жети жыл мурда куудул Борончу Кудайбергенов түзгөн. Андан кийин былтыр 50-60 тамада чогулуп, төрага кылып Эшенкул Барпиевди шайлаганбыз. Ачыгын айтканда, эки тамаданын башы бирикпей, улуусу кичүүсүн тоготпой, ортодо түшүнбөстүктөр болгон. Анан "ушинтип, бири-бирибизге бут тосуп жүрө бербей, тамадалардын башын бириктирип, ынтымакка келели" деген жакшы ниетте Эрлан Абдукапаров деген инибиз өзүнчө "Тамадалар ордосун" түзүп, көпчүлүктүн макулдугу менен мени төрага шайлады.
- Сиздердин ордого канча тамада кирди?
- Кыргызстан боюнча жалпы 200дөн ашык тамада болсо, алардын сексенге жакыны биздин ордо менен иштеп жатат. "Биздин ордодо мынча тамада болуш керек" деген ойдон алыспыз. Ынтымактуу түрдө биз менен иштешүүнү каалаган тамадалар үчүн эшик ачык. Азыр Эшенкул мырзанын ордосуна аксакалдар, бизге жаштар болуп, тамадалар экиге бөлүндүк.
- Жакында эле тамадалар күнүн белгиледиңер. Буга башкалардын ою кандай болууда?
- Жаңы жылдын алдында тамадалардын ынтымагы үчүн атайын кафеге чогулуп, кече өткөрдүк. Ошондо бардыгыбыз акылдашып, "жылдын этегинде жыйынтык кылып, "эрке балдар" эс алсын" деген жакшы ойдо, 27-декабрды тамадалар күнү деп белгилеп алдык. Бул мамлекеттик деңгээлде чыгарылган чечим эмес. Болгону, тамадалар өзүбүз чечтик.
- Акыркы кезде тамадалардын саны бар, сапаты жок болуп бараткандай?..
- Ар бир кесиптин окуусу бар. Бирок, тамаданын атайын окуусу болбойт. Кудай берген талантты өркүндөтүп, тилинде мөөрү бар адамдар тойдун "эрке баласы" аталып жүрөт. Ачыгын айтыш керек, арабызда тантып кеткен тамадалар дагы бар. Мен деле бирине жаксам, экинчисине жакпайм. Мисалы, Эшенкул Барпиев 25 жылдан бери той башкарып келатса, мага 12 жыл болду. Тамадалардын дагы өзүнчө стили болот. Куудул, ырчы, бийчи, теле алпаруучу, актер айтор, тапандардын баары тамада. Бирок, эптеп эле акчасын алып, алты саатты өткөрүш эмес. Ким билет (?) балким, ошол тойду той ээси 10 жыл күткөндүр же болбосо, ал адам карызга акча алып, той берип жаткандыр... Негизгиси, жети дубандан келген меймандарды нааразы кылбай, тойду мыкты башкарганга аракет кылыш керек.
- Көпчүлүк той ээлери тамадалардын алган акчасына нааразы болгонун угуп жүрөбүз?
- Менин жеке оюмча, "ставка" деген туура эмес. "Он беш миң сомдон түшпөйм" деп туруп алсаң, сага деле буюрбайт. Той ээсинин шартына карап, беш-он сом үчүн нааразылык туудурбай, бир пикирге келсе болот. "Куда миң жылдык, дос жүз жылдык, тамада бир күндүк" деген сөз бар. Бир күн тойду жакшы алып барсаң, ал өзүңдүн эртеңки күнүңгө жол ачат. Азыр эми ким кандай тамада экенин, эл билип калды. Тамадалар дагы өзүнүн баасын билишет дегендей.
- "Эрке балдардын" ортосунда атаандаштык күч экенин билебиз. Той талашкан учурлар болобу?
- Ордонун жакшы жери мына ушунда. Кардар ордого келет да, каалаган тамадасын тандайт. Башкача айтканда, бардык тамадалардын сүрөтү илинип турат. Алар жөнүндө толук маалымат алат да, той алып барган видео роликтерин көрүп, тандай беришет. Ал эми атаандаштык сөзсүз түрдө болот. Канчалык тамада көп болсо, ошончолук изденип, өзгөчөлүк табасың. Ошондуктан, "жаштарды тартып, алар менен тажрыйба алмашалы" деп жатпайбызбы.
- Ушунча жылдан бери той башкарып жүрөсүз. Өзүңүздөн кандай кемчилик таптыңыз?
- Жакшылык-тойлордун кайнап турган маалында күндө той башкарып каласың. Тамадалыкка жаңыдан киришип баштаган кезде, кыйынчылыктар көп эле болду. Бир жолу биринчи күндөгү тойго катышкан меймандар экинчи, үчүнчү тоюма келип, алардан аябай уялгам. Себеби, баягы эле оюндар, ошол эле меймандар. Анан айлам кетип, ошол жерден жаңы оюндарды ойлоп таап, жаңылык издеген элем. Көп учурда той ээлерин айтып, алардан күнөө издебей, өзүбүздүн кемчиликти моюнга алуу керек.



Той тополоңу
Негизи тойдо күтүлбөгөн окуялар көп болот. Ошондуктан, абайлап, эки жакты карап туруш керек. Бир жолу үйлөнүү тойдо колукту мас болуп, тортко башын жөлөп уктап калган. Ал өтө эле жаш экен. Антракт учурунда бети кызарып, кызып калганын байкагам...
Антракт. Меймандар жыргап бийлеп жатат. Алардын арасында колукту менен күйөө бар. Бир убакта карасам, күйөө сыртка чыгып кетиптир. Антракт бүтүп, тойдун экинчи бөлүгүн баштайын десем, күйөө жок. Күтүп атабыз, бир сааттай убакыт өттү. Көрсө, дос балдары менен бильярд ойноп кетиптир...
2008-жылы Нурлан деген бала үйлөнүп, тоюн алып бардым. 20 күндөн кийин тойго заказ чыгып барсам, кайра эле ошол баланын үйлөнүү тою экен. Эки жаш тил табыша албай, ажырашып кетиптир. Кызыгы, Нурлан үйлөнүү тоюндагы колуктусунун курбу кызына баш кошту.
2010-жылы көп кайталанган тамаша: - жаңы кыргыздар үйлөнгөн күндүн эртеси күйөөсү аялына: - алтыным, мам менен паптын бөлмөсүнө кирип, "жакшы жаткыла" деп айтып койбойсуңбу? - дейт. Анда аялы кайнатасы менен кайненесинин бөлмөсүнө кирип: - мам, пап, жаткан жериңер жайлуу болсун! - деген экен...

Айнура Касымова




Гороскоп
10-январдан 16-январга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Сүйүктүү адамыңыз менен эс алганы жер кыдырып келсеңиз жакшы болот. Эгер андай шарт болбосо, жок дегенде жумуштан эртерээк чыгып, чарчаган дене- башыңызды сергитүү жагын ойлонуңуз.

Букачар (21.04 - 20.05)
Жакын адамыңыздын көңүлүн оорутуп албаганга аракет кылыңыз. Тескерисинче, сүйүктүүңүз менен көңүл ачып, махабаттын кумарына чогуу батканга эч нерсе жетпейт. Маанилүү иштерди кийинки жумага калтырыңыз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Ден-соолугуңуз жакшырат. Ошону менен бирге көңүлүңүз да көтөрүлөт. Жашоо нугун өзгөртөм десеңиз, ал сиздин гана колдо экенин билип коюңуз. Канчалык эрте кам көрүп, артынан сая түшкөнүңүз, ошончолук түшүмүн берет.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Кызматтагы жаңы тепкичке көтөрүлүү жагы байкалат. Ал иш сиздин көңүлүңүзгө төп келбеши мүмкүн. Андыктан жети өлчөп, бир кесип иш кылуу кажет. Кырдаалдан пайдаланып, жакын досторуңуздун кеңешин угуп коюңуз.

Арстан (23.07 - 23.08)
Көптөн бери көкүрөктү өйүтүп келаткан ой максатыңыз иш жүзүнө ашат. Кадырыңыздын көтөрүлүшүнө ага-туугандардын, достордун кандайдыр бир жардамы тийбей койбойт. Карыздардан кутулуп коюңуз.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн кээ бир жагдайда токтоолук керек. Жумуштагы иштердин аткарылышы, жогорку деңгээлде болбогонуна кыжалат этпеңиз. Андан көрө жетекчиңизден өргүү сурап, эс алып алганыңыз оң.

Тараза (24.09 - 23.10)
Кызматыңызга өтө берилип иштегениңиз дурус. Ошону менен бирге үйдөгүлөрдү унутуп койбошуңуз керек. Аларга көңүл бөлүп, ал-акыбалдарын сурап, кем-карчтарына өз убагында жардамга келиңиз.

Чаян (24.10 - 21.11)
Бул жумада лидерлик сапатыңызды көрсөтсөңүз болот. Бардык жагынан сизди колдоого алгандар арбыйт. Жашоого болгон көз-карашыңыз өзгөрүлүшү ыктымал. Жума аягында сиз күтпөгөн коноктор келет.

Жаачы (22.11- 21.12)
Жакын адамдарыңыздын жардамына муктаж болосуз. Ал адамдар чын ыкластан сиздин жашооңуздун жакшырышына көмөк көрсөтүшөт. Жуманын ортосунда сырт жакка чыгып келсеңиз да болот. Анткени, эс алуу сизге пайда апкелет.

Текечер (22.12 - 20.01)
Өнөктөшүңүз менен болгон мамилени жөнгө салууга көп күч коротуп коесуз. Бул түйшүктү баштан кечирүүдө сиздин иш билги жөндөмүңүз жардам берерин унутпаңыз. Сабырдуулук сапатыңызды колдон чыгарбаңыз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Барандуу адамдар менен кер-мур айтыша кеткенге жол бербеңиз. Сизге терс таасири тийип калышы мүмкүн. Сабырдуулук кылсаңыз жакшы болот. Каражат жагынан кабатырланбаңыз. Канткен күндө да акчаны ыктуу корото билиңиз.

Балык (20.02 - 20.03)
Жашоо ыргагыңызды түп тамырынан бери өзгөртүүгө шарт бышып жетилди. Оргуштаган ойлор жана жаңы максаттар буга мерчемдүү түрткү берип аткансыйт. Негизги иштерди жума башында баштап, аягына чыгууга умтулуңуз.