Антракт

"Акчаң болсо калтаңда…"
Акча жашоодо өтө чоң роль ойноору айтпасак да белгилүү. Акча үчүн биз, адам баласы, кандай гана кадамдарга барбайбыз?.. "Акча эч качан көп болбойт" деген ураан менен өмүр бою иштей беребиз, иштей беребиз… Аны табуу үчүн ар ким өз акыл көрөңгөсүнө жараша иш кылат эмеспи. Бирок, кандай жол менен болсо да акча өзүнүкүн алат. Аны колго кармоо үчүн айрымдар, ден-соолугун берсе, башкалар нервин коротот. Айта берсе сөз түгөнбөйт тура, бул чиркин туурасында. Ал эми акча жөнүндө жылдыздар эмне дейт? Акча алар үчүн канчалык мааниге ээ?


Салима БАЛТАЕВА, ырчы:
"Акчамды айтсам, ууру келет"
- Акча уюткулуу болуш үчүн кайда катасыз?
- Маңдай теримди кетирип, эмгек кылып тапкан акчаны үйгө алып келгенде сөзсүз бир бөлүгүн алып коем да калганын колдоном. Анткени, дал ошол акчадан бир кагазы болсо да сакталып турушу керек экен. Аны үйгө эле, эч ким билбеген жерге катам. Азыр айтпай эле коеюн, айтсам уруу келет да (күлүп). Негизи акча чогултуп, банкка салсамбы (?) деген оюм бар. Бирок азыр орундата элекмин. Анткени, колумда чоң суммадагы акча болсо эле тез коротуп салам. Муну жакындарымдын баары жакшы билет. Ошондуктан, бир жакка чыгарда "азыраак акча алып чык" деп күлүп калышат.

Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА, ырчы:
"Балага акча карматпайм"
- Жаш балага көп акча кармата берүүнүн зыяны барбы?
- Албетте бар. Айрым ата-энелерди билем, баласына биринчи эле мүмкүнчүлүктө акча кармата коюшат. Жакшы баа алса деле, бир нерсеге жумшаса деле. Мунун кесепети өтө жаман болуп калышы мүмкүн. Баланы акчага эмес, эмгекке үйрөтүш керек. Кичинесинен эмгекти сүйдүрүп, акчанын оңой табылбасын айтып туруш керек. Жалаң акчага көнгөн балдарды алдоо оор. Мисалы, күндөрдүн биринде ата-эненин колунда акча болбой калышы мүмкүн. Кесепети мына ошондо билинет. Жеке өзүмдүн балдарым туурасында айта турган болсом, колуна ашыкча акча карматпайм. Мектепке кечигип, үйдөн шашып тамактанбай калса гана түшкү тамагына акча берем.

Асия, скрипкачы:
"Акча колума 3 жашымда тийген"
- Канча жашыңдан тарта өз алдыңча акча таба баштадың эле?
-Эң биринчи жолу канча жашымда акча тапканымды айтсам, ишенбейт болушуңар керек. Анда 3-4 жашта болчумун. Мен өтө зээндүү болгондуктан, апам мектепке эрте даярдап, музыкалык окуу жайга 3 жашыман эле берип койгон. Ал кезде санаганды эле эмес, чоң суммадагы сандарды бөлүп, көбөйткөндү үйрөнүп алгам. Үйгө коноктор келсе эле эже-байкелерим менин эсеп чыгарарымды айтып, алар менен акчага мелдеше беришчү. Уткан сумманын бир канча пайызын, албетте, мен алчумун (күлүп). Антип акчага кызыгып алып, эмкиде утулбайын деп, мен дагы апамдын жанын койбой сабак окуп, даярданар элем. Ал эми чоңойгондогу биринчи акча табышым 14 жашымда болгон. Анда "Манас" президенттик оркестринде иштечүмүн. Кайсы бир майрамда резиденцияга барып, концерт койгонбуз. Ошондо чоң суммадагы гонорар алгам. Ошентип, кичинемден бери эле жалаң билимим, интеллектим менен акча таап келатам.

Назира ЖЕТИГЕНОВА, куудул:
"Акчаны тескери бети менен берем"
- Акчага байланыштуу кандай ырымдарды карманасыз?
-Көп эле ырымдарды билем. Анын ичинен колдонгондорум саналуу эле. Мисалы, акчаны берип атканда сүрөтү бар жагынан эмес, тескери бети менен берем. Дайыма. Муну менен акчам көп чыгым болбосун деген тилек кылам. Айлык же гонорар алганда сөзсүз апама бир нерсе алып, анан өзүм таттуу сатып жейм. Муну менен ушул акча жалаң таттуу, жагымдуу нерселерге, жакшылыкка жумшалсын деп үмүттөнөм. Бул ырымдардын баарын кайсы бир убакта дүкөндө иштеп жүрүп, үйрөнүп алгам.

Айгерим РАСУЛ кызы, ырчы:
"7 күндө 7000 сом сарптайм"
- Жумасына канча акча коротосуң?
- Алгач күнүнө акчаны кайсыларга короторумду айтайынбы? Эң көп акчам бензинге кетет. Телефонумдун бирдигине жок эле дегенде эки жүз сом кетирем. Анан күндө гамбургер алып жейм (күлүп). Негизги акчалар ошого кетет. Ал эми сулуулук салонуна анча көп акча коротпойм. Анткени, ал жакка маникюр жасатуу үчүн гана кайрылам. Бардыгын кошкондо жумасына 7000 миң сомдон кем эмес суммадагы акча колдоном. Бул эми күнүмдүк гана нерселерге сарптала турган акчалар. А окуума жана башка керектөөлөргө кеткен акчаларды айтпай эле коеюн. Акчама мактангандай болуп калам. Окурмандардын арасында туура эмес түшүнгөндөр да болот эмеспи.

Элдар АТТОКУРОВ, акын:
"Үйбүлөнү багыш керек…"
- Акчага жазылган чыгарма "даамдуу" болобу?
- Эмнеге болбосун? Чын дилиң менен берилип, болгон эмгегиңди жумшасаң, сопсонун эле чыгарма жаралат. Азыр турмуш ошондой болуп калды. Үйбүлөнү багыш керек. Мисалы, жакшы суммадагы акчага бир адамдын бул жашоодо басып өткөн жолу туурасында китеп жазыш керек болсо, анын жакындарынан, жоро-жолдошторунан жакшылап материал чогултуп, жанында жүргөндөй эле китеп жазып бергендер бар. Чыгармада негизи акындын, жазуучунун жандүйнөсү чагылдырылат эмеспи. Ал башка адамдыкына окшобойт. Ошол себептен, акчага жалданып жазылган чыгарма өтөсүнө чыкпайт деген ой болушу мүмкүн. Бирок, жандүйнөм деп эле калемгер бекер иштей берсе болбойт да. Ал да эмгек кылып атат. Ар бир эмгек бааланыш керек. Үйбүлөнү, бала-чаканы багыш керек да.

Жибек, "Большие люди" долбоорунун актрисасы:
"Баарынан бакытты баалайм"
-Акча сен үчүн?..
-Акча мен үчүн - ийгилик, жетишкендик жана убакытты үнөмдөөчү каражат. Акча менен көп ишти бүтүрүүгө, көп адамга таасир этүүгө болот. Акча менен каалаган бийиктиктерди багындыруу мүмкүн. Бирок, акчанын бир нерсеге күчү жетпейт. Ал жөнөкөй адамдык бакыт. Бакытты эч качан акчага сатып алалбайсың. Бакыт үчүн сүйүү керек. Айрымдар "азыркы кыздардын баары эле жигиттердин акчасына карайт" деп ойлойт. Мен ал ойдон алысмын. Мисалы, мен жигиттин эч качан акчасына караган эмесмин. Акылсыз, зөөкүр, мени сыйлабаган жигиттин акчасынын кереги эмне?




Алп жылдыздар эмне дейт?
Дүйнөлүк жылдыздар арасында учурда акча табуунун жаңы жолу табылган. Бул кайсы бир мультимиллионердин жеке кечесине барып катышуу. Буга той ээси акылга сыйбаган каражат коротот. Анда тапкан кирешелери туурасында продюсерлери да, жылдыздар өздөрү да айткысы келбейт. Бирок, алардын кадимки эл алдында берген концертинен 3-4 эсе көп экени далилденген.
Эмми Уайнхаус Москвага келип, Роман Абрамовичтин курбусу Дарья Жукованын көркөм галереясынын ачылышына катышкандыгы үчүн 1,5 млн. фунт стерлинг алган. Ал эми орус банкири Александр Мельниченконун үйлөнүү тоюнда ырдап бергендиги үчүн Шакира менен Кристина Агилерага 2,5 млн. евродон тийген. Газпром Кремлде өткөн 15 жылдык салтанатына ырдап бергендиги үчүн Тина Тернерге жана анын тобундагы ар бир адамга 1,5 млн. евродон төлөгөн. "Черкизов" базарынын кожоюну Тельман Исмаиловдун жаңы жылдык кечесинде ырдагандыгы үчүн Бейонси 1 млн. евро тапкан. Ошол эле адам туулган күнүнө Женнифер Лопести чакырып, 2 млн. долларга чыгым болгон. Ал эми Россиянын дагы бир байы Сулейман Керимов жаңы жылдык кечесине Пэрис Хилтонду чакыруу үчүн 2 млн. долларын серпип койгон.

Торгой БЕКМУРАТОВА