Учурмаек

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:
"Акча жесем, арбак кечирбейт..."
- Каныбек мырза, 2007-жылы парламент таркатылгандан кийин көрүнбөй кеттиңиз эле. Бирок, 7-апрелде кайрадан саясатка кайрылып келдиңиз. Сурайын дегеним, ушул эки жарым жыл аралыгында эмне үчүн такшалган саясатчы катары коомчулук алдына чыкпай жүрдүңүз?
- 2005-жылы Жогорку Кеңеш ичинде оппозициялык топ пайда болгон. Алардын арасында мен да бар элем. Бүгүнкү Конституцияны биз ошондо талап кылып чыкканбыз. Кийин 2007-жылы октябрда парламент кандай жол менен таркаганын өзүңөр билесиңер. 2008-жылы декабрга чейин чогулуштарга катышып, "Достук" мейманканасында өткөн Бирдиктүү оппозициялык келишимге 12 партиянын ичинен "Туран" партиясынын атынан мен да кол койгон болчумун. Ошол убакта Кыргыз Славян университетинде, дипломатиялык академияда сабак берип, докторлук ишимди улантып, дээрлик эки жылда жазып бүттүм. Аны быйыл жай айында Москвада Тышкы иштер министрлигинин астындагы дипломатиялык академиядан жактап келдим. Бул айтканга оңой болгону менен илимий чөйрөдө жүргөндөр үчүн чоң түйшүк. Эки илимий монографиям чыгып, дагы бири Москвадан жарык көрүп жатат. Бул жагынан убактымды туура пайдаландым деп ойлойм.
- 7-апрелде эл көтөрүлүп чыкканда да, оппозиция менен бирге белеңиз?
- Ал күнү жумушта элем. Славян университетинин алдынан мен да агылган элге кошулдум. Карасам элдин нааразычылыгы күчөп, эч кимди укчудай эмес. Тыныстанов көчөсүнө жеткенде Турсунбек Акунга жолугуп, "камактагы лидерлерди бошотсун, абал кыйындап кетет" дедим. Ал Акүйгө келсе, Данияр Үсөнов "сүйлөшүүгө барбайбыз, маселени сенсиз эле чечебиз" деп кагып коюптур. Флагштоктун жанында туу кайтарган жоокерди тепкилемек болушканда эптеп сактап калдык. Анан эки миңдей киши Улуттук коопсуздук комитетин көздөй жөнөдүк. Анткени, оппозиция ошоякта камалып, УКМК жанында аскердик күч аз болчу. Бир аздан кийин борбордук аянтта ок мөндүрдөй жаап, жарадар болгондор, жыгылып түшкөндөр көбөйө баштады. Келсек, жараат алып, курман болгондорду ооруканага ташып башташыптыр. Ал күнү таңга чейин ошол топ менен жүрдүк. Түнү менен курман болгондор жөнүндө маалымат чогултуп, атайын уюштуруу коомдук комиссиясын түздүк. Алардын кыркы өткүчө китеп жазып, фотоальбом чыгарып, кино тартылды. Жаманчылыкты чогуу көтөрүү мусулманчылыктын да, кыргызчылыктын да парзы. Ата Бейиттин тегерегин тостурдук. Анан 40 күн өткөндөн кийин ишти толугу менен атайын мамлекеттик комиссияга өткөрүп бердик.
- Ошол маалда сиз тууралуу "курман болгондорго бөлүнгөн акчадан өөнөп алыптыр" деген кептер чыкты эле?
- Мындай сөздү биринчи жолу угуп жатам. Ким ошол акчадан бир тыйын кымтып алса, аны арбак кечирбейт. Курман болгондордун үйбүлөсүнө каражатты Финансы министрлиги бөлүштүрүп, тийиштүү документ аркылуу берген. Кай бир учурда таңкы саат төрткө чейин үйлөргө барып, министрдин орун басары А.Нишанов менен бирдикте тапшырган учурлар болду.
- Улут, тил маселесин көтөрүп жүрөсүз. Бирок, кыргызча так, даана билбеген лидердин партиясына кошулдуңуз. Бул сиздин улутмандык позицияңызга терс таасирин тийгизбейби?
- Улутмандык позициядан мен эч убакта танбайм. Улут, тил маселесин такай эле көтөрүп жүргөм, мындан ары да көтөрө берем. Илимий ишимди да ушул темада жаздым. Азыр Кыргыз тарыхынын 12 томдук китебин, Кыргыз адабиятынын 10 томдук антологиясын чыгаруу үчүн тарыхчылар, жазуучулар менен бирге иштеп атам. Бул мактангандык эмес, тек атуулдук милдетим. Ал эми "Ар-намыс" партиясын тандаганымдын өз себеби бар. Биринчиден, бул узак жылдык тарыхы бар партия. Экинчиден, партиянын лидери менен саясый көз карашыбыз жакын. Илгери шаардык интеллигенция балдары жалаң орусча окушкан. Ф.Кулов да ошол доордо өскөн. Бирок, айтып коюу зарыл, Феликс Шаршенбаевич, мурдагыга караганда кыргыз тилин дурусураак өздөштүрүп калды. Кыргызча китептерди окуп, андагы учкул сөздөрдү шайлоо маалында, эл менен жолуккан жерден айтып жүрдү.
- Кулов камалган кезде сиз Аскар Акаевдин эң жакын адамдарынын бири элеңиз, эми чогуу иштешип жатасыздар. Муну тагдыр тамашасы деп түшүнсөк болобу?
- Бул да болсо Куловдун калыс позициясы болсо керек. Анын ордуна башка бирөө болсо, "мени каматкан президенттин командасында жүргөн" деп тескерисинче, балким өч алмак. Бирге иштешүүгө чакырмак да эмес. Ал болсо бул кадамы менен майда таарынычтан жогору турганын далилдеди.
- Айтмакчы, Аскар Акаев менен жолугуп турасызбы?
- Жаманбы, жакшыбы аны менен далай жыл бирге иштедим. Бийликтен кеткени үчүн адамдан жүз бурган болбойт. Өтө жакын болбосом да, байланышты үзгөн жокмун. Былтыр ноябрда Москвага барганда жолукканбыз...
- Айрым кептерге таянсак, учурда "Ар-намыста" сизге нааразы болгон мүчөлөр көп экен. "Шайлоо учурунда илимий ишке шылтоолоп, чуркабай коюп, эми даяр ашка келди" деп...
- Жеке өзүм эч кимден андай сөз уккан эмесмин. Бул эми талкуулоого арзырлык деле нерсе эмес.
- Өткөн жумада Медет Садыркулов жөнүндө китеп чыкканын пресс-конференция аркылуу журналисттерге маалым кылдыңыз. Ал киши менен кандай мамиледе элеңиз?
- 1994-жылы мен президенттин администрациясына келгенде бөлүм башчы эле. Кийин ал Биринчи май районуна аким болгондо жакындан тааныштым. Бул киши жөнүндө эл арасында эки ача пикир бар. Жакындан билгендер аны "көрөгөч саясатчы" десе, билбегендер "интриган" деп айтышат. Жеке менин эсимде интеллектуал, китепти сүйгөн, мыкты жетекчи катары сакталып калды. Адамды уга билчү, прогрессивдүү идеяны колдоп, мамлекет кызыкчылыгын баарынан өйдө койчу. Анын өлүмү саясый заказ болгону, анын артында кимдер турганы баарыбызга маалым. Эми муну укук коргоо органдары далилдеш керек. Өлгөн адамды эскерүү тирүүлөрдүн парзы. Ошол себептүү, убагында Медет Чокановичти жакшы тааныган жыйырмага чукул адам 13-декабрь туулган күнүнө карата китеп жазганбыз. Бул биздин ага тургузган эстелигибиз болду.
- Кепти саясатка бурсак, учурда "жаңы түзүлгөн коалиция ара жолдон кыйрайт" деген пикирлер айтылууда. Буга кошуласызбы?
- Ушундай кырдаалда кандай гана коалиция болбосун түзүлгөнү жакшы болду. Азыр бизде көйгөй чачтан көп. Ош шаарын ордуна келтирүү, курман болгондордун үйбүлөлөрүнө жардам берүү, мугалимдердин айлыгын көтөрүү сыяктуу олуттуу маселелер чечилбей турат. Бизде убакыт өтө аз. Беш партия баары биригип, араң 37 пайыз гана шайлоочулардын колдоосуна татыды. Лимитибиз чектелүү. Милдетибиз болсо опол тоодой. Бир жыл ичинде мамлекетти турукташтырып, бюджет тартыштыгын жоё албасак, бат эле таркашыбыз толук мүмкүн. Мурда күнөөнүн баарын акимге, президентке, оппозицияга шылташчу. Азыр өкмөттү, губернаторду, сотту да биз дайындайбыз. Эң кызыгы оппозиция да парламентте. Мамлекеттин тагдыры үчүн мына 120 депутат жооп беребиз. Парламент ичинде беш партиябыз, ал эми эл астында бир күчпүз. Таркаса бир таркайбыз, кризисти жеңсек бирге жеңебиз. Бирок, коалиция кыйраса, аны трагедия катары кабылдабоо керек. Бул саясатта боло берчү көрүнүш. Саясый процесс.
- Азыркы парламентте отурган партиялар үлкөн мамлекеттердин таңуулоосу, көрсөтмөсү менен иштейт деген божомолдор бар. Айрыкча, "Ар-намыс" партиясы...
- Державалардын геосаясый, экономикалык, улуттук кызыкчылыгы барын тана албайбыз. Шайлоо астында коңшу мамлекеттердин колдоосу партияларга керек болду. Дүйнөлүк саясатта мындай боло берет. Ага таң калуунун кереги жок. Бирок, шайлоо бүттү. Эми жагдай башкача болууга тийиш. Биринчи орунга саясатчынын эмес, мамлекеттин амбициясы турушу абзел. Антпесек, эл дагы ишеничи азайып, көңүлү калаарын бөркүбүздөй көрөлү. Канткен күндө да державалар менен иштешүүгө мажбурбуз. Ал жакта иштеп жүргөн жүз миңдеген жарандарыбызды да унутпашыбыз керек да.
- Учурда "криминалдык топтор баш көтөрүп, мамлекеттик бийликке аралаша баштады" деп айтылып жүрөт. Айрым лидерлердин дарегине "кылмш чөйрөсү менен түздөн-түз байланышы бар" деген сындар жааганын уккан жайыбыз бар...
- Бул жерде негизги күч өкмөттө. Анткени, укук коргоо органдарын ошолор түптөйт. Эми алардын криминалга күчү жетеби, Грузиядагыдай күрөшө алабы (?) кеп ошондо. Италияда деле сицилиялык мафияны өкмөт эмес, парламент жойгон. Мыйзам жана саясый эрк күчтүү болсо, кылмыш чөйрөсү менен чечкиндүү жана натыйжалуу күрөшсө болот.
- Өзүңүз мугалим болуп иштеп калдыңыз, бүгүнкү күндө нааразы болгон мугалимдердин айлык акысын көтөрүүнүн кандай жолун сунуштаганы турасыз?
- Мен өзүм мугалимдин үйбүлөсүндө чоңойгом. Мугалимдер эч убакта мамлекетке каршы болбойт. Бүгүнкү нааразычылык айласыздан чыкты. Мен айлыкты көтөрүүнүн эки-үч булагын көрүп турам. Биринчиси, мамлекеттик аппараттарды, чыгымдарды кыскартуу. Экинчи, улутташтырган жайларды аукционго коюп сатып, андан түшкөн каражатты жумшоо. Үчүнчүсү, 49 пайызы мамлекетке өткөн "Мегаком" компаниясынын 5-6 млрд. сом жылдык кирешесин бөлүштүрүү. Биз мугалимдерге 1 млрд. сом таппай атабыз. Эмне үчүн мынча киреше бир эле компанияга энчилүү болушу керек?
- Бүгүнкү күндө түзүлгөн өкмөттүн курамына кандай көз караштасыз? Ага келген адамдар чындап эле ошол орунду ээлөөгө татыктуубу?
- Биз парламент жолун тандасак эле, баары ойдогудай шыр кетет деп ойлодук эле. Анын да оош-кыйышы бар экенине эми ынанып отурабыз. Шайлоо 10-октябрда өттү эле, өкмөт болсо 17-декабрда араң куралды. Азыркы парламент, азыркы өкмөт кантсе да коомдун бүгүнкү маанайын билдирет. А.Муралиев, Ө.Абдуллаева, О.Артыкбаев, А.Салянова сыяктуу инсандардын жаңы өкмөттүн курамына кирбей калышы, албетте, өкүнүчтүү. Бирок партиялык принцип менен түзүлгөн коалициялык өкмөттүн табыяты ошондой болот. Буга да көнүшүбүз керек. Көч бара-бара түзөлөт эмеспи, эгер түбөлүгү түз болсо... Иштегенге убакыт берели, анан ошого жараша баа берели.
- "Саясат Каныбек Иманалиевди бузду, журналистикада жүрсө андан чыгаан жазуучу чыкмак" дешет. Чын эле саясат сиздин атыңызды булгадыбы?
- Журналистикада жүрүп жазгандарымды чогултуп, кийин байкасам көбү таштандыга кетчү нерсе экен. Арасынан саналуусу гана купулума толду. Журналистика мага чоң мектеп болду. Калемим төшөлдү. Мүмкүн саясатта мен жашмын. Бирок, билимим, күчүм жетсе мен эмнеге четте карап турушум керек? Мамлекет бирөө, элиң бирөө, өмүр бирөө. Мамлекет түптөлүп атканда ага байкоочу катары катышкым келбейт. Мен да салым кошсом дейм. Саясатта мен позициямды өзгөрткөн эмесмин. Балким, менин соңку чыгармаларымды "Каганат", "Саякбай", "Тагай бийди" окугандар болсо, сиз ойлогон ойдон алысташы абзел.
- Быйылкы жылы окуп чыккан китептериңизден кайсынысы эсиңизде калды?
- Айрыкча А.Стамовдун "Хан Тейиш", Бүбү Мариям Муса кызынын "Айкөл Манас", Ш.Дүйшеевдин "Эки дөөнүн кармашы" жана Н.Капаровдун "Агым" гезитине жарык көргөн Шайлообек байке жөнүндөгү макаласы.
- Жаңы жылга карата элге каалооңуз?
- Кайгырганга караганда кубангандар, ооруганга караганда айыккандар, ажырашкандан табышкандар, төрөлгөн бөбөктөр, баш кошкон жаштар көбүрөөк болсо экен. Элибизге жакшылык, жерибизге бейкуттук, жаңы өкмөт менен парламентке болсо опол тоодой жоопкерчилик жана жигердүүлүк каалайм.
Азыркы кыйынчылыктар убактылуу, ал эми мамлекетибиз менен "Манасыбыз" түбөлүктүү экенин унутпасак.

Санжи Туйтунова