Шейит кеткен
90 бала "А.Келдибеков спикер болсун" дешкенби?..

Урматтуу окурман, эгер сиздин бактыңыз ашынып, жүрөгүңүз толкуп турса, же тескерисинче, көңүл чөгүп, кыжырыңыз келсе, биз сиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Үкөгүбүздө СМСке орун көп. Мейли куттуктоо жазыңыз, же кимдир бирөөгө сүйүү арзууңузду билдиресизби, же коомдук саясый турмушту талкуулайсызбы, өз эркиңиз.
Билдирүүлөр аптанын ар күнү кабыл алынат.


0(778) 23-99-46;
СМС жаз!
5239. Ушу сотторго түшүнбөйм. Тоок уурдагандарды 3 жылдан 10 жылга чейин кесип, ал эми көпчүлүк элге кыргын салгандарды "үй түрмөсүнө" чыгарып атат.
Нурлан

5240. Шер, азыр демократия! Ар ким өзү билет, каерде иштейт, жашайт. Сен аларды тыюуга акың жок!
4318 абоненти

5241. "Ата Мекен" эл менен! Бакиевчилерге элдешкис душман болуп, жолуңардан кайтпагыла. Артыңарда силерди колдогон калың эл-журт бар экенин унутпагыла!
Муктар, Бишкек

5242. Кыргыз элин саясый кризистен Темир Сариев гана алып чыга алат. Башкалары парламентте эмне болуп жатканын көрүп атабыз. Азыркы парламент деле алыска барарына көзүм жетпей калды. Анүчүн таркатыш керек да, жаңы парламентти курап, Темир Сариевди алып келгиле!
4671 абоненти

5243. Депутаттар бир адамды басып кое албады. Арткы шыйрак экенсиңер!
7800 абоненти

5244. Б.Аракеев, "Ата-Журтка" асылганыңды качан коесуң? Ош, Жалал-Абад коогалаңында эл үчүн төшүн окко тоскон эр-жүрөк азаматтар сага (Барат арак) эмне кылды?
8188 абоненти

5245. 8188 абоненти, сен капысынан эшектин мээсин жеп алган эмес белең? Сенин СМСтериңди окуп, аллергия болчу болдум. Сенден сураныч, омбу-домбу СМСтериңди токтотуп эле койчу. "Эшекти отко айдасаң, бокко качат" болбой.
7630 абоненти

5246. "Кыргызмын" деген депутаттар жана чиновниктер кыргызча эле сүйлөсөңөр! Сессияны кыргыз тилинде алып барсаңар тилиңерге тибиртке чыгабы? Жанагы баканы, итти жеген башка тилдүүлөргө, ага кошуп Куловду кыргызча сүйлөгүлө деш керек!
7630 абоненти

5247. Билермандар! Мугалимдердин пикетке чыгып атканын туура эле көрдүм. Анткени, алардын айлыгы силердин бир жолку тамактанган акчаңардай эле 1300 сом болуп атпайбы. Ал эми саунага жана түнкү көпөлөктөргө короткон акчаңарды бир жылда да таппайт болсо керек. Ошондуктан, мугалимдердин айлыгын тез аранын ичинде көтөрүп, эң азы 10 миң сом кылгыла! Болбосо мен да пикетке чыгам.
7763 абоненти

5248. Шер, менин ата-энем Суусамырдан, өзүм Чүйдө чоңойгом. Сага Чүйдү жездең энчилеп берген эместир. Кыргыз баласы Кыргызстандын бардык аймактарында жашаганга жана иштегенге укуктуу. Муну көкүрөгүңө бекем түйүп кой.
Жорик, Кара-Балта

5249. ИИМдин министри Ырсалиев жеткен жердешчил адам окшойт? ИИМдин кадрларынын жана толуп аткан кызматкерлерин Талас жактан чогултту деп уктум. Апчесине жагынып атабы? Бүгүн-эртең жаңы өкмөт куралса, ИИМ эмне болуп кетерин эч ким билбейт. "Эжесин көрүп иниси өсөт" дегенди уккансыңбы?
Баргы

5250. Кыргыздын жарымы хан, калганы ырчы болгусу келет. Жөнөкөй жана карапайым адам болом дегендер жок болуп калган. Же андайлар барбы?
Бугу

5251. Роза Отунбаева эжеге арналат: мындай күндү улам баштан кечирдик, кайра-кайра эки башчы кетирдик. Жаратканым сизге берсин акылды, чогултпаңыз эч убакта байлыкты!
Клара

5252. Кыргызстанда жаңы система орноду. Бирок, эски коррупционерлер дале болсо бийликте жүрөт. Люстрация мыйзамын тезинен кабыл алуу керек!
Революционер

5253. Шер азаматсың! Жазган СМСтериңде кашкайган чындыктар чыркырап аткансыйт. Сага рахмат!
2121 абоненти

5254. Биздин кыргыз элин күлдүргөн куудулдарыбызга, азыркы айына жетпей чала төрөлгөн парламент депутаттар аябай конкурент болуп жатышат. Куудулдарга эл күлбөй калган. Ал эми депутаттардын сүйлөгөнүнө жана басып-турганына, кебетелерине, жанагындай аксакалга атырылганын көрүп алып ичиң аябай эзилет экен. Буларды "супер куудулдар" деп атап алышыбыз керек болуп калды!
Бекен

5255. 5155 абоненти, аксакалга атырылган "Ата-Журттан" эмес, сендей маңкурттар билбесе жазып эмне кылат.
0008 абоненти

5256. Ар бир кыргыз өзүнүн улуулугун, тазалыгын, мекен үчүн кашык канын төгөрүн билбесе, анын улуттун өкүлү, жараны катары келечеги жок!
Улутман

5257. Ой тооба, мамлекеттүүлүк позициясы, түшүнүгү жок СДПКдагы тегирменчи сымал бир киши теледен сүйлөсө, оозунан ундун чаңы биякта калсын, муштумдай камыр ыргыйт го чиркин!
Жаргылчак

5258. Кыргыз элин Түндүк-Түштүк деп бөлгөн, бул - эгиз балдарды бири-бири менен бычакташтыргандай!!
Мукаш

5259. Баргы! "Сиздин эки элди бөлүп алышыңар мүмкүн" дегениңизди кандай деп түшүнсөк болот? "Кыргыз бир эл, бир журт" деген түшүнүктөн өтө эле алыс экенсиз!
Улутман

5260. Сатыбалдиев Элмурза! Сен прокуратураны "гүлдөттүң"! Билебиз.
Патриот

5261. Текебаев өзүнүн эли менен тил табыша албай, бийликтин вагонуна "чиркеше" албай ара жолдо "оппозиция" деген станцияда калды. Эми кийинки поездге чейин куйтуланбай тынч отуруп турса экен деген тилек айта кетмекмин.
Бекен

5262. Кыргыз элим уккулачы! 16 миллион калкы бар Мехико, Шанхай шаарлары кырылбай эле батышып жашап атат! Эмнеге эле биздин элдер тытышат? Кыргызстанда бир үйбүлө бир коктуга батат. Эми ушу жер аздык кылып атабы? Эгер ушуну аз деген адам бар болсо, анда ошол адам өлгөндө деле көрүнө батаары күмөн…
4585 абоненти

5263. Бир кезде Бакиевди колдогон элдер четтен чыккан. Ал эмне кылды? Эми Ташиев, Келдибековду колдоп атасыңар. Силер туура тандоо кылдыңарбы? Же дагы да болсо акылыңарга келе элексиңерби? Мен ишенбейм бул адамдарга! Мени жаман көрбөгүлө, чындыкты айтканым үчүн.
1334 абоненти

5264. Элим, талашыңар эмне? Депутаттарбы? Анда эмесе уккула! Булар силерди эч качан ойлобойт. Үйлөрүнө барсаң, дасторконунда эмнелер гана жок. Анан салыштырып көргүлө өзүңөрдүкүн. Калп айтсам мурдумду балта кесип калсын. Биз депутаттардын жердигине эмес, мээсине карап талашсак пайдалуу болмок. Буларың деген бирди сүйлөйт, башканы жасайт.
4585 абоненти

5265. Акмат Келдибеков спикер болду. Бул эмне деген шумдук? Экинчи Закиржан келди десек болобу же андай эмеспи? Эл көтөрүлүп кетпесе экен. Шейит кеткен 90 бала "Келдибеков спикер болсун" дешкенби? Акматтын эл үчүн кызмат кыларына мен ишенбейм. Мага окшогондор четтен чыгат. "Акмат өлкөнү оңдойт" дегендер чоң жаңылышат!
6255 абоненти

5266. Таап жечү нанынан "Ош-Актилек-Асылбек" айрылып калабы?!
8496 абоненти

5267. 3333 абоненти, сенин мээң иштебей калыптыр. Мээңдин ордунда эмне бар экенин догдурга барып текшерт. Жанагы Балтабаев аксакалга атырылган акең менен жерге кирип кет! Ошол акеңдин да мээси ордунда эмес. Аны да догдурга ала бар. Кеч болуп кала электе. Силердей адамдардын бар экенине кантип чыдап турганымды өзүм да түшүнбөй кетем. Астыман чыксаңар оңбой калдыңар го, алымдын барынча жаткыза чаап салам.
"kurguz bala"

5268. Эдик! Таластыктар Конгантиевге эч качан ат мингизип, тон жапкан эмес, жаппайт дагы. Муну сага окшогон бекерчилер ушак кылып чыгарып коюшса керек. Таластыктардын атынан сүйлөбөй жүр, алардын балээсин аласыңбы?
"kurguz bala"

5269. Ыйлаба кыргызым, оңолот турмушуң. Азап күндөн алып чыгат буюрса Аллахым!
Кыргызхан

5270. КТРдин "келемиштери" эзели оңолбой калды окшойт. Таң каласың, "Ала-Тоо" жаңылыктарында кыргыздардан орусча интервью алат да, анан кайра кыргызчага которуп көрсөтүшөт. Токтогул суу сактагычында суу толду деп какшап атышса, кадрда бөксөсүн көргөзүп атат. Ишемби, жекшемби күндөрү сасыган саясатчыларды сайратып коюп, кыжырга тийгендеричи. Жанагы жаңы шайланган Кубат Оторбаев деген неме кай жакты карап отурат? Шайлоодо тапканына маарып, кыздар менен сауналап жүрөбү? Же мынча акча таппаган неме пулдарын жашыра албай, алты айласы кетип атабы? Же көөп атабы? Эсине келтирчү жана КТРди оңдой турган адам жокпу? Көрө турган эчтеке жок болуп калды.
4585 абоненти

5271. 7171 абоненти, сен эмне деп келжиреп жатасың? Ушу сага окшогон көк мээлердин азабынан башка элдер да кыйналып жүрөт. Закиржандын убагында жакшы жашагансың го? Акаң кеткенине ичиң ачышса туз жала! Ал заман сага окшогон көк мээлер үчүн жомок бойдон калат. Аны небере-чөбөрөңө айт.
Бек

5272. Тар жол, тайгак кечүүдөн кездешип көрбөйлүбү? Стадиондо биздин бөлтүрүктү байлап коюп, шылдың кылып жатасыңар.
Көкбөрү

5273. Бийликке силер жактан шайланса, алар оозуңарга нан салып бермек беле? Өз оокатыңар кыбырап өтө бермек. "Биз жактан болсун, биздин бала болсун" деп атып, эмненин ичинен чыктык. Караңгылыктан качан чыгасыңар?
Патриот

5274. Анвар Артыков, дагы бир жолу биздин аксакалыбызга сөөмөй кезей турган болсоң, ошо сөөмөйүңдөн айрылып калышың мүмкүн.
5287 абоненти

5275. Кыргызстанда жашап, кыргыз болуп туруп, элди бөлгөн акылы тайкы шумпайларга айтаар сөз: Кыргыз болуп туруп, өзүнүн улутун шылдыңдап, бетине көө шыбаган, бул айбанчылыктын жеткен чеги!
Мукаш Ырсалиев

5276. Р.Отунбаева эжебиздин Бакиевге окшош бир нерсесин байкап калдым. Ал "СДПК коалиция түзө албаса "Ата Мекен" түзөт" деп туруп, "Республикага" берип койгону.
5287 абоненти

5277. "Республика" партиясы бакиевчил "Ата-Журт" партиясы менен бирикти. Апрелде курман болгон баатырлардын өлүмү текке кетти!
Барскан

5278. "Жаман айгыр үйүрүнө тап болот" дегендей эркектер чогулгула! Ташболот агабызга сөөмөй кезеген бир кишини Акүйдөн кармап чыгып, энесин таанытабыз! СМС менен иш болбойт. "Бөлүнгөндү бөрү жейт" болбой биригели. Кыргыздар байланышкыла!
Тел: 0778-70-56-85

5279. "Эшегине жараша тушагы" дегендей, шайлоодо жеп-ичкен, бешбармак, арактын же тууганчылыктын жыйынтыгы ушу болду. Кыргыздар ойлонолу, кеңешели. Бизге жаман болду. Эми балдарыбыздын келечеги кандай болот? Маңкурттукка жол жок!
5685 абоненти

5280. Оштун мэри Мелис Мырзакматовго ыраазычылык айтабыз. Жаңы жылдык кечелерге салют, арак-шарап сатканга тыюу салды. Элдин оюндагы ишти кылды. Кан жутуп турган элге, шаарга кайдагы майрам?! Убактылуу өкмөт, силер да уялбай эле М.Мырзакматовдон үлгү алгыла!
4984 абоненти

5281. Урматтуу "Учур" гезити! Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңар менен куттуктайбыз! Гезит окурмандарына тамада жана музыка кызматын сунуш кылабыз.
Тел: 0779-20-00-71

5282. Таластын Бакай-Ата айылында жашап, өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенип келе жаткан атам Чыныбекти, апам Уулманды келе жаткан жаңы 2011-жылыңар менен куттуктайм! Ар дайым төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер, бар болгула!
Талгат
5283. Текебаев өзүнүн эчтекеге жарабай калганын моюндады бекен? Эл тараза болду. Парламентке барган азаматтарга рахмат! Өмүкенин ордун аныкташты. Ал өмүр бою оппозицияда жүрүү керек. Бул анын бешенесине жазган тагдыры. Анткени, андан эч ким качып кутула албайт. Текебаевдин эл башкара албасына менин да көзүм жеткен.
Рая, Ош

5284. Баксты кубалап, кайра "куйруктарын" шайлап алганыбыз кандай? Азыркы спикердин ким экенин, эмне кылып жүргөнүн эл билет. Атамбаев, Бабанов! Силерге эл ишенип отурса, кылганыңар ушубу? Андай болсо Минскиде жашынып жүргөн адамды кайра алып келип, президент кылып шайлап алалы.
Чагылган

5285. "Ата-Журт" эл алдында жүзү ак экенин дагы бир жолу далилдеди. Трайбалисттердин оюн ит каап, генерал Келдибеков 101 добуш менен спикер болуп шайланып калды. "Ата-Журт" алга! Силерге ийгилик гана каалайбыз жана бирге болобуз!
Баргы

5286. "Учур"! Биз сиздердин жамаатты келе жаткан жаңы жылыңар менен куттуктайбыз! Чыгармачылык ийгилик каалап кетебиз жана Кыргызстандын ичиндеги эң окумдуу гезиттерден болушуңарды каалайбыз!
4453 абоненти

5287. Сагынып күткөн мен болуп, сүйүүмдү күткөн сен болуп. Биринчи сенден сурайын, жакшыбы жаным ден-соолук! Андан кийин сурайын, акчаң көппү ак жоолук?
5715 абоненти

5288. Жаңы шайланган депутаттын аялы күйөөсүнө арызданып жатат, - жанагы айдоочуңду жумуштан тезинен кетирчи. Бүгүн машинаны катуу айдап, мени өлтүрүп кое жаздады дейт. Анда жаңы депутат, - мен бул айдоочуну сураштырып атып араң таптым. Андан көрө айдоочуга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берели. Баса, эмдигиде жаныңа кайненемди да салып алчы, деген экен.
KG

5289. Курсан Асанов деген жигиттин тополоңдо жасаган иштерине аябай ыраазы болдум. Кыргызстанда жашагандан кийин кыргыздын патриоту болуп жүрө бер. Азаматсың!
3709 абоненти

5290. Текебаев "Ата-Журттун" лидерлерин "Бакиевдин бөлтүрүктөрү" дегендей болду эле. Тагдыр тамашасы ушу экен. Эми минтип бөлтүрүк карышкырга айланып, Өмүкебиздин басса-турса оюнан кетпеген спикерликке шайланып, мамлекетибиздин парламентин башкара турган болду!
Абдрасул чайкоочу

5291. Барскан, сага Текебаев жакса жаккандыр. Аны менен эмне айткың бар? Калайык калк дегендин тандоосунда канчалаган эр-азаматтар бар. Текебаев жалгыз эместир. Муну билип жүр. Жагынгандын да ыгы болуш керек!
0405 абоненти

5292. Шер, Алайлыкмын деп тантырабачы. Алайда Шер деген аттар жок. Биз толук кандуу аттар менен чакырабыз. Өзүңдү "статист" сезбечи. Ар улуттун пайыздык карым-катнашын "чаккан" киши болумуш этип. СМСчилер, сиздерден сураныч, Алайдын атын жамынбагыла!
Савай, Алай

5293. Алай эли колдогон үчүн "Ата-Журт" парламентке өттү. Жеке өзүм үгүтчү болуп жакшы иштедим. Ишенбесеңер Алайга келип, биринчи эле жолуккан кишиден Савайды сурагыла. Мына, спикер да Алайдан болду. Анан калп эле алайлыктардын терисине жамынып алыш уят! Кудай көрүп турат калпыбызды.
Савай, Алай

5294. Шерсиңби же Болот Шерсиңби, СМС жазбай эле койчу. "Тияктан, бияктан болом" деп элди бөлүп-жарбай. Сенин кандай адам экенин гезиттин СМСчилери деле билгендей болду.
4984 абоненти

5295. Шер, мен сени абдан сыйлап калдым. Себеби, сенин айткандарыңда калет жок. Чал-кемпирлерди, жаш балдарды таштай качкан кыргыздар эле күнөөлүү. Эмнегедир сенин айтканыңа чычалашып, күнөөнүн баарын өкмөткө оодара салып атышат. Алардын баарын Кудай көрүп турат. Ким күнөлүү болсо, ал сөзсүз түрдө жазасын алат.
Меч

5296. Долон бийдин Адигине уулунан тараган Алайдагы уруулар менен Тагай уулунан тараган Чүй, Көл, Нарындагы уруулар кыргыздын оң канатын түзөт. Саруу, Кушчу, Муңдуз уруулары сол канатка кирет. Ичкиликке кыргыздашып кеткен Кыпчак, Найман сыяктуу элдер кирет.
Санжырачы

5297. Кыргызстан кедей дейбиз. Кафенин көптүгүнөн баш адашат. Анын ичиндеги кардарларды көрсөң ого бетер. Оюн автоматтары өзүнчө кеп…
Кыргыз бала

5298. Меч, атыңа затың жарашпаган бир байкуш дөөпөрөс окшойсуң? "Жаман иттин аты Бөрүбасар" дегендей. "Ата-Журтчулардын" жалачу жерин канча убакытка чейин жалагансың? Эми сага Кудай берип салды. Эми жалап жата бер. Парламент тарагыча, тарап кетсе деле ишиңди улант!
7630 абоненти

5299. "Ата Мекен" партиясы, биз силер менен. Силерге дале болсо ишенич бар. Үмүтүбүз өчө элек. Өчпөсө керек!
9686 абоненти

5300. Баргы, Мүзүр, Меч жана 8188 абоненти, силер "жылдын мыкты кошоматчылары" деген номинацияны жеңүүгө татыктуусуңар! Сыйлыгыңарды Максимдин артын жалагандардан алсаңар болот.
7630 абоненти

5301. Биз Акматбек Келдибековду парламенттин спикер болуп шайланышы менен куттуктайбыз! Ишине ийгилик, өзүнө ден-соолук каалайбыз! Эгерде Максим айткандай "Хапуга" деген өзүнүн ылакабын тастыктаса, анда Акматбектин шору.
Улутман

5302. "Акматбек Келдибеков парламентке спикер болуп шайланды" дегенде, ары карап ыйладым. Себеби, бу жигит келинчеги Аиданы башкара албайт. Анан кантип парламентти башкарат?- деп. Бери карап күлдүм. Себеби, Аскар Акаевдин деле Майрамга алы келчү эмес. Анткен менен өлкөнү 15 жыл башкаргансып жүрбөдүбү деп. Эмнеси болсо да Аида кош бойлуу дегенсип жүрдү эле. Аман-эсен көз жарып, эки бөлүнүп алсын! Эркек төрөсө атын Өмүрбек койсун, Бабанов Акматбектин бактысын ачып атпайбы.
3333 абоненти

5303. "Ата-Журттун" "бөлтүрүктөрү" чоңоюшуп, бакма текени сасытпай жеп тынды деп угуп калдым. Ошо чынбы? Эми анын эчкилери карышкырга турмушка чыга башташат экен. Ошондой балакайлар. Бөлтүрүккө ор казсаң карышкырга жем болосуң!
Улуу таздар

5304. Кылымдарды карыткан улуу кыргыз эли! Жөөттөрдүн Шулхан Арух деген шарияты "дүйнө жүзүнө биздин жашоо шарт, кулк-мүнөзүбүз ушундай" дегендей кылып, "колуңардан эмне келет?" дегенсиди. Биздин жооп: "Кыргыздар улут болуп кала беребиз. Келечегибиз кең!" дедик.
Улутман

5305. Шер, ойлонуп жазсаң боло. Өзбекстанга кошулуп, жок болуп кеткиң барбы? Кошулгуң келсе өзүң кошула бер! Сендейлер бизге керек эмес. Өлкөбүздүн келечегин өзүбүз чечип алабыз!
3356 абоненти

5306. Өмүрбек Чиркешович! Кудай сизге ден-соолук берсин. Кыргыз деп соккон жүрөгүңүздү эч ким майтара албайт жана аны эр сөрөйлөр качан түшүнөт? Биз качан оңолобуз? Деги ушунуңуздан жазба!
Беспартийная эжекең

5307. Туугандар, жакшы сөз бар "өткөн өмүр, калган көңүл" деген. Ошондуктан бар бололу, бир бололу кыргыздар!
Кыргыз бала

5308. Жылдыз учат, неге учат алыска? Жылдыздуу бир уулдары жок калыста. Мекен үчүн жанын берип иштеген, соксо экен жүрөгүң да алыска!
Атай

5309. Кудайым ай, кыргыздар качан оңолобуз? Вицеликке И.Жунусовдон башка киши жок бекен? Ибрагим аке, мен сизди абдан сыйлайм. Ал жакка барып иштейм деп убара болбоңуз. Мени уят кыласыз. Ар бир адамдын колунан келе турган жана аткара турган иштери бар. Сиз сахнада "Эламанды" эле ырдап жүрө бериңиз. Болду. Анан, партиянын гимн-пимн дегендерине музыка жазыңыз. Тынч жашаңыз.
Сахибжан

5310. Максат, Бермет! Келе жаткан 2011- жаңы жылыңар менен куттуктайм! Силер баш кошкондогу биринчи бирге майрамыңар болсо керек. Келечекте бактылуу болуп, мамаңарды неберелүү кылгыла!
7756 абоненти

5311. Отунбаева, Атамбаев, Текебаев! Эл алып берген жеңишти, үчөөңөр үч жакка тартып атып, алдырып жибердиңер. Парламентке Бакиевдер эле жетишпей жатышкансыйт. Кичине уялып койсоңор боло?!
Ася

5312. Акыйкат бар экен. Ушунчалык "Ата-Журтту" көрө алышпай жатты эле. Биринчилерден болуп парламентке өттү. Биринчилерден болуп спикер шайланды. Эми Жараткан сабыр кылсын, жанагы ичтери күйгөндөр асынып өлүп алышпаса экен деп тиленем.
Намыскөй

5313. Акылбек Жапаров! Ары-бери чыйпылыктап трибунага чыкпаңызчы. Сизди көргөзгөн сайын телевизорду өчүрө берип, күйгүзүп иймей болдум.
Кочкорлук

5314. Аликбек Жекшенкулов президент болсо, кыргыздар оңолот!
5215 абоненти

5315. Мен аябай намыстанам. Ош, Жалал-Абаддагы тополоңдо 17-18 жаштагы эр-азаматтардын миңден ашууну "эл-жер үчүн" деп кырылып калды. Алардын жакындары ушу кезге чейин сабырдуулук менен унчукпастан, кабыргалары кайышып, бийлик тарапка дооматтарын артпай тынч отурушат. Ал эми 7-апрелдеги жан берген 87 адамга тиешеси жок эле кээ бир "сөрөйлөр" чочоңдоп аткансыйт. Чындык кайда?
Нарындык патриот

5316. Шер! Сен Алайдан эмессиң. Эгер чынында эле ошо жактан болсоң, адресиңди толук жаз. Телефонуңду да даана көрсөт. Сени менен баарлашкым келип атат.
1361 абоненти

5317. Шамал деген келесоо жоксуң го, ыя? Духуң түштү окшойт. Эми чындап жазбай калдың. Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтире турган СМСтерди жаздың дегиче сазайыңды колго беребиз. Айтты дебе!
1361 абоненти

5318. Бакиевдин жөөт баласы "Акмат менен Камчы жардам сурап жатат" деп Жаныш менен сүйлөшкөнүн унутуп калдыңарбы? Эми эмне болот? Революция болот. Бу жолу элдин канын соргондорду карапайымдар соттойт. Азыртадан сүлүк курттардын үй-жайын биле бергиле. Качырбай кармаш керек. Сот-поту жок эле таш бараңга алгандан башка жаза жок. Бийликке кимдер келди?
Чагылган

5319. Ибрагим Жунусов! Сени жаңы жумушка орношуң менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргыздын патриот уулдарынан экениңди эл баалап, вицелик кызматка көрсөтүштү. Менин оюмча бул жумуш сага жаңы дем, шыкак берип, улуттун жаңы жүзүн ачат болушуң керек. Сага кажыбас кайрат каалайм!
Керим

5320. Парламент куралды. Көч бара-бара түзөлөөр. Кыргыз акылдуу эл. Баатыр, жоокер. Эми айлакерлигибизди да көрсөтөлү.
Көч башы

5321. Сабыр Жумабековдун министр болуп кеткенин туура көргөнүм жок. Менимче ал жигитке мансаптын кереги деле жок. Ал эл үчүн операция кылып, кызмат кылса көбүрөөк пайда алып келерин баарыбыз билип турабыз. Өзү деле сезип турса керек.
Догдур

5322. Урматтуу Анвар аке! Сиз Балтабаев аксакалдан кечирим сурадыңызбы? Эгер кечирим сурасаңыз, анда жигиттик кылыптырсыз. Азыркы учурда ким эле ачууланбайт, ким эле жаңылышпайт? Бирок, кимибиз кемчилигибизди моюнга алып жатыптырбыз? Мына, кептин баары ушунда жатат. Бар бол, Анвар аке!
3333 абоненти

5323. Жан дүйнөм жакырланып, көөдөнүм көңдөйлөнүп барат. Эмне кыларымды билбейм. Жактырып калганыма өзүмдү күнөөлөгүм келбейт. Азапка туш болдум. Бассам-турсам оюмдан кетпейсиң. Эмнеге арбалдым? Түндө түшүмө кирип, кумарга экөөбүз чогуу батып аткан кезде ойгонуп кеттим. Ким мени ойготту?.. Андан кийин таң аткыча уктай албай жаттым. "Эми сабакка барам" деп атсам, телефонум шыңгырады. Карасам сен экенсиң. Денем дүркүрөп кетти. Бир кызыктай болуп, "ал-лоо" деген үнүм чыкпай калса болобу…
Керез

5324. Кыргыз элим! Жаңы жылыңар менен! Келгиле кечиришели, ушу менен эски жыл узап кетсин. 2011-жылды жакшы тосуп, өлкөнүн келечеги үчүн ар бирибиз кам көрөлү да, ар бирибиз патриот бололу!
5631 абоненти

5325. "Учур"! Сиздердин гезит менин бактымды ачты. Мен турмушка чыктым. Менден өткөн бактылуу киши жок. Азыр "бал айына" мас болуп жүрөм. Бирөөнүн сүйүктүү жары болуу чексиз бакыт экенин эми түшүндүм. Жаңы жыл астында бардыгыңарга бакыт каалап кетем, бар болгула!
Назгүл

5326. Акматик, спикер болушуң менен!
Сүйүктүүң

5327. Аликбек Жекшенкулов мыкты саясатчы, көрөгөч инсан!
0349 абоненти

5328. Алмамбет Шыкмаматов кызматынан кеткенин угуп, катуу ыйладым. Мага эми кыйын болду.
Бурул

5329. Элмурза Сатыбалдиевди президент кылыш керек. Ошондо дүркүрөп өнүгөбүз!
Санжар