Мужиктөр

Кубаныч КАДЫРОВ, ички иштер министрдин экс-орун басары:
"Тамеки тартпасам, "дүңктү" кайдан чегем?"
- Сиздин үйүңүздө ким кожоюн?
- Кылымдан бери келаткан кыргыздын салтында эркек кожоюн деп калыптанып калган. Бирок, азыр биз демократилык мамлекетте жашагандан кийин, үйдө келинчегим экөөбүз маселелерди кеңешип эле чечебиз.
- Жубайыңыз менен кандайча табышып калганыңызды айтып берсеңиз...
- Сүйүү айттырбай келет экен да. Келинчегим бир тууган карындашым менен чогуу окуган. Карындашым аркылуу таанышып калып, бири-бирибизди жактырып, сүйүп калдык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 1992-жылдан бери чогуу жашап, төрт баланын ата-энеси болдук.
- Сиздин үйүңүздө дагы "казан-аяк кагышып" турабы?
- Биздин үйбүлө идеалдуу дегенден мен алысмын. Казан-аяк бизде деле кагышат. Түшүнбөстүктөр болуп кетет дегендей. Бир-эки саат өткөндөн кийин бири-бирибизге болгон таарынычтарыбызды унутуп, жарашып калабыз. Айрым учурларда жарашууга биринчи кадамды мен таштайм, кээ бир учурда ал таштайт. Менден күнөө кеткенин билсем, үйбүлөдө гана эмес, достор арасында деле кечирим сураганды билем. Кемчилигимди мойнума алам. Күн сайын кечинде өзүмө-өзүм отчет берем. "Кимге катуу сүйлөдүм, эмне иш кылдым" деп.
- Кимиңиздер көбүрөөк кызганасыздар?
- Сүйүү эмнеден пайда болот? Албетте, бир аз кызгануудан келип чыгат. Бири-бириңди сүйбөсөң, кызганбасаң анда жашап не кереги бар? Мен жумушка байланыштуу командировкаларга көбүрөөк кетем, анан жеңеңер кызганып калат. Мен дагы кызганган сөздөр менен тийишип турам.
- Ачууга алдырып жубайыңызга кол көтөрүп жиберген учурлар болду беле?
- Чындыкты айтуу керек, турмушта өйдө-ылдый боло берет экен. Кээде кызуу кандуулукка алдырып, кол көтөрүп жиберген учурлар болгон. Бирок, азыр андайга жол бербейм, анткени, балдарым чоңоюп калды. Бирок, кол көтөргөндүн эртеси өзүмдүн күнөөмдү сезип, роза гүлдөрдү алып келип кечирим сурачумун.
- Роза гүлдөрдү бат-баттан берип турасызбы?
- Биздин үйдө майрамдарда роза гүл берүү салтка айланып калган. Айрыкча, келинчегимдин туулган күнүндө канчага чыкса, ошончо роза гүлүн берем. Эгер жуп санга туш келип калса, бирөөнү азайтып коем, анткени, "жуп гүл бербейт" деп коюшат го.
- Эркектерге тиешелүү жумуштар тууралуу кеп кыла турган болсок, мал сойгонду билесизби?
- Биринчи билимим боюнча зоотехникмин, ошондон улам, анан дагы кыргыздын уулу болгондон кийин мал сойгонду сөзсүз билем. Устукан тартканды да катырам. Бирок, үйгө конок келгенде азыр мал сойбойм. Жер үй болсо дагы өзүм сойсом болот эле, азыр көп кабаттуу үйдөгү квартирада тургандыктан, сырттан эле сойдуруп келем. Азыр атайын мал союп, жиликтеп берген кызматтар бар эмеспи. Эт үйгө келгенден кийин, келинчегим баарын өзү эле тейлеп коет. Үйбүлөдө мен эрке күйөөмүн десем жаңылбайм.
- Устачылыкка кандайсыз? Мык кагып, кыш куйганды билесизби?
- Айылда эле чоңойгон баламын. Короо сугарып, мык кагып, кыш куюп эле чоңойгонбуз.
- Өз колуңуз менен үй салдыңыз беле?
- Өз колум менен үй салган эмесмин, бирок, ак эмгегим менен тапкан акчага 28 жашымда квартира сатып алгам. Келинчегим бир аз бизнес кылат. Кудай буюрса, экөөбүз жер там салсакпы (?) деген жакшы тилегибиз бар.
- Арак ичкенди катырасызбы?
- Жигит болгондон кийин бардык жагынан болуш керек. Анан интервью берип атам деп эле "жок, мен ичпейм" десем туура болбой калат. Жакшылыктарда арак ичем.
- Канча бөтөлкөгө чейин көтөрөсүз?
- Мынча бөтөлкө деп санабайм, бирок, Кудайга шүгүр, мен өзүмдүн "дозамды" билем. Ошого жеткенден кийин кечирим сурап, токтотуп коем. Бирок, достор "жакшы көтөрөсүң" деп айтып калышат.
- Айрымдар мас болгондо ырдайт экен, айрымдар ыйлайт экен...
- Таланттуулар ырдаса керек да. "Бир үйбүлөдө экөө тең таланттуу болсо, гастролдоп кетет" деген кыргызда жакшы тамаша бар. Мен ырга жокмун, бирок, анекдот айтып кутулам. Ыр жагынан жеңеңер катырат. Жумасына жок дегенде үч-төрт жолу конокко барабыз. Ошондо келинчегим байге алмайынча кетпейт.
- Сиз кандайча мас болосуз?
- Кыргызда "Буттан жаңылган турат, ооздон жаңылган турбайт" деген жакшы сөз бар. Турмушта ар кандай болот. Маанайың жок болуп ичсең, ичте катылган оюңду айтып саласың. Бирок, туура эмес сүйлөп алсам, эртеси кечирим сурайм.
- Эртесинде кантип баш жазасыз?
- Мен өтө мас болуп жыгылып калган эмесмин. Менде эртесинде арак ичип баш жазуу деген жок. Көлдүк болгондон кийин үйдө алма, алмурут деген кенен. Келинчегим жайы-кышы компот жасайт. Ошону ичип баш жазам. Кээде достор "ашлянфу жейбиз" деп чакырып калат. Ал жакка баргандан кийин жүз-эки жүз грамм алууга туура келет.
- Тамекиге кандайсыз?
- Өмүрүмдө тамеки тарткан эмесмин.
- Өзүңүз Ысык-Көлдүн кулунусуз. Көлдүктөрдө "дүңк" деген бар экен. Сиз тартып көргөнсүзбү?
- Көлдүктөрдө "дүңк" дейт, "Абдырахман", "ручник" дейт. Бирок, мен бир да жолу тартып көргөн жокмун. Тамеки тартпасам "дүңк" кайдан?
- Жигитчиликте мушташы жок болбойт дешет. Сиз акыркы жолу качан мушташтыңыз эле?
- Мектепте, институтта окуганда тентек болчумун. "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген сөз бар эмеспи, жаш кезинен эле күч органдарында иштеп, далай эле мушташтык. Мен өзүм эч качан биринчи болуп мушташпайм. Көпкөн жигиттерге алгач жакшы сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылам. Болбой эле тийише беришсе, жообун берем. Акыркы жолу 3-4 жыл илгери мушташтым. "Дасмия" ресторанында отурсак, бир жигит келип, өзүнчө эле тийишет. "Кой-ай" десек болбойт. Анан аны жыга чаптым. Анан барып кайра өзүм сөзгө тарттым, сүйлөштүм, анткени, менден кичүү жигит экен.
- Эркектер "Сулуу кыздарга тийишпеген эркек "жыгач" деп коюшат экен. Сиз "жыгач" эмессизби?
- Мен көп мамлекеттерге бардым. Чынын айтуу керек, бизде сулуу кыздар абдан көп. Кыргыздын сулуу кыздары көбөйүп атканына сүйүнөсүң. Анан жигит болгондон кийин ал кыздарга тийишип коесуң да. Жөн эле "святой" боло бергендин кереги жок да.
- Тескерисинче, сизге кыздар тийишеби?
- Кыргыздын кыздары намыстуу. А акыл-эстүү, ыймандуу сулуулар эч качан өздөрү биринчи тийишпейт.
- Ала жипти аттагансызбы?
- Бул турмушта баары болот экен. Жаштык, мастык. Жаш кезекте андай учурлар деле болот...
- Жубайыңызга кармалып калган учурларыңыз болгонбу?
- Бир-эки жолу ресторанда отурганымда, жеңеңер капысынан өтүп баратып, машинени көрүп калып, "ой, менин жолдошум биякта эмне кылып жүрөт?" деп киргенде кесиптеш-кыздар менен отурганымды көрүп калган учурлары болгон. Мындай учурда ал "аа, отурасыңарбы ээ, ла-адно, жакшы. Анан үйдөн сүйлөшөбүз" деп кетип калган учурлары болгон.
- Үйгө келгенде "тизди" да ээ?
- "Тизгенде" эмне, кылмыш кылбасаң...
- Мырзалар мончонун парын жакшы көрүшөт экен. Сиз дагы алардын катарындасызбы?
- Мен 87-жылы айылдан окууга келгем. Ошондон бери "Физприбордун" мончосуна барам. Канча жыл болсо дагы ал мончону башкага алмаштырбайм. Беш күндө бир жолу барып турам.
- Эркектер дагы эч кимге көрсөтпөй ыйлап алышат экен. Сизде ошондой учурлар болобу?
- Саясатта менин башымдан оор күндөр өттү. Кыргыздын келечеги үчүн туруп, бүгүнкү күндө бийликте тургандарды сатпаганым үчүн мен 7 ай Швецияда жашап келүүгө туура келди. Үйбүлөңдөн бөлүнүп алыс жүргөн күндөр абдан оор болот экен. "Эр-жигит ыйын көрсөтпөйт" дейт. Абдан капаланганда тоого барып бугумду чыгарып алган күндөр болгон. Негизинен оптимистмин.
- Маегиңизге рахмат...
- Учурдан пайдаланып, жаңы кеңсеге келишиңер менен куттуктайм. Анан дагы элимдин келаткан жаңы жылы менен куттуктап кетким келип жатат. Аманчылык, ден-соолук каалайм. Бүгүнкү күндө бир аз оор күндөр болуп атат, бирок, кыргыз элим мындан оор күндөрдү башынан өткөрүп, сынган эмес, жеңип келген. Жаңы жыл ак жолтой жыл болсун!

Дилбар АЛИМОВА