Чындык бирөө эле болот!

Ийриден түз көлөкө түшпөйт
же "Кыргызнефтегаздын" чыры менен чыныгы сыры
Акыркы алты айдан бери өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында (өкмөттүк деле, жеке менчик деле) "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому (мындан ары "КНГ" ААКсы) жөнүндө аңыз кептер жарыяланып, алар улам тереңдеп окурмандардын бүйүрүн кызытып баратат. Бирок, чындык бирөө эле болот эмеспи! Биз бул макалабызда өзүбүз жүргүзгөн журналисттик иликтөөнүн натыйжасында келген жыйынтыгыбызды окурмандарга сунуштайбыз. Албетте, бул таңуулоо эмес. Ар бир акыл -эстүү окурман өзү аны талдоого алып көрөр.
"КНГ" ААКсы мамлекет менчигинде сакталып калган саналуу стратегиялык объектилердин бири экендигинде талаш жок. Аталган ишкананын 01.01.2009-жылдан 01.06. 2010-жылга чейинки мезгилдеги финансылык-чарбалык ишкердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүү аудиторлор А. Акматов менен Б. Исаковдор тарабынан 10.06.2010-жылдан 28.07.2010-жылга чейин ( бир жарым айдан ашык убакыт) текшерилген. Анын негизинде 29 беттен турган Акт түзүлүп, ага аудиторлордон башка "КНГ" башкармалыгынын төрагасы К. Масиров менен анын башкы бухгалтери Т. Едковалар кол койгон. Анын көчүрмөсү биздин колубузда турат. Бирок, биз анын баарына эмес, чырдын объекти болуп келаткан "Юни трейд компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары "ЮТК" ЖЧКсы) айланасындагы Актыда көрсөтүлгөн фактыларга гана токтололу.
Эң биринчи көзгө көрүнгөн таңгалыштуу нерсе Масиров менен Едковалар 28. 07. 2010-жылдагы Эсеп палатасынын Актысы менен "макулбуз" деп бадырайта кол койгону менен андан бир жума мурун эле "ЮТК" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу жөнүндө сотко арыз менен кайрылып коюшкандыгы болуп жатат. Ал эми Эсептөө палатасынын Актысында "ЮТК" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишим мыйзам чегинде жана андан мамлекет зыян тартмак түгүл, пайда табаары далилденип көрсөтүлгөн.
Совет доорунда нефтини бургулоо үчүн орнотулган "Уралмаш 4 Э ", БУ-1600, БУ-75 станоктору (алардын эң акыркысы 1974-жылы орнотулган) бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келген. Эскилиги жетип, пайдалануу мөөнөтү эбак бүткөн станокторду эптеп-септеп иштетип туруу үчүн алынган запастык бөлүктөр өтө кымбат баада болуп турган. "Эскини эптегиче эсиң кетет" деген кеп бар эмеспи. Ошондуктан, талапка шайкеш заманбап технологияларды сатып алуу, орнотуу зарылчылыгы эчак бышып жеткен болчу.
"КНГ" ААК башкармалыгы 26.09. 2009-жылдагы №-14 протоколуна ылайык кытай өндүрүшүнөн чыгарылган баасы 4, 6 млн. АКШ долларындагы ZJ40J маркасындагы бургулоочу станокту инвестиция катары алып келүүгө чечим кабыл алат. Мындан сырткары ал станокту камсыз кылуучу 5 скважинаны үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн станоктун бир нече комплектерине кошуп, ага керектүү запастык бөлүктөр менен инструменттерди сатып алууга да макулдук берилет. Алардын баасы 3, 4 млн. долларды түзөт. Ал эми ошол 40 оор жүк ташуучу машинага баткан тетиктерди Кытайдын Пуян шаарынан Кыргызстандын Кочкор-Ата шаарына ташып келүү үчүн 500 миң доллар чыгымдалары эсептелген. Жалпы баасы 8,5 млн. долларга бааланган станок-тетиктерди сатып алуу, ташып келүү жана орнотуу үчүн "ЮТК" ЖЧКсы менен "КНГ" ортосунда келишим түзүлөт. Анда 8,5 млн. доллар акчалай түрдө толугу менен "ЮТК" ЖЧК тарабынан сарпталары, качан гана алар алып келип орноткон 5 скважинадан нефти алына баштаганда гана андан өндүрүлгөн нефтинин 70 пайызы "ЮТКга", 30 пайызы "КНГга" 2 жылдык мөөнөт менен алынаары келишимде көрсөтүлгөн. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин аталган станоктордон сордуруп алынган 6 миң тонна нефтинин 1 литри да "ЮТКга" берилген эмес. Эмне үчүн?....
Апрель окуясынын шарапаты менен "КНГ" ААКсынын жетекчилигине келген К. Масиров "ЮТК" ЖЧКсы менен мурунку жетекчилик учурунда түзүлгөн келишим туура эмес, "КНГнын" кызыкчылыгы каралбай калган, өндүрүлгөн нефтинин баасы 275 доллардан делип арзан көрсөтүлүп калган" деп безилдейт. Анын маалымат каражаттарына берген баасы боюнча ошол мезгилде нефтинин баасы 415 доллар болгон имиш. Бул жерде коомчулукка баса белгилеп түшүндүрүп кетүүчү бир жагдай бар. "КНГ" ААКсынын мурунку жетекчилери тарабынан түзүлгөн келишимде "чийки нефтинин баасы 275 доллар" делип жазылып турат. "КНГнын" башкы бухгалтери Т. М. Едкова жана аталган ишкананын башчысы К. Масиров Эсептөө палатасы жүргүзгөн текшерүүгө комиссиянын мүчөсү болуп киришип, өздөрү 1 тонна чийки нефтинин баасы 5482, 07 сом деп көрсөтмө берген. Азыркы жетекчилик көрсөткөн сумманы долларга айлантып көргөндө 120 долларга да жетпей калат. Анан кантип эле келишимдеги 275 доллар арзан болуп калсын?
Бул биринчиси. Экинчиден, "азыркы жетекчилик" нефтинин баасы 415 доллар деп айтып жүрүшөт. Бирок, ал чийки нефтиби же иштетилген нефти продуктусунун баасыбы? Бул бир да жерде так айтылбайт. Көпчүлүккө белгилүү болгондой биринчи апрелден тартып, Орусия тарап мамлекетке келип жаткан күйүүчү майларга койгон пошлинадан улам, бензин баасы 2 эсе көтөрүлсө да, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 1 тонна таза нефти продуктуларына болгон баа 350 доллардын айланасында гана турат.
Алардын колуна кармаган "көзүрү" эле жеке менчик "Марка аудит Бишкек " аудитордук ишканасынан алынган корутунду. Мамлекеттик Эсеп палатасы түзгөн Актыга ишенебизби же жеке менчик аудитордук ишкананын корутундусу жогору турабы? "Азыркы жетекчиликтин" жогоруда аталган келишимди жокко чыгаруу үчүн соттон сотко өтүп, Жогорку сотто 3 жолу жылдырылып, аягына чыкпай келаткан соттук териштирүүлөрдүн негизин дагы мына ушул "Марка аудит Бишкек" ЖЧКсы берген корутунду түзүп жатат.
Мындан сырткары, азыркы "КНГ" жетекчилигинин "Правовые технолигии" деп аталган ЖЧК менен 20-июлдагы түзгөн келишимге дагы өзгөчө көңүл бөлүүнүн жөнү бар. Биринчиден, "Правовые технолигии" ЖЧКсы юридикалык кызмат көрсөтүүчү компания болуп эсептелет. Ага "биздин укугубузду сотто коргоп бергиле" деп, "КНГ" жетекчилиги Эсеп палатасынын Актысына кол койгонго чейин кайрылып жатат. Эң кызык жери өзүлөрүндө юристтер түгөнүп калгансып, ар бир болуучу сот процессине 1000 доллардан төлөп, эгер аягында соттон утуп чыгып же тынчтык келишимине жетише турган болсо, 135 000 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык төлөп берүү келишимин дал ушул "Правовые технолигии" компаниясы менен түзүп жатат. Бул келишим окурманды ар кандай ойго түртүшү мүмкүн. Анын бири "КНГ" жетекчилиги "Правовые технолигии" менен жең ичинен сүйлөшүп алып, эптеп олчойгон акчаларды мамлекет капчыгынан сууруп кетүү максатында эмеспи?....
Жакында "КНГ" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Б. К. Молдокасымов "Марка аудитке" алар чыгарган жыйынтык менен макул эместигин билдирип, арыз менен кайрылган. Анын негизинде жеке аудитордук ишкана кайрадан "КНГ" башкармалыгынын төрагасы К. Масировго кат жолдоп, эгерде алар талап кылган документтер толугу менен кайрадан аудитордук текшерүүгө жөнөтүлбөсө, соттошууга негиз болуп жаткан (2010-жылдын 19-июлундагы) өздөрү чыгарып берген корутундуга өзгөртүүлөр киргизилээри эскертилген. Себеби, Б. Молдокасымов тарабынан келтирилген далилдер менен мурда "КНГ" жетекчилиги тарабынан текшерүүгө сунушталган документтердин ортосунда өтө чоң айырмачылык бар экендигин жазышат. Молдокасымовдун далилдери боюнча, "ЮТК" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимден мамлекетке 10 миллиондогон долларлар түшүп, ЖЧК алып келген бургулоо станогу мамлекет үчүн бекерге да туруп калмак. Бул сумма ортодо түзүлгөн 4 жылдык келишимдин мөөнөтү бүткөнчө гана. Андан кийин бургулоо станогу мамлекет үчүн миллиарддаган сомдорду алып келери айтпаса деле түшүнүктүү болсо керек. Анткени, бир скважина орточо эсеп менен 20-30 жылдык мөөнөткө иштеп жатпайбы. Бул жерден "КНГнын" башкы бухгалтери Т.Едкова менен текшерүү комиссиясынын төрагасы М. Абдырахмановдор "Марка аудит Бишкек" ЖЧКсына туура эмес маалыматтарды бергендиги көрүнүп турат. Демек, катта талап кылынгандай 3 күндүк мөөнөттө суралган так документтердин баары кайрадан текшерүүгө келбей, анын мурдагы корутундусу өзгөрүп кете турган болсо, азыр "КНГ" жетекчилигинде иштеп турган бир топ адамдардын үстүнөн КРнын Кылмыш-Жаза кодексинин беренелерине ылайык кылмыш иши козголушу айдан ачык болуп турат.
Ал эми "КНГ" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жеңишбек Жумашов жалпыга маалымдоо булактарында "ЮТК" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарган болсок, "КНГ"13 млн. 428 миң доллар зыян тартып калат" деген маалыматтарды таратып келет. Бул да болсо коомчулуктун башын айландыруу үчүн жалган документтердин негизинде "Марка аудит Бишкек" ишканасынан алышкан корутундунун негизинде болуп жатканы көрүнүп турат. Эгер "Марка аудит Бишкек" чыгарган корутундусун өзгөртсө, анда эле Ж. Жумашов алгачкылардан болуп кылмыш жоопкерчилигине тартыларын сезип жатты бекен?! Мындан сырткары Ж. Жумашов "ЮТК" ЖЧКсы Кытайдан алып келген станоктон дагы арзан баадагы станокту тапса болорун айтып жүрөт. "Арзандын тузу татыбайт" деген макалдын аныктыгын азыркы жетекчилик Кытайдан алып келген 4 даана жерди бургулоочу кыймылдаткычтардын (ВЗД) ар бири 200 метр тереңдикке жетип-жетпей токтоп, жараксыз болуп турганы айгинелейт. Аны "ЮТК" ЖЧКсы тарабынан алынып келинген бургулоочу кыймылдаткычтар (ВЗД) жерди 1700 метр тереңдикке чейин бургулагандыгы менен салыштырсак болот. Себеби, "ЮТК" алып келген ZJ40J маркасындагы бургулоочу станоктор Американын сапатына жооп берген сертификаты бар Кытайдагы заводдон алынса, азыркы жетекчилик Кытайдагы "Аман соода-компаниясы" ЖЧКсы тарабынан ошол эле маркадагы бургулоочу станокту 3 млн. 724 миң долларга алып келишерин шардана кылып жатышат. Албетте, 4, 6 млн. доллар менен 3 млн. 724 миң доллардын ортосунда чоң айырмачылык бар деңизчи. Арзанына качырабыз деп орустар айтмакчы "скупой платит дважды" болбосок эле болду. Дагы бир бизди кооптондурганы Кытайда "Аман" аттуу соодагер ЖЧКнын пайда боло калгандыгы. Биз мунун кызыкчылыгы бар айрым кыргыздардын эле атайын шашылыш түзө койгон ишканасы экендигине жана алар арзан баада Кытайдагы жайнаган сертификаты жок "самопал" заводдордун биринен алып келе коеруна бөркүбүздөй эле ишенип турабыз. "Аман" ЖЧКсы боюнча жакынкы күндөрдө өзүнчө сөз кылабыз.
Ушул жылдын 20- июлунда өлкө президенти Р. Отунбаеванын дарегине "КНГ" ААКсынын эмгек жамаатынан 7 барактан турган кайрылуу кат түшүп, анда 16 пункттан турган талаптар коюлган экен. Бул каттын негизинде Президенттин администрациясынын жетекчиси Э. Каптагаевдин 22. 07. 2010-жылдагы №-7 буйругу менен 5 министрликтин бирден өкүлүнөн турган атайын комиссия түзүлүп, катта келтирилген фактыларды жеринде териштирүү тапшырылат. Анын жыйынтыгында жалпысынан "КНГдан" 3 ай ичинде, тагыраак айтканда, 07. 04. 2010-жылдан 30. 07. 2010-жылга чейин 102 адам жумуштан бошотулган болсо, алардын 63чү өз каалоосу менен кетсе, 21 адам которуу жолу менен кетиптир. Бирок, комиссия белгилегендей 12 адам ишкана башкармалыгы тарабынан аларга кысым болуп, арыз жазганга мажбур болушкан. Мындан сырткары, мурунку жетекчилик тарабынан нефтини бургулоону үзгүлтүккө учуратпаш үчүн ай сайын 50 млн. сом акча каражаты керектүү тетиктерди сатып алууга каралса, акыркы 8 ай ичинде бир сомдук тетик дагы сатылып алынган эмес. 2010- жылдын 28-майында "КНГ" ААКсынын акционерлер жыйында бул жылда 85 миң тонна нефтини өндүрүүнү планы кабыл алынса, башкармалыктын алдын-ала берилген катында анын 15 миң тоннасы аткарылбай калаары айтылып жатат. Бул деген өндүрүштүн өз деңгээлинде иштетилбегендиги жана аны жетекчилик уюштура албады дегенди түшүндүрөт.
Айтмакчы, "Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамынын 37-беренесине ылайык акционердик коомдордо акционерлер жыйналышы жылына 1-майдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек. Анын 18-пунктунда АКнын жылдык бюджетин бекитүү каралган. Эмнегедир бүгүнкү "КНГ" жетекчилиги май айына жетпестен эле жакында кезексиз акционерлер жыйналышын өткөрмөкчү болуп жатыптыр. Анын башкы максаты эле планда көрсөтүлгөн 85 миң тоннанын ордуна 70 миң тонна нефть өндүрүүнү жыйналыш аркылуу бекитип алуу экендиги түшүнүктүү. Мунун дагы 6 миң тоннасы "ЮТКга" тиешелүү экендигин эсептесек, калган көрсөткүч буга чейин "КНГ" өндүрүшүндө болуп көрбөгөн эң төмөнкү көрсөткүч экендигин Кочкор-Аталык нефтичилер билет. Негизи планды аткарбаган учурда мыйзамга ылайык жетекчилик кызматтан кетүүгө милдеттүү эмес беле?
Жогоруда аталган комиссия тарабынан чыгарылган жыйынтыкта "КНГ" башкармалыгынын иши кетирген кемчиликтери үчүн директорлор кеңешинде каралуусу сунушталган. Бул сунушту КРнын Мүлк министрлиги мыйзам чегинде көзөмөлдөөнүн ордуна, кайрадан сунушту "КНГнын" өзүнө табыштап койгон. Мамлекеттик деңгээлде ар кандай тиешелүү кесиптик курамдан түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын "КНГ" ААКсынын директорлор кеңеши жокко чыгарганына эмне дейбиз? Алардын мындай мыйзамсыз аракеттерге барып жаткандыгына өлкөдө төбөсү көрүнгөн айрым аттуу-баштуу адамдардын салымы бар экендиги айтылууда. Мыйзам боюнча жогору турган инстанциянын корутундуларын сот гана жокко чыгара аларын унутуп калышты окшойт. Мындан Мүлк министринин кызыкчылыгы оркоюп чыга калып жаткан жокпу?
"КНГ" мыйзам бузган учурда дагы аны көзөмөлдөп турган Мүлк министрлиги көз жумдулукка барып жаткандыгы ар кандай шектүү ойлорго түртөт.
Кыскасы, "ЮТК" ЖЧКсы менен "КНГ"ААКсынын ортосундагы күрөш "ит жыгылыш" оюнунда келе жатат. "Өлкөгө инвесторлорду тартыш керек" деп какшайбыз. Ал эле эмес алардын эркин эмгек жүргүзүүсүн кепилдикке алган атайын мыйзам да токуп бергенбиз. Бирок, жогорудан түшүнүктүү болгондой баары тескери аңтарылып баратат. Эми бул Чубактын кунундай чубалып келаткан териштирүүлөргө жакында Жогорку Сот чекит коймокчу. Калган сөз мына ошол сот бүтүмүнөн кийин айтылаарын окурмандарга алдын-ала маалымдай кетмекчибиз.

К. Казаков