Ө.Бабанов алдамчыбы?
КСДПдан кийин "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн алып, бирок, иш жүзүндө өзүнүн тажрыйбалуу саясатчы экенин көрсөтө албады. Анткени, "Төрт фракциядан турган коалиция түзөм, үч партиядан турган коалиция кандай ураганын көрбөдүкпү" деп төш какты эле. Бул сөзүнүн өйдөсүнөн чыга албады. Коалиция түзүүгө КСДП менен "Ата-Журт" гана макулдугун берди. Аларды дагы ары ойнотту - бери ойнотту. Жаш баланы алдагандай кылып. Бир күнү "КСДПга премьерликти, "Ата-Журтка" спикерликти берем" деп айтып алып, кайра артынан "биз эч кимге эч кандай кызматты сунуш кылган эмеспиз" деп чыкты. Мындай куу саясат көпкө узабашын билдиби, айтор, "Ата Мекен" менен "Ар-намыс" партиялары дароо эле четке чыга качышты. Чынында эле үч фракциядан турган коалиция бир күндө ыдыраганына күбө болдук. Эми Бабановдун коалициясы канча жашайт болду экен? Саясат талдоочулардын арасында бул коалициянын көпкө узабашы айтылууда. Эмнеси болсо да, экинчи коалиция түзүлдү. Ага ылайык, Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги премьер-министрликке, Акматбек Келдибековдун талапкерлиги спикерликке, Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги биринчи-вице-премьерликке көрсөтүлөт. Өмүрбек Бабанов дегеле саясатта бир күнү бирди сүйлөсө, эртеси башканы сүйлөп атканы кандай? Кечээ эле "Бакиевдерди алып келем деген партияларга кошулбайбыз" деп эл алдында жарыялап алып, бүгүн дал ошол Бакиевди "Куда кааласа, алып келебиз" деген "Ата-Журтка" спикерлик устуканды карматып отурат. Анан ушундай саясатчынын колунда бүгүн элдин келечеги, тагдыры турат. Таңгаласың, президент Роза Отунбаева кайсы ишеним менен Өмүрчикке өкмөттү түзүү жоопкерчилигин ыйгарды? Ишенген апчебиз ушул болсо, анда жыргаптырбыз! Кыргыздын шору али алдыда экен...

Акыл БАКТЫБЕКОВ






PDF формат