Кримсфера

Жардыруулар дагы токтобойбу?
Апрель, июнь окуяларынан кийин өлкө ичи тынч эмес. Бийлик өкүлдөрү мамлекеттин тынчтыгы эмес, өздөрү ынтымакка келе албай, ит жыгылыш болуп жатканы калкыбыздын коопсуздугуна көлөкө түшүрүп, анан калса бир жагынан үрөй учурган кылмыштарга да жол чабылууда...

Айрыкча, июнь айындагы Түштүк окуяларынын жарааттары айыкмак турсун улам ырбап, улуттук жаңжалдардын аягы тыйылчудай эмес. Буга жакында эле Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулуп жаткан террористтик актыларды жасоо боюнча атайын топтун аракеттенип жаткандыгы далил. Бул ирет укук сакчылары өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүп, боло турган алааматтын алдын алышып, кылмышкерлерди кылтакка илишти. Бирок, муну менен "карамүртөздөрдүн аягы тыйылды" деп айтууга али да эрте.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Зарылбек Рысалиев 29-ноябрда ЖМК өкүлдөрү үчүн атайын пресс-конференция өткөрүп, анда акыркы күндөрү террористтик актыларды уюштурууга аракет кылган коркунучтуу топтун кармалгандыгы боюнча кеңири маалымат берди.
Өлкөдө башаламандык уюштуруу максатын көздөгөн террористтердин тобу аракет көрүп жаткандыгы тууралуу маалымат буга чейин эле коомчулукка таркап, ал боюнча укук коргоо органдары оперативдүү иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу маалымат басма сөз беттеринде жарыяланып келген. Анын канчалык чындыгы бар экенин ички иштер министри бул жолу дагы журналисттерге кененирээк жеткирди.
2010-жылдын 20-ноябрында Ош шаарынын тургундарынын биринин үйүнө кирген уурулар ал жерден 375 200 сомдук ар кандай буюмдарын уурдап кетишкен. Бул боюнча арыз катталгандан кийин, Ош шаарынын милиция кызматкерлери ишти иликтеп жатышып, шектүү адамдын изине чыгышат. Оперативдүү иликтөөлөрдүн негизинде анын диний-экстремисттик кыймылдын мүчөсү экендиги аныкталган. Ошондой эле оперативдүү маалыматтар боюнча ал агымдын мүчөлөрү террористтик актыларды жасоого аракеттенип жатышкандыгы тууралуу да кабар түшкөн. Тергөө амалдардын жүрүшүндө мындай кылмышка тиешеси бар деген шек менен Ош шаарынан аталган топтун дагы 4 өкүлү колго түшкөн.
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, аталган экстремисттердин тобу Ош шаарында эле эмес, Бишкекте да террористтик актыларды уюштурмак болгону билинген. Андан ары оперативдүү иликтөөлөрдүн негизинде Бишкек шаарынын тургуну Артур деген жигит Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жашаган Ж.У. га Ош облусунан алынып келинген, колдо жасалган жарылуучу затты бериши керек болгон. Бул жарылуучу заттарды өзбекстандык атуулдар келип ишке киргизери пландалган. Алар укук коргоо органдарынын бардык күчү борбор калаага бурулганда, Түштүктө ар кандай террористтик актыларды уюштуруп, өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууну көздөшкөн.
Бул маалыматтардын негизинде, 23-ноябрь күнү жүргүзүлгөн иш-чара учурунда Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Т.А. жарылуучу зат менен кармалды. Анын "Мерседес-Бенц-230" үлгүсүндөгү автоунаасынан кара түстөгү спорт баштыгы табылып, андан 3 литрлик 5 темир банка жана целлофан баштыкка оролуп, скотчтолгон зат алынган. Автоунаада андан тышкары анын шериги 1990-жылы туулган Ж.Р. да бар болуп чыккан. Алынган далил заттарды УКМК адистери текшерген учурда темир банкаларда кара-күрөң түстөгү порошок сыяктуу зат (аммиак селитрасы) бар болуп чыкты. Булардын жалпы салмагы 15 кг. 250 граммды түзгөн. Ал эми пакетте оролгондор бир жолу колдонулуучу шприцтер менен колдо даярдалган 10 даана детанатор экендиги аныкталган. Ошондой эле детанаторлорго кошулган 5 уюлдук телефон табылган. Шприцтерди текшерген учурда анын ичинде ак түстөгү кристаллга окшогон зат болгон.
Шектүү адамдын үйүн текшерген учурда 2 Макаров тапанчасы, 1 травматикалык тапанча, Калашников автоматынын 1 муляжы, 69 миң сом маң заттары алынган. Жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана Ош облусунда террордук актыларды даярдап жаткан кыргыз, өзбек, орус улутундагы 9 адам кармалгандыгын, министр белгилеп өттү.
Ош жана Бишкек шаарларында колго түшкөн экстремисттердин бул өкүлдөрү аткаруучулар гана болушкан. Учурда алардын уюштуруучулары, финансы жактан каржылагандар кимдер экендиги белгилүү. Бирок, тергөө кызыкчылыгы үчүн алардын аты азырынча айтылбайт. Террористтердин негизги максаты өлкөдөгү саясый абалды курчутуу. Кармалгандар жардырууларды жалаң гана соода борборлорунда, эл көп топтолгон жайларда, базарларда уюштурууну көздөшкөндүгү айтылууда. Бул факт боюнча, 23-ноябрь күнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 28-226-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кылмыш иши козголду.
Учурда бул топтун кылмыштуу аракеттери боюнча УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган оперативдүү топ иштеп жатат. Кармалгандар боюнча азыр кылмыш иши козголуп, тергөө улантылууда. Ал эми террордук актылардын башка жерлерде да алдын алуу максатында бүгүнкү жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн оперативдүү кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.




Кылмыш хроникасы

Консерва уурдагандар кармалды
23-ноябрь күнү шаардык Ленин РИИБине Л.Толстой көчөсүндөгү тамак-аш сакталуучу кампалардын биринен жалпы суммасы 500 000 сомдук 1352 куту консерва уурдалгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан жакында ошол жерде иштеген жумушчулар 32 жаштагы А.Кожобеков, 30 жаштагы К.Халиков, 22 жаштагы Ш.Тажикулов жана 28 жаштагы Э.Козубаев дегендер кармалды. Алдын ала тергөөдө алар консерваларды 11-октябрдан баштап 19-ноябрга чейин уурдап, жеп келишкендигин айтышкан. Бир айда жарым миллион сомдук консерваны сиңирген алардын ашказанына тергөөчүлөр азыр таң берип турган чагы.

Депутатты тоноп кетишти
26-ноябрь күнү "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматованын автоунаасы тонолду. Жабырланган депутаттын айтуусунда, ал кечки саат 20.30 чамаларында машинесин "Народный" дүкөнүнүн жанына токтоткон. Ал 10 мүнөттөй соода кылып чыккыча белгисиз адамдар автоунаанын айнегин талкалап, ичинен сумкесин кымырып кетишкен. Баштыктын ичинде уюлдук телефону жана документтер болгон.

Атасындай кишиге кол салышты
23-ноябрь күнү саат 14.30 чамаларында 62 жаштагы жеке таксист К.Төлөмүшевдин "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаасына түшкөн 2 жигит андан Таш-Дөбө айылына жеткирип коюсун суранышкан. Жолдо баратып, айылга жетпей автоунааны токтотушуп, айдоочуга кол салышкан. Улгайган адамды ур-тепкиге алган сомодой эрендер анын колу-бутун таңып, машинанын багажына салып, айылдагы мүрзөгө алып барышкан. Бирок, таксисти өлтүрүү оюн ишке ашыра албай, өзү тоңуп өлөт дешкенсип таңылуу бойдон таштап, машинасын айдап кетишкен. Ажалы жок таксист аман калып, учурда оор абалда ооруканада жатат.

Кыянат кылмыш
23-ноябрь күнү облустук прокуратурага арыз келип түшүп, анда Базар-Коргон районунун Акман айылынын тургуну К. Аттокуров Москва облусунун Мытищи станциясынан мас абалында жердеши, Жараке айылынын тургуну К.Осмоновду жүрүп келаткан электровоздун алдына түртүп жибергени айтылган. Натыйжада, К.Осмонов ошол жерде каза болуп, К.Аттокуров окуя болгон жерден качып кеткен.

Ай, аңгилер
23-ноябрда Ак-Суу районунан 35 жаштагы А.Н. ди белгисиз эки адам күч колдонуп, зордуктап кетишкен. Жабырлануучунун айтуусунда, аңгилер 17-18 жаштагы өспүрүм балдар болушкан. Арам иштерин жасагандан кийин алар жөн кетпей, жабырлануучунун уюлдук телефону менен 2600 сомун да жымырып кетиптир.

Чоң муштум
23-ноябрь күнү Тоң районунун Ак-Сай участогунда жашаган 30 жаштагы
Ф.Төлөнова оор абалда ооруканага түштү. Текшерүү жүрүшүндө шордуу келинди күйөөсү 35 жаштагы К.Турдубеков тепкилегендиги дайын болду.