Алмаке Москвада, Самей ооруканада
КР Мамкаттоо кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Москвага окууга кетти. Билимин тереңдетип, аны менен катар эс алып да келет экен. Ал эми орун басары Самей Четимбаев ооруканага түштү. Бу жигиттин нерв тамырларына суук тийиптир. Ден-соолук тилейли! Мына ошентип, аталган кызматтын шефи да, оң колу да жумуш ордуларында жок. Эч нерсе болбойбу?..


Равшанчиктен сак болгула!
"Ата Мекен" партиясынан депутаттык мандатка ээ болгон Равшан Жээнбековду ким билбесин? Бу жигит акыркы күндөрү "Тышкы иштер министри болом" деп, буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кербези. Тердеп-кургап. Депутаттык креслого алымсынбаганын кара! Баса, Равшан ТИМ тармагынын казанына кайнаган эмес, болгону элчилик кызматты аркалаган. Кантип толук кандуу дипломат катары тааныйбыз? Биз билгенден Р.Жээнбековдун "жакшы сапаты" бар, бирөөнүн тилин бат табат да, анан каалаган убагында далысын салып коет. Өзгөрүлмө. Бирок, саясатчы катары териси калың, өзүнө карата сын-пикирди өлө сүйөт. Бул эми ага учкай эле мүнөздөмө. А эң негизгиси, Равшанчик америкачыл экени белгилүү, эгерде муну ТИМ жетекчилигине дайындаса, анда Кыргызстан уттурат. Ички сырлардын сатылып кетишин билесиңер да? Мындай жооптуу кызматты ага ишенип берүүнүн өзү опурталдуу. Бир сөз менен айтканда, тышкы саясатты Р.Жээнбеков ойрондоп туруп, каалаган күнү Америкага кире качышы ыктымал. Себеби, көнүп калган. Бул үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы, элибиздин баалуулуктары арзыбаган тыйынга айланып калышы мүмкүн. Ошон үчүн коңгуроо кагып турубуз, сак болгула!

Бекбол АЙДАРОВ