Дасторкон ажары

Келчи, "Акациядан" кездешели?..
"Акация" кафесинин ашпозчулары белгилүү адамдарга ашкана сырларын бөлүшүп, дайыма биз менен кызматташып келет. Бул жолу жаш ырчы Чолпонайга ашпозчу Жазгүл Сыдыкова каприз салатын жана "Акация" кафесинин өзүнө таандык акация тамагын жасоону үйрөттү. Чолпонай ашканада өзүн эркин сезип, колунун эптүүлүгүн, тамак жасоого шыктуулугун көрсөттү.


Чолпонай, ырчы:
"Тамакка коньяк кошулганы жакты"
- Чолпонай, буга чейин тамактын кайсы түрүн көп жасачу элең?
- Бир туугандарымдын улуусу болгондуктан, көбүнчө тамакты мен жасайм. Асан, Үсөн деген эгиз инилерим куурулган картошканы абдан жакшы көрүшөт. Ошого байланыштуу үйдө куурмач тамактарды көп жасоого туура келет. Негизи өзүм оромону жакшы жасайм. Камырын жука жайып, фаршын салып, орогон аябай жагат.
- Акация тамагынын өзгөчөлүгү эмнеде экен?
- Ушул эле тамакты үй шартында жасап, баарын чогултуп, бир тарелкага салсаң, анча жакшы көрүнбөсө керек. Баары бир кафенин тамагы кооз, табитти ача тургандай. Тамакты духовкага бышыраар алдында бир аз коньяк кошуп койгону өзгөчө экен. Бышканга чейин тамактын даамын таткым келип, кызыгып аттым. Карап турсаң, оңой эле жасалчудай сезилет экен. Эгерде бүгүн мага Жазгүл эже жардам бербесе, өзүм жалгыз кыйналмакмын. Себеби, тамакка тузду "эми ачуу кылып албасам экен" деп көпкө ойлонуп коштум. А Жазгүл эже шакылдатып, ченебей эле дароо кошуп жатканын көрүп, таң калдым.
- Сен үчүн акация тамагын жасаганга караганда, каприз салатын даярдоо оңой болду окшойт?
- Ооба. Салатка керектүү азыктарды туурап, аны аралаштырган оңой деңизчи. Бирок, бүткөндөн кийин аны кооздош бир аз кыйыныраак болду. Мурда кафеден салат заказ бергенде кооздолуп турган гүлдөрдүн формасын көрүп, "атайын гүл кылып кесе турган бычактар бар го?" деп ойлочумун. Көрсө гүлдөрдү ашпозчулар өздөрү кооздоп, кесет турбайбы. Мага ашкана сырларын ачып, тамак, салат жасаганды үйрөткөн Жазгүл эжеге чоң рахмат.




Каприз салатынын рецеби
- Бул салат өтө жөнөкөй жана оңой жасалат. Тооктун этин, козу карынды, помидорду төрт чарчы туурап, жүгөрү, кара мурч кошуп, майонез менен аралаштырабыз. Жумуртканы чалып, оттун табына жука омлет кылып бышырып алабыз. Аны ичке туурап, салаттын үстүнө себелейбиз. Жумуртканын агынан атайын гүл кесип, жашылчалардын жардамы менен кооздоп коебуз.


Жазгүл, башкы ашпозчу:
"Чолпонайдан ашпозчу чыгат экен"
- Чолпонай, тамак, салат жасап жатканда шакылдап, мага жардам берип атты. Ашканада өзүн эркин алып жүрөт экен. Карап отура бербестен, укропторду өзү туурап, фантазиясы менен салатты кооздоду. Болгону жумуртканын агын гүл кылып кесе алган жок. Бир аз тажрыйба топтосо, жакшы ашпозчу болчудай.


"Акация" бейиштин төрү!
Бишкек шаарынын Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампадан 200 метр тоо жакка жогору карай "Акация" кафеси жайгашкан. Кафеде сиз каалаган бардык тойлор, "Үйлөнүү той", "Бешик той", "Кыз узатуу" ж.б. жакшылыктар капчыгыңызга туура келгендей арзан баада өткөрүлөт. Андан сырткары 20-25, 35-40 кишилик фуршеттерди VIP залдардан өткөрсөңүз болот. Эң чоң зал 150-200 кишиге ылайыкталып, музыканын коштоосунда өзүңүз каалаган кыргыздын улуттук тамактарын заказ берип, андан сырткары, европа ашканасы менен тааныша аласыз. "Чер жазып, жакындарым менен көңүлдөгүдөй эс алам" десеңиз, "Акацияга" келиңиз! "Акация" бейиштин төрү!


Акация тамагынын рецеби
- Бул тамактын рецебин өзүм ойлоп тапкам. Ар бир кафенин өзүнө таандык тамагы болот эмеспи. Алгач койдун эттүү кабыргаларын бир күн мурда маринаддап алабыз. Маринадга туз, кара мурч, киви, зире, кызыл мурч кошулат. Бир аз суу кошуп, кивини эзип алабыз. Маринаддалган этти духовканын табагына салып, үстүнө сууга бышкан картошка, помидор, түстүү капустаны ирээттеп тизебиз. Татымына жараша туз, бир аз коньяк кошуп койсок, өзгөчө даам берет. Үстүн фольга менен жаап, кырк мүнөт духовкага демдейбиз. Бышкандан кийин көк-сак, укроп менен кооздойбуз.


Айнура Касымова