Мөөрөй

2010-жыл, Гуаңжоо (Кытай)
16-Азия оюндарына Кыргызстандан аттангандарыбыз 5 медалды багындырып, 25-орунду ээледи. Анын ичинен алтын медалды Данияр Көбөнов, күмүшкө Калыбек Жолчубеков (грек-рим), Евгений Ваккер татыса, колого Жанарбек Кенжеев (грек-рим) жана кайык менен сүзүүдө Александр Пароль деген спортчуларыбыз татыган.
Өлкө президенти спортчуларыбызды Азия оюндарына узатып атып, чемпионго 15 миң, күмүшкө татыгандарга 10 миң, колону жеңгендерге 5 миң АКШ акчасын убада кылган (мындай байге 2002-жылдан бери келатат). Андан сырткары Бишкек шаарынын мэри чемпион болуп келгенге турак-жай менен камсыз кылууну айткан. Ошондой эле белгилүү ишкерибиз Аскар Салымбеков жалпы балбандарга зал жана килемдерди белекке камдап атканын эшиттик.

  Башат

Канат Бегалиев
атындагы балбан ордо
Бээжин олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Канат Бегалиевдин наамында спорт жай курулуп, 27-ноябрь күнү салтанаттуу түрдө босогосу ачылды. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районундагы балбандын туулуп-өскөн Өзгөрүш айылында жайгашкан. Спорт-комплекс Талас жергесиндеги бирден-бир заманбап курулуш-имараттардан экенине шек жок.

Канат Бегалиев:
"Спорт жайдын кадыр-баркын көтөрүп..."
- Менин наамымдагы спорт жайдын ачылышына абдан толкунданып отурам. Кубанычым жон-териме батпай турган чагы. 10 жылдан ашык эңсеп жүргөн максатыма жеттим. Себеби, Талас жергесинде бүгүнкү күнгө чейин заманбап спорт жайы жок эле. Эми Кудай буюрса, бул жерден болочок олимпиада жана дүйнө чемпиондору чыгарына толук ишенем. Анүчүн мыкты машыктыруучулар менен камсыз кылынып, колдон келсе ички жана эл аралык мелдештерди ушу жерден көбүрөөк өтүшү зарыл экенин баса көрсөткүм келип турат. Ошондо гана спорт жайдын кадыр-баркы көтөрүлүп, андагы машыккан балбандардын чеберчилиги оргуштап өсүп турмак. Учурдан пайдаланып, спорт-комплекске демөөрчүлүк кылып, түйшүгүн тарткан Газпром нефть Азия компаниясынын башчысы Болот Абилдаевге Талас элинин атынан жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык айта кетейин.

Батма Бегалиева, Канаттын апасы:
"80 сом утуп алыптыр"
- Уулумдун күрөшкө барып жүргөнүнө каршы чыккам. Бирок, Канат ага болчу эмес. 3-класста окуп жүргөндө коңшу айылга барып, чоң мелдештен 80 сом утуп алыптыр. Ал жерден "мен ата-энемди бакмакмын" деп, бир тыйын акчасын коротпой сүйүнүп келгени азыр эсиме түшүп атат. Мына, багат деген ушу да. Бээжин олимпиадасын багынтып, ата-энесин, кыргыз элин бүт ааламга таанытты. Эми болсо анын наамында ак сарай курулду. Өзгөрүш айылындагы эле балдар эмес, жакынкы айылдардын балдары да келип күрөшүп турса болот экен. Кечээ жакшылап кыдырдым. Чоң залына эки күрөш килеми батчудай. Мелдеш болуп калса үстүндө сүрөөнчүлөргө ылайыкталган орундуктар бар экен. Бир ыптасында кафе жайгашып, айыл жергесиндеги той-топурга ылайыкталыптыр. Андан түшкөн тыйын-тыпырларын машыккан балдардын керегине жаратарын айтышты.

Касиет Эсенов:
"Канат байкемдей олимпиадада жеңгим келет"
- Канат байкем Кытайдан экинчи орунду алып келгенден кийин мен да грек-рим күрөшүнө катыша баштадым. Өзүм Талас шаарында турам. Жаңы курулган спорт жайды көргөнү келгем. Мага абдан жакты. Кудум шаардагыдай жаркырап турат экен. Агайым да бул жерде жүрөт. Мындан кийин ушу жерде машыкканы калдык. Мен да Канат байкемдей олимпиадада жеңгим келет.

Мурат Саралинов, УОКтун президенти:
"Машыктыруучулардын айлыгын төлөп беребиз"
- Кытайдын Гуаңжоо шаарында Азия оюндарынан кечээ учуп келдим. Себеби, Канат Бегалиевдин наамында спорт жайдын ачылышына катышып коюш мен үчүн чоң сыймык экенин жашырбайм. Жаңы ачылган спорт жайдын бир машыктыруучусуна Улуттук Олимпиада Комитети тарабынан келерки жылдын аягына чейин ай сайын 10 миң сом айлыктарын төлөп берүү жагын колго алганы турабыз. Ошол эле учурда Канатка спорттогу жетишкендиктерди жана астыда келаткан Лондондо өтүүчү жайкы олимпиаданы багынтуусун каалап кетмекчимин.

Биздин справка
- Спорт жайга жалпы жонунан 120 миң АКШ доллары сарпталган.
- Жалпы аймагы бир гектар жерди ээлейт.
- Грек-рим, эркин күрөш, бокс жана оор атлетика спорту боюнча машыга турган жерлери бар.
- Үч (Өзгөрүш, Кең-Арал, Орловка) айылдын жана Талас шаарынын спорт ышкыбоздору машыга алат.

Даярдаган Сурат Жылкычиев



  Азия оюндары

Гуаңжоодон кайткан биздин атлеттер
Мурдагы күнү "Манас" эл аралык аэропорттон Кытайды "чапкан" спортчуларыбызды тосуп алдык. "Жөжөнү күздө сана" демекчи, биз да кезектеги тасмалы жыйылган 16-Азия оюндарынын жыйынтыгына мурунку Азия оюндарына салыштырмалуу түрдө жалпы көз жүгүртүп көрүүнү чечтик.

1994-жыл, Хиросима (Япония)
Азия оюндарына биздин өлкө эгемен алгандан кийин биринчи жолу аттанган. Жалпы жонунан биздин спортчулар 9 медалды моюндарына таккан. Анын ичинен 4 күмүш, 5 коло. Грек-рим күрөшүнөн Раатбек Санатбаев, эркин күрөштөн Максат Бобурбеков, велосипед спортунан Евгений Ваккер жана мылтык атуудан Юрий Ломов күмүш медалды жеңген. Коло медалга болсо, эркин күрөштөн Нурдин Дөңбаев, штангадан Митал Шарипов, грек-римден Руслан Гебеков, бешилтик жана велосипедчилер командасы (100 км.).

1998-жыл, Бангкок (Таиланд)
Бу жылы бизден барган спортчуларыбыз 6 медалга ээ болушкан. 2 күмүш, 4 колого. Күмүш медалга Раатбек Санатбаев менен Юрий Ломов татыган. Ал эми колого болсо Евгений Ваккер, мылтык аткычтар курамы, бийиктикке секирүүдөн Анна Чернецова жана тулку темир ыргытуудан Николай Давыдовдор илинген.

2002-жыл, Пусан (Түштүк Корея)
14-Азия оюндарында Кыргызстандыктар жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен. Натыйжада, 12 медалды байге куржунуна топтогон. Алтын медалга бийиктикке секирүү боюнча Татьяна Ефименко, чуркоо боюнча Татьяна Борисова татыган. Күмүш медалга Евгений Ваккер, грек-римден Данияр Көбөнов, эркин күрөштөн Алексей Крупняков жана бешилтик курамы. Ал эми колого грек-римден Уран Калилов, эркин күрөштөн Надырбек уулу Улан, Яна Панова, мылтык атуудан Елена Костюкова, мушкерлерден Таалайбек Кыдыралиев менен Алексей Катулевскийлер татыган.

2006-жыл, Доха (Катар)
Дохага бет алган кыргыз курамы 8 медалга ээ болушкан. Күмүшкө Евгений Ваккер менен Татьяна Ефименко илинсе, коло медалды Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, Жанарбек Кенжеев, Нурбек Ибрагимов (Грек-рим), Алексей Крупняков жана Яна Пановалар багынткан.