Жумушчулар 500 миң сомдук товарды уурдашкан
"Баракелде" сайтынын ИИМ басма сөз кызматына таянып билдиргенине караганда, Бишкек шаарынын тургуну, жеке ишкер ички иштер органдарына кайрылып, шаардын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан кампасынан белгисиз бирөөлөр октябрь айынан 19-ноябрга чейин 500 миң сом өлчөмүндөгү 1350дөн ашык таңгакталган консерва өндүрүштөрүн уурдап кетип жаткандыгы тууралуу арыз жазган. ИИМдин кылмыш иликтөө тобу менен Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде кылмышка шектүү болуп 4 адам кармалган. Маалыматтар боюнча шектүүлөр ошол эле жерде иштеп, жашаган жана товарды вагондон жүктөө убагында уурдай беришкени аныкталган. Бул факт боюнча Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө тобу тергөө амалдарын жүргүзүүдө.


КСДП менен "Ата Мекен" бирикпей калдыбы?
СДПК менен "Ар-намыстын" коалиция боюнча сүйлөшүүсүндө эки вариант талкууга алынган. Бул - "Ар-намыс" - "Республика" - КСДП жана "Ар-намыс" - "Ата Мекен" - КСДП. КСДПнын маалымат катчысы Фарид Ниязовдун айтымында, аталган партия өткөн жумада "Ата Мекен" менен "Республикага" сүйлөшүү процесси создуктурулса, алар башка партиялар менен сүйлөшүүлөргө өтөөрүн билдирген. Ниязовдун сөзүнө караганда, коалицияны талкуулоо учурунда бул партиялар Атамбаевдин премьер-министр болушуна каршы эмес, болгону спикерлик боюнча пикир келишпестиктер болууда. Андыктан, коалиция "Ата Мекенсиз" же "Республикасыз" түзүлүшү ыктымал.


Кыргызстанда эң
кирешелүү компания кайсы?
Business АКИpress Операциялык киреше боюнча Кыргызстандагы эң ири компаниялардын тизмесин жарыялады. 2010-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча, "Sky Mobile" ЖЧКсы , "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы, "Кыргызтелеком" ААК, "Кыргызнефтегаз" ААК, "INTEL LINKS" компанияларынын позициялары 2008-жылкы көрсөткүчкө салыштырмалуу начарлады. Ал эми "Манас" эл аралык аэропорту, "Электр станция" ААК быйылкы жылы 6-орунду, 2008-жылы 7-орунду ээлесе, "Кыргызстандын улуттук электр байланышы" ААК 7-орунду алып, өз позицияларын өнүктүрүүдө. Быйылкы жылдын 6 айлык жыйынтыгы менен "Aviation Fuel Service" ЖЧКсы- 12-орунду, "Кыргызкесипсуукурулуш" АКК - 14-орунга ээ болгон.


Э.Асаналиев К.Бакиевдин жанына кетти
Эрик Асаналиев Белорусиядагы Кыргызстандын элчиси жана КМШ өлкөлөрүнүн Уставдык органдарында Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Дал ушундай буйрукка президент Роза Отунбаева кол койду. Кошумчаласак, буга чейин экс-президентибиз Курманбек Бакиев баш калкалаган бул өлкөдө Ишенгүл Болжурова элчилик милдетти аркалачу.



Кенчинин бутун кесип салышты
Баткен облусундагы Кызыл-Кыяда шахтанын астында калган адамдын эки бутун кесүүгө туура келди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 20-ноябрда "Жин-Жеген" шахтасынын урандылары басып калган К.Темирбердиевди үч күн дегенде, 23-ноябрда саат 14:30да куткарышып, Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасында эки бутунун тизесинин асты жагынан операция жолу менен кесишкен. Азыркы учурда кенчинин абалы жакшы.


Качып кеткенден кийин айып төлөө кеп бекен!
Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров "Баракелдеге" сотко келбей дайынсыз жоголгон үч чиновник боюнча оюн билдириптир. Анын айтымында, сот жараянына келбей койгон жана азыр кайда экени белгисиз Нурлан Турсункулов, Оксана Малеваная жана Каныбек Жороевдер качып кеткен болсо, алардын иш-аракетин атайын жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалап, издөөгө жана камакка алуу керек. "Мыйзам боюнча аларга кошумча кылмыш иши козголбойт. Аларга карата үй камагына чыгаруу боюнча кепилдик берген адамдарга мыйзам боюнча айып салынат. Менде алардын кайда болушу тууралуу кошумча эч маалымат жок", - деди Бекназаров. Эл арасында бул экс-чиновниктерди азыркы бийлик төбөлдөрү атайын качырып жибергендиги боюнча пикирлер айтылууда. Качып чыгып кеткен соң, жакындарына анча-мынча айып төлөө кеп бекен!


О.Малеваная Швециядабы?
Апрель окуясы боюнча айыпталып, сотко келбей дайынсыз жоголгон Оксана Малеваная балдары менен бирге Швецияга чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу "Вести" сайты өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып билдирди. Тышкы иштер министрлигинде бул маалыматты тастыкташа элек. Айрым саясый серепчилердин айтымында, Малеваная Швецияда болушу толук мүмкүн, анткени, бул жерде пара берүү маселеси турат. Апрель окуясынан кийин качкан чиновниктердин көпчүлүгү өлкөдөн ушул жол менен чыгып кетишкен.


К.Ташиевдин кайсыл жери ооруду?
"Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин ден-соолугу начарлап, өзүнүн кичи мекени - Жалал-Абад облусундагы Барпы айылында дарыланып жатыптыр. Бул тууралуу "Баракелдеге" 23-ноябрда К.Ташиевдин Жалал-Абад облусу боюнча басма сөз катчысы Абдусамат Паязов билдирген. Анын айтымында, эл арасында К.Ташиев тууралуу ар кандай кептер таратылып жатат. "К.Ташиев коалиция түзүү маселеси тууралуу сүйлөшпөй качып жүрөт деген сөздөр айтылып жатыптыр. Чынында ал 10 күндүк дарылоо курсунан өтүп туруп, Бишкекке кайтып келет. Азырынча атасынын үйүндө", - деди А.Паязов.


Өмүр бою эркинен ажыратылды
"Санпа" окуясы боюнча сот 17 адамга өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Муну менен катар булардын үй-мүлкү толугу менен конфискацияланмакчы. Айыпталып аткандардын экөө, тагыраак айтканда, мурда Сузактагы Москва колхозун жетектеп келген Усманжан Аблазов менен дагы бир айыпталуучу Фуркатбек Абдужаборов болсо 25 жылга эркинен ажыратылып, сот булардын дагы үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына өткөрө турган болду. Жактоочулардын экөөсү соттун мындай өкүмү менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык арыз жолдоорун билдирди. Бул сот ишин Сузак райондук соту коопсуздук маселелеринен улам Ноокен райондук сотунун имаратында өткөрдү. Эске салсак, Түштүктөгү коогалаң учурунда, 13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы пахта иштетүүчү "Санпа" заводунун жанында 500-600 киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларды аткылашкан. Натыйжада он киши мерт болуп, эки адам дайынсыз жоголгон. Негизинен өлгөндөр кыргыз улутундагылар болгон.