Коломто

Эх, романтика...
Кээ бир кечте сүйүктүү адамың менен бирге болуп, аны таң калтыргың келет эмеспи. Эгер сиз түгөйүңүз үчүн атайын романтикалык маанай түзүүнү кааласаңыз, анда төмөнкү макала сиз үчүн.


Турмушту кооздоо сырлары
1. Романтикалык кече бул сюрприз. Ага даярдануу керек. Бул күнү ар кандай чакырууларды, той-топурларды артка жылдырган оң. Эч ким сиздерге тоскоол болбошу шарт.
2. Гүл менен шам сөзсүз керек. Шам тасмалдын өңүнө шайкеш, жыпар жыттуу, анан узун болушу зарыл (кыска болсо бат ээрип, түгөнүп калат).
3. Тамак-аш күндөгүдөн айырмаланып турганы дурус. Колдон келсе аны кайнатып же бууга бышырган оң.
4. Чач жасалгасын, макияжды унутпаңыз. Кийимиңиз делебе козгочудай, сексуалдуу анан жарашыктуу болушу абзел.
5. Ар ким өз табитине ылайык музыка угары белгилүү. Бирок, ал өтө катуу даңылдабай, жай ыргакта жаңырып туруусу шарт.
6. Банкетти уланта билиңиз. Түгөйүңүз кино көргөндү жактырабы? Анда комедиялык фильмдин дискин сатып алыңыз. Өтө эле интеллектуал болсо, шахмат ойноңуз. Бирок, фигураларды жөн эле ары-бери жылдыра бербей мелдешиңиз. Мында ортого сөзсүз эле акча коюу шарт эмес. Утулган кишинин кийимин чечип же беттен өөп турганы эле жетиштүү.

"Махабат мүрөктөрү"
Романтикалык дасторконду суусундуксуз элестетүү кыйын.Тамак-аш сыяктуу эле ичимдик да күндөгүдөн айырмаланып, фантазия менен кооздолууга тийиш. Алардын рецеби төмөнкүчө.


"Кыз күлкүсү"
Керектелүүчү азыктар:
400 мл. шампан, 100 мл. алма сиробу, 50 гр. балмуздак.
Адегенде фужерлерге шампанды куюп, ага теңме-тең өлчөмдө алма сиробун кошосуз. Анан үстүнө балмуздакты саласыз. Аптаптуу жай кечинде бул коктейлди эч нерсе алмаштыра албайт.



"Кумар көз"
Керектелүүчү азыктар:
200 мл. алма ширеси, 100 мл. суу, 50 мл. коньяк, 1 чай кашык шекер, бир чай кашык кургак чай.
Кургак чайдын үстүнө кайнак суу куюп, ага шекер кошобуз. Үстүн жаап, 5 мүнөтчө демдейбиз. Ал муздаган кезде алма ширеси менен коньякты кошобуз. Муну кооз чыныга куюп, шоколад менен бересиз.

"Метеор"
Керектелүүчү азыктар:
30 мл. арак, 20 мл. апельсин ликеру, 20 мл. лимон ширеси, 100 мл. газдалган минерал суусу, 1 чай кашык кант пудрасы, муз.
Арак, ликер жана ширени, бокалдагы муздун үстүнө куябыз. Бул суюктуккагаздалган минерал сууну кошобуз да кант пудрасын себелейбиз.

"Аял сыры"
Керектелүүчү азыктар:
Эки аш кашык коньяк, бүлдүркөндүн, ит мурундун кургак жалбырагы жана бир аш кашык календула гүлү, үч чыны суу, тмин.
Сууга чөп-чарды салып, кайнатабыз. Оттон чыгарып алгандан кийин 20-25 мүнөт суутуп, коньяк менен аралаштырабыз.

"Афродита"
Керектелүүчү азыктар:
200 гр. кызыл шарап, 100 гр. шекер, 1 чымчым корица, 2-3 банан.
Шарапка шекер менен корицаны аралаштырып, жай отко коюп кайнатабыз. 5 мүнөттөн кийин алып, ага тазаланып, тууралган бананды кошобуз. Муну 5-6 саат тыныктырып, муздак ичүү керек.

"Сүйүү шамалы"
Бул суусундук спирт ичимдиктерин оозго албаган такыба адамдар үчүн табылгыс азык. Аны жасоого табыгый чөп-чарлар керектелет.
Керектелүүчү азыктар:
400 мл. суу, 20 гр. жалбыз (мята), 20 гр. мелисса, эки чай кашык шекер, бир кашык бал.
Жалбыз менен мелиссанын үстүнө кайнак сууну жаба куюп, эки саат тыныктырып коесуз. Андан кийин кант, балды кошуп, кайнатабыз. Муну муздак ичүү сунуш кылынат.

"Вулкан"
"Вулкан" сексуалдык дараметин жогорулаткысы келген түгөйлөргө, айрыкча мырзаларга миңдин бири.
Керектелүүчү азыктар:
Брусниканын, шалфейдин, чалкандын кургак жалбырагы, сүргүчтөн өткөрүлгөн кызылча, бир аш кашык черника кагы, бир тоголок грек жаңгагы, беш чыны суу.
Грек жаңгагын кабыгынан ажыратып, башка татымалдар менен бирге жанчып, талкалайсыз. Ага 5 чыны сууну куюп, кайнатасыз. Оттон чыгарып алып, 10-15 мүнөт тыныктырып, чыпкадан өткөрөсүз. Муну сүйүү деңизине сүзөөр астында ичсеңиз пайдасы зор.




Назми, ырчы:
"Сүйгөнүңдүн сүйүүсү алтынга тете"
- Үйбүлөдө романтикалык кече бат-бат болуп турабы?
- Биз көбүнчө жаратылышка чыгабыз. Бош болсок эле досторубуз менен тоого жөнөйбүз. Шишкебек бышырып, таза абада чер жазыша сүйлөшүп, анан үйгө кайтабыз. Мындай иш-чараларды көбүнчө жолдошум уюштурат. Кээде кафеге барабыз. Былтыр апрелде төрөдүм. Ошол мезгилге чейин үй ичинде да романтикалык кечелер бат-бат болуп турчу. Азыр үйдө бала бар, келим-кетим көп дегендей...
- Ошол үй ичинде өткөн майрамдын акыркысы эсиңиздеби?
- Былтыр 14-февралда уюштургам. Жүрөк формасындагы бир чоң шамды столдун ортосуна коюп, тегерегине майда шам күйгүзүп, тосуп алгам. Жолдошум эшикти ачканда элейип, аябай таң калган эле...
- Өз колуңуз менен тамак да жасасаңыз керек?
- Өзгөчө болсун деп креветкиден салат, камкаймакты (сливки) аябай чалып, десерт жасагам. Буларга кошумча кылып шампан да бузганбыз.
- "Эркектин жүрөгүнө кетчү жол ашказандан башталат" деп коет эмеспи, жолдошуңузду даамдуу тамактар менен бат-бат кубандырып турасызбы?
- Жолдошум жылытманы жаман көрөт. Айла жок, түштө да, кечинде түрлөп тамак бышырам. Жолдошум өзү дапанжини катырат. Бирок, аны үйбүлөлүк майрамдарда гана жасайт. Калган убакта чолосу тийбейт.
- Үйбүлөдө романтика сөзсүз болушу керек деп ойлойсузбу?
- Кыз-жигит кезде жетелешип жүргөндүн, сүйлөшкөндүн өзү романтика эмеспи. Үйбүлө күткөндөн кийин түйшүк көбөйүп, ал унутулат тура. Ошондой маалда, сүйгөн адамыңдын сага көңүл буруусу алтынга тете болуп калат экен. Айрыкча, аял киши жетине албай, чырайына чыга келет эмеспи. Баскан-турганы көңүлдүү тартып. Жеке пикиримде, бирин-бири сүйгөн адамдардын ортосунда сөзсүз романтика болот.

Таалайгүл Жаныбекова