Качкынбай агайдын касиети
Өткөн ишемби күнү Ала-Арча көрүстөнүндө залкар талант, илимпоз, сынчы, акын Качкынбай Артыкбаевдин эстелиги ачылып, эскерүү кечеси өттү. Мен да чакырылгам. Тилекке каршы, ооруп калып, бара албаганыма өкүнүчтөмүн. Бирок, Качкынбай агай менен бир мезгилде замандаш, устат-шакирт болгонума курсантмын. Мен ушундай ыңгайдан пайдаланып, өткөн күндөргө саресеп салайын дедим. Албетте, агайды эскерүү студенттик мезгилге, жаштык-мастык доорго байланат эмеспи. Эмесе, ошондон бир үзүм.


3-курстун студентимин...
Кыргыз адабияты кафедрасын тыкылдатып, ичкери кирдим. Үч-төрт мугалим отурат. Азыр да күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Качкынбай Артыкбаев, Мухтар Сатыбеков, Абдыкерим Абдыразаков жана дагы бир лаборант кыз. Мен агайлар менен тегиз учурашып, Качкынбай агайдын астына келип, колумдагы жазган аңгемемди сундум.
- Сизге окутуп көрөйүн дедим эле...- негедир тарткынчыктай сүйлөдүм.
Агай мени көңүлү суз карады да, аңгемемди астына коюп койду. Көз ирмемчелик убакытта күтүүсүз ой келди, "окубайт го..." деген. Анан чый-пыйым чыккандай мааниде үн каттым:
- Мен кызылдыйкандыкмын...
Ал мени үлүрөйгөн көздөрү менен дагы бир карап, башын ийкеп койду. Кызыктай абалда калдым (жаман оюмда агайдын кошуна айылынан экенимди билдирейин дегем да). Бирок, мен күткөн жагымдуу жооп болбоду. Мына ушул ирмемде агайдын сүрү жүрөгүмдү айбыктырып ийди. Башка эч нерсе деп айта албадым, шапая түштүм, анан кафедрадан чыгып кеттим. Залда баратып, маанайымдын түшкөнүнө ичим кайышты. Бир чети курсагым да ач, анысы да бир жагынан кошул-ташыл. Окуу корпусунан чыктым. Түз эле жатаканага жөнөдүм, "дагы аңгеме жазып көрөйүн..." деген ой келди.
Университеттин №5 жатаканасында жашайм. Бул жакка кирип келатканда кадимкидей заарканам. Алгач эле вахтада отурган орус кемпир акшыя карайт. Мен анын жанынан өтүп кеткиче ушундай кысынам десең, ал оңбогон кемпир да жөн отурбай бирдемелерди кобуранып кала берет. Анысына кулак түрбөйм. Баса, бир жума мурун балдар менен мушташкам, кызыл-жаян болуп. Кемпирдин жаман көргөнү да ошол. Жигитмин да, анысын этибар албадым, 3-кабатка көтөрүлдүм. Бөлмөдө эч ким жок экен. Кудай жалгады, "дагы бирдеме жазайын" дедим. Качкынбай агайга берген аңгемем жакпай калса, экинчисин алпарып окутайын деген ой кетти. Эмнени жазам? Кайсалап отуруп калдым. Анан түбөлүк темамды баштадым, сүйүү каты... Бул кат Мээримге арналат, бирок, ага эч убакта бербейм, намыстанам...Мына ушул чыгармамды эртең агайга алпарайын дедим. Өкүртө жаздым! Жүрөгүмдү көтөрүп чаап, кайра ордуна салгандай болдум. Эргидим. Кандай бактылуу күндөр эле?..
Эртеси күнү 3-парадан кийин агай астыман чыгып калды.
- Кандай? Аслан?..- деди мага олуттуу карап.
- Саламатсызбы?
- Жүрчү?-деди.
Экөөбүз кабинетине кирдик.
- Кел, отур,-деди көз айнегин сол колу менен оңдоп.
Күтүүсүз көрүнүш. Диванга көчүк бастым. Ал папкесинин ичин аңтарып, менин аңгемемди алып чыкты. Саамга көз жүгүрттү да, анан мага карап:
- Сен жаза турган бала экенсиң,-деди.
Үндөй албай калдым. Агайым көзүмө ушундай алп, сүрдүү көрүндү. Саамга үнсүздүктөн соң:
- Жазганың жакшы экен, бирок дагы иштешиң керек. Окугун..-деди мени карап.
Дене боюм чымырап чыкты, буга чейин бир да мугалимден мындай жылуу сөз уга элек болчумун. Көз ирмемдик бакытты сездим. Анан агайга:
- Дагы жазганым бар...-дедим.
Көйнөгүмдүн чөнтөгүнөн бүктөлгөн кагазды алып чыгып, колуна карматтым. Бул чыгармам Мээримге арналган сүйүү каты болчу. Агай папкесине салып койду да, мага суроо узатты:
- Кызыл-Дыйкандан болом дедиң беле?
- Ии...
Агай негедир ойго баткандай терезеге тигилди да, анан сөзүн улады:
- Биз тараптан балдар чыкпай койду...- деди сабыры суз.
Мен жооп кайтара албадым, аңгыча өзү:
- Бирок, жазуучу, сынчы, чынчыл болуш керек... Чыгармачылыкта жердешчилик болбойт,-деди.
-Туура,-дегенге жарадым.
Мен Качкынбай агай менен алгачкы жолу сүйлөшүп аткан үчүнбү, айтор, андан сүрдөгөнүм байкалып атты. Негизи эле бу кишинин касиети, аурасы оор сезилчү. Ага суроо берейин деп, оюма Турар Кожомбердиев орной калды. Ошол кезде анын ырларына таасирленип жүрсөм керек да.
-Турар Кожомбердиевдин ырларын кандай баалайсыз?-дедим.
- Эң жакшы. Ал классик акын!
- Мага ырлары жагат...
-Турар сейрек талант болчу. Алыкулдан кийинки...
- Адамдык сапатын да макташат...
- Ал бир жаралган жигит эле, төгөрөгү төп келишкен, андай жигиттер жүз жылда да жаралбайт го...- Качкынбай агай ойго баткандай үн катты.
- Мен курстук ишиме Кожомбердиевдин ырларын жазайын дегем.
Мына ушинтип айтып алып, өзүмчө ыңгайсыз абалда калдым. Агайдын оозунан кандай сөз чыгат дегенче эле, ал:
- Жакшы оюң бар экен. Экөөбүз дагы сүйлөшөлү,-деди мага чарчаган көздөрү менен тигилип.
Ушул арада агайдын сабакка шашкандай түрүн байкадым. Саатын караганынан эле сездим да. Ордуман туруп, коштошууга камынып калдым. Баштагы каардуу жүзү тарагандай болуп, мага жылдыздуу чоң атадай көрүндү.
- Сен байланышып тур,-деди.
- Жарайт!
Экөөбүз кабинеттен сыртка чогуу чыктык. Агайдын кабинетине куйрук улаш эле адабият кафедрасы жайгашкан, анын астында биздин курсташ кыздар туруптур. Алар мени таңдана карагыча агай экөөбүз коштоштук. Кыздар мени жылмая карап калышты. Арасында Мээрим бар экен. Сыр билгизбедим. Бирок, эч ким ушуга чейин менин ички сезимимди, Мээримди жакшы көргөнүмдү билишпейт десең. Ал экөөбүз Семетей менен Айчүрөктөй эле тиктешебиз го, чиркиндики! Ушул саамда курсташ кыздарыма токтогон жокмун, шашылыш эле көз ымдашып коюп, сыртка жөнөдүм. Эң кубанычтуусу ушул, Качкынбай агай менен сүйлөшкөнүм жандүйнөмдү катуу толкундатып салды. Ылдыйкы кабатка кубаныч менен түшүп бараттым...

(Уландысы бар)

Асланбек САРТБАЕВ




  Дүйнөгө дүрбү

Каракчыларга күрөш күчөйт
Россия менен Кения суу каракчылары менен күрөшүү боюнча эл аралык уюм түзүүнү сүйлөштү. Жыйындын жүрүшүндө эки жак Сомалидеги каракчылыктын өсүүсүн өзгөчө талкуулашты. Андан тышкары ушул маселенин үстүндө БУУ дагы иштеп жатканын Россия министри белгилеп өттү. Сөз аягында каракчылык менен күрөшүүдөн мурда анын келип чыгуу себептерин дагы изилдөө керектиги айтылды. "Анткени, Сомалиде социалдык-экономикалык жагдай оор экени бизге белгилүү"-дейт Лавров.

Гаитиде дагы ызы-чуу
Гаитинин жергиликтүү тургундарына БУУнун тынчтыкты орнотуучулары тарабынан ок атылды. Жыйынтыгында эки адам көз жумду. Кийин ок аткандар коргонуу максатында гана бул кадамга барганын билдиришти. Анткени, гаитиликтер өз жеринде БУУ жоокерлеринин болушун каалашпайт. Алар өзгөчө непалдыктарга каршы. Тургундардын ою боюнча буга чейин 900 адамдын өмүрүн алып кеткен холера оорусун ошолор алып келген.

Бриллиант куну 45,44 млн.
Женевада өткөн аукциондо күлгүн түстүү бриллиант 45,44 миллион Швейцария франкына сатылды. Аны АКШ долларына айландырганда 45,75 миллион долларды түзөт. Сунушталган баалуу таштын салмагы 24,78 карат. Байлыктын жаңы ээси болуп Лоренс Графф аттуу зергер табылды. Буга чейин баасы жагынан рекордду "Виттельсбах" аталган көгүлтүр бриллиант бербей келген. Ал 24,3 миллион долларга бааланчу.

Орус тыңчылары өлүмгө учуроодо
Француз ММКлары орус тыңчыларынын өлүмдөрү тууралуу кеп козгоду. Анда акыркы жылдары Россия чалгындоо кызматына тиешеси бар бир нече адамдын өмүрү кыйылгандыгы тууралуу айтылат. Мисалы, апрель айында Канадада мурунку дипломат Евгений Тодоров ваннага түшүп жатканда, ток уруп өлгөн. Июлда Россиянын БУУдагы өкүлү Сергей Третьяков Америкадан ууландырылган. Ал эми августта Сирияда Юрий Иванов аттуу аскер чалгынчысы сууга чөгүп кеткен. Мындай көрүнүштөрдөн кийин француз ММКсы быйылкы жылдын июнь айында 12 орус чалгындоочусун АКШнын атайын кызматына салып берген полковник Щербаковдун тагдырына кызыккан.

Барак Обама жазуучубу?
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама балдар үчүн китеп жазды. Китеп кайрылуу жанрында жазылган. Президенттин "Сиз үчүн ырдайм: кыздарыма кат" деген аталыштагы китеби жарыкка чыгары сентябрь айында белгилүү болгон. "Кайрылуу" 500 миң нуска менен жарык көрүп, зарылдык болсо кошумча чыгарылары айтылууда. Аталган китеп Обама үчүн биринчи эмес. Буларга чейин ал "Терсаяк үмүт" жана "Атамдын кыялы" деген чыгармаларды окурмандарга тартуулаган.