Дасторкон ажары

Келчи, "Акациядан" кездешели?..
"Акация" кафесинин ашпозчулары белгилүү адамдарга тамактын, салаттын түрлөрүн үйрөтүп, дайыма биз менен кызматташып келет. Бул жолу жаш ырчы Дайыр Исмадияровго ашпозчу Жазгүл Сыдыкова "будапешт" жана "гаскон" салатын жасоону үйрөттү. Баарынан да Дайыр салатты кооздогондон кыйналды.

"Гаскон" салатынын рецеби
- "Гаскон" салаты тез жасала турган эң даамдуу салат. Ышталган тоок, бадыраң, козу карын, жумуртканы майонез, кетчуп менен аралаштырып, бир аз коньяк кошуп коебуз. Бул салатты өтө кооздоштун деле кереги жок. Болгону гүл, ашкөк, укроптун жардамы менен кооздолот.


"Будапешт" салатынын рецеби
- Гүлдүү капуста, бадыраң, помидор, спаржа, лимон, буурчакты суу май менен аралаштырабыз. Даамына жараша кара мурч, туз, лимондун соусун кошобуз. Бир порция салатты 2-3 мүнөттө даярдайбыз. Фантазияга жараша ар түрлүү кооздосок болот. Жумуртканын агын гүл формасында кесип алып, атайын аш боегуна он мүнөт салсак жетиштүү. Сары, кызыл түстөгү гүлгө айланган жумуртканы, ашкөк, укроп, менен кооздойбуз. Кээде гүл жумуртканын ордуна сабизден, бадыраңдан гүл жасасак да болот.


Дайыр Исмадияров, ырчы:
"Экзотикалык салаттарга маани берчү эмесмин"
- Дайыр, буга чейин ашканага болгон оюң кандай эле?
- Эркек болгон соң ашканага көп жолобойм деле. Өзүм оливьени, шакарапты аябай жакшы көрөм. Ошондуктан, экзотикалык салаттарга маани берчү эмесмин. Бирок, бүгүнкү салаттардын даамы, көрүнүшү да табитти ачат экен.
- Салат жасаган кыйынга турдубу?
- Ооба. Туураш оңой болгону менен кептин баары аны кооздошто экен. Себеби, салаттын сырткы көрүнүшү кардарды кызыктырып турса жакшы да. Салатты кооздоо өзүнчө искусство тура. Өмүрүмдө биринчи жолу 20 порция салат жасаштым. Кызыгы, жумуртканын агын сары, кызыл кылып боегонун көрүп, таң калдым. Ашкананын биз билбеген сыры өтө көп экен.
- Ашпозчулукту аркалоо жеңил бекен?
- Ашпозчу болуш үчүн эң биринчи орунда сабырдуу анан шамдагай болушуң керек экен. Бир күндө салаттын бир нече түрүн, тамактын даамын чыгара жасаштын өзү кыйын. Жазгүл эженин нерви нерв экен. Жумушу көп болсо дагы, официанттарга жакшы мамиле жасап, жылмайгандан жазбады. Мага ушундай шарт түзүп берген "Акация" кафесинин жетекчиси Айгүл Ноорузбаевага жана ашпозчу Жазгүл эжеге ыраазычылык билдирем. Күн санап кардарыңар көбөйсүн.

Жазгүл Сыдыкова, башкы ашпозчу:
"Дайырдын фантазиясы жакшы экен"
- Бүгүн мен кырк кишилик банкетке салат жасап жаттым эле. Дайырга тез даяр болуучу "будапешт", "гаскон" салаттарынын даярдалышын, кооздолушун үйрөттүм. Фантазиясы жакшы экен. Мен гүлдөрдүн формасын кесип бердим. Дайыр өзүнүн фантазиясына жараша кооздоп жатты. Мага жакканы, жөн гана гүлдөрдү кооздоп койбостон, "кандай кылсам экен?" деп аябай ойлонуп, койгон гүлдөрүн кайра алып, башкача коюп жатканы кубандырды. Ишти жасап жатканда берилип, кылдаттык менен мамиле кылат экен.
- Демек, Дайырдан жакшы ашпозчу чыгат экен да?
- Мыкты ашпозчу болуш үчүн ашканааны биринчи орунга коюп, жүрөгү менен берилиш керек. Дайырдын жүрөгү ырчылыкта да (күлүп). Ошондуктан, ашпозчулукту биротоло алып кете албайт. Болгону анын фантазиясы жакшы экен. Эгерде "өзүм үчүн салат, тамак жасаганды үйрөнөм" десе, үйрөтсө болот.

"Акация"
бейиштин төрү!
Бишкек шаарынын Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампадан 200 метр тоо жакка жогору карай "Акация" кафеси жайгашкан. Кафеде сиз каалаган бардык тойлор, "Үйлөнүү той", "Бешик той", "Кыз узатуу" ж.б. жакшылыктар капчыгыңызга туура келгендей арзан баада өткөрүлөт. Андан сырткары 20-25, 35-40 кишилик фуршеттерди VIP залдардан өткөрсөңүз болот. Эң чоң зал 150-200 кишиге ылайыкталып, музыканын коштоосунда өзүңүз каалаган кыргыздын улуттук тамактарын заказ берип, андан сырткары, европа ашканасы менен тааныша аласыз. "Чер жазып, жакындарым менен көңүлдөгүдөй эс алам" десеңиз, "Акацияга" келиңиз! "Акация" бейиштин төрү!


  Тез татым

"Дасмиянын" "Ырыскысы" даамдуу
"Дасмия" эс алуу борборунда "Ырыскы" аталышта тез даам татуу түйүнү ачылды. Чакан түйүндүн ачылганына аз эле убакыт болсо да, анын сүйүктүү кардарлары күн санап көбөйүүдө. Себеби, тандап ала турган тамагың бет маңдай жайгашып, ийкемдүү официанттар каалаганыңды салып беришет. Ал эми баасын көрүп алып таң каласың. Эң кымбат дегени - 45 сомдон ашпайт. Арзаны - 15 сомдук. Курсагыңды суюк, коюу, нан жана чай-пайы менен тойгузгуң келсе, 70 сомдун тегерегине барып токтойт. Коммунизм бекен? Мындай тамакка башка жерлерден бери дегенде 300 сомдон кем эмес акчаңды сарптайсың. Анысы аз келгенсип, айткан тамагың жок болуп чыгат же табитиң тап-такыр өлүп калганда (25-30 минутада) апкелет. Сизге ушу керекпи (?) дейт экенсиң. Эми "Ырыскынын" менюсуна көз чаптырып көрөлү:


Айнура Касымова