Жанкумардан…

Атактуу айымдардын махабаты
Аңгеме

(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)

Жашоо кызык. Өзгөчө чырайлуу кыздарга алып-учуп бараткан сезимдер жүрөктү өрттөйт да, чиркиндики! Кадыр байке машинесин улам ылдамдата айдап, мага бакылдап сүйлөп, шаңдуу баратты. Духту көтөрдү. Мен болсо модель менен кайсы жерден жолугарыбызды да такташып койдум. Болжогон жерге бат эле жеттик, жол жээкте ары-бери суйсала басып, биздин периштебиз турган экен. Капкара түстөгү "мерседес" моделдин жанына токтоду. Кадыр байкенин көздөрү күйүп кетти, ал машинеге отургуча мага обдула карап:
-Красавица го, чүрөк экен!-деп шымаланып алды.
Периште сымал кыз арткы орундукка көчүк басты. Учураштык. Тим эле үйлөнүү үлпөтүнө бараткандай сезим ойноду. Экөөнү тааныштырдым:
-Кадыр байке, кыргыздын белдүү азаматтарынан болот!
-Бул карындашыбыздын аты Айжан,-дедим рулда отурган шефке көз кысып.
Машиненин ичиндеги көз ирмемдер ушунчалык таттуу көрүндү. Мен мындай көз ирмемдерге чыдай албайм да, чындыкты айтам:
-Кеттик анда, Айжан, эми сен Кадыр байкеме жактың,-деп сулуунун көзүнө карадым.
-Рахмат!-деди ал сырдуу жылмайып.
Биз ойлоп койгон жерге жөнөдүк, айтылуу Ала-Арча тараптагы бейиштин төрүнө дегеним. Жолдон тамак-аш, суу, ичимдикти кенен алдык. Атаңгөрү, Айжан жыбылжый улам үн катып, Кадыр братан экөөбүздүн жүрөгүбүздү эзип баратты. Бир маалда мен:
-Айжан, сен мага тиет белең?-дедим бура сүйлөп.
-Тиймекмин,-деди от көздөрү жанып.
-Сени алмак эмесмин...
-Эмнеге?
-Менин дүйнөм башка да, экөөбүз жашай алмак эмеспиз...
-Сүйүшүп калсакчы?
-Ким билет? Бирок, сени алсам күндө чатакташмакпыз, сага мага окшогон кардарлар чыкмак... Үйбүлө бузулмак, сен ашкан сулуусуң да...
-Коюңузчу? Мен деле үйбүлө күткүм келет.
-Ай ким билет? Кыргызда "жоргонун тери кургабайт, сулуунун "бир жери" кургабайт" дейт эмеспи. Силердин табиятыңар башкада.
-Айдар, сен сексенинчи жылкы адамдардай ойлонот экенсиң.
-Сексенинчи жылы деле сулуулар ушундай болчу да...
Аңгыча Кадыр байке сөзгө аралашты:
-Кызык экенсиңер, эмне кайым айтышасыңар? Кеп жашоонун маңызында, жигит деген сүйө билиш керек...
-Ошентсеңиз, Айдар башкача ойлонот экен.
-Мени тайыз дейсиңерби? Анда мен бир куплет ыр таштап коеюн, Шайлообек Дүйшеев деген гений акын бар, ошо минтип жазыптыр:
Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сайда бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа тартып таң атырып келатам,
Сага окшогон бир да жылдыз таба албай,-дептир кайран Шаке.
Бул саптарым Айжанга жага түштү:
-Сонун ыр экен,-деди тамылжый күлүп.
-Шедевр, шедевр!-Кадыр байке жандуу сүйлөдү.
Зуулдаган машиненин ичине жагымдуу күлкү уялады. Тоо таяна кетип баратабыз. Ала-Арчага да жакындап калдык. Кызык, бир отурушка бараткандай сезилди мага. Сөз кезегин Кадыр байке алып, чер жаза анекдот айта баштады. Эмне болуп көздөгөн жерибизге жеткенибизди да билбей калдык, көрсө, шаңдуу жүргөн жакшы турбайбы. Мына ушундай ачык маанайымды телефондун шыңгырагы бөлүп кетти:
-Кандайсың, Айдар?-деди Айымай эженин үнү.
-Жакшы. А эмне болду?-дедим кекете сүйлөп.
-Сенин абалыңды, иштериңди сурап коеюн деп эле...
-Табалап чалып атасызбы?
-Мени түшүнчү, сага жаман оюм жок. Антпечи?-негедир жалдырай сүйлөдү.
-Сиздин эргул мени сабатты го, бирок, ал жообун алат!
-Мен күнөөлүү эмесмин. Сен үчүн аны менен мамилем бузулду. Мен сени мененмин...
-Коюңузчу?
-Чын. Баса, баягыда Кытайга барабыз деп сүйлөшпөдүк беле? Андан бери убакыт да өтүп кетти. Экөөбүз кетсек жакшы болмок.
-Менин акчам жок...
-Кызыксың, сенден акча сурадымбы? Баарын мен кылам да.
-Качан дейсиз?-дедим чын эле чет өлкөгө чыккым келип.
-Кааласаң эртең мененкиге билет таптырам.
-Анда бир сааттан кийин чалышалычы, жообун айтайын...
-Күтөм.
Негедир Кытайга кетким келди, Айымайдын мага чындап күйгөнү, жакшы көргөнү сезилип атканын байкадым. "Аны кечирем" дедим ичимен күңгүрөнүп. Өзүм менен өзүм болуп атып, машинеде жалгыз калганымды карасаң. Тиги экөө суу жээктеп бойлоп баратышат. Дароо сыртка чыктым да:
-Жүргүлө, тиги конок үйгө кирели?-дедим.
Биз беттеген жактан аял чыгып келатты. Аны утурлай бастым да, учурашкан соң бир түнгө мейманкананы сурадым. Акчасын төлөдүм. Эми "ат чабышты" баштай турган кез келди. Кадыр менен Айжан таптаза сүйүшкөн кыз-жигит сымал кыналышат десең. Аларды көрүп, өзүмчө жиним келди. Эмнегедир көөдөнүм алып-учуп, шашып аткандаймын. Тигилерге жолтоо болбоюн деген таризде Айымайга телефон чалдым:
-Мен эле...
-Эмне болдуң?
-Эч нерсе. Эмне болмок элем!-дедим кержеңдей сүйлөп.
-Айдар, маанайың жок го...
-Жакшы эле, Кытайга кеттикпи?
-Сен макул болсоң эле...
-Билет ала бериңиз. Канчада учабыз?
-Саат 5.30да.
-Жакшы экен. Сизге эрте эле барып калам.
-Кандай сонун баласың? Кечикпе ээ?
-Жигитмин да.
-Көрүшкөнчө...
-Макул.
Мен Айымай эже менен сүйлөшкүчө Кадыр байке менен Айжан бөлмөгө кирип кетиптир. Эч ойдо жок эле каалганы ача салсам, экөө кудум эле порно-фильм каармандары сымал эзилишип атыптыр. Көргөн көзүмөн түңүлдүм. "Адамдар ушунчалык кирдүү жашайбызбы?" деген ойго чөмүлдүм. Айжан канчалык сулуу болсо да, мен анын бул жолку көрүнүшүнөн ирээнжидим. Шарт бурула сыртка чыктым, эшикте айдарым жел, караңгы небак кирип калган. Шаабайым сууду. "Кете берейин" деген ой келди. Бир чети азыр эле Айымайга жетип барганым туура болобу (?) деген суроо көкүрөккө кадалды. Деги эле жалаптардан көңүлүм калган жанымды кара, өзүмчө эле тарткынчыктап атам. "Кетейин" дедим.
Ала-Арчанын мейманканасынын астына чыксам, такси көрүнбөйт. Бир маалда арыдан машинанын үнү угулду. Көкүрөгүм майрамга чулганды. Ушул машина мен үчүн келаткандай болуп, дээлигип алганымды карасаң. Машине жакындаганда кол көтөрдүм, токтоду. Рулда жаш жигит экен. Ага суроо салдым:
-Кимдин шоопуру болосуң?
-Бекназаровдун...
-Бул жакта эмне болуп атат?-дедим.
-Чоңдор чогулуп атат го...
-Жакшы экен. Мени шаарга чейин таштап коесуң да?-дедим сурангандай түр менен.
-Жарайт.
Кичине ойго баткандай отурдум да, анан суроо жаралды:
-Бекназаров аялы мененби?-деген маанайда үн чыгардым.
-Жок. Чоочундар...
-Кыздар мененби?
-Эми байкеси, ал жагын түшүнөсүз да...-деди шоопур мага карап.
Экөөбүздүн сөзүбүз үзүлдү. Байкуш жигитке тергөөчүдөн бетер суроо салганымды токтотуп койдум. Ошентип, Азикенин айдоочусу мени болжогон жерге таштап койду. Мен аны менен жылуу коштошуп, Айымайдын квартирасын тыкылдаттым. Сулуу жүздүү келинчек ачты, келбети келишкен. Кыркка чукулдап калса да, кыз сыны менен жашаган айым да, таңгөрү! Мени көрө сала:
-Айдарчик, эрте келдиң ээ? Мени жакшы көрөт экенсиң,-деп тамашалады.
-Сиз ак куусуз да,-дедим.
Ушул кезде ал менин моюнума асылып, оозуман өптү. Жыты буркурайт. Өбүшө кеттик. Үйдө жымжырттык. Мен адатыма салып, Айымайды чечинтип кирдим. Жыпжылаңач чечинди. Мен да чечиндим, дагы өбүшө кеттик. Анын турпаты ушундай сулуу дейсиң, анча-мынча адамдар эстен танат. Ал эми экөөбүз жуурулуша диванга бой таштадык, салынган төшөк да жагымдуу көрүнүп, бизге бейиш сымал кабылданып атты. Ушул кезде "кайбарым" чыңалып чыкты. Айымайдын энеден туума тулкусун эркелеттим да, анын сулуулугуна бой таштадым. Эзилиштик. Рахаттын туу чокусуна көтөрүп, боюн жерге таштагандай болдум. Мына ушул мүнөттөрдө анын моокумун кандырдым, ал мага күлө жылмайды:
-Сеники жагат, терең кирет, чо-оң...-деди күлө карап.
-Сиздики да сонун,-дедим.
"Убакыт деген учкан куш" да, саат үчкө чейин эки жолу моокумун кандырдым. Айымайдын образы кызык, торго түшкөн балыктай эле чабалактайт. Мени ушул арада аябай сүйүп калганын сездим. Ал менин белимен бекем кучактап, ылдый отура калды да, чочогумдун учунан өптү. Дене-бойду дирилдетип. Кызыктай боло түштүм. Мына ушул арада Айымай:
-Жүрчү, жууналычы?-деди.
Экөөбүз эгиз козу сымал ваннага кирдик. Мени жуундурду. Кудум эле наристе сыяктуу чайынганымды көргөн киши күлөт десең. Алеки убакытта жуунуп чыгып, сүлгүгө оронуп отурсам, телефонум шыңгырады.
-Алло...
-Кандайсың? Иштер жакшыбы?-деди Токой байке жайдары үнү менен.
-Байке, баары жакшы,-дедим чечиле сүйлөй албай...
-Эшикке чыкпайсыңбы?
-Үйдө эмесмин...
-Анда шашпай жолугалы,-деди көлдүк абам камырабай.
Аңгыча болбой эле Айымай эжеке үстү-башын жасанып, Кытайга кетүүгө кам уруп калды. Мен даяр экенимди көрсөттүм. Ал өзүнчө камылгасын көрүп, такси чакырды. Экөөбүз сыртка чыктык, такси да келди. Аэропортко жөнөдүк. Жеттик. Ары-бери болуп, каттоодон өтүп, самолетко отурдук. Кыялымда Кытайдамын. Түз эле Пекинге конууга шарт түзүлдү. Жаныбызга арактан алып алганбыз, анүстүнө жанатан баш ооруп, ушу самолетко отурганды эле күтүп аткам. Айымай эл көзүнчө ичпейт да, мен дароо эле бир бөтөлкөнүн оозун ачып, кулкулдата жутуп кирдим. Деңгирей түштүм, мас болуп баратам. Самолет көтөрүлдү...
Бир маалда ойгонуп кеттим, мастыгым менен далайга чейин уктаптырмын. Ойгонсом эле жанымда супсулуу Айымай отурат. Ал менин жүзүмөн сылап, мурдуман өптү. Экөөбүз өбүшө кеттик. Ал мени аймалап атат. Тили таттуу. Бир маалда көздөрүмөн өпкүлөдү да, колун сойлотту, ычкырыма кирип кетти. Эркелетип, сылап кирди. Ушу маалда самолет ылдый бараткандай туюлду, Айымай менин жүзүмөн өөп:
-Карачы?-деди.
-Укмуш...-дегенге жарадым.
Көрсө, биз Пекиндин аэропортуна конуп атыптырбыз. Мемиреген шаар көз алдыга кубулжуй көрүндү. А Айымай болсо мени бекем кучактап, колдорун кыбыратып атты. Дүүлүгүп чыктым. Самолет конуп баратат...

(Уландысы бар.
Гезит кийинки жуманын 4-күнү,
25-ноябрда чыгат)

ГҮЛОЙРОН