Окурмандан кат

Аксылыктар "Учурду" урматтайт!
"Учур" газетасынын коллективине Аксыдан салам!
Урматтуу Асланбек мырза! Сиздин чыгармачыл жамаатка албан ийгилик, жалаң жакшылык каалоо менен күздө белгиленүүчү кесиптик майрамыңар менен ак ниетибизден куттуктайбыз! Биз "Учур" гезитин калтырбай окуйбуз. Ал жерде бардык материалдар камтылган. Биринчи беттен баштап, акыркы бетине чейин кызыктуу темалар коштоп, окурмандын жан дүйнөсүнүн азыгы боло алат. Өзгөчө, Жаркынай айым Таабалдиеванын элегиялык маанайда жазылган "Казак кыздын махабат дастаны" деген чыгармасын сандан-санга кууп окуп, кумарыбыз канып, черибиз жазылды. Эгер уландысы болсо, андан да жакшы болмок. Биз тарапта "Казак кыздын махабат дастанын" издеген эле кишилер. Эгер мүмкүн болсо, улантсаңар деген тилек күч. Кызыктуу жерине келип бүтпөй калгандай. Сиздерди терең урматтоо менен:

Казымалы Шадыбеков
Сүйүналы Назарбаев
Нурматбек Добулбеков
Аскарбек Чоңтаев
Али-Шер Чомонов
Өмүралы Тажибаев
Мамбеталы Суранбаев




  "Учурдан" учкай суроолор

"Таттуу ноябрды" сүйгөн Асел
Асел Саралинова 20 жашта. КРСУнун экономика факультеттинде 3-курста окуйт. 16 жашында "VitLine" моделдик агенттигинин мектебин бүтүп, ошондон бери подиумдан түшө элек.

- Өзүңдү тааныштыра кетсең?
- Бишкекте туулуп-өскөм. Апам жана чоң апам менен жашайм.
- Бош убактыңда эмне кыласың?
- "Таттуу ноябрь" киносу мага абдан жагат. Аны кайра-кайра көргөндөн тажабайм. Кээде театрга курбулар менен барам.
- Саясатка көз карашың?
- Чынын айтсам, кызыкпайм.
- Сүйгөн жазуучуң?
- Анна Гавальда деген француз жазуучусу. Андан тышкары, Фредерик Бегбедер, Дмитрий Глуховскийдин чыгармаларын баалайм.
- Кайсы адамдык сапатты баалайсың?
- Жөнөкөй, бой көтөрбөгөн адамдар жагат.
- Кичине кезинде ким болгуң келчү?
- Дарыгер.
- Бакыт сен үчүн?
- Эч нерсени каалабасаң, ошол бакыт. Анткени, сенде баары бар.
- Жылдын кай мезгили жагат?
- Жаз менен жай. Анткени, жамгырды сүйөм. Сүйгөн адамың менен төгүлгөн жаанда калып, дарак түбүнө коргологон өзүнчө эле романтика эмеспи.
- Жүрөгүң бошпу?
- Сүйгөн жигитим бар.
- Ашканада кандайсың?
- Тооктун этинен жасалган тамактарды катырам.




  Алаша

Амина Юсурова, модель:
"Куурчак ордуна кирпи менен ойногом"
- Амина, үйбүлөң тууралуу айтсаң?
- Үйбүлөдө жалгыз кызмын. Атам сүрөтчү, апам банкта иштейт. Чоң атам СССРдеги дунгандардын арасынан чыккан биринчи илимпоз. Жалгыз кыз болгондон кийин, эрке экенимди танбайм. Кичинекей кезимде ата-энем каалаганымды алып беришчү. Чоң атам "Күйүмдүү, боорукер, жаратылышка жакын болсун" деп куурчак ордуна, жандуу нерселерди сатып берчү. Аквариум кармап, кирпи, ташбака, күчүк, мышык менен ойноп чоңойдум. Мектепте окуп жүргөндө мени балдар "капкара" деп кошпой, ызалантышчу. Ушунун айынан үйгө көп жолу даттанып, ыйлап келдим. Андайда апам "Амина, сен аларга теңелбе, чоңойгондо райондун эң сулуу кызы болосуң" деп сооротчу. Акыры ошондой эле болду.
- Баарынын оозун жаптым дечи?
- Ооба, моделдик кесип мага жаңы дүйнөнүн эшигин ачты. Көп өлкөлөргө барып, ийгиликтерге жетиштим. 2005-жылы Кыргызстандын атынан Кытайга сынакка барып, "Мисс Азия" деген наамга ээ болгом. Анан Шанхайдын моделдик агенттиги менен келишим түзүп, бир жылча ал жакта иштедим.
- Азырчы?
- Бишкектеги моделдик агенттиктин биринде уюштуруучу жана мугалим болуп иштеп жатам. Кыздарга подиумда басканды үйрөтөм, ар кайсы сынактарга, мода көргөзмөлөрүнө даярдайм. Чынын айтсам, модель болуп иштегенден аябай тажадым. Мен бул чөйрөдө каалаган ийгиликке жеткем. Анүстүнө, бизде моделдерге кыйратып деле төлөшпөйт эмеспи.
- Демек, карьера куугандардын катарында эмес турбайсыңбы?
- Сүйгөн жумушуң болсо, татыктуу маяна алсаң жакшы дечи. Бирок, карьера мен үчүн экинчи орунда. Келечекте ынтымактуу үйбүлө куруу, бала жыттоо башкы максатым. Бул дүйнөдө баладан өткөн бакыт болбосо керек.
- Саясатка кызыгасыңбы?
- Жок. Саясатчылардын эч кимисин жактырбайм. Булардын колунан эч нерсе келбесине эки ыңкылаптан кийин көзүм жетти.
- Сен өзүң патриотсуңбу?
- Албетте. Ата Мекенди эч нерсеге алмашпайм.
- Шарт түзүлсө, атактуу адамдардан кимиси менен жолугат элең?
- Марк Дакаскос менен жолукмакмын. 2008-жылы "Кыргызстандын сулуусу" сынагын уюштуруп жүргөндө, ал Бишкекке келип калды. Ошондо таанышып, сүйлөшкөн элек. Анын жөнөкөйлүгүнө, ачык пейилине таң бергем. Көрсө, нукура таланттуу адам зоболосу өскөн сайын жөнөкөй бойдон калат экен. Ал киши менен дагы бир жолу кезиксем жакшы болмок.
- Адамдын кайсы сапатын баалайсың?
- Чын сүйлөгөн, туруктуу, түз жана таза жүргөн адамдарды сыйлайм.
- Кичине кезиңде ким болгуң келчү эле?
- Элге таанымал, белгилүү адам болгум келчү. Ал тилегим ишке ашты десем жаңылбайм.
- Кандай китептерди окуйсуң?
- Психологияга кызыгам. Луиза Хей, Дейл Карнеги, Доктор Курпатовдун китептерин окуйм.
- Жеке жашооң тууралуу кеп салсаң кантет?
- Окуума жана жумушума көп убакыт сарптап, жигиттер менен тааныша албай жүрөм.
- Моделдик карьераңда бут тосууга кабылдың беле?
- Германияга сынакка катышуу үчүн барганда, Украинадан келген бир кыз кечки көйнөгүмдү кескилеп салган. Көрсө, ушундай жол менен атаандаштарын жайлап, жеңишке жетүүнү көздөптүр. Ал кызды уюштуруучулар сынактан чыгарып салган эле.