Тайкы тагдыр

Татыктуу жашоону самап, аянттан ок жеди
Кандуу 7-апрелде көзгө атардын огунан жан таслим болгондордун арасында Бейшеев Нурлан да бар эле. 34 жашында ата-энесин, бир туугандарын, кызын таштап кете берген жигитти иниси Улан минтип эскерип отурду.


Акталбай калган тилек
- Балалыгыбыз Ат-Башы районунун Калинин айылында өттү. Нурлан байкем алты бир туугандын экинчиси. Үйдө Нуку деп тергечүбүз. Мектепте үлгүлүү окуучу эле, алган грамоталары үйдө али күнчө сакталуу. Тилекке каршы, шарттан улам жогорку окуу жайга тапшыра албады. Ага чөгүп, муюган эмес. Башкаларча керзи өтүктү сүйрөп, көчө таптабады. Шаарга келип, тери ийлегенди, бычып-тиккенди үйрөнүптүр. Кийин ал өнөрүнүн арты менен "Дордой" базарынан орун алган. Колунан жаралган баш кийимдерди сатып, үйгө каралашып турчу. Колу ачык эле байкуштун. Өтө ак көңүл, боорукер болчу. Карындашымды ЖОЖго тапшыртып, экөө батирде чогуу турчу. "Диплом алса, өзүм жууп берем" деп тилек кылаар эле. Ал күнгө жетпей калды.

Мекенге күйүү
- Коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмес эле. "Гезит окубасам, башым ооруйт" деп күлүп калчу. Үзөңгү-Кууш Кытайга кеткенде аябай кайгырып, "бул кейпибиз менен 20 жылдан кийин жерсиз калбасак болду" дегени эсимде. Кийин 2005-жылы 24-мартта элге кошулуп, аянтка чыкты. Анан "Реформа үчүн кыймылына" кошулду. Нуку "элдин турмушу оңолсо, татыктуу жашасак" деген патриот уулдардын бири эле. Балким, "эмне болсо, ошо болсун" деп кара башын коңулга катса, аман калмак. Акыркы жолу экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшкөндө "жашоо кыйындап калды, иш жүрүшпөй жатат" деп кейиген. Көрсө, ал убакта электр энергиясы кымбаттап, баалар өсүп аткан экен.

Айрылуу
- Адам бир нерсени алдын-ала туят тура. Болгону ага убагында маани бербейт экенбиз. Бул нерсени мен өз башыман өткөнү үчүн айтып жатам. Нуку өлгөндө Россияда иштеп жүргөм. Бир күн мурда уктап жатып жөөлүпмүн. "Барбай эле койсо болмок, тирүү калат эле" деп түнү бою чабалактап чыгыпмын. Аны жанымдагылар айтса, ийин куушуруп тим болгом. Бир бооруман айрыларымды анда кайдан билипмин? Байкем 7-апрель күнү эртең менен жумушка кетиптир. Базар иштебегендиктен, досу менен Алма-Ата көчөсүндөгү "Медиа Форумдун" имаратына барыптыр. Эң улуу агабыз аянтта жүргөнүн телевизордон көрүп, телефон чалса келип жолугуптур. Ажал азгырганбы, кайра эле кан төгүлүп жаткан жерге баса бериптир. Оппозиция лидерлерин бошотуп жатканда, УКМКнын жанында жүргөн дешет. Ошол жерден досторунан адашып калыптыр. Кай жерден ок тийгени белгисиз. Үйгө келбеген соң, эң улуу агам ооруканалардын бүт тинтип, акыры моргдон тааптыр.

Жоктоо
- Турмуш оош-кыйышы менен кызык тура. Нуку жаш кезинде эл катары үйлөнгөн. Кийин жубайы экөөнүн оту күйүшпөй, эки башка жолго түштү. Артында 5 жаштагы кызы калды. Аман болсун. Көргөн сайын Нурланды эстеп, өзөк өрттөнөт. Кичинекей балдарга жакын эле. Эркелетип, өзүнчө эле элжирей берчү. Тагдыр ага өз канынан жаралаган чүрпөлөрүн аздектеп, сүйчү күндү буюрубаптыр. Ата-энемдин өкүнгөнү да ушул нерсе. Нукунун өлүмү экөөнө күтүүсүз сокку болду. Баарынан да апабыз кыйналып жүрөт. Өзгөчө тели-теңтуштарын көргөндө түтөп, жанын коерго жер таба албай кетет. Элден айланса болот, кыйын кезеңде колдоп турушту. "Нурландын атын өчүрбөйлү, көчөгө ысымын берели" дегендер бар. Классташтары анын урматына спорттук таймаш өткөрүп жатат.

"Бакиевчилерге" каяша
- Апрель окуясынан кийин жашоо оңолот деген илгери үмүтүбүз бар эле. Кечээ "бакиевчил" партиялардын парламентке келиши менен үстүбүзгө кайнак суу куюлгандай болду. Элдин атынан сүйлөөгө моралдык укугу жок кишилер догурунуп жатса, жан ачыйт экен. Эгер булар убагында Бакиевге тизе бүкпөй, сестентип турганда мынчалыкка жетпейт элек. Бейкүнөө адамдар бейажал кырылбай, тирүү калмак. Баарынан да ошол лидерлердин айрымдары "7-апрелде бийлик үчүн курман болушкан, Оштогулар мекен үчүн салгылашты" деп элди бөлүп-жарганына зээним кейийт. Менин агам эч убакта бийликке, байлыкка умтулган эмес. Ал бар болгону татыктуу жашоону, жаркын келечекти самап, аянтка чыккан.






"Ойгон элим"
7-апрелде оң жамбашына ок жеп, аман калган Румен Асенов 22 жашта. КУУнун юридикалык факультетинин 1-курсунун студенти. Окуудан тышкары сүрөтчүлүк менен алектенет. Капсалаңдуу ошол күндү төмөндөгүдөй эскерип отурду.


- Ал күнү төңкөрүш болорун досторуман уктум. Келсем, Акүйдүн үстүнөн элди аткылап атыптыр. Канды көргөндө адам коркпой калат экен. Жарадарларды тез жардамга ташып жүргөм. Бир маалда жыгылган баланы тургузганы жатсам, өзүмө ок жаңылды. Кулап түштүм. Ошол көз ирмем камерага түшүп калган экен. Кийин ИИМ элге таркап кеткен курал-жаракты чогултуу үчүн ролик кылып, көргөзүп жатты.
- Ошол замат эле ооруканага бардыңбы?
- Жок. Эки саатча өзүмдү кармап жүрдүм. Андан кийин кансырап, жыгылыптырмын. 3-балдар ооруканасында операция болдум. Ок жамбашты 16 сантиметрдей көзөптүр. Ооруканада көпкө дарыландым. Апамды аяп, абалымды билдирген эмесмин. Кийин айылдаш эже көрүп калып, айтып барыптыр.
- Мамлекеттен жардам алдыңбы?
- 50 миң сом беришкен. Соттук-экспертиза жараатымды "жеңил" деп жыйынтык чыгарды. Анткен менен мурдагыдай чуркай албай калдым. Көп басканда же көп отурганда бутум уюп ооручу болсо, жаным көзгө көрүнөт. "Айкөл Ала-Тоо" коомуна мүчө болгондордун көбү мага окшош. Майып болгондор бар. Биз ага да кайыл элек. Келечекке ишеним зор болчу. Бирок, кечээ жакында "Бакиевди алып келебиз" дегендердин кайра парламентке келиши үмүттү өчүрдү. Түндүк-Түштүк деп бөлгөн кишилерден кайсы жакшылыкты күтүүгө болот?
Азыр "Айкөл Ала-Тоо" коомунун башка мүчөлөрү менен аянтка чыгып атам. Элимден ойгонууну суранат элем. Мындан ары эки миң сом үчүн келечегин сатпаса.

P.S Үстүбүздөгү жыл кыргыз үчүн оор болду. Алгач 7-апрель, андан кийин Ош коогалаңы. Мүлдө журттун кайгысына айланган бул окуяларда канчалаган бир боорлорубуз бейкүнөө ажал тапты. Биз мындан кийин шейит кеткен ушул мекендештерибиз тууралуу сандан-санга берип, алардын жакындарына моралдык колдоо көргөзүүнү чечтик. Эгер ушул эки апаатта баладан, бир боордон, өмүрлүк жардан айрылгандар болсо, редакция менен байланышкыла. "Атын атаса, куту сүйүнөт" дейт элде. Эл үчүн, жер үчүн жан бергендер унутулбасын.

Даярдаган Санжи Туйтунова