"Хизбутчулар" жөн жатпайт
Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарынан "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик агымынын лидерлеринин бири укук коргоочулар тарабынан колго түшүрүлдү. Ысык-Көл облусунда туулган 29 жаштагы И.Умар буга чейин 2003-жылы Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо), 299-беренеси (Улуттук, рассалык же диний кастыкты козутуу) менен сот жообуна тартылган. Ал эми 2009-жылы ушул эле берененин 1-бөлүгү менен соттолуп келген. Кармалган адамдын Бишкек шаарындагы үйүн тинтүүгө алган учурда, экстремисттик маанайдагы 73 "Мухтоборот", "Аль-Ваъи" деген аталыштагы китепчелер, 101 баракча, 20дан ашуун ар кандай компакт-дисктер алынды. Оперативдүү маалыматтарга караганда, Умар "Хизбут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү болуу менен Нарын жана Ысык-Көл облустарында аталган агымдын идеяларын таратуучуларды жетектеп, мындан тышкары түрмөлөрдөгү "хизбутчулардын" ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Башта анчалык байкалбаганы менен диний экстремисттик маанайдагы "Хизбут-Тахрир" кыймылы Кыргызстандын аймагында 1991-жылдан баштап эле пайда болуп, кыска убакта калктын калың катмарына тамырлап кетүүгө үлгүргөн. Өздөрүн эркин сезип, отурукташкандан кийин алар менен алгачкы кагылышуу 1999-2000-жылдары болуп, өлкөгө көптөгөн чыгымдарды алып келип, адам өмүрлөрү кыйылганы көпчүлүк эсинде. Ал эми аны "кооптуу" деп аталган кыймылдардын тизмесине киргизип, ага каршы чара көрүлө баштаганына жети жылдын жүзү болду. Учурда бизде эл аралык масштабда коркунуч туудурган экстремисттик жана террористтик 8 уюм каттоодо.
Ошондон бери укук коргоо органдары диний экстремизм менен күрөшүүнү улантып келишет. Ага карабай, мындан эки жыл мурда Ноокат районунда "Хизбут-Тахрир" кыймылынын өкүлдөрү "Курман айт майрамын майрамдайбыз" деп аянтка элди чогултуп, анан иш-чараны нааразычылык акциясына айлантышып, бийлик органдарына ачык каршылык көрсөтүшкөн. Анын уюштуруучулары катуу жазага тартылышып, калгандарына издөө салынган. Республикабыздын бардык аймактарында "Хизбут-Тахрир" кыймылынын мүчөлөрүн аныктоо, аларга чара көрүү боюнча иштер күчөтүлгөндөн бери алар өз ишмердүүлүгүн көмүскө жүргүзө баштады.
Эгер айрым фактыларга токтоло турган болсок, өткөн жылы "Хизбут-Тахрир" кыймылынын эл арасына коогалаң салган 79 мүчөсү сот жообуна тартылган. Алардан көп сандаган китептер, баракчалар, видео, АУДИО материалдар алынган. Айрыкча Түштүк аймагында абал көңүл жубатарлык эмес. Андыктан, экстремизмге каршы күрөшүүдө коомдук уюмдар, алдын-алуу борборлорунун өкүлдөрү, билим берүү тармагы, жалпы коомчулук биргеликте үзгүлтүксүз иш алып баруу зарыл.




"Ишенген кожом
сен болсоң"
"Жыланды чапкан сайын күчөйт" болуп, алакандай өлкөбүздү алкымдап турган коррупцияны, кылмыштуулукту айткан сайын, ага каршы күрөш жүргүзүп, бетин ачып, мыйзам жоопкерчилигине тарткан сайын күчөгөнү кызык.
Өкүнүчтүүсү, бул жаман илдет укук сакчыларынын өздөрүнө жугуп, токтолчу түрү жок. Буга мисалдар жетиштүү. Алсак, Ивановка айылынын тургуну Б. Исанов ИИМдин коопсуздук кызматына кайрылып, "Руслан" жана "Таалай" аттуу эки милиция кызматкери андан 2000 доллар пара талап кылып жатышкандыгын айтып арызданган. Бул боюнча оперативдүү иш жүрүп, 23-октябрда Бишкек шаарынан 20 000 сом пара алгандан кийин милициянын майору Р.Дүйшекеев деген кызматкер кармалган. Ал арыз ээсинен "зордуктоо боюнча козголгон кылмыш ишин жабам" деген шарт менен акча талап кылгандыгы дайын болду. Ага удаалаш эле 24-октябрь күнү Сокулук РИИБнин участкалык инспектору, милициянын майору С.Анарбеков менен милициянын сержанты А.Жайчыбековдор Сокулук айылынын мал базарынан кылмыш ишин жашыруу максатында 500 сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Мындай фактылар санай берсе көп.
ИИМдин кызматкерлер арасындагы кылмыштуулуктун абалы боюнча берилген маалыматына таянсак, 2010-жылдын 9 айында эле министрликтин 82 офицери менен 31 катардагы кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жасоого барышкан. Ал эми министрликтин ички коопсуздук кызматы тарабынан жыл башынан бери 2446 кызматкер мыйзамды жана тартипти бузганы аныкталган. Жогорудагы кылмыш жообуна тартылып жаткан 105 кызматкердин ичинен 47си кызматтык абалынан кыянат пайдаланса, 17 кызматкер пара алып, 4 кызматкер наркотикалык заттарды сатып, 3 кызматкер каракчылык жасап колго түшкөн.
Ички коопсуздук кызматынын жогорудагы маалыматтарына таяна турган болсок, өздүк курамдын арасында мыйзам бузуу фактылары өсүп жатканын байкоого болот. Буга чейин мындай кырдаалды ИИОнун кызматкерлеринин ишиндеги жетишсиз шарттарды, өздөрүнүн социалдык жактан корголбогондугу, айлык акынын аздыгы менен түшүндүрүп, актанып келгенбиз. Ал эми акыркы жылдары ИИОнун кызматкерлери үчүн кыйла жеңилдиктер берилип, айлык акынын 2 эсе жогорулап, форма-кийим менен камсыз кылуу чечилип, толук болбосо да кызматкерлерди квартира, жатакана менен камсыз кылуу ишке ашып жатат. Бирок, кызматкерлер арасында мыйзам бузуу фактылары, коррупциянын элементтери ошол эле бойдон калууда.




  Кылмыш хроникасы

КАРАКЧЫЛАР КАПТАП КЕТЕБИ?
3-ноябрь күнү Аламүдүн районунун Байтик айылынын тургуну 31 жаштагы М.Бекмурзаев менен "Ак-Бата" жаңы конушунда жашаган 29 жаштагы З. Акматалиев дегендер кармалышкан. Бул эки эргул кечки саат 22 чамаларында "Дордой" жаңы конушунан 24 жаштагы Т. Жороев дегенди баса калышып, 3500 сомун тартып алганы аз келгенсип, уруп-сабап, "эч кимге оозуңан чыгарба" деп опузалап кетишкен.
Ушул эле күнү "Бета Кыргызстан Интернейшнл" ЖАКнын юристи А.Шакиров милицияга кайрылган. Анын айтымында, азият улутундагы 3 адам компаниянын кызматкери, Түркия атуулу Алис Байракты тепкилешип, "Хонда СRV" үлгүсүндөгү 66-67ВВ номерлүү автоунаасын тартып алышкан.

МИЛИЦИЯНЫ ТОНОП КЕТИШТИ
2-ноябрь күнү өзгөчө кайтарууга алынган шаардык суу сактагачтагы №15 постто турган милиционерди азият улутундагы эки адам таш менен башка коюп, эсин оодарышып, табелдик тапанчасын 16 огу менен алып кетишкен. Учурда маанилүү объектиге белгисиз адамдар кайдан кирип жүрөт же башка да себептери барбы (?) иликтенип жатат. Милиционер болсо оор абалда ооруканада жатат.

ЫЙЫК ЖАЙГА КОЛ САЛЫНДЫ
4-ноябрь күнү түнкү саат 2 чамаларында беттерине маска кийип, тишине чейин куралданган ончакты адам "Адвентистов Седьмого дня" чиркөөсүнүн руханий борборуна кол салышты. Алар 61 жаштагы кароолчу Е.Чупакованын колу-бутун таңышып, 158 000 сом салынган темир сейфти жана компьютерди алып кетишкен.

Түндүктөн түшкөндөр
4-ноябрь күнү Ноокат районунун Ноокат айылындагы "Тумар" дүкөнүнүн чатырынан түшкөн уурулар 3 компьютерди уурдап, дүкөн ээси Ж. Пиримбердиев 60 миң сомго күйдү.
Ушул эле күнү Кара-Суу районунун Таш-Арык айылынан 2 каракчы Өзгөн тараптан келаткан Ош шаарынын тургуну А.Кедибаевди токтотуп алышып, коркутуп, уруп-сабашып, 7000 сомун алып коюшкан.