Жокелең

Ура-а, парламенттүү болдук!
Кечээ Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы биринчи отурумга чогулуп, ант беришти. "Чү" дегенде эле депутаттарды Акүйдүн астынан "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун жүзгө жакын мүчөлөрү нааразычылык акциясы менен тосуп алышты. Ал тургай митингчилер депутаттарга жумурткаларды ыргытышты. Жумуртканын бири "Ар-намыс" партиясынан депутат Турсунбай Бакир уулуна барып тийди.

Митингчилер парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын, мурунку бийликтин тушундагы аткаминерлерди парламентке өткөрбөөнү талап кылышууда. Сырттагы "Ата-Журт" кетсин!", "Ар-намыс" кетсин!" деген чакырыктардын коштоосу менен Жогорку Кеңештин биринчи отуруму башталды.
Жыйынды чакырылыштын аксакалы, "Ата Мекен" партиясынан депутат Ташболот Балтабаев алып барды. Президент Роза Отунбаева, министрлер кабинети катышты.
Көзгө урунганы "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков келген жок. Камчы Ташиев келбегенинин себебин "Аки-пресс" маалымат агенттигине "Динара Исаева депутат болсо, мен ал парламентке отурбайм" деп билдириптир. Анын айтымында, Динара Исаева үгүт иштерине катышпай эле, даяр ашка келип отурган имиш. Андан дагы "Динара Исаева "акжолчулар" менен "бакиевчилерди" чогултуп алып, бизге каршы чабуул жасап атат" дегени кызык болду. Камчы Ташиев өзү "бакиевчил" эмеспи? Ошентип, депутаттардын катарында Ташиев таарынып аткан Динара Исаева да ант берди.
СДПК партиясынан депутат Галина Скрипкина, "Ата Мекен" партиясынан депутат Наталья Никитенко орус экенине карабай, кыргыз тилинде ант бергени сүйүндүрсө, кыргызмын деп жүргөн Нариман Түлеев орусча сүйлөгөнү күйгүзөт. Баарынан да Турсунбай Бакир уулунун ант бергени кызык. Ал чөнтөгүнөн Куран китебин алып чыгып, аны Конституциянын үстүнө коюп, "Бисмиллохи рахмоони рахим, мен эч качан өзгөрбөгөн Куран китебинин жана дайым өзгөрүп турган Конституциянын мыйзамдарын сактоого ант берем" деп айтты.
Депутаттар ант берип бүткөн соң, парламентте үч фракция түзүлгөнү маалым болду. "Ата-Журт" партиясынан Мыктыбек Абдылдаев чыгып, фракция башчысы Акматбек Келдибеков болорун айтты. Ал эми "Ар-намыс" партиясын Феликс Кулов, "Республиканы" Өмүрбек Бабанов башкарары маалым болду. "Ата Мекен" партиясы менен СДПК фракцияны ким жетектерин айтышкан жок.
Президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, депутаттардын мандат алышы менен куттуктады. Өз сөзүндө ал өлкө кыйын күндөрдү баштан өткөргөнүн, ал күндөр артта калганын белгиледи. "Максим айткандай, "кипиш" болду. Сырт жактан да абалды солгундатууга көп аракеттер болду. Убактылуу өкмөт ага туруштук берүүгө жана саясый абалды турукташтырууга жеткиликтүү аракеттерди көрдү", - деди Отунбаева.
"Парламентке өткөн партиялар - биздин шайлоочулардын тандоосу, бул чындык менен биз эсептешүүбүз керек. Кандай коалиция түзүлөрүн жана парламенттик башкарууну кимдер колго алат (?), эч ким алдын-ала айта албайт. Жаңы Конституциянын 84-беренесине ылайык, көпчүлүк мандатты алган фракция 15 күндүн ичинде премьерге талапкерликти көрсөтмөк жана өкмөттү түзүп, курамын сунуштамак. Бирок, бир да партия көпчүлүк добушка ээ болгон жок жана андай мүмкүнчүлүк алган жок. Ушул эле берененин 2-пунктуна ылайык президент кайсы бир фракцияга өкмөттү түзүүнү сунуш кылат. Мен сунуштаган фракция коалиция түзүп, премьердин талапкерлигин аныктап, өкмөттүн структурасын аныкташы керек. Бул оңой иш эмес. Ошондуктан мамлекеттин, элдин жана шайлоочулардын кызыкчылыктарын бийик тутуп, 27-ноябрга чейин премьер-министрди дайындап, өкмөттүн иштешине шарт түзгүлө", - деди Отунбаева.
Ал ошондой эле депутаттарга "кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштөөгө, коалицияны тез аранын ичинде түзүүгө чакырды. "Жеке амбицияларды мамлекеттен жогору койбогула. Ырыс алды ынтымак, ынтымак түбү ийгилик. 5 партия бири-бирине эриш-аркак болуп иштешине толук шарт түзүлдү. Бөлүнүп-жарылып кичине мамлекетти ары-бери чойбогула. Кыш келе жатат, кышка даярдык керек, чечиле элек маселелер көп", - деди мамлекет башчы.
Күн тартиби боюнча бул жыйында Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо керек экен. Коалициялар түзүлмөйүнчө аны шайлоо мүмкүн эместигин айтып депутат Ташболот Балтабаев танапис жарыялады. Эми фракциялар аралык сүйлөшүүлөр жүрүп, коалиция түзүлгөндөн кийин гана парламент кийинки отурумга чогулат. Коалициялар кандай түзүлөрү али белгисиз. Буга чейин СДПК менен "Республика" бир коалицияга, "Ар-намыс" менен "Ата-Журт" партиялары бир коалицияга биригери тууралуу маалымат чыккан. Көп өтпөй, бул пикиринен айныганбы, "Республиканын" төрагасы Өмүрбек Бабанов "кеңири коалиция эле түзөлү" деп чыкты. Мында "Ата Мекен" партиясынын позициясы табышмак...

Дилбар АЛИМОВА



Адахан арманга батканда
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламентке өтпөй калганы Адахан Мадумаровго кыйын болду. Ушул күндөрү Адахан депрессиядан чыга албай, башы маң болуп, маанайы нөлгө түшкөн чагы. Ачуусун тамеки менен басып атыптыр. Дембе-дем түтөтүп, соруп. Ал парламентке өтпөй калганын бир арман кылып, ошого катар "Ата-Журт" партиясынын лөктөрүнө да капа экен. "Кыйын кезеңде колдобой коюшту" маанисинде ызырынып. Эскерте кетсек, шайлоо аламаны башталганга чейин А.Мадумаровго "Ата-Журт" партиясына кошулуу идеясы айтылган. Бирок, "бүтүн жигит" моюн толгогон эле. Эми өкүнүп атыптыр, "эки партияны шайлоого кошуп эле жеңишке жеткенде болмок" дегендей кыйытып. Кыргызда "жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап" дечү беле?

Ш.Медетбеков банк ачат
Нарын облусунун экс-губернатору, бизнесмен Шамшыбек Медетбеков "Содружество" партиясынан саясый күрөшкө аттанып, тилекке каршы, депутаттыкка өтпөй калган. Бирок, шыңга бойлуу жигиттин назары сынбаптыр. Шамшыбек мырза кайрадан бизнесин жандандырууга белсенип, жакынкы күндөрү банк ачканы атканын эшиттик. Алдын-ала маалыматка караганда, Ш.Медетбековдун банкы заманбап тейлөөгө шайкештелип, кардарлар үчүн Кыргызстандагы эң мыкты банктардын катарына кошулмакчы. Мына, саясаты жок деле элге кызмат кылса болот турбайбы, жаштар ушундай көрсөткүчтөрдөн үлгү алышса...

М.Мырзакматов Сокеге үстөмдүк кылуудабы?
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов акыркы кездери дымып, саясый аренада "шоу" көрсөтпөй калган. Эмнеге унчукпай калды (?) десек, көрсө, Мекең тымызын күч топтоп, отурган креслосун бекемдеп, анан облус губернатору Сооронбай Жээнбековду кызматынан оодарууга белсенгенин кабарлашты. Соке өзү "кой оозунан чөп албаган" жоош киши. Албетте, М.Мырзакматов менен тиреше кетсе, балким күчү жетпей калаттыр. Бирок, С.Жээнбековдун жакын досу Алмаз Атамбаев бар эмеспи. Эгерде облус губернаторуна шаар мэри үстөмдүк кылганын токтотпосо, анда Алмаз мырза ачууланат. Мелисти майтарып, эбин таап коюшу да ажеп эмес. Мындай күрөш А.Атамбаев үчүн табигый нерсе да, эч чарчабайт!