Биринчи жана акыркы

Айдин Шер:
"Айгерим менен өбүшө албай кыйналдым"
Мындайды көрбөгөн жаным, үнүмдүн болушунча өкүрдүм. Жүрөгүм түшүп калды. Белиме отуруп алып муштап жатат. "Байке эле, байке..." деп жалынганым эсимде.

"Жакшы көргөн кызым үчүн тушоо тойдо биринчи келгем"
- Биринчи жолу балабакчага барган күнүң?
- Беш жашымда балабакчага баргам. Эртең менен эрте туруп, балабакчага барганды, түрмөдөн качкандай жаман көрчүмүн. "Качан апам келет?" деп айнекти карап, ыйлап отурчумун. Апам ал кезде телевидениеде иштегендиктен жумушунан кеч чыкчу.Анан мени балдардын эң акырында алып кетчү. Бир күнү башка группадагы бир кыз экөөбүз жалгыз калдык. Эшиктин алдында ойноп отуруп, дубалдан ит баткандай тешикти көрүп калдым. Жанымдагы кызга "жүрү качабыз" десем, болбой койду. Акырын барып, тешиктен соймолоп, чыгып кеттим. Кийимдерим топурак болуп, булганып калды. Үйүбүз жакын болгондуктан, жүгүргөн бойдон үйгө кирип кеттим. Үйдө эжекем бар экен. "Тарбиячы өзү жиберди" деп калп айттым. Бир убакта коңгуроо кагылып, тарбиячы эжем кирип келди...
- Мектеп босогосун эң биринчи жолу кантип аттадың эле?
- Жети жашымда 1-класска бардым. Апам командировкадан келип, мектепке дагы кечигип калганбыз. Барсак, мектеп алдындагы салтанат бүтөйүн деп калыптыр. Апам мени балдардын жанына тургузуп, "директор менен сүйлөшүп келейин" деп кетти. Бир маалда балдардын баары топ-топ болуп, ар кайсы класстарга кирип баратат. Мен дагы жалгыз калып, бир класска кирип, акыркы партага отуруп алдым. Көзүм алайып, жаш толуп калды. Мугалим "сенин апаң кана?" десе, мукактанып жооп бералбайм. Бир убакта апам эшикти ачып калды эле, бакырып ыйлап жибердим. Ошентип, 1-класстын босогосун адашып, ыйлап аттагам.
- Биринчи жолу эмнеге таяк жегенсиң?
- 7-класс болчумун. Мектептин жанында велосипед тээп баратсам, чоң класстын балдары чакырып калды. Барсам, спорт менен машыгып жүргөн, менден үч жаш улуу бала менен мушташарымды айтышты. Канчалык коркуп, каршы болуп турсам да, ортого мени алышты. Эмне максатта мушташтырганын билбейм, "быссымылда" дегенде эле ал бала мени көтөрүп чапты. Мындайды көрбөгөн жаным, үнүмдүн болушунча өкүрдүм. Жүрөгүм түшүп калды. Белиме отуруп алып муштап жатат. "Байке эле, байке..." деп жалынганым эсимде.
- Биринчи жолу ичимдикти качан ичкенсиң?
- Группалаштарым болуп, "студенттик билет, зачетка алдык" деп, 1-курс болгонубузду жууп, клубга барганбыз. Ошондо биринчи жолу вино ичкем. Негизи менин спирт ичимдиктерге аллергиям бар. Ичкенден кийин дароо кызарып чыгам. Куудулданып сүйлөп, балдар айткандай ачылып калмайым бар. Бирок, азыр ичпейм, тамеки да тартпайм.
- Эң биринчи жолу кыз менен качан өбүштүң эле?
- 5-класста окуп жүргөндө Кара-Балтада жашаган бир кызды жакшы көрүп калдым. Каникул болгон сайын дароо ал жактагы тууганымдын үйүнө жөнөйм. Бир күнү ал кызды жолугушууга чакырып, сүйлөшүп отуруп, оозунан өпкөм. Экөөбүз тең кичинекейбиз да, толкунданып, сүрдөгөн элек (күлүп).
- Бирини жолу утушка ээ болгонуң?
- 8-класста Аида деген бир кызга жагыныш үчүн тушоо тойдон биринчи келгем. Ал мындай болгон. Тушоо той башталды. Байкасам, чуркай турган балдардын арасында футболчу Талант досум бар экен. Анын жанына келип, "Талант, сен акырын эле чуркачы, мен биринчи барып, Аидага көрүнөйүн. Алган байгемди сага берем" деп, досумду көндүрдүм. Чуркап келатабыз, ал оозуп баратат. Бир убакта "Талант, токтоо, сөзүңө тур" деп кыйкырдым. Эстеп кетти окшойт, калп эле чалынымыш болуп, мени алдыга өткөрүп жиберди. Ошентип биринчи жолу жакшы көргөн кызым үчүн жасалма утушка ээ болгом.
- Биринчи жолу чоң сахнага качан чыктың?
- 2007-жылы Сапар Эркебаевдин концертинде "Күнөөлөбө" деген ырым менен биринчи жолу сахнага чыккам. "Сахнага чыгам. Мени колдоп баргыла" деп досторумду чакыргам. Алар залда мени коштоп, кыйкырып, сүрөп турушкан.
- Биринчи тушоо кесүү концертиң тууралуу айтсаң...
- 10-11-ноябрда Спорт Ордосунда "Кыргызым" деген аталышта эң биринчи тушоо кесүү концертим болот. Баарыңыздарды чакырам. Продюсерим Динара эже экөөбүз кызуу даярдык көрүп жатабыз. Жөн гана концерт тартуулабастан, кадимкидей той кылабыз. Кечки саат алтыда Спорт сарайынын алдында концертке келген көрүүчүлөрдү чуркатабыз. Мен өзүм ат минип келем, андан соң бутума жип байланып, тушоом кесилет. Биринчи чуркап келген жеңүүчүгө бир кой, "Айдин" деп атайын жазылган бычак, калпак ыйгарылат. Кыздар үчүн да жакшы белектер бар. Андан кийин концерттин экинчи бөлүгү сахнада өтөт. Кыргыздын салтын чагылдырган кызыктуу оюндар, жаңы костюм, жаңы ырлар күйөрмандарым үчүн тартууланат. Кыскасы, "миң уккандан, бир көргөн артык" демекчи, эсте кала турган эң мыкты концерт болот.

"Карызга батып ыйладым"
- Акыркы жолу өзүң жөнүндө кандай ушак уктуң?
- Буга чейинки уккан ушактарым "Айдин боюн көтөрүп жүрөт экен" деген сыяктуулар болгон. "Жараланган турналар" киносуна тартылгандан бери, "Айгерим менен Айдин кыз-жигит экен. Жакында экөө үйлөнүшөт" деп чыгарып алышыптыр. Айгерим экөөбүздүн чөйрөбүз бир болгондуктан, сый мамиледебиз. Сахналаш достордонбуз дегендей.
- Кинодогу эң акыркы эпизодду айтып берсең?
- Негизи бул киного тартылып калышыма Динара эженин салымы чоң. Эженин түрткүсү менен сценарийди жаттадым. Эң акыркы эпизоддо мен кичинекей баламды көтөрүп, Көлдүн жээгинде турам. Ошондо катуу шамал болуп, кайра-кайра дубль кылганбыз. Кызыгы, ал бала Айгеримге барса эле ыйлайт, мен алсам басылып калат. Кино тартылып бүткөндөн кийин, ал балам түшүмө кирип жүрдү. Кадимкидей сагынып кетем. Ал эми кинодогу эстен кескис окуя, Айгерим экөөбүздүн өбүшкөн жерибиз болду. Режиссер "өбүшкүлө" десе эле, бири-бирибизге жакын келебиз да, экөөбүз тең күлүп жиберебиз. "Сен мени карабачы?" деп жатып, араң тартылдык
- Акыркы жолу эмне үчүн ыйладың?
- Бир жолу катуу ооруп калдым. Ошол кезде жумуш да жок болчу. Ата-энеңден деле акча сурай албайсың. Ачыгын айтсам, карызга батып кеткем. Сегиз дос балам бар эле, арасынан саналуусу гана ал-акыбалымды сураган. Досторумдун кимиси кандай дос экенин билип, жаман болгом. Ошондо эч кимге көрсөтпөй көзүмө жаш алгам.
- Акыркы жолу коомдук транспортко качан түштүң?
- 8-март майрамына карата Бекчоро экөөбүз Санкт-Петербург шаарына концерт бергенбиз. "Концертке чейин шаар кыдыралы" деп, автобуска түшкөнбүз. Ой, жыргал экен. Трассада шуулдап, "Мерседестей" эле жүрөт экен. Экөөбүздү эч ким тааныбайт. Ээн-эркин каткырып, чер жазганбыз.
- Акыркы жолу ата-энеңди эмне кылып сүйүнттүң?
- Ата-энем жакында эле "Жараланган турналар" киносуна барып, аткарган ролумду көрүп, мага ыраазы болушту. Мени менен сыймыктанып, сүйүнүп отурушту. Мен кинодо чындыкты талап кылган жигиттин образын жаратып, "тарбияны тарбиялуу адамдан алыш керек" деп атама айткан жерим бар. Бирок, чыныгы жашоомдо өз атама антип айталмак эмесмин.
- Акыркы жолу кимге калп айттың?
- Акыркы убакта концертке даярданып, колум бошобой жүрөт. Өткөндө дос балама калпым чыгып, катуу уят болдум. "Айдин, жолукпайлыбы?" деп калды. Анын көңүлүн кыя албай, "жолугат элем, студияда ыр жаздырып атам" деп радиону чоңойтуп койсом, "европа плюс" деп какшап калыш керек да. "Жолуккуң келбесе, барбайм деп эле айтпайсыңбы?" деп мага таарынды. Кечирим сурап атып, таарынычын жаздым.

Айнура Касымова