Акбилек

Жамиля БАКТЫБЕК кызы:
"Дүйнөлүк модель болууга умтулам"
"Ички жана тышкы сулуулуктун айкалышынан чыккан
сулуулук эң идеалдуу болуп саналат"
деген
пикирдеги Жамиля БАКТЫБЕК кызы Кыргызстандын намысын чет жерде даңазалап келген
татына бийкечтердин бири.
Жамиля "Учурдун" окурмандары үчүн өзүн мүнөздөп,
купуя тилектери менен да
бөлүшө кетти.

- Дүйнөдө эң сулуу атыккың келеби?
- Сулуу гана болуш жашоодо эң башкы максатым эмес. Идеалдуу сулуу атыгыш үчүн аябагандай чоң күч, узак убакыт талап кылынат. Бул оңой нерсе эмес. Бирок, ошентсе да, мыкты инсандардын бири болууга умтулам.
- Сулуу көрүнүүгө аракет көрөсүңбү?
- Жеке эле сулуу көрүнүү эмес, негизи эле адам катарында өсүп-өнүгүүм зарыл. Болгон турпатым менен бир орунда калгым келбейт. Өзүмдү өзүм өстүргүм келет.
- Маселен, тышкы келбет жаатындачы?..
- Мүчө-келбетимди бир формада кармоо камын көрөм. Ал эми турмушта жаңы нерселерди өзүмө ачуу менен көптү үйрөнүүгө өзүмдү багыттайм. Мурда колумдан келген нерселерди дагы өркүндөткүм келет.
- Канча жаштасың?
- 20га кеттим.
- Жан дүйнөңдө дагы деле бала бойдонсуңбу?
- Ата-энем, жакындарымдын курчоосунда жүргөндө мен наристедей элемин. Ал эми турмушта мен чоңойдум, чоңдорчо ой жүгүртөм. Жоопкерчиликти алдымбы, демек, ишти аягына чыгарып, натыйжасын көрсөтүү милдети мойнума тагылганын жакшы түшүнөм.
- Кеңешчиң ким?
- Атам. Жашоомдогу кандайдыр бир маанилүү чечимди кабылдоо алдында атам менен кеңешем.
- Апаңчы?
- Ал эми апам - менин курбум, сырдашым. Албетте, кыздардын маселесинде апамдан кеңеш сурайм, анткени, ал турмуштун өйдө-ылдыйын көрүп, жаман-жакшысын татып калган куракта. Апам аябай жумшак, назик, кең пейил жан.
- Ата-энеңден сага кайсы сапаттар өткөн?
- Мүнөзүм, сырткы келбетимденби, айтор, экөөнөн тең аз-аздан бар. Атам экөөбүздүн мүнөзүбүз бирдей, катуулук жана тез чечим кабыл алган жагынан атам экөөбүз окшошпуз.
- Үйдө канчанчы чүрпөсүң?
- Үчүнчү кызмын, эки эжем, эки сиңдим, бир иним бар.
- Эжекелериң, сиңдилериңдин баары сага окшош татынабы?
- Ар бири өзүнчө сулуу, ар биринде өзүнчө бир өзгөчөлүк бар. Көп бир тууган болуштун өзү жакшы, үйдө дайым шаң бар.
- Дүйнөлүк сулуулук сынагындагы ийгилигиңден кабардарбыз, дегеле, сынак сага не берди?
- Моделдик ишмердиктин мен үчүн зарылчылыгы барбы же жокпу, өзүм үчүн аныктап алдым.
- Анан кандай чечимге келдиң?
- Сынакка чейин моделдик бизнеске азыркыдай олуттуу карачу эместирмин. Бул ишмердик да башка жумуштардай эле аябагандай чоң эмгекти, аракетти, күчтү, убакытты талап кылаарын, бул ишке кол учунан мамиле кылуу туура эмес экенин түшүндүм. Накта моделдик бизнести өздөштүрөм деген киши бекем эрк, туруктуу, катуу мүнөзгө ээ болушу кажет. Антпесе, ийгилик алыстагандан алыстай берет. Сынак мен үчүн адреналин сымал болдубу, айтор, бул дүйнөгө мен өтө терең сүңгүй түштүм.
- Кайсы бир күнү Парижге сапар алгың келеби?
- Кандай максат менен, баары ошого жараша. Анткени, баарыбызга маалым, ал жакта ыкчам ыргактагы иш, элестетип да көрүүгө мүмкүн эмес болгон атаандаштык. Ал жакта иштөөгө барыш үчүн абдан жогорку деңгээлдеги даярдыкта болушум шарт.
- Дегеле, модель деген түшүнүктүн мааниси сен үчүн кандай?
- Модель - бул маселен, подиумда модельердин эмгегин ал өзү кыялдангандай өңүттө, профессионалдуулук менен көрсөтүүгө шыгы бар адам. Мен ошол профессионалдуулукка умтулам. Меники баары алдыда!
- Бирок, моделдик курак чектелүү го?..
- Аны жакшы билем, жакшы түшүнөм. Убагында жетишүүгө аракет кылам.
- Моделдик ишмердикте азыркы стандарттардан тыш мүчө-келбети да кабылданууда. Мындан ары толук адамдар да подиумду ээлей алышат. Буга кандай карайсың?
- Муну мен кубаттайм. Табиятынан алган мүчө-келбети подиумга алпарчу жолго бөгөт койгону жаман. Подиумду каалап-самап жүргөндөр үчүн бул абдан катуу сокку болуп калышы ыктымал эмеспи.
- Өзүң эмнени самап, эмнени кыялданасың?
- Кыял эмес, алдыма максат койгонду туура көрөм. Моделдик чөйрөдө ири ийгиликтерди багынткым келет. Ушул чөйрөдө өз географиямды кеңейтип, дүйнөлүк аренага чыккым бар.
- Байкасаң, моделдер дүйнөдө, өз карьерасынын соңунда мода үйүн, мода журналын чыгарат. Сен эмне менен алектенүүгө өтүшүң мүмкүн?
- Эгер максаттарымды ишке ашырып, көп нерсеге жетише алсам, кийин ири моделдик агенттик иштетсем деген тилегим бар. Дизайнердик өнөрдү да өздөштүрсөм дурус болмок.
- Өзүңдү кандай адам катары мүнөздөп, сүрөттөйт элең?
- Ачыкмын, бирок, бардык адамдар менен эле ачыла баарлаша бербейм. Көңүлүмө жакын адам менен гана ачылып, сырдашып, ой бөлүшүүм мүмкүн. Кекчил эмесмин, бирок, бирөө жамандык кылса же капалантса, эч унутпайм.

Маектешкен
Айым НУРЖИГИТОВА