Көздүү мончок

Айгерим Мамырова:
"Атабеков менен ресторандан жолуксам..."
Малайзияда билимин улантып жаткан бийкеч Айгерим Мамырова патриот кыз. Кудайды эмес, акчаны сүйүп жашагандарга капа болгон жаш сулуу биз менен өз көз карашын бөлүштү.

- Айгерим, балалыгың кайда өттү эле?
- Балалыгым Бишкек шаарында өттү. Бир эжем, эки иним бар. Бизди эч нерседен кем кылбай өстүрүп, татыктуу тарбия берген ата-энеме ыраазымын. Апам менин бийге шыктуу экенимди байкап, балет-бий ийримине катыштырган. Бирок, эс тартып калганда өз алдымча кийим тиккенге, мода дүйнөсүнө кызыга баштадым.
- Анан модель болууну самадыңбы?
- Модель болуу менин эч кимге айтпаган купуя сырым болчу. Бир күнү атамдын досу үйгө конокко келип, "кыздарыңды "Витлайн" модель агенттигине алып барып көрбөйсүңбү?" деп сунуштап калды. Эжекем экөөбүз аябай сүйүндүк. Кийин ал окууну бүтүп, портфолио топтогонго жетиштик. Анан сынактарга чакырыла баштадык.
- Модель катары кандай ийгиликтерге жетиштиң?
- Шаардагы "О" уюлдук операторунун, "Daisy" фирмасынын жана ЭлТР телеканалынын роликтерине тартылдым. 2008-жылы "Мисс Туризм" Эл аралык сынагына катышып, "Биринчи Вице Мисс" наамын жеңип алдым.
- Азыр эмне менен алексиң?
- Учурда Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарындагы Эл аралык Ислам Университетине тапшыруу үчүн атайын курста окуп жатам. Кудай буюрса, билимимди жогорулатам.
- Дизайнер, тикмечилерден кимди баалайсың?
- Кыргыз дизайнерлерин баалайм. Айрыкча, Мадина Тапаеванын колунан чыккан оймо-чиймелүү улуттук кийимдерди жактырам. Татьяна Воротниковага окшоп, этно костюмдарды заманбап калыпка салып, тиккенге кызыгам. Ал эми моделдер арасынан эч кимге окшошпой, өзгөчөлөнүп тургум келет.
- Сен жактырган саясатчы?
- Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда элди ойлогон саясатчы жок. Мага Орусиянын президенти В.Путин гана жагат.
- А ырчыларданчы?
- Мирбек Атабековду жакшы көрөм. "Мирбек менен ресторанга барып тамактансам" деп кыялданып жүрөм.
- Адамдагы кайсы сапатты баалайсың?
- Токтоолук, акыл, намысты.
- Кандай китептерди окуганды жакшы көрөсүң?
- Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, түрк философу Фетхуллах Гюлендин чыгармаларын окуп жатам. Китеп аркылуу руханий байлык алып турам.
- Сен үчүн бакыт?
- Жакын адамдарыңдын курчоосунда, Аллахты сүйүп жашаган ар бир күн бакыт.
- Сени кубанткан жана капаланткан нерсе?
- Чет өлкөдө окуп жүргөнүмө сүйүнөм. Мага ушундай шарт түзүп берип жаткан ата-энеме ыраазымын. Мени эмне капалантат? Билимсиз, акчаны сүйүп жашаган адамдарды көргөндө кыжаалат болом. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, "Кудай баарынан бийик, ага ишенип, эч кимге жамандык жасабай, түз жүрөлү" деп жаштарга айткым келет.





  Айчырай

Ангелина:
"Акча үчүн чечингим келбейт"
- Ангелина, алгач өзүңдү тааныштырсаң?
- Бишкекте төрөлүп, өскөм. Учурда университетте окуп, моделдик мектепте иштейм. Мен апама аябай жакынмын. Ал дүйнөдөгү эң жакын адамым. Эч нерседен кем кылбай бакты. Кенедей кезимде эле "кызым искусствого жакын болсун" деп, музыка дүйнөсүнө кызыктырып, аралаштырган. Апам менин колдоочум, жөлөк-таягым десем болот.
- "Сулуулардын акылы тайкы болот" деген сөзгө кошулат белең?
- Жок. Мындай сөздөрдү сулуу моделдерди көрө албаган адамдар чыгарса керек. Сырткы келбетине, жан дүйнөсү төп келген модель кыздарды көрүп жүрөм.
- Моделдик мектепте кантип иштеп калдың?
- Журналдан сулуу кыздарды көрүп, "мен дагы сулуу модель болсом" деп кыялданчумун. "Жаштын тилегин берет" дегендей, минтип моделдик чөйрөдө өз ордумду таптым.
- Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
- Колумдан келишинче пайдалуу иш кылганга аракеттенем. Фитнеске, бассейнге барып турам. Курбуларым менен сүйлөшкөндү жакшы көрөм. Көбүнчө чет өлкөлүк жазуучулардын китептерин окуйм.
- Кайгырганда жана кубанганда эмоцияга алдырасыңбы?
- Эмоцияга алдырбаганга аракет кылам. Жашоодо ар кандай кырдаалдар барын, кайгынын артында жакшы күндөр турганын сезем. Жаман ойлорго алдырбайм. Өзүм позитивдүү жүргөндүктөн, турмуштун таттуусу менен ачуусун тең көтөрө билүүгө умтулам.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
- Жигиттер менен таанышканда алгач сүйлөгөн сөздөрүнө карайм, сынайм. Андан кийин гана мамиле түзөм. Бирок, азырынча менин жүрөгүмдү ээлеген адам жок. Бардык нерсе Кудайдын буйругунан болот эмеспи.
- Кыргызстандагы эң мыкты модель ким?
- Эң мыкты модель катары азыр чет өлкөдө иштеп жүргөн Полина Ломакинаны эсептейм. Акыркы убакта биздин өлкөдө моделдик мектептер жакшы өнүгө баштады. Буюрса, Кыргызстандын кыздары бүткүл дүйнөлүк кароо-сынактарга катышып каларына ишенем.
- "Плэйбой", "Максим" сыяктуу журналдардан "Биринчи бетке жылаңач сүрөтүң менен чык" деген сунуш түшсө, макул болот белең?
- Андай сунуштан дароо баш тартмакмын. Анткени, ал журналдар модель кыздарды ыплас, шайкелең көрсөтүп, чыгарып жүргөндөрүн билем. Акча үчүн жылаңач денемди элге көрсөткүм келбейт.
- Сулуулукка кызыгасыңбы?
- Бир гана сырткы келбети эмес, бардык жагынан сулуу адамдарга кызыгам. Моделдер сырткы сулуулугу менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болушу мүмкүн. А бирок, "сулуулук бакытты алып келет" деп ишенимдүү айта албайм. Аны бир гана Кудай билет.
- Сага жакпаган сапат?
- Пейили тар, көрө албас адамдарды жек көрөм.

Даярдаган Айсалкын Самсалиева