Улуу акындын 95 жылдыгына карата

Көл. Алыкул. Кайдыгерлик
Өткөн жумада кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында жайгашкан үй музейде акындын "Көл толкуну" ырлар жыйнагынын бет ачаары болду.

Кечеге кыргыздын белгилүү калемгерлери, "Алыкул Осмонов" атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты Рамис Рыскулов, жазуучу Орозбай Айтымбетов, Бишкектеги "Алыкул" үй борборунун директору Памирбек Казыбаев, акындын арбагын сыйлаган Чолпон-Ата шаарынын тургундары жана журналисттер келишти. Официалдуу бийлик өкүлдөрүнөн болгону Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Кененбаева Нургүл Саадашевна, райондун акими Насирдинов Нурлан Акжолтоевич катышты.
Өткөн жылдын сентябрь айында Ысык-Көл районунун карапайым кулуну Бакыт Асанбаев менен келинчеги Рита Борбукееванын жеке демилгеси менен улуу акындын 1945-1950-жылдары Чолпон-Ата шаарында жашаган үйү оңдолуп-түзөлүп, үй музейи уюштурулуп, ачылуу аземи өткөн. Анда деле бийлик билермандары көңүл бурган эмес. Ооз көптүрүп, айрым жыйындарда "Алыкул Осмонов Кыргыз адабиятынын классиги" деп тамшанымыш этишип, төрт сап ырын айткандан башка атка минерлер Алыкул үчүн эмне жакшылык кылганын эстей албадым. Акындын элеси кыргыз журтчулугу, патриот уулдардын демилгеси менен эле жашап келаткан сыяктуу. Эгер мыкты уулдарыбыз болбогондо Алыкул таза эле унутулуп кетмек беле?
Мындан 3-4 жыл мурда да акындын туулуп-өскөн айылы Каптал-Арыктагы үй музейине кире албай, акындын жээнимин деген аксакалды араң таап, баш баккан элек. Ал киши музейдин кароолчусу да, директору да, тааныштыруучусу да өзү экен. Музей ошол карыянын эмгеги менен гана иштемиш этип, мамлекет тарабынан жетиштүү каражат бөлүнбөгөнүнө ошондо эле күбө болгонбуз.
Бул ирет Чолпон-Атадагы үй музейдин деле тагдыры андан өйдө эместигине ынандык. Тек Бакыт Асанбаевдин аракети менен сакталып тургандай. Анын демилгеси менен музейдин ичи-тышы оңдолуп, чакан экспонаттар коюлуптур, ага барчу жол, анын айлана-тегереги кичинеден оңдолуп-түзөлүп жатыптыр. Көлдүн дагы бир кулуну, жеке ишкер Чалжанов Бактыбек акындын "Көл толкуну" китебин өз эсебинен чыгарып бергенин угуп, Эл акынына экинчи өмүр берилгендей кубандык.
Губернатор орун басары Нургүл Кененбаева минтип демилге көтөрүп, демөөрчүлүк кылгандарды колдоп, үй музейдин толук кандуу иштеп кетишине шарт түзүүгө убада кылды. Ал эми райондун акими Насирдинов Нурлан музей уюшулгандан бери эле ага кызыгып, көргөнү келгендердин саны арбап баратканын айтып, музейдин айлана-тегерегин көрктөндүрүүгө бак-дарак көчөттөрүн бермей болду.
Баарынан кейиштүүсү, бул тармакты тейлеген маданият министрлиги менен жазуучулар Союзуна чакырык жөнөтүлсө да, улуу акын жөнүндө эки ооз жылуу сөзүн аяштыбы, айтор, бир өкүлүн жиберүүгө жарашпады.
Анткен менен кече көңүлдүү өттү. Кара сөздүн жорголору улуу акындын даңазалуу саптарын окушуп, касиеттүү көл да аны сагынгандай шарпылдап, жээкке урунуп турду...

Нарынбек Жамангулов




  Даңкан

"Ынтымак" фестивалы купулга толду
Ордо калаабыздын "Аккула" ат майданында "Санат-Кумай" Федерациясы, "Дасмия" компаниясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда "Ынтымак" аттуу фестиваль өттү. Кылым карыткан кыргыз элинин улуттук аңчылык өнөрүнө ышкыбоз болгондор, бу күнү куш, ителги, бүркүт салмайга, тайган агытканга, жаа атмайга жана жорго салганга кумарланып, черлери жазылды белем. Суусап калгандар жана эргүү менен көрүп отургандар ач-айкырык куу-сүрөөндөп коштоп турду. Алгачкы тушоосу кесилип аткан мындай иш-чаранын башаты оозго аларлык экени таасын.


Т. Мамашев Улуттук өнөргө табынганда
Фестиваль эми Ошто
- Кыргыздын ата-бабадан келаткан тайганына көңүл бурбай койсок жоюлуп кете турган жаныбар экени талашсыз. Ансыз деле өткөн кылымдын 60-70-жылдары айылдарды кыдырып, көпчүлүк "ит атуу" иш-чарасынын негизинде биздин тайгандардын тукуму үзүлүп кала жаздаган. Андыктан тайганды сактап калуу биздин милдет. Ошону менен катар улуттук аңчылык өнөр да четте калбайт. Ушунун баарын эске алып, жаңыдан тушоосу кесилип аткан "Санат-Кумай" федерациясы долбоорлорду иштеп чыгып, Кыргызстандын бүт аймактарында тайган агытуу, куш салуу жана башка улуттук баалуулуктарды камтыган ат оюндарынан турган фестивалдарды өткөрүп турууну көздөп атабыз. Буга бир мисал катары "Ынтымак" фестивалын ноябрь айынын аяк ченинде Ош жергесинде улантууну чечтик. Бара-бара Кыргызстандын бардык аймактарында да өткөзсөк жаман болбос эле.

Биз алардан эки эсе ашып түшөбүз
- Фестивалды өткөрөт деп эле ыраатсыз, баш аламан, чалды-куйду кыла бергенден майнап чыкпайт. Бул жагынан эксперт, адис Алмаз Акун, Тургун сыяктуу өнөрлүү адамдарыбыз тайган агытуу, бүркүт салуу, жаа атуу жана башка ушу сыяктуу улуттук оюндардын мыкты эрежелерин иштеп чыгып, эбегейсиз салымдарын кошот деген үмүттөбүз. Ансыз болбойт. Анан өзүңүз билсеңиз керек, англичандардын кыска аралыкка чуркоо боюнча ит жарыш оюн-зоок мелдеши бар. Алар эрежелерин мурунтан түптөп, азыркы учурда бир нукка түшүп калган. Элдердин да кызыгуусу арбын. Андай оюндарга бүткүл дүйнөдөгү бай адамдар барып кумарланып, черлерин жазышат. Биздин да келечек ошого багытталмакчы. Биз да алардан кем калбаганга бардык күч-аракетибизди жумшап, колдон келсе алардан эки эсе ашып түшөбүз.

Кайталангыс көчмөн дүйнө өнөрү
- Бардыгыбыз бийлик, байлыктын аркасынан түшүп алсак, биздин келечек болбойт. Бизге ата-бабаларыбыз ажайып кооз жерлерибизди калтырып кетти. Каада-салтыбызды өткөрүп берди. Бүгүнкү күндө биз эмне кылып атабыз? Жерлерибизди сатып атабыз. Алдырып ийип атабыз. Акыркы кездерде Манасыбызды, тогуз коргоолду, бозүйдү башка улуттун элдери менчиктөөнүн айла-амалын кылышууда. Учурда мүнүшкөрлүктү, аңчылык өнөрдү жана тайганыбызды аңдып тургандар да четтен чыкса керек дейм. Ушундан улам көчмөн дүйнөнүн кайталангыс өнөрүн өзүбүзгө сактайбыз десек, бул ишке баш отубуз менен киришүүбүз зарыл. Ата-бабалар бизге өткөрүп берди. Биз да урпактарга жеткиришибиз керек.

Өзүбүз кичинекей мамлекет болгон менен...
- Биринчи өткөргөн фестивалыбыз чоң иштин башаты. Кудай буюрса, кийинки фестивалыбыз мындан да кызыктуу, ырааттуу, мындан да масштабдуу өтөт деп ишендирип кете алам. Кетирген бир аз кемчиликтерди билип алдык. Аны оңоп, түзөөгө күчүм жетет. Мен кыргыздын көчмөн маданиятын бүткүл дүйнөгө таанытсам дегенде ак эткенде так эткен адамдардын биримин. Өзүбүз кичинекей мамлекет болгонубуз менен андагы кыргыздын жеке менталитетине тиешелүү баалуулуктары, маданияты, музыкасы кээ бир чоң-чоң мамлекеттерден жогору турарына көзүм жетип турат. Качандыр бир кезде Кыргызстанды аалам алкагында жашаган элдердин баары билип, биздин өнөрлөргө суктанарына ишенем жана ал үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм.

Сурат Жылкычиев