Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1104_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1104_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/1104_9.htm on line 2


п»ї
  Даңкан

"Ынтымак" фестивалы купулга толду
Ордо калаабыздын "Аккула" ат майданында "Санат-Кумай" Федерациясы, "Дасмия" компаниясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда "Ынтымак" аттуу фестиваль өттү. Кылым карыткан кыргыз элинин улуттук аңчылык өнөрүнө ышкыбоз болгондор, бу күнү куш, ителги, бүркүт салмайга, тайган агытканга, жаа атмайга жана жорго салганга кумарланып, черлери жазылды белем. Суусап калгандар жана эргүү менен көрүп отургандар ач-айкырык, куу-сүрөөндөп коштоп турду. Алгачкы тушоосу кесилип аткан мындай иш-чаранын башаты оозго аларлык экени таасын.


Т.Мамашев Улуттук
өнөргө табынганда

Мамлекеттин бүтүндүгүн тилеп...
- Мурун туризмде иштеп жүргөн учурда, "канткенде чет элден келген конокторго керемет кыргыз жерин, ата-бабадан келаткан көөнөрбөс мурастарын сыймыктануу менен көргөзүп, таанытып жана алардын жардамы менен өлкөбүзгө ири өлчөмдө инвестиция тарта алабыз?" деген негизги ой-толгоолор бар эле. Ошондон улам куш салмай, тайган агытуу, жаа атмай жана башка ушу сыяктуу улуттук кайталангыс өнөрлөрүбүздөн турган план-программалар түзүлө башталган. Кичинеден бышып жетилип отуруп, акыр-аягы сааты чыкты окшойт. Ал эми фестивалдын атын койгонубуздун бир гана жөнү бар болсо керек. Себеби, бүгүнкү күндө кылым карыткан кыргыз эли бөлүнүп-жарынып кетүү коркунучунда тургансыйт. Андыктан мамлекеттин бүтүндүгүн тилеп, жалпы элибизди ынтымакка чакырууну максат кылдык да, фестивалдын атын "Ынтымак" деп атадык.

Алгач көрөрмандарга өөн учураса...
- Фестивалды аңчыларга, мүнүшкөрлөргө ылайыктап, тоо жандатып өткөрөлү деген ой пайда болгон. Жаратылыш койнунда жакшы шарт түзүп. Бирок, өзүңүз деле көрдүңүз, улуттук өнөргө кызыккан жалпы эл ат майданга батпай көбүнчөсү тыштан көрдү. Андан сырткары, чет элдик коноктор, жазмакер, тартмакерлер кызыгуу менен маалымат топтоого аракет кылып атышты. Ушулардын баары тоо койнуна бара алышат беле (?) деген да ой пайда болду. Фестиваль максатына жетти го дейм. Ал ортодо мүчүлүштүктөр болгон жок десем калпычы болуп калам. Биринчи жолу өтүп аткандыктан кээ бир маселелер кийинки фестивалга чейин иштелип чыгат деген ой бар. Мисалы, мүнүшкөр кай жерден кушун, ителги, бүркүтүн кое берет? Ала турган жеми канча аралыкта болуусу зарыл? Тайгандардын талоонуна калчу карышкыр канчалык сүрдүү, айбаттуу болуусу керек? Көрөрмандардын жана башка элден келген коноктордун коопсуздугу кантип каралат? Өткөргөн фестивалыбыз жалпы элдин купулуна толобу (?) дегендей көп-көп суроолор бар. Бара-бара ушулар чечилет. Улуттук ат оюндарыбыздын бири көкбөрү деле ушинтип башталган. Оюн талаасы, анын ичинде тайказаны, мелдеш өтчү жер болуп. Алгач көрөрмандарга өөн учурап, барган сайын эл көнүп кетти.

Чет элдиктерди таңгалдырган өнөрүбүз...
- "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, биз бул өнөрлөрүбүздү көп баалабай, маани бербей аткандайбыз. Ал эми чет мамлекеттен келгендер бир көрүп жактырып, жада калса өз жардамын аябай, жеке сунуштары, ой-толгоолору менен бөлүшүп атышат. "Байлардын оюн-зоогу экен. Каражат бөлүп, жай ылайыктап, тайганын тайгандай кармап, бүркүтүн бүркүттөй таптап, ушул нерсеңер менен бүт дүйнөнү багындырсаңар болот турбайбы" дешүүдө. Алардыкы туура. Фестиваль башталаарына бир күн калганда саяпкер, мүнүшкөрлөр келип, чогуу баарлашып көрүп, аларга боорум ооруду. Айыл жергесинде иштеген иштери жок ачка отурса да, тапкан ташыгандарын тайганына берет экен. Бир бүркүттү эле кармап, таптоого күнүнө канча чийки эт керек?..

(Уландысы кийинки санда)






  Мүнүшкөр

Байсары үч жолу карышкыр алган
Тенти
Жаманаков аксакалыбыз
77 жашта.
Жети-Өгүздүн
Жер-Өзөк айылынан ордо калаабыздагы "Ынтымак" фестивалына келген. Таптаган Байсары аттуу 14 (10 барчын) жаштагы бүркүтү Кыргызстандын 3 жолку чемпиону жана 3 жолу карышкыр алган.

- Тенти ата, айтыңызчы, мүнүшкөрлүк өнөрдү качантан бери туу тутуп кармап келесиз?
- Чоң ата жана өз атам мүнүшкөр болушкан. Алардын жолун улап келем. Эң чоң аталарыбыз бир чоң дубанды башкарган кыйын киши экен. Аты Байсары болгондуктан, мен да бүркүтүмдүн атын Байсары деп койгом. Быйыл 10 барчын болду. Мындайча айтканда, балапан кезинде уядан алганыман бери 14 жыл өттү. 14 жашка чыкты.
- Бүркүттөн башка да куш, ителгилериңиз бар чыгаар?
- 4 уулумдун экөөсү мүнүшкөрлүк өнөргө батынып жүрүшөт. Үйдө ителги, куш, бир бүркүт жана 2 тайган бар. Биздин бала-бакыранын эрмеги эле мүнүшкөрлүк. Тапкан-ташынганыбыздын баарын ушу жакка жумшайбыз.
- Түйшүктөрү бардыр?
- Түйшүгү кыйын. Ал жанагы тамак берип койсо эле болот да дегендер абдан жаңылышат. Чырга тартат. Тапка салуу жагы бар дегендей. Күн сайын колго алып, көндүрүп, "тири" деп капканга түшкөн түлкүнүн этин тойгуза жегизүү керек. Кайрадан кустуруп, ичеги-кардын тазалабасаң, эттенип кетсе, ээсине кол салганга чейин барат. Ушундай жагдайлары көп.
- Эң чоң жаныбарлардан кайсыны алды?
- Үч жолу карышкыр алды. 1997-жылы Бишкекте өткөн сынакка 32 бүркүт келген. Анын ичинен жалгыз Байсары карышкыр алган. Эки жолу Тоңдо өткөн фестивалда да карышкырдын жанын койгон эмес. Күндүзү айыл жергесинде салып жүрөм. Түлкүгө агытканда буйдалтпай эле баса калат. Буйтаганына карап да койбойт. Карышкырга салайын десем күндүзү бугуп, ийининен чыкпай жатып алат тура.
- Илгери бир бүркүт бир айылды баккан дешет. Сиздикичи?
- Ошентип айтып жүрөт. Багып атат деп айта албайм. Анысына деле кайылмын. Эң негизгиси, аңчылыктын кумары. Ууга чыкканда бүркүттү агытасың. Анын артынан өлөр-тирилериңе карабай тоодон ылдый тик жерден түшөсүң. Бүркүттүн ар кандай айла-амалдарын карап, чериң жазылат. Жайында аз-маз иш боло калат. Биз жакка туристтер келип, "бүркүтүңүздүн өнөрүн көргөзүңүз" дешет. Анан тааныш-билиштерге түлкүнүн терисин белек кылам. Алар ырымын кылат. Интернетте бармын. Чет элдин адамдары мени оңой эле таап келишет.
- Ушу кезге чейин канча бүркүт таптадыңыз?
- Бүркүттүн түрлөрү, тукумдары болот. Байчегир, куучегир, баатырчегир болуп. Байсары баатырчегир тукумунан. Эч нерседен коркпойт. Жүрөгү тоо десем жаңылышпайм. Канатын жайганда 1,5 метрден ашып кетет. Жалпысынан үч бүркүттүн убайын көрүп келем.
- Жана ээсине кол салат дедиңиз...
- Муну кыздын-кызындай эркелетип, канаттарын тарап, баш ылдый сылап турсаң ээсине кол салбайт. Байбичеме караганда муну көп эркелетем. Сүйөм. Жанымдай көрөм. Байбиче бери жакта эле калат.
- Байсары эркекпи же?..
- Ургаачы. Негизи бардык эле канаттуулардын эркеги кичирээк болот. Ургаачысы чоң анан алгыр келет.
- "Ынтымак" фестивалы сизге жактыбы?
- Жакты. Ушундай иш мааракелер такай өтүп турса жакшы болот эле. Учурдан пайдаланып, Турусбек Мамашевге ыраазычылык билдире кетейин. Мыкты жигит да. Эми ушу баштаган ишин улап, өркүндөтүп, өрчүтүп ийсе деген тилек.

Даярдаган Сурат Жылкычиев





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??