Садагасы Ташиев,
ач-айкырык, куу-сүрөөн болбочу?!
4581. СМС үкөк! "Бир күн гана" деп обон созгон Камилага жана "Биз" тобуна ысык салам!
Билим, Айтеңир

4582. Садагасы Ташиев! Жөн эле ач-айкырык, куу-сүрөөн болбочу?! Өзүң деле ойлобойсуңбу? Анча барган СНБ сенин "башкесерлериңдин" өпкөсүн үзүп, сени кошо Үч-Коргондон таанытышмак. Кайсы бир жерде "Ташиев" болгонуң менен, кайсы бир жерде "нөлсүң"! Саясый чөйрөдө упай топтойм деп, болгон авторитетиңди төгүп салдың. Мен сени мурун сыйлачу элем, эми чынын айтсам, сенден жийиркенип калдым.
Асия

4853. Кеңешбек Дүйшөбаев! Атайын операцияңды үзгүлтүккө учуратканы үчүн Ташиев жана анын жансакчылары жоопко тартылабы? Же алар дале дардаңдай беришеби? Ушуга жооп берип койсоң!
5215 абоненти

4584. А.Бекназаровго сюрприз! Манас ааламынан келген аян боюнча. Биринчи, эки фронтто ойногондугу. Экинчи, бакиевчилерди качыргандыгы жана бошоткондугу. Үчүнчү, революциядан кийин миллиондогондорду жегендиги. Төртүнчү, мурунку жана кийинки тааныштарын, досторун тааныбай калгандыгы. Бешинчи, 7-апрелде шейит кеткен балдардын арбагын сыйлабагандыгы үчүн жакынкы арада Алла Тааладан жаза келет.
Чагылган-2

4585. Мен "Ата-Журтка" каршымын!
6639 абоненти

4586. Ташиевди карасаңар, Бакиевге окшоп кандай гана митаамдыкты кылып атат. Өлүмүш болуп калганы мага жакпай атат. Андайды Кудайга койдум! Патриот болсо, Убактылуу өкмөттүн ордуна кыргыздарга там салып бербейби. Акчасын жөн эле сапыра бербей. Бакиевдин тапшырмасын жакшы аткарып атат окшойсуң? Же андай эмеспи?
Бишкектик кыз

4587. Элди митингге чыгарып баккыла эми. Башкага күчүңөр да, мээңер да жетпей жатса. Акчасын жакшы төлөсөңөр болду. Убактылуу өкмөткө ырас болду. "Москваны алдым, болду эми" деп император Наполеон да кыялданган. Элдин мээси жете элек бийик максат койгонго. Карды ач, мээлерине витамин жетпесе эмнеси менен ойлонсун?
Бишкекчанка

4588. Куловго эмне жок? Отура бербейби ары жакка. Кыргызга күйүп-бышып атканына ишенбейм. Эл да ишенбейт. Элдин Куловго кереги жок, анын акчасы керек. Аны терең ойлонуп да койгон жок. Мүмкүн мээси бирдемеге жетип аткандыр. Мен сезип эле турам...
2445 абоненти

4589. Кулов "темир" генерал кезинде, көпчүлүк кыз-келиндер жакшы көрчүбүз. Анан "темири" "желимге" айланды. Орустар айтмакчы, "любовь зла, полюбишь козла" дегендей эле болду.
Ася

4590. Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Атамбаев силерге кыргыз эли ишеним артпай баратат. Эмне болуп атасыңар? Минтип отурсаңар, эл душманы болуп калышыңар ыктымал, абайлагыла!
2328 абоненти

4591. "Ата-Журт" партиясы ар бир шайлоочуга 200 бирдик салып, добуш алганы айтылат. Бул жагын БШК карап көрөбү?
9148 абоненти

4592. Кыргыздар! Силерди энеңер парламентте төрөдү беле? Бийлик десе эле жулунасыңар! Ичи тардыкты, көрө албастыкты коюп, мамлекетибизди ойлойлу! Улут катары жок болуп кетүү коркунучунда турабыз. Кыргыздар, ойлонгула, ойгонгула!
4110 абоненти

4593. Эл журт! Митингдерди токтоткула! Кыргызстаныбызды жеп тынбагыла. Силерге акча керек болуп атса, бизге Кыргызстаныбыз керек!
Чоро

4594. Кырк чорону сыйласаң, Айкөлүм колдойт кыргызды. Айланып келип элине, Манасым коргойт кыргызды. Мөңгүнү салып астына, саясатка камынба. Кырк чорого жамынып, Үрүстөм байке чамынба. Туура эмес элди дүрбөтүп, Тахмина жеңемден чабылба!
5777 абоненти
4595. Мен оштук мырзалар менен таанышам. Телефон чалгыла.
Тел: 0555-32-44-10

4596. Кагылайын эл! "Ата-Журттун" пикетчилерин көрдүңөрбү? Булар Бакиевдин убагында майлуу жерлерде иштеп, бизди талап-тоноп, 7-апрелден кийин түшүп калгандар жана алардын тууган-туушкандары, достору, жакындары. Өңдөрүн жакшылап эстеп калгыла. Алар жүдөп-какагандарга окшобойт.
Бишкекчанка

4597. Ө.Текебаев шайлоого ичи чыкпай, ар кандай иштерди уюштуруп жатат. Анысы ишке ашабы?
7206 абоненти

4598. Мен 6319 абоненти жазган көлдүккө айткым келет. Оняктыктардын башы катуу иштесе да көрө албайсыңар. Аттуу-баштуулардын бардыгы оняктыктар. Бакиевди алып келсе жакшы эле болмок. Кайрадан жыргамакпыз.
6354 абоненти

4599. Шайлоодон кийин Россияга барып, жөөттөргө "отчет" берип келген кээ бир кадрларга жол болсун! Кыргыз элинин келечегин ойлосоңор, кыргыз эли үчүн кызмат кылышыңар керек. Бийлик менен байлыкты ажырата албаган ал өзүңөрдүн шоруңар!
5457 абоненти

4600. Кылымдарды карытып келе жаткан түптүү кыргыз эли эч качан жок болуп кетпейт. Бул мүмкүн эмес. Эгер өмүр бою хан болот элем деген тайкы ойлору бар адамдарыбызга Акаев менен Бакиевдердин жанынан дайыма орун даяр!
Мукаш

4601. Атамбаев ага, сиз кайда жүрөсүз? Элге көрүнүп койсоңуз жакшы болот эле. Сиздин өмүрүңүзгө Ташиев кол салышы мүмкүн деген сөз чындыкка жатабы?
Бишкекчанка

4602. Кыргыздар! Оң канат, сол канат, башы, куйругу деп элди бөлгөн - бул душмандын саясаты. Ар бир кыргыз - бир эл, бир журтпуз деп жүрөгүбүз согуш керек!
Улутман

4603. Түштүктүк жигит, "Ата-Журтка" эл добушун берди. Муну билип кой. Сен аябай жаңылып жатасың.
7036 абоненти

4604. 9106 абоненти, энеңди сен сатсаң сатасың, а калган элдер сатпайт. Элди бөлүп-жарба! Капа болмоктон капа боло бер. Кыргыз элин билбейт окшойсуң! Бул сенин кемчилигиң. Аны түздөп коюш сенин милдетиң!
7036 абоненти

4605. 4441 абоненти, Улутман, сен аябай туура айттың. Бирок, 100 доллар дегениң туура эмес.
0703 абоненти

4606. Барскан, эгер Текебаев кыргызга боор тартса, Атамбаевдин тизгинин тартып коймок. Гезиттеги факт боюнча.
7070 абоненти

4607. Бекназаров агатай, сиз Атамбаевди коркуттуңуз эле. "3-революция жасайм" деп. Улуу кыргыз элиме боор тарткан адам сиздей болобу? Колуңуздан кокон тыйын келген жок. Туурабы? Ар адам деңгээлине, аброюна жараша иш кылыш керек. Калп эле элдин атынан сүйлөй бербей!
7070 абоненти

4608. Бизге Тилим Волостойдой болгон патриот адам керек. Ал Шотландия үчүн жанын берген жана аяган эмес...
5070 абоненти

4609. 4491 абоненти болгон Айперинин телефонун кайдан алсак? Же Айпери, эмдиги "Учур" гезитине телефонуңду жазып коесуңбу? Мен сени менен байланышайын дегем.
0068 абоненти

4610. Чагылган деген маңкуртка жооп. Сен кимдин камчысын чаап жатасың? "Мекен шейиттери" 7-апрелде акча үчүн өлсө, ал эми Ош шаарында мамлекетти душмандардан коргоп өлүштү. Шейиттер дегениң бир миллиондон мамлекеттин акчасын алып, алардын моралдык укугу калган жок. А сен колдогон партия кыргыздын кызыкчылыгына иштээрине күмөнүм бар.
Баргы

4611. "Ата-Журт"! Эл сени менен! Ал эми "Мекен шейиттери", силердин митингге чыкканга моралдык укугуңар да жок. Же акчаңар түгөндүбү? Текебаев жана башкалар силерге акча берген жокпу? Акча деп жүрүп шейиттердин санын көбөйтүп албагыла. Жетишет!
Баргы

4612. "Мекен шейиттеринин" мүчөлөрү, силер өзүңөрдү шейиттер деп атап, шейитке талапкер болуп атасыңарбы? Силердин балдарыңардын өлүмүнө Ташиевдин эч кандай тиешеси жок. Ташиевден колуңарды тарткыла!
9977 абоненти

4613. Бул эмне деген шумдук! Закиржандын жөөттөрүнүн камчысын чаап, "ак эмгеги" менен байлык топтогон жанагы Хипикке Кыргызстанды киргизем деген ар-намысы жок Акылбек Жапаров эргул, "Улуттук Банктын төрагасына азыркы тапта биздин эл ичинде менден ашкан талапкер жок" деп айткан имиш. Кыргызстанды жөн эле жеке менчик фирмасындай кабылдап.
4577 абоненти

4614. Кыргыз эли таза, тың уул-кыздарынан уучу кур эмес. А.Жапаров иним, эгер улутум кыргыз десең, менин эки торпогума паспорт берем демек эмессиң. Сени кыргыз эли сыйласа, мал корооңдогу уй, кой эмес, тоогуңду да алмак эмес! Таласта эле калып калсаң болмок. Мүмкүн бир шумпайга азыраак болмок!
Улутман

4615. Улуттук аң-сезим - бул Улуу кыргыз элинин коомдогу мүнөзү жана өзөгү!
Мукаш

4616. Жадырап жаздагы өмүр гүлүм. Жүрөктө жашай берет аппак сүйүүм! Кашайтып караңгы каптап алды, анткени жарыгым сен элең айым күнүм!
Уланбек

4617. "Биздин долларыбыз - жеткен жерлердин кен-байлыктары биздин элге таандык болуш керек. Акылыңар жетпесе сатып алганга милдеттүүсүңөр!" Т.Рузвельт ушинтип айтыптыр.
Улутман

4618. "Мир" телеканалында болгон телеберүүдө Ташиев, "Конституцияны Венецианский комиссия чечти, кошуна мамлекеттер менен кеңешкен жокпуз. Дегинкисин Орусия, Өзбек, Казак менен биргелешип жазышыбыз керек беле? Комиссия Италия өлкөсүнүн Венеция шаарында орун алган. Ал океандын ары жагында" деди. Менде бир суроо пайда болду. Орусия менен Италиянын ортосунда кайсы океан? Орустарга жагалданып, "Конституцияны өзгөртөбүз" дегени. Андан сырткары, "орустарды 15 эле колдобойт" дегенине итиркейим келди.
Мурат

4619. Түндүкмүн деп элирбей, Түштүкмүн деп көбүрбөй. Ортосунан оң-солдун, мен чыккам деп сөгүнбөй. Уруум да кыргыз деп, улутум да кыргыз деп, жүрөлүчү бөлүнбөй, туугандар...
Нурик

4620. Оштун мэри жана Бишкектин мэри, силер бар болгула! Шайлоо бүттү эми. Элди тынч койгула. Бизге тынчтык керек. Ансыз да кыйналып бүттүк. Бөлүнбөгүлө малчасынан. "Мен мынабунун коюмун, сен тигинин уюсуң" деп казактарга уят болдук.
8244 абоненти

4621. Жаман жакка барбаймын деп кол көтөрө, жашырынып жедиңер го акчабызды. Жалкоо болуп алдыңарбы жетеленип, жардам сурап эми калдык байкадыңбы? Жада калса тынчтык болбой өлкөбүздө, жетимсиреп орустарга барабызбы? Жердеш болуп эми минтип бөлүнөбүз, жерибиз жок орустарга качабызбы? Акаевди кубаладык өлкөбүздөн, Бакиевге ишенип калбадыкпы? Баатыр болуп жада калса наристе да, жаным кейийт Кыргызстанды барктайлычы. Тынчтыкта бололу!
Пирим

4622. Легионер, миң доллардык авто-машинаны өзбектерден алып берчи. Мен сага ыраазычылыгымды айтайын.
8188 абоненти

4623. Үйбүлө курам деген мырзалар чалгыла. 35-47 жашка чейинкилер болсо жакшы болот. Маякка жооп жок.
Тел: 0551-07-09-32

4624. Урмат балам бар бол! Аман бол! Кыргыздын керегине жараган мыкты уулдардан болуп чоңой!
Апаң Нурайым, Талды-Булак айылы

4625. 4518 абоненти, сен туура баамдагансың. Демек, чын эле биз Ташиев айтмакчы, элдин маанайын билбеппиз. Элге Бакиевдин саясаты жагып эле жаткан экен. Ошон үчүн да "Ата-Журтту" тандашты. Бирок, чынында эле баласынын кылмыштары болбосо, жакшы эле заманда белек?..
6814 абоненти

4626. Бизге биринчи тамак-аш арзандаса, силердин сасыган саясатыңарга эл кийлигишмек эмес. Бирок, бийлик башындагы арам чиновниктер аны да кылышпайт да...
6255 абоненти

4627. Урматтуу "Учур" гезитинин СМС бурчу! Мен 18-20 жаштагы кыздар менен турмуш куруу максатында таанышам. Жеңил ойлуу кыздар чалып убара болбогула жана маякка жооп бербейм.
Тел: 0777-84-38-51

4628. Ачууң келсе даарат ал. Себеби, ачуулук шайтандан келет. Шайтан оттон жаралган. Отко суу куйсаң, от өчөт. Даарат алуу менен ачууң таркайт!
Журналист кыз

4629. Каптагаев айтат: "7-апрелдеги окуя болбосо, бир топ саясатчы жок болмок" деп. Көп болсо Бакиев бешөөнү өлтүрмөк. Калганы чычып качмак. Америка жана башка жактарга. Булар элден жогору коюп алганбы өздөрүн. Акүй астындагы 90 адам, Оштогу миңден ашуун адамдар өлбөйт болчу. Чындап келгенде ушунун бардыгын кылган бузук баштардан тазаланмак өлкө. Тартип орномок. Бул саткындар бири орустарга, бири сэмдерге барып атып, бардактан арылтышпады. Булар жок болуп кетсе, башка адам жок болуп калыппы? "Демократ" саясатчылар жок боло берсин. Өлкө аз да болсо ызы-чуудан тыйылат. Каптагаев 7-апрелден кийин боткону чалып атат. Эл көрүп турат аны.
2916 абоненти

4630. Ак-Босогодо жашаган Алтынбек, мен сени сүйөм! Мени кечир. Туура эмес кылдым! Мүмкүн болсо жарашалы, жаңы жашоодон баштайлы. Эми түшүндүм. Аны сен билесиң. Сени сүйгөн кыз жооп күтөт.
3499 абоненти

4631. Жаман экен сүйүп туруп сүйбөсө, жаман экен көңүлдө сүйүү өчпөсө. Канча жолу унутканга аракет кылсам да, жаман экен жүрөк сөзгө көнбөсө.
3499 абоненти

4632. Көрсөм деп күндө сени ойлой берем, көздөрүңдөн ак сүйүүнү издей берем. Бул дүйнөдө үмүт менен жашап келем, садагасы сүйдүм экен сени неге?
Асель

4633. Эй, чиновниктер! Мекендин куралдуу күчтөрү жаман абалда экенин билесиңерби? Июнь окуялары кайта кайталанса, бардыгыбыз жок болуп кетерибизди билесиңерби? Эмне, Роза эжекебизге ишенип турасыңарбы? Анда силердин акылыңардын жеткенине баракелде демекмин!
1292 абоненти

4634. 7-апрелде акчага сатылгандар болду. Ал эми Ошто эл, жер үчүн өлүштү. Ошолорго эстелик коюш керек!
Патриот

4635. Элмурза аке, мен сизди 7-апрелден бери көрө албай жүрөм. Мурун анда-санда көрүп калганда сүйүнүп калчумун. Биздин үйбүлөдө бир да эркек жок. Өзүмчө "ушундай акем болсо" деп кыялга көп батчумун. Кечээ жакында сизди "камаганы атыптыр" дегенде өзүмчө капага баттым. Эгер сизди камай турган болсо, биринчи кезекте тааныштарымды, досторумду, спортсмен тааныш балдарымды пикетке алып чыгам. Өлкөнүн чаңын сапырып ийишет. Сиз мага ишениңиз!
Жаабийке

4636. 4579 абоненти, сен антпегиң. Ташиев бизге, өзгөчө Түштүк элине керек! Анын кадыры бар адам. Ал деген жигит да!
5408 абоненти

4637. Аликбек Жекшенкулов азыркы саясатчылардын мыктысы экен деп билип калдым. Анын "Акыйкат" партиясы шайлоодон өтпөй калса деле эркектик кылып, элин, электоратын көчөгө алып чыккан жок. Кыргыз эли ушундай таза дипломат саясатчылары менен сыймыктанса болот!
6625 абоненти

4638. Тагдырын алып адамдын, "Тайфун" деп аты ажалдын. Таажы кийген аганын, так эмес тура кадамы. Аксыда эл толкуган, Азимбекти коргошуп. Азыркыдан соңкудан. "Тайфунга" колду койгон ким? Тагдырын элдин сойгон ким? Тактыга кийин конгон ким? Тамырын тартып достордун, таарынтып кийин койгон ким? Тандемдеши болгон ким? Тактыдан көчүк таярда, көпүрөнү чойгон ким? Токтогулда толгон суу, толтурбай аны соргон ким? Томпойтуп курсак тойгузар, тоолуктар айтчы, жоргоң ким? Томуктай элди бага албай, ооз менен орок оргон ким?
8961 абоненти

4639. Э.Сатыбалдиев, сиз кайсы күнөөңүз үчүн суракка барып атасыз? Менин билишимче, сизде эч балээ күнөө жок! Айтып коюңуз, былжырабашсын!
Эрмек

4640. "Аккула" ат майданында Турусбек Мамашев "Санат-Кумай" федерациясы менен биргеликте өткөргөн "Ынтымак" фестивалы мага жакты. Азаматсың, Турусбек мырза! Өркөнүң өссүн, дайыма кыргыз элинин керегине жарай турган мыкты жигиттерден болуп жүрө бер!
Калыгул

4641. Максат, Бермет! Мен силерди кол кармашып түтүн булаткан алгачкы күнүңөр менен куттуктайм. Экөөң бири-бириңе татыктуусуңар. Дайыма кармашкан колуңар ажырабасын!
7756 абоненти

4642. Мурат Суталинов деген кылмышкердин иштеген жерлери: 1. ИИМ министри. 2. Башкы прокурор. 3. УКМК төрагасы. Закиржан, Жаныш Бакиевдердин шапалагы. Бул эмне деген шумдук?! Кыргыздарда башка татыктуу адамдар жок беле? Кыргыз элин сыйлабаган, намысы жок, улутту шылдыңдаган, эне тилин билбеген, Машкевичке окшогон жөөттөргө кызмат кылган кишилерди мындай жетекчиликке ким коюп келген? Же Кыргызстанда баары боло береби?
Улутман

4643. Азиз, Света! Силерди 5-ноябрь кош мааракеңер менен куттуктайм! Күмүш тоюңар кут болсун. Света, 50 жашта айымдар ажарына келет экен. Сен да бүгүнкү күнүңдөгүдөй сулуу болуп, Азиз экөөң балдардын урмат сыйын көрүп жүрө бергиле!
Анара

4644. Көк-Жар жаңы конушунан эки кабаттуу там сатылат. Биринчи кабаты толук бүткөн. Экинчи кабаты аз эле жери калган. Огороду чоң. Анда жаш алма бактары бар. Баасы ынанымдуу.
Тел: 0773-43-36-37

4645. Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!
5777 абоненти

4646. Күнөөлөр эске түшкөндө, кара ташты кучактап, ыйлагым келет шолоктоп. Бирөөлөр эске түшкөндө, бардык элди ызааттап, сыйлагым келет коноктоп.
Жеңиш

4647. Ключовкалык Акай, мен сени сүйөм! Жакшынакай эле жүрбөдүк беле? Эмнеге чалбай жатасың? Суранам чалчы, мен сени сагындым!
Н...

4648. 2001-2002-жылдагы №35 мектепте 5 "г" классында окуган классташтар барбы?
Тел: 0772-83-46-88

4649. Убактылуу өкмөт, парламентти ишке киргизбей, болбогон детектор лжини да алдап коесуңар!
8078 абоненти

4650. Үчүнчү күч деген терминди колдонуп калышат кээ бир саясатчылар. Үчүнчү күч деген эмнени түшүндүрөт? Бул - еврейлердин лепешкасын жеген кыргыздын душмандары! Кыргыздын бир эле күчү бар. Бул - ынтымак!
5457 абоненти

4651. Адахан мырза! Сиз Жаныш Бакиев 50гө чыкканда, ага суктануу менен өмүрүнүн бардыгын Ата Мекенине арнаганын саймедиреп, кошоматтык кылып, суусар тебетей кийгизиптирсиз. Ошол күндөрдү сагындыңызбы?
7630 абоненти

4652. 0132 абоненти, сенин үйбүлөңдүн ичинен бирөөсү шейит кетсе көрмөкмүн СМС жазганыңды. Же "Ата-Журт" партиясынындагы бирөөсүнүн жетим жүгүрүгүсүңбү? Негизи эле бир байкуш өңдөнөсүң.
7630 абоненти

4653. Өскөндүн баары гүл эмес, өпкөндүн баары сүйүү эмес. Көгөртүп өмүр бутагын, көңүлдө жүрөт бир элес.
Жеңиш

4654. Феминистка менен бир чурбан айтышып атат. Ал чурбанга түшүнбөйм. Эмне талашып атканын. Айтышардан мурда, кичине болсо да билимин жогорулатып алып айтышса дейт экенсиң. Жөн эле пок жей бербей.
Феминистканын курбусу

4655. Турусбек Мамашев, чындап эле быйыл күздө үйлөнгөнү калдыңбы? Мен буга ишенбейм. Сендей чыгармачыл адамды айымдар түшүнө бербейт. Бирок, эгерим үйлөнүп калсаң, мен сени куттуктайм. Бир күнү атайын барып колуңду кысып кетем.
Жайчыбек

4656. 4501 абоненти, мээң такыр жок экен. Утулганыңды мойнуңа ал. Ич күйсө туз жала. Туз жок болсо мага айт. Мен Оштон ала келем. Эми кимди алып келебиз, ал биздин иш. Силер болсо кадимки арагыңарды ичип жата бергиле.
1015 абоненти

4657. Бул ааламда чындык жок. 7-апрелде 90 баланы убактылуулар аттырды го? Астыга чуркаган балдарга "бирдемени" тойгузуп. Буларды эмнеге эч ким изилдебейт? 90 баланы аттыргандарды Кудай өзү жазаласын!
1015 абоненти

4658. Мадумаровдун жолун тоспогула. Мындай азамат дүйнөдө бир жаралат. Бул жигит кыргыздын бактысы. Мамлекетти кыйынчылыктан алып чыга турган жалгыз адам ушул. Өз бактыңа балта чаппа, айланайын кыргызым!
Пазыл

4659. Салам "Учур"! Кыз-Моло айылында жашаган апам Кларага, атам Мирланга салам жолдойм. Жана биртуугандарым: Саламат, Салтанат, Азамат, силер бар болгула, бай болгула!
9896 абоненти

4660. Көп күн болду көрбөй сени ызамын, бүгүн билдим эмне экенин ызанын. Жети кадам жерде жашап жатсам да, жетпей сага Бакыт жаным кусамын!
Саида

4661. Менин супер айылым Кыз-Молодо жашаган досторум Наргиза, Индира, Айнура, Гүлзат, Альмира, Айпери, Руслан, Нурчик, Чыңгыз, Марат, Расул, силерге ысык салам! Бар болгула менин жакындарым. Мен силер менен сыймыктанам!
9896 абоненти

4662. Элмурза Сатыбалдиев мырза, сизди камаганы атышканын окудук. Сиз прокурор кезде ак иштегенсиз. Эми ошол таза кызматыңызга ишенсеңиз, элге чыгып айтпайсызбы чындыкты?!
Күйөрман

4663. Ташиев, сен тамтаңдабай жөн жүр!
Ташизм-Фашизм

4664. Аликбек Жекшенкулов мыкты саясатчы экен. Туруктуу, принцибинен тайбаган сапаты жакты. Мына ушуну президент кылалы!
Канат, Ош шаары

4665. Урматтуу "Учур" гезити! Абдан кызыктуу чыгып атасыңар. Силердин гезитиңерди киоскиден издеп жүрүп, араң таап окуйм. Өркүнүңөр өссүн!
0467 абоненти

4666. Бегалы Наргозуев жакында үйлөнөбү? Кимге?
Сүйдүм

4667. Саясаттан тажадык, секс жазгылачы?! Би-ир жыргап окуйлу...
Жүрөнөөк

4668. "Ата-Журттагы" Суракматов! Сен бандит белең?
Жулик

4669. Ыргал Кадыралиева баягыда "агамдын бүтпөй калган ишин улантам" деп маек бериптир. Кантип улантат? Зордук-зомбулук мененби?.. Түшүнбөдүк.
Ошям