Алгачкы фотоклип
Кыргызстанда биринчи ирет фотоклип тартылат. Мындай "жорукту" ырчы Каныкей баштаганы турат. Бирок, жөн гана слайд-шоу эмес, сүрөттөр да сценарийге ылайык тизмектелет. Бул Каныкейдин ушул жылдын акыркы айында өтчү алгачкы жеке концертинин урматына деп билсек болот.


Сыйга татычулар ким?
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын 2007-2008-жылдардагы ээлери акыры быйыл бүт дүйнөлүк Жаштар күнүндө аныкталат. Былтыркыга белгиленген бул иш-чара белгисиз себептер менен жылып калган эле. Эске салсак, аталган сыйлыкка нарк-насил, маданий баалуулуктардын сакталышына, гумандуулук, демократиялык принциптеринин бекемделишине салым кошкон жаштар, адабият жана журналистикадагы чыгарма жараткандар, музыкалык чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик ээлери, ошондой эле сүрөт эмгектери үчүн мыктылар сыйланат. Жаштар министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл 9 лауреат, 23 дипломант табылган.


Ооматы арткан актер
Актер Азамат АРЫКОВ акыркы төрт ай аралыгында төрт кыска метраждуу тасмага тартылып, баарында тең башкы ролду ойногон. Ал эми жакында актер режиссерлукту аркалап, жаштарга арналган комедия тартууга чамынууда. Азырынча "Мой идеал" тасмасынын пилоттук вариантын жаратып, ал эми келээрки жазда аны толук аягына чыгарат. Ага каражат жагы да дайын, актердун бир тууган бөлөсү Улан Усенбеков Азаматтын алгачкы эмгегине демөөрчүлүк кылмакчы.


Арсендин "ачкычы" табылдыбы?
Бул жигит сахнага кадам таштагандан бери жаңырткан ырларында бир туруп махабатты кубаласа, бир туруп сүйүү издейт. Ал эми жакында эле ырчы издегенин тапкандай, тагыраак айтсак, Арсендин жүрөгүнүн ачкычы 19 жаштагы бийкечтин колунда. Ал сулуу учурда Москва шаарында билим алат. Алыстагы сүйгөнүн жөн гана сагынганын билдиргени менен ортолорун аралык бөлүп, Арсен ансайын арзуунун азабына кабылгандай түрү бар. Балким, бул абалы жакында чыгармачылыгына чагылаар...


Бекчоро сахнадан четтедиби?
Мындай кептин таркашына ырчынын үйлөнгөндөн бери узакка дем алганы себеп. "Өлкөдөгү акыркы саясый окуялардан улам, өзүмчө түтүн булаткандан соң чыгармачылык тыным алышым узакка созулуп кетти, бирок, ага карабастан, ортодо бир топ концерттерге катышып турдум" деп билдирген ырчы сахнадан узады деген кептерди төгүндөдү. Ал эми бул жумада Бекчоро мобилдик операторлордун бири менен аймактарды аралады.


Наамга илингендер
Эмгек сиңирген артисттик наамды алып жүргөндөр эми эл артисттерине айланышты. Атасак, "Кызбурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова, комузчу Нурак Абдрахманов, актер Чоро Думанаев, циркач Кадырбек Тажиев ошондой эле Эгемендүүлүктөн бери эч бир наам албаган алты төкмө акынга наам ыйгарылды. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын Рахматулла Козукеев, Абдылда Нуралиев, Элмирбек Иманалиев жана Ардак грамота менен Жеңишбек Жумакадыр, Амантай Кутманалиев, Аалы Туткучевдер сыйланды.


Кырктын кырын ашса да...
Дайым жаш, добушу мукам КР Эл артисти Гүлнур САТЫЛГАНОВА ушул жумада 42 жашка толду. Бишкектеги улуттук баш кийимдин атын алган тойканалардын биринде жакындарын, санаалаш досторун чогултту. Сахналаштарынан Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Роза Шакирова, Фарида Карбозова, Бактыгүл Бадыева жана Эрмек Нурбаевдер Гүлнур айымдын жеке майрамына күбө болушту.


Уул көрүп, кыз узатып...
Режиссер, продюсер Рысбек ЖАБИРОВ жакында эле уулдуу болуп, Ийгилик деген ысым берди. Жаңы салынган өргөсүнөн жакында кызын турмушка узатарын да кулагыбыз чалды. Той берип, жакшылыкка бөлөнгөн режиссер чыгармачылыкты да унуткарбай, жакында 40 сериядан турган эмгегин баштаганы туру.


Өз түндүгүн көтөргөн ырчы
Кыязы, үйлөнүп, уулу чуркап калган Макс БЕГАЛИЕВ кенже инисине жол бошотуп берүүнү чечкен. Бүлөсүнүн ортончу уулу болгон ырчы жакында ата-энесинен өзүнчө бөлүнүп, жаңы өргөсүн ремонттоп жатканын эшиттик.


Даярдаган Айым НУРЖИГИТОВА