Алаша

Назира Нуржанова, модель:
"Бабанов бойдок болгондо..."
Назира келечекте дүйнөнү дүңгүрөткөн банктын ээси болууну самайт. Улуттук университеттин банк иштери боюнча факультетин аяктагандан кийин офис-менеджер кызматын аркалоо менен бирге жакында эле моделдерди даярдоо мектебин бүткөн.

- Азыр Бишкекте моделдерди даярдоо мектеби көбөйүп кетти. Себебин эмнеден көрүп атасың?
- Азыркы жаштардын мүмкүнчүлүктөрү чексиз. Бирөөсү билим жагын, бирөөсү менеджерлик жана башка толуп жаткан өнөрлөрдү өздөштүрүп атышат. Ошонун ичинде моделдердин өнүгүүсү да барган сайын күн санап өөрчүүдө. Массалык маалымат каражаттарынан "модель мектебине чакырабыз" деген жарнамалар да толуп кетти. Ушундан болсо керек.
- Бул мектепте кимдерди кабыл алат жана эмнени окутат?
- 16 жаштан өйдө кыз-келиндерди кабыл алат. Ал жерде тиги же бу жактарына карабайт. Баргандарга биринчи кезекте түз басууну, эл астына чыкканда кантип өзүн алып жүрүүнү жана уялбоону, ошону менен катар боенуп-жасануу жактарын үйрөтөт.
- Мектепти бүткөндөр кайсы бир модельердин кол астында иштесе болобу?
- Болот. Ар бир модельер мектепти бүткөндөрдү электен өткөрүп, фото-сессияларына, боюна, келбетине карап келишимдин негизинде жумушка чакырат. Ал жерде көбүнчөсү дүйнөлүк мерчемге (90-60-90) дал жана жакынырактарын тандашат.
- Модель болууга качан кызыга баштадың?
- Мурун кызыкчу деле эмесмин. Мындан эки жыл мурун ышкым ойгоно баштады. Моделдерди даярдоо мектебин аяктагандан кийин мага сунуш этишти. "Барбайм, иштебейм" деп айта албадым. Себеби, андай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаргым келбеди.
- Өзүңдүн сындуу экениңе мурунтан баа бергендер болду беле?
- Улуттук университетте окуп жүргөндө биздин банк иштери факультетинин студенттери баа беришчү. Суктанышып, сүйүүсүн арнап ийгендер толтура болду. Алгач өөн учураганы менен кийинчирээк көнүп кеттим. "Сулуусуң, мен сени сүйөм" деп келишет. Өзүлөрү эмне үчүн мени сүйөрүн билишпейт. "Бүт бардык жагымды" дешкенден башка ойлорун айта алышпайт. Анан ошондойлорго ишенбейм. Ар бир адамдын жетишпеген жактары болот. Ошондой эле кемчиликтер менде да бардыр. Аларды байкабаган адамдын сүйүүсү "сокур сүйүү" да. Мени идеал тутуп алып, мени эмес, идеалымды сүйүп атышат. Менимче, андай болбош керек го...
- Сага кандай мүнөздөмө беришет?
- Тааныбаган адамдардын жанынан өтүп баратканда "стерва окшойт" деген сөздөрү кулагыман кайкып өтөт. Билип-көрүп жүргөндөрдүн анткендерин уга элекмин. Анан "түнт, көп нерсени ичиңен чыгарбаган, оор басырыктуу кызсың" дегендери да бар.
- "Сүйүү" деген эмне?
- Бул түшүнүктү аябай эле кеңири карайм. Анын ичинде окумуштуулардын талдоосунан бир мисал келтире кетейин. Ар бир адамдан жыт бөлүнүп чыгып турат. Ар бир адамдыкы өзүнчө. Кайталангыс дегеним. Алгач кыз менен жигит таанышып, аз өтпөй чогуу киного же театрга, паркка сейилдеп басышат. Ошо кезде биринин жыты бирине мээ аркылуу маалымат менен камсыз кылынат. Мээ өз учурунда иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эгер жыттары ымалашып, дал келишсе, анда экөөнүн ортосунда мамиле пайда болуп, бири-бирисиз жашай албастыгы айкындыкка чыгат. Ток этер жери ушундай.
- Азыр кыргыздын жаш, чырайлуу кыздары өзүнөн бир топ эле улууларга колукту, токол болуп кетип атат. Сага да ушундай сунуштар болгонбу?
- Андайлар болбой койбойт экен. Жашы элүүдөн өтүп калган бир адам кулак какты кылып, сезимин билдирген. Мурда ажырашып кетиптир. Балдары чет өлкөдө окууда окшойт. "Сага мен курактуу, сени жакшы көргөн адам колуңду сураса эмне дээр элең?" деп. "Мен бул жөнүндө ойлонуп көргөн эмесмин, ойлонгум да келбейт" деп так-кесе жооп бердим. Андан кийин ал байке телефон чалбай калды. Мени түшүндү го.
- Болочоктогу жолдошуң кандай адам болсо деп ойлойсуң?
- Мени сүйгөн, айтканын кылган. Эгер колунан келбесе жөн эле "колумдан келбейт" деп ачык эле айта алган. Чечкиндүү. Сүйгөнүнөн бардык жагынан күчтүү. Туруктуу, туу туткан ойлору бар адам болсо деп тилейм.
- Боючу?
- Анысы эч кандай роль ойнобойт. Эми узун бойлуу жигиттер саналуу. Тандоо аз. Эң негизгиси башы иштесин. Жашоого тың, билимдүү болсо болду.
- Кесибине маани бересиңби?
- Милиционерден башкасы жарай берет. Мейли ботаник болсун.
- Канча балалуу болсом дейсиң?
- Төрт. Эки кыз, эки эркек болсо. Колдон келсе эки жолу эгиз төрөмөкмүн. Кийинкисин кыйналбай...
- Үйдүн эрке кызы болсоң керек?
- Кыргыздардын үйбүлөсүндө эң кичүүсү эрке болушат эмеспи. Мен да үйдүн кичүүсүмүн. Агам, эжем бар. Кичинемде көп эрке элем. Азыр андайдан алыстап баратам. Агам үйлөнгөн. Жеңем сонун. Эжем турмушка чыга элек. Татынакай. Эжекем экөөбүз жигиттерге жолугушууга чогуу бара коймоюбуз бар. Дискотекага барып, чыгыш бийлерин "тытабыз". Анан эже-сиңдиге таң кала карап калышат. Себеби да бардыр. Мүмкүн экөөбүз бири-бирибизден ашкан сулуу көрүнсөк керек.
- "Эрке кыздардын колунан эч нерсе келбейт" дегенге кошуласыңбы?
- Мен ал категорияга кирбейм. Үйдөгү жумуштардын баарын кылам. Кыз жаштайынан апасынын жанында жардамчы болуп, чоң турмушка үйрөнөт. Апамдын мыкты жардамчысымын.
- Мисалы?
- Биринчи кезекте ашкана жагын алалы. Тамактын баарын жасайм. Таластыкмын. Демек, гүлчөтайдын "сазайын" берем. Аш басканда казанда калбай калганча үйдөгүлөр жеп салышат. Таң эрте туруп ашкананы калдыратып, жеңил тамактарды, чый-пый кыла коем. Четинен курсактарын тойгузуп, жумуштарына кете беришет.
- Короо-жайды ким карайт?
- Аны да мен карайм. Азиат тукумундагы "Граф" деген итибиз бар. Ага эң сүйүктүү болгон тамагын берем. Кашка жиликти кемирип, чучугуна чейин жете мүлжүйт.
- Бош убактыңда эмне менен алек болосуң?
- Үйдө толтура китеп бар. Четинен окуйм. Анын ичинен Чыңгыз Айтматов агайдын "Жамила", "Кылым карыткан бир күн", "Гүлсаратын" жана Маргарэт Митчеллдин "Шамал айдагандар" аттуу чыгармасын кайталап окуп чыгууга куштармын. Кино көрөм. Анжелина Жоли аткарган тасмаларды көргөндөн тажабайм. Классикалык музыка угам. Бетховендин 9-симфониясы жана Мендельсондун үйлөнүү той маршы аттуу чыгармалары жагат. Чет өлкөгө баруу жагы чектелүү болгондуктан, андагы музейлердин сүрөттөрү камтылган чоң китептерден Леонардо да Винчинин керемет картиналарына үңүлөм. Журнал, гезиттерди барактап калмайым бар.
- Саясатка кызыгасыңбы?
- Анча кызыга бербесем да, өлкөдөгү болуп аткан жаңылыктардан кабардар болууга аракет кылам. Көз кырымдан чыгарбай.
- Биздин саясатчылардан кимиси жагат?
- Жактырган саясатчыларым көп деле эмес. Өмүрбек Бабановдун жүрүм-туруму, азыркы жүргүзүп аткан саясаты жагат. Парламенттик шайлоодо "Республика" партиясынын платформасын, программасын жактырып, өз добушумду бергем. Саясатчы катары да баалайм. Анын үстүнө жаш, ар нерсе менен булганбаганын билем.
- Болдубу?
- Жигит катары анын көзү жагат. Кейиштүүсү үйбүлөлүү болуп алган. Эгерде бойдок болгондо... Анан мындай айтылган нерселерге келинчеги түз көз-карашта болсо керек.
- Үйлөнө элек болсо барат белең?
- Жок. "Кыз кыялы менен" дейт го. Ал келмек. Издеп. Эгер издебесе, анда мүмкүнчүлүктөрдү караштырып көрмөкмүн. Атайын жанталашып, эшигин каккылап кирип барып, "мен Назирамын, келдим" деген фанаттардан эмесмин.
- Юмордон кур жалак эместирсиң?
- Достор менен отурганда күлкүлүү окуялардан айтышып, көңүлдүү отуруп, анекдот айтабыз.
- Анда сенден бир анекдот...
- Робинзон Крузо кыргыз, казак, өзбекти аралга алып келип, "6 айдан кийин келем. Ага чейин өз оокатыңарды кылып тургула" деп кетип калган экен. Айткан убакта келсе, казак аралды көрктөндүрүп, кооз шаар куруп ийген болот. Өзбек көрүнгөн жерге чайхана, ресторан ачып салган. Ал эми кыргыз болсо эчтеке кылбай, колунда плакат кармап турат. Ал жерде "Робинзон Крузо кетсин!" деген жазуу бар экен.
- Келечектеги максатың тууралуу ой бөлүшчү?
- Дүйнөнү дүңгүрөткөн бай банкир болгум келет. Андан сырткары, сулуулук салонум болсо деп тилейм. Бардык жагынан шайкеш келген. Атын таенемдин жаркын элесине арнап, "Алтынбү" коймокмун.

Кубатбек ЖЫРГАЛБАЕВ