Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Кримсфера

КАЙЫҢДЫДАГЫ КАРГАША
Адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыштар акыркы мезгилдерде көп катталып, коомчулук да мындай көрүнүшкө анча маани бербей, көнүп калгандай элес калтырат. Ал эми кылмыш менен күрөшкөн укук коргоо органдарынын мындай оор кылмыштардын алдын алууга азырынча чама-чарктары келбей жаткандай. Эгер официалдуу маалыматтарга таяна турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 8 айында эле республикабыздын аймагында адам өлтүрүүгө байланышкан 207 кылмыш иши катталган. Анын ичинен 164 кылмыштын бети ашкереленген болсо, 43 кылмыштын бети ачылбай келет.

Октябрь айында Чүй облусунун Кайыңды айылындагы кант заводунун жанындагы каналдан денесине бир нече жолу бычак сайылып, башы жарылып өлтүрүлгөн 25-30 жаштардагы европа улутундагы аялдын денеси табылган. Өлүктү мал жайып чыккан айылдыктар таң эрте көрүшүп, милицияга кабарлашат. Оперативдүү топ окуя болгон жерди иликтешип, алгач жабырлануучунун өздүгүн аныктоого киришет. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аны башка жерден өлтүрүшүп, кийин каналга ыргытканы аныкталган. Себеби, өлүк жаткан жерде эч кандай илинчек жок эле. Изкубарлардын бири маркумдун өздүгүн тактоонун аракетинде болуп, акыры ал Бишкек шаарынын тургуну 26 жаштагы Ольга Соколова экендигин таап чыгат. Жергиликтүү милиция кызматкерлери айылды аралай сураштырып, акыры 12-октябрь күнү О.Соколова менен арак ичип жүргөн ошол эле айылдын жашоочулары жөнүндө маалымат алышат.
Алгачкылардан болуп, укук сакчыларынын колуна Кайыңды айылынын тургундары бир туугандар 23 жаштагы Михайлюк Александр менен 21 жаштагы Михайлюк Дмитрий жана 23 жаштагы Деминский Игорь түшөт. Алгачкы суроодо үчөө тең эч нерсе билбесин, өлгөн аялды тааныбай тургандыктарын саймедиреп, карганып турушту.
Бирок, тажрыйбалуу милиция кызматкерлери суроону үстөккө-босток берип атып, аларды сөзүнөн кармап, кылмышка барган Владимир Марченко экенин таап чыгышат. Табакташтары кармалганын укканда эле В.Марченко айылдан куйрук түйгөн эле. Качкын боюнча Чүй облустук ИИБине кабарланып, башкармалыктын кызматкерлери Бишкек шаарынан Марченкону бат эле кармоого үлгүрүштү.
Кармалгандардын көрсөтмөсү боюнча алар Ольга Соколова менен илгертен эле тааныш болушкан. Владимир Марченконун айтуусунда, Ольга экөө мурда никеге турбаса да бирге жашап жүрүшкөн. Сурак учурунда алардын арасында окуянын дагы бир катышуучусу болгондугу айтылууда. Ал азыр издөөдө.
Владимирдин айтымында, кызды атайын чакырып, чогуу арак ичкен. Анан ээликкен мастар алдын-ала сүйлөшкөн план боюнча кызды өзгөчө жүзүкаралык менен зордукташат. Ызага ууккан кыз аларды милицияга берерин айтып коркутат. Владимир Марченко ушундан кийин Ольганы ур-тепкиге алып, эсин оодара сабайт. Бири-бири менен кеңешип, аны биротоло өлтүрүүнү чечишет да, Владимир үйүнөн балта көтөрүп келип, эси ооп жаткан кызды баштан ары тартып алат. Сот алдында бирдей жоопкерчилик тартышсын дедиби же шериктеринин оозун жапкысы келгенби, айтор, андан соң Владимир беркилерге бычакты берип, сулк жаткан кыздын денесине бычак саюуларын талап кылган.
Түн ортосунда өлүктү каналга алып барып ыргытышып, төртөө бул боюнча эч кимге ооз ачпаска ант беришип, тарап кетишкен. Учурда В.Марченко Ольганы өлтүргөнүн, балта менен биринчи болуп чапканын моюнуна алууда. Бирок, мындай мыкаачылыкка эмнеге барганын түшүндүрүп бере алган жок. Азыр тергөө амалдары жүрүп, кылмыштуу окуянын дагы бир катышуучусу изделип жатат.

Бетти даярдаган Бакай Кайдыкеев




  Кылмыш хроникасы

Ишке ашпай калган операция
24-октябрь күнү саат 11.45 чамаларында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги, милициянын майору К.Айтбаевдин "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаасынын оң жактагы арткы дөңгөлөгүнө белгисиз бирөөлөр жарылуучу затты коюп кетишкен. Аны байкап калган изкубар тийиштүү органдарга кабарлап, саперлор жарылуучу затты алып чыгышты. Учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, опердин өмүрүн кыюуга кимдер кызыкдар экендиги иликтенүүдө.


Өздөрүн өздөрү тоноп
Ушул эле күнү күндүзгү саат 15.10 чамаларында КРСУнун студенти, кытайлык атуул Чень Хунинге кол салуу болуп, маскачан каракчылар анын квартирасына киришип, 17000 сомун, паспортун жана уюлдук телефонун алып кетишкен. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан каракчылар колго түшүрүлдү. Бул жолу карактагандар жабырлануучунун өзүнүн жердештери, БГУда окуган кытайлык студенттер - 1990-жылы туулган Чон Дондон, Вен Аиди, Жон Жуси, Ма Юн, Ли Жуи, Жан Шуа, Фен Ци, Сон Чан Хау, Ма Сан, Цан Лику дегендер болуп чыкты. Алардан тонолгон акча жана буюмдар алынды.


Жаназа окулбаган өлүктөр
Быйыл жай айындагы Түштүк жергесиндеги каргашалуу окуяда миңдеген мекендештерибиз шейит кетип, жүздөгөн атуулдар дайынсыз жоголгондугу белгилүү. Жакында 12-июндан бери изделип жаткан 55 жаштагы И.Раев, 36 жаштагы М.Тешебаев жана 35 жаштагы Н. Үсөнбаевдердин денеси табылды. Үчөө тең өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, Кара-Суу районундагы "Эски Мазар" мүрзөсүнө көмүлгөн экен. Бул кылмышка шектүү катары учурда Бостон айылынын тургундары К.Алимов менен Р.Хакимов дегендер кармалып, көрсөтмө беришүүдө.

Аңгилердин айыбы ачылды
Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну 20 жаштагы Султанбеков Чыңгыз 24-октябрда укук сакчыларынын торуна илинди. Себеби, ал 16-октябрь күнү 15 жаштагы С.Б.ны өз үйүндө зордуктап, кылтакка илинбей качып жүргөн.
Ушундай эле оор кылмыш менен Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну 25 жаштагы Б.Бекбердиев кармалды. Бул аңги да 22-октябрь күнү айылдашы 28 жаштагы У.Аны күч колдонуп зордуктап, таптырбай келаткан болчу. Тергөө жүрүп жатат.

Бычактын анты жаман
Ноокат районунун Борно айылынын тургуну, 29 жаштагы З.Ысаков "Кыргыз-Ата" борбордук базарынан 25 жаштагы А.Каримовду бычак менен сайып жиберген. Экөөнүн ортосунда болбогон жерден чыр чыккан. Бычактан алган жарааттан А.Каримов ооруканага жетпей көз жумган. Азыр З.Ысаков камакка алынып, тергөө башталды.
Ал эми Түп районунун Түп айылынын тургуну 27 жаштагы З.Берикбаев деген неме айылдашы 28 жаштагы А.Дербишевди бычак менен 2 ирет сайып жиберген. Натыйжада, жабырлануучу ошол жерден мүрт кеткен. Суракта З.Берикбаев уруша кетип сайып салганын айтып, кылмышын моюнуна алды.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика