Кыргыз гезиттери



  Коңгуроо

Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэри:
"Мурдагы мэрдин кадрын чаптым..."
7-апрелде өлкөбүздө коогалаң болуп, эски бийлик күчүн жоготту. Ордо калаабызда жайгашкан бир топ соода түйүндөрү жана мамлекет ишканалары таланып-тонолуп, чоң жоготууларга учурады. Борбор шаарыбыз бир заматта апырык-сапырыкка айланып жатып калды. Андан бери жарым жылга жакын убакыт ичинде шаар мэри Иса Өмүркулов борборубузду калыбына келтирүү, көрктөндүрүү жана кышка болгон даярдыктары менен алек. Канчалык деңгээлде экени ж.б. көйгөйлөр тууралуу сөз соңунда болсун.

- Иса мырза, жакында эле парламенттик шайлоо шарданы аяктады. Ордо калаабыздагы тургундардын шайлоого катыштыгы кандай деңгээлде болду?
- Бишкек шаарынын жалпы шайлоочуларынын тизмеге кирген саны 345 миң 514 адам катталган. Анын 194 миң 112 шайлоочусу катышты. Мындайча айтканда, 56,8%ды түздү. Бул көрсөткүч мурункуларга салыштырмалуу жакшы көрсөткүч десек болот. Себеби, саясый партиялардын көптүгү жана ошолордун үгүт иштерине болгон жандуу ишмердиктери ушундай көрсөткүчтөргө жеткирди го. Шаар ичи боюнча 220 шайлоо участкалары болду. Алардын баарын талапка жооп бергендей кылып, бардык жагынан кам көрдүк. Шайлоо күнү шаар ичи боюнча эч бир участкада одоно түрдө тартип бузуулар, чыр-чатактар байкалган эмес. Бул үчүн алдын-ала жакшы иш жүргүзүлгөн. Мында атайын мэрия тарабынан бекитилген структуралар жана элдик кошуундар да уюштурулган. Аларды өз учурунда тамак-аш жана башка керектүү техника жабдыктары менен камсыз кылганбыз. Бул жөнүндө бир топ тажрыйбалуу болуп калдык.
- Мурунку шайлоолордо бийлик тарабынан кысым күч болуп, анын жыйынтыктары да ошого жараша болуп калчу. Сиздин оюңузча, бу жолу андайлар байкалдыбы?
- Шаар боюнча бийлик тарабынан шайлоочуларга эч кандай кысым болгон жок. Муну мен так кесе айта алам. Бул жагынан демократия принциптери сакталды. Жаңы Конституция долбоору кабыл алынып атканда мен да катышып, өз үлүшүмдү кошком. Мындан ары да мамлекет кызматкерлери саясаттан четтетилиши керек. Антпесе мурунку кетирген каталар кайталана берет да. Ошондуктан, жаңы Башмыйзамдын эрежелерин сактадык.
- Сиздин шаар башчылыгына келгениңизге жарым жылга жакындап калды. Ушу аралыкта сиздин дарегиңизге көп эле нааразычылыктар болуп атса керек. Анын ичинде шаар көчөлөрүнүн абалы да бардыр. Мисалы, Чапаев атындагы көчөдө автоунаа менен жүрүүгө болбой калды дешет? Мындай мисалдар арбын...
- Мен бул айткан дооматка кошулам. Ордо калаада Чапаев сымал жолдор толтура. Мындайча айтканда, шаардын көчөлөрүнүн жарымынан көбү керекке жарабай калган. Бул эми кийинки жылдагы бийликтин натыйжасынан келип чыкты го. 5 айда баарын жасап жиберүүгө мүмкүн эмес. Быйыл шаардын 9 айдагы бюджети 900 миллион сом менен толукталбай калды (бюджет дефицити).Ошого карабастан бүгүнкү күндө шаарда 20 көчөнү жасап, оңдоп жатабыз. Салыштырып көрүшсүн. Мен бул жерде мактанайын же актанайын дегенден өтө алысмын. Аны эл тараза кылып, баасын берсин. Күн жылуу болуп турса, дагы 3-4 көчөнү жасаганга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Ал эми Чапаев көчөсүнүн акыбалын билебиз. Эмдиги жылга пландап атабыз. Анан "Иса Өмүркулов өзү турган үйүнө барчу көчөнү жасап алыптыр" дегенди такыр четке кагам. Азыркы турган үйүмдүн көчөсү илгерки бойдон оңдолбой-этпей, жаркырабай эле турат.
- 7-апрелден жабыркаган бир топ имараттар дале болсо оңдолбой, калыбына келген жок. Шаардын көркүн бузуп. Мисалы, Башкы прокуратура имараты сыяктуулар...
- Бул коюлган маселе азыр да актуалдуу. Шаардын көркүнө терс таасирин тийгизип атат. Сиз айткан Башкы прокуратура имараты шаардын менчигине тиешелүү эмес. Өкмөттүн карамагына кирет. Албетте, жалпы шаардын ичинде болгонго байланыштуу биз бул жөнүндө тийиштүү жерге кайрылганбыз. Жакынкы арада чечилет.
- Негизинен апрель айындагы коогалаңда шаар ичи канча суммадагы чыгымга учураган?
- Соода түйүндөрүнөн жүздөн ашуун имараттар өрттөлүп, таланып-тонолгон. Ондогон мамлекеттик ишканалар өрттөлүп кетти. Анын ичинде Биринчи май райондук салык инспекциясынын имараты түп орду менен күйүп жок болду. 90го жакын муниципалдык автобустар талкаланды. Милийсалардын машинелери өрттөлдү. Шаар коммуникациясы керектен чыкты. Сом менен бааланганда 36 миллионго жакын зыян тартылды. Ошо талкаланган, керекке жарабай калган ишкана, имараттардын баары бүгүнкү күндө кайрадан калыбына келтирилди жана келип атат. Бир гана автобустарыбызды ишке киргизүүгө мүмкүн болбой, токтоп турабыз. Себеби, алардын тетиктерин Кытайдан алып келүү керек экен. Буга акча каражаты тартыш. 7-апрелдеги жабыркагандарга Убактылуу өкмөттүн комиссиясы түзүлүп, алар тараптан калыбына келтирүү жагы каралып, жардамдар берилди. Шаардын мэриясы да мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жардам кылдык. Албетте, бардык жабыркагандарды камтый алган жокпуз.
- Шаар ичиндеги маршрутка айдаган шопурлардын бир көйгөйү бар. Ал мэрия тарабынан 1000 сомдун тегерегинде салык салынуусу жана анын кай жакка кетип атканы боюнча... Ушуну билүүгө көптөр кызыгышат экен?
- Транспорт маселеси эң көйгөйлүү маселелердин бири. Бусиктерди биз шаар тургундарын тейлөө жагына тартканбыз. Анткени муниципалдык автобус, троллейбустардын жетишпегенине байланыштуу. Ордо калаабыздын тегерек четине 47 жаңы конуш жайгашкан. Алардын жолдору да түзүк эмес. Абдан оор абалда. Өз учурунда ошо жакка каттаган маршрут ээлери дооматтарын коюп атышат. Качан жолдорду оңдойсуңар(?) деп. Анын баары шаардын эсебинен оңолот. Эгер мэриянын акча каражаты, бюджети болбосо, кайдан оңолмок эле? Биз аларга жумуш ордун, шартын түзүп берип атабыз. Алар да ай сайын тиешелүү салыгын төлөп туруу кажет. Миң сом деп айтышат. Муну мен тактап коеюн. Үчкө бөлүнөт. 570 сом, 680 сом, 960 сом болуш керек. Маршруттардын сырт тарапта жүргөндөрү көбүрөөк, шаар ичинде жүргөндөрү азыраак төлөйт. Ижара маршруту делип. Быйыл шаардын бюджетине маршруткалардын эсебинен 22 миллион сомго чейин салык планы каралган. Бул акчалар милдеттүү түрдө өз дарегине жумшалат. Мисалы, башталгыч класстын окуучу балдарына тамак бериш керек. Ооруканага дарыланып жаткан муктаждарга каражат керек. Бала-бакчаларды курууга, мектепти курууга, көчө тазалаганга, бак-даракты сугарганга акча керек. Ушунун баары биздин моюнга жүктөлгөн. Бул жерде маршрут айдагандардын нааразычылыгы болбош керек. Менимче, үстүдөгү айтылган сумманы төлөө проблема эмес го. Маселе башка жагынан болуп атса керек. Маршрут ээлери маршрутка кирүү үчүн акча алган. Ремонтто турса дагы ай сайын өздөрүнүн акчаларын чогултуп ала берчү. Басымдуу бөлүгү ушу болуп аткандыр.
- Кыш мезгили жакындап калды. Шаар тургундарынын канчалык деңгээлде отун-суусу даяр? Мисалы, пенсионерлерге жана мүмкүнчүлүгү тартыш адамдарга каралган 1,5 тонна көмүр жыл сайын бекер берилер эле. Ушу жагы кантип атат?
- Быйыл шаарыбыздын кыш мезгилине даярдыктары жакшы. Кудайга шүгүр. ТЭЦ толугу менен бардык жабдыктары оңдолуп, түзөлүп даяр турат. Мазут жана көмүр өз графигинде алынып келип, камсыздалып атат. Бул жөнүндө шаар тургундары кабатыр болбой эле койсо болот. Ошондой эле шаар карамагындагы 60тай котельныйлар 100% өз ордунда. Жыл сайын 1,5 тоннадан берилүүчү көмүрүбүздү быйыл да бекер беребиз. Көмүрдүн азыркы көлөмү 7,5 миң тоннадан ашык. 5721 адамга. Былтыр 5174 болчу. Былтыркыга салыштырмалуу 547 адамга көбүрөөк деген кеп. Андан сырткары, өтө муктаж болгон адамдар үчүн да бериле турган 1200 тонна көмүрүбүздү камдап койдук.
- Орто-Алыш суу дамбасы ордо калаабызды жана ага жакын жайгашкан жаңы конуштарды таза суу менен камсыз кылат. Бүгүнкү күндө ушул жердин абалы кандай? Андагы Сулайманов баш болгон жетекчилер азыр да иштеп жатабы?
- Суу маселеси да орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Өзгөчө шаардын батыш тарабы. Себеби, бул жерге ондогон жаңы конуштар түштү. Генпланда жок эле. Ошого карабастан аларды таза суу менен камсыз кылуу биздин милдет. Биз ушу маселени карап чыгып, Башкара-Суу жактан суу алып келүү жагын ойлонуштуруп атабыз. Кудай буюрса, эмдиги жылы ошо жактан алып келүүнү баштайбыз. Ал эми Орто-Алыш суу дамбасы стратегиялык объектилердин бири. 1956-жылы алгач курулуп баштап, 300 гектарга жакын жерди ээлейт. 170ден ашык суу сордуруп чыгуучу жабдуулары бар. Мурунку шаар мэри шаар суу каналдын жетекчилигине К.Сулаймановду алып келген. Канчалык деңгээлде иштегени тууралуу жакындан таанышып, ал кишини жумуштан алып, анын ордуна А.Исаевди койдум. Өмүр бою ошо жерде таза, эл үчүн иштеп келген адамды кайта алып келдим. Менин оюмча, ал адам кол алдында иштегендердин баарын тартипке чакырат деген ишеним бар.

Сурат Жылкычиев




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"