Кургаган саясат

"жыгач калкандын" изи...
Феликс Шаршенбаевич Кулов сүрдөөлөт, алп адамдай көрүнөт. Орусча сүйлөгөнү да кыналышып орундуу. Эгер бийлик колуна тийгенде, "коррупцияны баш кылып, криминалды төш кылып, мыйзамсыздыкты гөш кылып, чыкыйган мамлекет орнотот элем" деп жар салып келет. Жүзү москоол, баскан-турганы чечкиндүүдөй. Бул кишини "эл башы кылабыз" деп артынан канча боо түшүп, ээрчип жүрдүк. Акыры өзүн "кыргыз" дегендер ФШК эл көзүнө калп эле жолбашчы сымал көрүнгөнүн билишти, анын ичиндеги ой-максаты таптакыр башка экенине көзүбүз жетти. Ирээнжип калдык. Мен бул ишмердин 2005-жылдан берки баскан жолуна эрикпей сереп таштадым. Анда эмесе...


Кулов - Бакиевдер
Кыргызча билбеген Ф.Кулов 2005-жылы президенттик жарышка чыккандан тайсалдап, Бакиев менен тандемдешип, премьер-министрлик кызматка ыраазы болду. Эки жылга жете бербеген бул кызматында тарыхта калган иштери булар:

o Тандемдешинин иниси Жаныш Бакиевди "высокий профессионал" атап, Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орунбасарлыгына сунуштаган. ЖБнын эң чоң операциясы - Текебаевге каршы уюштурган "матрешка" чуулгандуу окуясы. Быйыл болсо ФШК "Жанышты жайламайынча тынчтык болбойт" деп, баарыбызга кайра-кайра кеңеш берип жатат.
o Тандемдешинин кичүү уулу Максим Бакиевди атасы "Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин" башчысы кылып дайындаганда, элдин баары жерге түкүрсө, ФШК бийлик эми ишенимдүү колго тапшырылды деп кубаттаган. Анын сөзүн орусча түпнускасында берейин: "Президент Бакиев уже заявил, что его нынешний, второй, срок на посту главы государства - последний, и, покидая его, он намерен передать власть в надежные руки, особенно учитывая кризисные времена - поэтому его решение выглядит чрезвычайно серьезным и ответственным". Силерди билбейм, мен бул сөздөрүн "бийликти мураска калтыруу жакшы жөрөлгө" деп айткандай эле түшүнөм. Ошентип, "темир генерал" Максимдин колтугунан жылуу коңул таап, кичине ГЭСтердин деректири болгону. Эмне болсо да, Акүйгө жакын болоюн дегени го. "Баарына барса да, мынча ылдый түшпөй эле койсо болмок, кайран Феке" деп кейиген элек ошондо.
o ФШКнын үйбүлөгө кылган "кызматы" үчүн К.С.Бакиев анын 60 жылдык мааракесинде 90 миң долларлык жип машинесин тартуу кылган дешет. Буюрсун. "Кыргыз Эл Баатыры" кылып салбаганына шүгүр дейличи.


Кулов - Рысбек
Үлкөн генерал Кулов менен үлкөн криминалдык авторитет Рысбек Акматбаев экөөнүн ортосундагы окуя өзүнчө кызык. Акматбаев генерал-премьерди калың элдин көзүнчө "чечен авторитети Батукаев менен ымалалаш" деп айыпка жыкканы унутула элек. Рысбектин айтымында, генерал Кулов түрмөдө отурганда Батукаев менен достошкон имиш.
Рысбек бир тууган иниси, депутат Тынычбекти Батукаев отурган түрмөдө өлтүрүп салышкандан кийин ал жакка барып, "баарын жайгардым" деп келген премьер Куловго каршы миңдеген кишилерин чыгарганы бар. Ошондо ал үн күчөткүч аркылуу "Эй, Кулов, жигит болсоң чык, көзмө-көз сүйлөшөбүз!" деп турган эле. Элдин баары "бу мамлекет деген кайда, криминалдын өпкөсүн үзбөйбү!" деп Акүйдү акыйып карап турду. Бийликтин бир чылбырын кармап отурган премьер, анан да кан-жаны менен милиционер Куловдун ың-жыңы билинбей отуруп берди. Иш жүзүндө ал темир эмес эле "желим генерал", кадыресе эле коён жүрөк адам болуп чыкты.

Кулов - фронт
2006-жыл, ноябрь айы. Он миңдеген адам "Курманбек Бакиев 2005-жылдагы революциянын максатын сатты" деп, демократиялык Конституцияга мажбурлап кол койдурду. "Эми Кулов эл тарапка өтсө эле, заматта көөп кеткен бийликтин желин чыгарабыз" деп турушкан. Бирок, Фекеңден дайын жок, "Акүйдүн 7-кабатынан жерге түшсөм, кайра ал жакка кайтпай калам" деп корктубу, элдин супсунун суутуп, чыкпай койгон.
Бирок, дагы деле үмүт кургур үзүлбөдү. Ошол жылдын аягында бакиевчилер кайрадан авторитардык Конституцияны ордуна койгондо, эми демократ Кулов "тандемдешим" убадасына турган жок" деп, "кызматынан кетеби, анын артынан чыгат элек" деп, жумурай журт камданып калды. ФШК былк этпеди. Бирок алдыда али кызык көп. Өзү каалаган Башмыйзамды алган соң, Бакиев тандемдешин чөнтөк парламентине салып берди. Калп айтпасам, ошондо Кулов биринде 21, экинчисинде 22 добуш алып, премьерликтен күлала болуп кулаган эле.
Катуу ызаланган ФШК 2007-жылы жазында Бакиевге каршы "фронт" жарыялаган. Фронттун айланасына "Канжар", "Калкан" сыяктуу уюмдар бириккен. Кулов журналисттер батпаган жыйында "бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлөт" деп, бирок, ал кандай жол менен болорун азыр айтпай турганын билдирген. Бийликти эч ким ага өз сыйы менен өткөргөн да жок, анын ордуна 19-апрелде башсыз калган калайман элди милиция аткылап, туш-тушка чачыраткан. Кулов үчүн жанын бергени келген жаш активисттерди камакка алышкан. Кийин билингендей, бул былык операциянын автору Куловго тийишкен эмес. Мына ошондон улам, "бул ФШК менен Орусиянын атайын кызматтары жана Бакиевдер биргелешип, кыргыз оппозициясын биротоло ойрон кылыш максатында жасалган операция" деген аңыз кеп эмгиче тарап жүрөт...
Ал күндөрү "желим генерал" элге эки жолу гана көрүнүп, анан көздөн кайым болгон. Ага ишенип чыгып, камалган жигиттерди "тааныбайм" деп четке чыга качкан. Кыргыздын боз үйлөрү талкаланган. Ошондон кийин шагы сынган элибиз бийликке каршы сөз айта албай, ал эми бакиевдер өз билгенин жасоого белсенишкен. Андан да жаманы - Куловдун бул авантюрасы аз жерден жарандык согушка апкеле жаздаган. Эгер ФШК анык мамлекетчил инсан болуп, элдин таламын талашканда, анда апрелге чейин канча мыкты адамдарыбыздын (Садыркулов, Шабатоев, Павлюк ж.б.), апрелде канча чырактай жигитибиздин башы аман калмак эле?

Кулов - апрель революциясы
Айрым гезиттер "токсондой жигитибиздин курман болушунда ФШКнын да күнөөсү бар" деп жазышты. Эгер ал убагында бакиевдердин колтугуна кирбей, каршы турганда, кыйналган эл колдоп, эртерек бийликтен кетирет эле да, мынчалык курмандык болбойт эле чынында. Эми дал ошол курмандыктын эсебинен жексур бийлик кулатылгандан кийин, Кулов эмне кылды? Убактылуу Өкмөттү колдомуш болуп, "мени он миңдеген адамдар Коомдук коопсуздук кеңешин жетекте деп кыйнап жатышат" деп туурадан чыга калбай жаны жокпу? Дагы-дагы акылдарын айтты. Дал ошол курман тапкан жигиттердин (арбактары кечирсин!) арты менен эми "Ар-намыс" партиясы коңулдан чыга келип, бийлик талашып туру. Кечээ бир гезит жазмакчы, эми ошол арбактарга багыштап куран окутуп тур, Кулов мырза, жаныңызда шариятты жазбай айткан Турсунбай-ажы да бар эмеспи...

Кулов - Орусия
Шайлоодо "Ар-намыс" кимдин эсебинен үчүнчү келгени белгилүү - ал Кремлдин проектиси. 2007-жылы эле чоң саясаттан такыр сүрүлүп калган Кулов "Орусия менен конфедерация бололу" деп чыкканда билинген. Ошондо жаш саясатчы Эдил Байсалов минтип шылдыңдаганы бар: "Бул деген мышык менен бегемотту баш коштургандай эле кеп. Орусияга кошулуу деген кыргыз эли өз мамлекеттүүлүгүнөн жана эгемендигинен ыктыярдуу баш тартуу болорун эмне, Кулов түшүнбөй калдыбы? Бул деген чоң саясатчы айта турган сөз эмес". Эдил да кызык, Кулов өз кызыкчылыгын кыргыздардын эгемендигинен өйдө коёрун али аңдабадыбы?
ФШК бизди - кыргыздарды Орусияга басып берип, атын Маңкуртия атап, өзү "генерал-губернатор болом" деген кыялынан али баш тарта электигин көрдүк. Тилегиңиз таш кабат, кыргыздар ага жол бербейбиз - сиз эч качан Кыргыз Жеринин башчысы болбойсуз.
Орусияда ар кандай саясый кызыкчылыктагы топтор толтура. Куловдун артында ким турат? Орус сайттарынан алынган бир мисалды болгонун болгонундай мисал келтирели: "За Куловым стоит Рушайло - ставленник Березовского. Депутат Госдумы РФ Хинштейн: "Всей своей карьерой генерал Рушайло обязан Березовскому… В 2001-м Рушайло сняли. Уволенные Грызловым с позором почти 150 генералов были ставленниками Рушайло. Свое былое влияние Рушайло растерял в считанные дни".
Бул киши азыр Орусия президенти Медведевдин Кыргызстандагы атайын өкүлү. Бирок Орусияда кырдаалды сергек талдаган, кыргыз калкынын ой-мүдөөсүн жакшы изилдеген саясатчылар менен аналитиктер аз эмес. Алар Куловдун саясый кудурети кургап бүткөнүн, кыргыз калкы ичинде ныпым кадыры калбай калганын, аны аз сандуу улуттардын колдоосу менен гана бийликтин бийик сересине сүрөй берүүнүн арты опурталдуу экенин Медведев менен Путинге жазып да, айтып жатышса керек.

Адилет Кеңеш уулу