Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Куловдун атчандары чыкпай калды
"Ар-намыс" нааразылык акциясына чыкпай калды. Партия өкүлдөрүнүн айтымында, мурдагы күнү президент Роза Отунбаева шайлоодо жеңген төрт партиянын лидерлери менен жолугушуу учурунда "Ар-намыстын" төрагасы Феликс Куловду нааразылык акцияны өткөрбөөгө чакырган. Р. Отунбаева БШК ушул жуманын этегине карай шайлоонун жыйынтыктарын чыгарарын айтып, өлкөдө азыркыдай кырдаалда митинг өткөрүүдөн алысыраак болууга үндөгөн. Эскерте кетсек, кечээ "Ар-намыс" партиясы шайлоо жыйынтыгын чыгарууну талап кылып акция өткөргөнү жаткан. Бул митингге Кулов үч жүздөй жөө, эки жүздөй атчан кошуун алып чыгууну пландаган эле.


Калматов суудан кургак чыгабы?
Акыркы кезде парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялардын тизмесиндеги талапкерлердин баары эле депутаттык мандат алалбасы көп айтыла баштады. Борбордук шайлоо комиссиясы тизмедеги кылмыш козголгон талапкерлерге сот чечими чыкканга чейин мандат берилбей тургандыгын ачыкка чыгарды. Андай боло турган болсо, Бишкек шаарынын мурунку прокурору, азыркы "Ар-намыс" партиясынын тизмесиндеги Анарбек Калматов депутат боло алабы? Анткени, бул эрен 2009-жылы Бишкек шаарына прокурор болуп туруп, Бишкек мэриясынан шаардык прокуратуранын жөнөкөй, үйсүз кызматкерлерине үй салып алуу үчүн бөлүнгөн 10 жер участогун "пулдап" жибергени айтылат. Үч участокту өзүнүн прокуратурада иштебеген туугандарына каттап алып, калган 7 участокту өзүнүн кол алдында иштеген эле кызматкерлерге 5 миң доллардан саткандыгы үчүн кызматтан алынып, үстүнөн кылмыш иши ачылган дешет. Жаныш Бакиев менен жакшы мамиледе болгону үчүн гана башы аман калып, кылмыш иши тайгаланып, жүрбөй калган. Эмки тагдыры БШКнын колундабы же акчанын күчү менен дагы суудан кургак чыгабы?


"Ата Мекендин" Америкага эч кандай тиешеси жок
"Менин да, "Ата Мекен" партиясынын да Америкага эч тиешеси жок" деп билдирет Башкы прокурор Кубатбек Байболов "Дело№" гезитине. Анын айтымында, "Ата Мекендин" өткөн шайлоо процессинде акча жок абдан кыйналганы баарына маалым. Ал эми башка партиялар болсо миллиондорду ыргытып жатты. "Чын айтсам, биздин партия Америкага итке 5 буттун кереги жогундай эле кереги жок. "Ата Мекендин" көп добуш ала албаганы ушул шайлоочулардын добушун сатып алууга катышпагандыгында. Ойлонуп көрсөңөр, эгерде биздин артыбызда Америка турса, мындай проблемаларга дуушар болмок эмеспиз. Алар бир да цент берген жок. Ал эми башка партияларда мынча акча кайдан пайда болгондугун өзүңөр деле билип жатсаңар керек", - деди Байболов.


Бул жагы
кандай болот?
Шайлоодо биз жеңдик деген партиялардын эң алды араң эле 8 пайызды алышканы менен дымактары күч болуп турганы кызык. Бардык 5 партиянын ("Ата-Журт", КСДП, "Ар-намыс", "Республика", "Ата Мекен") топтогон добуштарын жыйнай келгенде болгону 37,5% ды түзөт экен. Азыр БШК протоколдорду текшерип, муну да кыскартышы мүмкүн. Ошондо бул партиялар парламент түзүп, элдин атынан сүйлөгөнгө акысы барбы? Элдин атынан сүйлөө үчүн жок дегенде баары биригип 51% добуш жыйнаш керек эле го (?) деп башыбыз маң. Бул жагы кандай болот?


Жыйынтык кана?
Борбордук шайлоо комиссиясы ушул тапта шайлоо протоколдорун салыштырып бүттү. Маалыматка караганда, БШК шайлоо протоколдорун салыштыруудан тышкары келип түшкөн арыздарды кароосу керек. Бул иштер ушул аптада жыйынтыкталып калса, келерки аптага чейин шайлоонун жыйынтыктары чыгып калышы мүмкүн.


Экономикалык кылмыштар сотто

Башкы прокуратура ушул тапта мурдагы президент К.Бакиевге тыгыз байланышкан кызматтык жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу козголгон 40 кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, "Азаттык" жазып чыкты. Маалыматка караганда, тергөө-иликтөө иштери учурунда мамлекеттик бюджетке "АзияУниверсалБанкынан" - 880 миллион сом, "Кыргызинвесткредитбанктан" - 100 миллион сом, "Ысык-Көл инвест банктан" - 70 миллион, "Бакай банктан" - 80 миллион сом, жалпы 1 миллиард 130 миллион сом которулган. Ошондой эле бюджетке "Кыргызинвесткредитбанктан" - 4 миллион доллар, "Бакай банктан" - бир миллион, "Манас банктан" - 8 миллион, "АзияУниверсалБанктан" - 22 миллион, жалпы 35 миллион доллар которулган. Башкы прокуратура билдиргендей, жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар К.Бакиевдин тушунда Өнүктүрүү фондуна мыйзамсыз өткөрүлүп, аталган банктарга пайыздык үстөгүн алуу максатында жаткырылган. Ал эми үч коммерциялык банктын баалуу буюмдарды сактоочу кутуларынан табылган 19,7 миллион доллар Улуттук банкка сактоого берилди. Ошондой эле Башкы прокуратура айыпкер катары издөөдө жүргөн Максим Бакиев, Евгений Гуревич, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Сергей Попов, Мурат Суталинов, Сапарбек Балкыбеков, М.Малабаев, Х.Маянху, М.Надель баштаган 25 адамды айыпкер катары жоопко тартуу боюнча токтом чыгарды. Андан тышкары Башкы прокуратура экономикалык жана кызматтык кылмыштардын негизинде Ильяс Давыдов, Саламат Айтикеев, Игорь Чудинов, Нурлан Сулайманов, К.Какитаев, И.Гайыпкулов баштаган 42 адамды жоопко тартуу чарасын көрдү. Андан тышкары мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго карата козголгон кылмыш иши да сотко өттү. Ал мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип айыпталган.


А.Аскаров баш көтөрбөй тойлогондо
Кыргыз жарандык авиациясынын жетекчиси болуп жүрүп, ал жерди корруциянын баткагына батырып, "кара тизмеге" киргизген Алик Аскаров деген эрен парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмесине 99-болуп кирген. Бирок, эмнегедир Кеминде үгүт чогулуштарда бети кызарбай туруп "9-орундамын" дегенин уккан кеминдиктер алигиче күлүп жүрүшөт. Эми ушул эрен 10-октябрдан кийин "биз жеңдик, "Ата-Журт" жеңди!" деп жыргап, баш көтөрбөй он күн тойлоду дешет. Баш көтөргөндө айтканы эле "мен кайра департаментке начальник болом, Тимур Муратовду аэропортко президент кылам" дептир. Бирок, "жарандык авиация департаментин Еврокомиссиянын "кара тизмесинен" чыгарам" деп бир жолу айталбаптыр.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика