Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Акылбек Сариев демократия барагында...
Бир чети таңгаласың, 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоону канчалык жерисек да, айрымдарыбыз тааныгысы келбесе да, бирок, кептин түпкүлүгүндө ушул шайлоо демократиялык нукта өткөнү, ачык болгону талашсыз. Анан албетте, партиялар тарабынан жергиликтүү шайлоо участкаларынын төрагаларын пулга азгыруу, добуш сатып алуу болгондур. Бирок, БШКнын төрагалыгы тарабынан акылга сыйгыс жоруктар жасалган жок да. Бул жаатынан көп мисалдын кереги не? Болгону Акаев менен Бакиев заманындагы шайлоолорду элестетип көргүлө. Акыркы өткөн шайлоо аларга салыштырмалуу асман-жердей айырмачылыкта өттү. Ачык-айкын дегенибиз. Мына ушундай көрүнүктүү иш-чараны жетектеген Акылбек Сариевдин принципиалдуулугуна баракелде! Башка бирөө болгондо бийликчил партияларга тартып коймок, андай болбоду. Тек гана Акылбек мырза Кыргызстандын саясый тарыхына, демократия барагына абийири менен жазылып калууну ойлоду.


Президенттик күрөшкө К.Байболов тапталууда
Алгач "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоону багындырууга ниеттенип, кыйла эле пиар иштери менен алек болду. Кантсе да, көпчүлүк элдин аң-сезими акчага жана май-чайга азгырылуу менен "Ата Мекендин" тилегин таш каптырды. Мындай жеңилүү ызасы Өмүкенин кабыргасын кыйла эле кайыштырып, бир чети сабак да болду. Натыйжада, Ө.Текебаев эми президенттик күрөшкө катуу даярдыкты көрөрүн, бирок, өзүнүн шансы жетиштүү болбогондуктан, аламан байгеге Кубатбек Байболовду таптай турганы белгилүү болду. Харизмасы күчтүү Кубат мырзаны Түндүк катмар колдогону менен, Кыргызстандын Түштүгүнөн жетиштүү добуш ала албасы белгилүү. Мындай шартта "Ата Мекендин" астыдагы күрөшү майнапсыз боюнча кала береби?


"Ак төөнүн карды жарылды..."
Бизнесмен Турусбек Мамашев "Содружество" партиясынын 3-тизмесине катталып, шайлоо күрөшүнө аттанганы коомчулукка белгилүү болчу. Саясатта жеңилүү да болот экен, "Содружество" парламентке өтпөй калганына күбө болдук. Мындай шартта Тукебиз кабагым-кашым деген да жок. Кайгырбады... Баса, Т.Мамашев үч-төрт ай мурун "парламенттик шайлоо өтсө, анан "ак төөнүн карды жарылган кезде" үйлөнөм" деген болчу. Күткөн мезгил келди. Эми Тукебизди жактырган далай кыз-келиндин түн уйкусу бөлүнүп, чый-пыйлары чыгышат го...


Д.Медведевдин айтканы чыгабы?..
7-апрелден кийин "парламенттик республика курабыз" деп кыйкырып чыкканбыз. Ошондо Орусия президенти Д.Медведев кыкеңдердин мындай дымагын жактырбай, каршы пикирин айткан болчу. Ишке ашпай турган тилек катарында баалап. Биз анысына карабадык, кара күчкө салып эле референдум өткөзүп, парламенттик шайлоого даярданып жатып калдык. Натыйжада, шайлоо тынч маанайда өттү. Бирок, "тойдун эртесиндеги" чатактар күн санап эле курчуп бараткандай. Шайлоонун мыйзам бузууларына нааразы болгон бир катар партиялар маалымат жыйын өткөрүштү, "Улуттук конгресс" аттуу кыймыл түзүлдү. Буга удаа эле "Бүтүн Кыргызстандын" нааразычылык акциясы, анан "Мекен шейиттеринин" митинги, эми кичине ызы-чуулар тынчып келатканда, өткөн жума соңунда Камчыбек Ташиевдин эшигинин астынан УККчылар менен жаңжал болуп, натыйжада, "атажуртчулар" көчөгө чыгышты. Айтор, Кыргызстан тынчыбай калды өңдөнөт. Анан ойлойт экенсиң, Д.Медведев парламенттик республикага каршы чыккан, мына ошол ой-мүдөөсү менен саясый кырдаал түзүлүп атабы (?) деп. Кызыгы, шайлоодо жеңген партиялар парламенттик креслого жетпей эле, коалиция да түзө алышпай бытырап, аягы Орусия президентинин айтканындай чыкпаса болду. Негедир саясый ыргак ошол жакка кетип баратат, ыр-чыр мүнөз менен...


Атаң генерал болсо, жыргайсыңбы?

Генерал Исмаил Исаковдун кызы менен күйөө баласы Коргоо министрлигине караштуу тармактан эмгек баракчасын ачтырып, штаттагы кызматкерлердей эле айлык алышканын кабарлашты. Көз будамайлообу? Кызыгы, булар мамлекеттик кызматка жөн гана жазылып коюшуп, иштебестен пул алышканына нааразы тараптар чыга баштаптыр. Атаңгөрү, мамлекет каржалып атса, "биз революция жасадык" деп эле өз билгендерин кыла беришеби? Минтип жүрсөк жыргабайбыз го...


Дамира айымдын жаңы доору
Кыргызстанда Дамира Ниязалиева аттуу миллионер аял бар. Өткөн чакырылыштагы парламентте КСДПдан депутат болуп, бирок "акжолчулар" менен компаниялаш, тилектеш, шилекейлеш дос болуу менен ("Женский батальон" деген көңүл ачуучу шерине ойношкондо), кыйла эле депутаттык доорду сүргөн. Анан ал парламент тарап кетип, кайрадан шайлоо күрөшү болот (!) дегенде Дамира эжекебиз КСДПнын ишенимдүү өкүлүндөй шайлоого аттанып, кайрадан эски креслосуна минүүгө ашыккандай. Эми минсе мине берсин дечи, кеп анда эмес, кызыктын баары башкада болуп атпайбы. Д.Ниязалиева ошол "Женский батальондогу" Бегалы Наргозуевдин, Чолпон Абдуллаеванын, Гүлнара Дербишеванын депутаттыкка өтпөй калганына кайгырмак түгүл, тескерисинче, саясый-шеринелеш оппоненттеринен кутулганына сүйүнүптүр дейт. Неге, көңүл ачуу деген жакшы эмес беле? Же "карт бөрү" болуп калган Дамира айым жаңы парламенттен жаш депутаттар менен сайрандагысы келгенби? Күтө туралы да, "дагы кандай "батальон" түзөт" деп?..


"Кайран гана пулдарым ии-й!"
Улугбек Ормонов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесине илинип, депутаттыкка аттанган болчу. Шайлоого дейре экс-"акжолчу" жакшы эле дух менен жүргөн, "Куда кааласа депутат болобуз" деген маанайда. Тилекке каршы, "Бүтүн Кыргызстан" ит-жыгылыш оюнга кабылып, БШКнын 5% (кийин кайра өзгөрткөн) чегинен өтө албай калганда, У.Ормоновдун көңүлү жама-ан муздаптыр. Талаага чачылган акчаларына ичи ачышып, "аялымды уксам болмок экен, кайран гана пулдарым и-й, пулдарым ии-й!" деп сыздап жибериптир. Башын чайкап. Албетте, акыбетсиз кеткен акчага жаның ачышат да. Бирок, бу замандын оомал-төкмөл экенине моюн сунуп, чачылган акчага кап этпең, Улуке!


Коргоо министри эки жээкке ойногондо...
Кыргызда "өрдөк жокто чулдук бий" дейт. Анын сыңарындай, Коргоо министрлигине Абибулла Кудайбердиев дегенди отургузуп, министрлик креслону мыкчытып койгондору кандай? Чыныгы генералдар калбай калгансып. Бул "эргул" ишин тыңдай албай атып, бүтүндөй системага жердешчилик менен мамиле жасап, аскер адамдарын Түндүк-Түштүккө бөлгөндөй саясатын уктуңуз беле? Мындай "өнөр" мурдагы министрлер Исмаил Исаков менен Бакыт Калыевден жукса керек. Жадагалса Абибулла жогорку аскердик окуу жайына негизинен Түштүктүн гана балдарын жөнөткөнү, "ключевой" кызматтарга да өзүнүн жердештерин көтөргөнү нени каңкуулайт? Же жеткен акылы ушулбу? Эгерде мындай кадамдары менен шугулдана берсе, аягы жакшы бүтпөйт го. Баса, А.Кудайбердиев түнкүсүн бийликке каршы партиялардын кыйындары менен учурашып, көз ымдашып жүргөнү айтылат. Амалдуу кишиге айла жок эмеспи, кокус, эртең ака-үкалары бийликке келип калса, "ой, мен силерге кызмат кылбадым беле..." дейт да. Кыскасы, бул Аби мырзага тиешелүү былыктардын чет-бучкагы гана, кызыктын баары али алдыда...








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика